Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком 2017 at 07:14PM. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Жакшы адам ким…?!

-Карыз сурап барганыңда карыз берген адамбы …Жок дайыма жакшы жаман күнүңдө бирге болуп кыйынчылыгыңда өзү жардам колун сунган адам… “Жакшы адамдыр!!

-Хажга бардым деп, хажылыкка даба кылган адам эмес… Айланасындагы жарды -бечараларга аз гана болсо да жардам кылган адам “Жакшы адамдыр!”..

-Курабандыкка кой союп,бай,колунда бар өзү сыңар досторуна бөлүшкөн адам эмес…1 килограмдан болсо да мүмкүнчүлүгү болушунча муктаждарга таркаткан адам “Жакшы адамдыр! “..

-Үй -бүлөсүгө катар -катар үй салып берген адам эмес…Тамчада жашаса да аялынын көзүдө жашы жок адамдыр “Жакшы адамдыр! “..

– Балдарын кем кылбай кийимдин мыктысын кийиндирген адам эмес…Тарбиянын мыктысын берген адам “Жакшы адамдыр! “..

-Он кыздын көңүлүн тапкан адам эмес…Бир кыздын жүрөгүнө жай алган адам “Жакшы адамдыр! “..

-Токчулукта ырахат алып жашаган адам эмес…жокчулукта Сабр кылган адам “Жакшы адамдыр! “…

-Омадың келгенде дайыма сени менен болгон адам эмес..Омадың кеткенде жаныңда турган адам “Жакшы адамдыр! “…

Барыңарга шүгүр жакшы адамдар!

Жакшы адамдар бар үчүн дүйнөө сулуу,жашоо кооз, деңиз тынч көтөрүлбөй тынч толкуудо,жер жарылбай, күн,ай өз убагында чыгып, батып жашоо уланууда!

Жакшы адамдар бар үчүн кайгыңдын артынан сүйүнүч,бактысыздыктан артынан бактылуулук,караңгылык артынан жарыктык, кыйынчылык артынан жеңилдик келип жашооң уланууда!

Анткени Аллах Таалам жакшы адамдардын шарапаты менен жаман адамдардын кесепетин кечирип келүүдө!

Жашообузда жакшы адамдар көп болгондо жашоо нугу түп башкача болмок,”беш кол тең эмес “,”дүйнөдө адам деген толтура адам болуп жашагандар аз санда “дегендей,адамдар арасында жакшы болуп,жакшынын асылы болуп жашаган инсандар эсептелүү десек да болот. Ким жакшы болгусу келбейт? “Жакшы болуу аста -аста,жаман болуу бир паста “. Эгер билсеңиз жакшы адамдын атын уксаңыз көргүңүз келет,жанына барсаңыз аны менен көп -көп маектешип, акыл кеңештерин уккуңуз келет,айткан жанга жагымдуу сөздөрүнөн ыраахат алып,жан дүйнөңүздү тазартып,жүрөгүңүз дем алат.
Жакшы адамдын абалы кадимки бал аарыдай, же болбосо даарыканада сатылган даарыдай деп айтаар элем.
«Момун бал аарыга окшош,жакшыны жеп жакшыны чыгарат,эгер бутаккка консо,анын сындырбайт»(хадис) .

Жакшы адам болуу үчүн бизге үлгү боло турган инсан бар экенин билесизби?
Пайгамбарлардын төрөсү,бул ааламдын асыл инсаны,кыяматка чейин мусулмандардын нуру Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухммед (саллаллоху алейхи васаллам) . Ал инсан ушунчалык жакшы инсан болгон,Аллах Таалам “Оо,Мухаммед сен болбогондо мен бул ааламды жаратмак эмесиин! “-деп айткан. Аны көргөн курсагы ач жетим курсагынын ачтытыгын унутуп койгон,кечирими,мээрими менен душманын доско айланган,анын жүзүндөгү жылмаюсу кайгыга баткандардын кайгысын унуттурган..

Расулалланын (саллаллоху алейхи васаллам) адеп-ахлагы ар бир киши үчүн эң кемчиликсиз үлгү: Ал – диний лидер, мамлекет башчысы катары үлгү, ошондой эле Алланын сүйүү бакчасына киргендерге да үлгү. Раббисинин ырыскы-ниметтерине карк болуп турса да шүгүрчүлүгү жана кичипейилдиги менен адамдарга өрнөк болгон. Кыйын кезең жана жерлерде сабыры, Аллага моюн сунуучулугу менен үлгү; согушта олжого кызыкпай, аларды муктаждарга тараткан жоомарттыгы менен, үйбүлөсүнө аталык мээрими менен, багар-көрөрү жок байкуштарга, бечараларга, кулдарга ыракымдуулугу менен ошондой эле кылмышкерлерге кечиримдүүлүгү жана айкөлдүгү менен үлгү болгон.

Эгер эсепсиз мал-мүлккө ээ болгон бай болсоң, бүтүндөй Арабстанга ээлик кылып, бүтүндөй араб урууларын өзүнө сүйүү менен багынткан ошол Улуу Пайгамбардын жөнөкөйлүгүн, айкөлдүгүн жана жоомарттыгын эсиңе ал! Эгерде карапайым калктан бирөө болсоң, Меккеде заалым, талоончул бутпарастардын тартиби менен өмүр сүрүүгө мажбур болгон Пайгамбарыбызды өзүңө өрнөк кыл!

Эгерде жеңиштерге жеткен колбашчы болсоң, Бадр жана Хунайн согуштарында душманын жеңген эркин толук Аллага берген эржүрөк Пайгамбардын өмүрүнөн сабак ал!

Алла көрсөтпөсүн, бирок жеңилүүгө дуушар болгон кездериң болсо, анда Ухуд согушунда шейит кеткен, же жараланып жерде сулап жаткан сахабаларын эч коркпостон кыдырган, Кудай Таалага тобокел кылган Пайгамбарды эсте!

Эгер мугалим болсоң, мечитте асхаабы суффага33 назик, сезимтал көңүлүнүн нурун төгүп, теңирдик буйруктарды үйрөткөн Пайгамбарды ойло!

Эгерде окуучу болсоң, өзүнө вахий апкелген Жабрайил периштенин маңдайында тизелеп олтурган Пайгамбарды элестет!

Эгерде үгүт-насаат айткан дааватчы-муршид болсоң, масжиди набавинин ичинде сахабаларына даанышмандык үрөнүн чачкан Пайгамбарды тыңша! Анын жагымдуу үнүнө кулак төшөп, көңүл кой!

Эгерде акыйкат үчүн күрөшүп, акыйкатты жайылтуу, акыйкатты туу тутуп көтөрүүнү кааласаң жана бул жолдо сени жөлөп таяган бир жардамчы, же кеменгериң жок болсо, Меккеде бардык жардамдардан куру калып, сүйөнөр–таянарсыз калган шарттарда заалымдарга акыйкаттыкты даңазалап, аларды хидаятка (туура жолго) чакырган Пайгамбардын өмүрүнө кара! Душманыңды жеңип, анын белин мертинткен болсоң, каршыңдагы тоң моюн душмандын мойнун бурап, алдыңа чөгөлөткөн болсоң, баатылды жоюп, акыйкатты даңазалаган болсоң, Мекке алынган күнү касиеттүү чөлкөмгө ээ бир колбашчы болсо дагы, чоң кичипейилдүүлүк менен төөсүнүн үстүндө башын ээрге сажда кылып аткандай абалда кирип барган Пайгамбарды көз алдыңа келтир!

Эгерде өздүк чарбаң (ферма) бар болсо жана аердеги иштериңдин ийгилигин кааласаң, Бани Надр, Хайбар жана Федек деген жерлерге ээ болгондон кийин аларды түзөтүп, эң жакшы жол менен башкара алчу кишилерди иштеткен Пайгамбардан өрнөк ал!

Эгер багар–көрөрү жок бирөө болсоң, Абдулла менен Аминанын жетими, боор эти менен бир болгон жалгыз сүттөй таза, күнөөсүз, нуру жанган жетимди ойло!

Эгер жетилген бир жигит болсоң, Меккеде агасы Абу Талибдин малын баккан, келечекте Пайгамбар болуучу жигиттин өмүрүнө кара!

Эгер соода кербендери менен жолго чыккан соодагер болсоң, Сириядан Бусрага баруучу кербендердин эң улугу болгон инсандын абалын жакшылап ойлон!

Эгерде казы, же сот болсоң, Меккенин уруулары бири-бири менен чабышмакчы болуп калган убакта Хажаруль-Асвадды Каабадагы ордуна коюуда Анын адилеттүү жана баам-парасаттуу чечимин ойло!

Кайрадан карт тарыхка карек оодарып, Мадинадагы Масжиди Набавида олтуруп жокчулук ичиндеги бей-бечаралар менен байлык ээси байларга бирдей мамиле кылып, инсандарга эң адилеттүү түрдө өкүм берген Пайгамбарга бир кара!

Эгерде үй-бүлөлүү болсоң, Азирети Кадича менен Азирети Айшанын жубайы болгон Ал куттуу инсандын таза адеп-ахлагына, терең сезимталдыгын жана мээримдүүлүгүн байка!

Эгерде ата болсоң, Фатимат-уз-Захранын атасы жана Азирети Хасан менен Азирети Хусейндин таятасы болгон бул улуу инсандын аларга кылган мамилесин үйрөн!

Сен кандай даражада болсоң да, кандай шартта болсоң да, эртели-кеч ар убак Азирети Мухаммедди (саллаллоху алейхи васаллам) өзүңө табылгыс жолбашчы катары көр! Ал ушундай кынтыксыз муршид болгондуктан, анын сүннөттөрү аркылуу кетирген бардык жаңылыштарыңды оңдой аласың…

Жүрүшпөй калган иштериңди жүргүзөсүң. Анын нуру менен жолбашчылыгынын аркасында турмуштун түркүн тузактарынан кутулуп, чыныгы бакытка жетет.

Чынында эле Анын адеп-ахлагы өтө сейрек кездеше турган жыпар жыттуу назик гүлдөрдөн куралган гүлдестеге окшош.

Мына сен издеген жакшы инсан,сен кумир кыла турган,сен туурап жашоосунан үлгү ала турган,сен суктанып кандай жүрсө ошондой жүрө турган,сен адеп -ахлагынан,жакшы мүнөзүнөн өзүңө камтый турган, сен адашсаң жолуңду көрөсөтө турган,сен кайгы кыйынчылыкка батсаң жүрөгүңб.тынчтык,ыраахат тартуулай турган инсан ушул Улуу Пайгамбарың болот! Жакшы инсан болом десең жакшыга жанаш, жамандан адаш! Жакшылар менен болсоң акыретте да ошолор менен болосуң ин ша Аллах!

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

Запись ЖАКШЫ АДАМДАР БАР ҮЧҮН ДҮЙНӨ СУЛУУ! впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Кыргызда “аш болсо каада көп” дегендей күн жылып, күз мезгили жакындаган сайын тойлордун дагы сезону башталат. “Эл эмне дейт” деп насыя алып, карызга белчесинен батып, бар тапканын тойго жумшагандар көп. Мына ушул көйгөйдү алдын алууда, ысырапкерчиликке жол бербөө максатында “Эл аралык кыргыздар” ассоциациясынын координатору, тамада Эрлан Жыргалбек уулу тойлорго акысыз кызмат көрсөтүп жатышканын “Zaman.kg” сайтына айтып берген

“Биздин башкы максат ысырапкерчиликти азайтуу”

– Бүгүнкү күндө кыргыз коомунда актуалдуу маселелердин бири болгон ысырапкерчиликке көбүрөөк көңүл буралы деп чечтик. Быйыл Ыйман, адеп жана маданият жылына карата “Эл аралык кыргыздар” ассоциациясынын негиздөөчүсү жана төрагасы Нурмухаммед Миңбаевдин демилгеси жана колдоосу менен «Эконом KG» программасынын негизинде тойлорду акысыз өткөрүп берүү ишин баштадык. Бул долбоордун негизги максаты – биринчиден, өзү айтып тургандай үнөмдөө, ысырапкорчулукка жол бербөө болуп саналат. Себеби көптөгөн жигиттерибиз куру намыс менен атаандашуу, эл эмне дейт деген сөздүн айынан үйлөнө албай, канча жыл чет жерлерде иштеп, кашыктап чогулткан акчасын, чөмүчтөп той берем деп асманга сапырып жиберип жатышат. Насыяга акча алып карызга баткандар дагы арбын. Эки айдан кийин карызын кутулуу үчүн чет жерде иштегенге мажбур болуп жатпайбы. Ошондой тойду алкоголдук ичимдиги жок, маданияттуу өткөрөлү деп чечтик.

Акысыз кызмат көрсөтүүдө 100 миң үнөмдөлгөн

– Биздин тойдо акысыз кызматтар тууралуу айта турган болсом, учурда 10 кызматкер жана мындан тышкары ыктыярчылар бар. Алар тамада, оператор, фотограф, керектүү аппаратуралар, такси кызматтарын алып баргандыктан булардын баары биз тараптан акысыз болот. Бул нерселерге эле 100 миңдей акчалар жумшалат экен. Ошондо биз той ээсине ушунча каражат үнөмдөп, жардам берген болобуз. Ал акчага жаш үй-бүлө чакан ишкердик баштап алышса, өздөрүнүн үй-бүлөлүк киреше булагына чоң өбөлгө түзүлөт. Болгону той ээлери биздин сунушубузга көнүнүшү керек. Алардан акча талап кылынбайт. Тойду спирт ичимдиксиз өткөрүү, ысырап кылып 3-4 жолу түрлөнтүп тамак берүү эмес эки тамак менен эле өткөрүү. Учурда кафе ресторандар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Эгер сиз бир кафеге барып бир кишиге 700-1000 сом боло турган болсо. Биз өткөргөн тойлорго 200 сомго жакын баасын түшүргүлө деп жатабыз.

«Үч тойду акысыз көрсөттүк, эл колдоого алууда»

– Азыркы учурда социалдык тармактарда көп эле талкууга алынган көрүнүштөрдүн бири тойдо орун алган тамадалардын обу жок оюндарын ойнотуп жатышы. Ичимдиктин көп болгондуктан уруш-талаштар дагы болуп жатат. Биз тойдун талабына жооп берген, коноктордун маанайын ача турган, кызыктуу оюндарды иштеп чыгып, тойду маданияттуу өткөрөлү деп чечтик. Келген мейманды да ыраазы кыла турган кызмат көрсөтүү.

Биздин бул ишти баштаганын бир айдай убакыт болду. 3 баланын тоюна акысыз кызмат көрсөттүк. Тойду өткөрүп бүткөндөн кийин элден, үй ээсинен «той жактыбы, эгер кемчиликтер болсо аны оңдойлу» деп сурап жаттык. Алардан баары биз ооздон рахмат айткандан башка сын-пикирлерди укпадык. Үч той өткөргөндөн кийин эле эл колдоого алып, жайылталы деп демилге көтөргөн жарандардын катары өсүп жатат. Бул нерсени дагы белгилеп кетчү жагдай тойду өткөрүүдө үй-бүлөнүн, той ээсинин социалдык экономикалык абалына карабайбыз. Ал байбы, кедейби тойдү өткөрүп, ысырапкерчиликке жол бербеген, үнөмдүү, кыргыздын каада-салтына туура келген тойдуу калк арасына жайылтып жана модага айлантуу.

Тойлордогу акысыз кызматтар аймактарга жайылтылат

– Биздин программа менен той өтсө 100 миң сомдун айланасында акчасы үнөмдөсө болот. Ошондо бир жылда 200 бала үйлөнсө 20 млн сомдой үнөм болот экен. Биздин бул программабыз менен карызга батып, урушуп-талашпай ажырашкандардын саны азаят, тойго кетирем деген акчасына кичи бизнес ачып алса да болот, дагы көп пайдалары бар деп ойлойм. Бул иштерди өлкөбүздүн бардык аймагында жайылтууга аракет кылабыз. Кудай буюрса той өткөрүүнүн бир моделине түшүрүүгө алсак, эки жылда калыбына түшөт. Бул ишибиз мекенибиздин бардык аймактарына, айыл-кыштагына тараса элибиз үчүн чоң ийгилик болуп, куру намыс деген илдеттен арылып, экономикалык жактан аз да болсо салым болот. Ысырапкорчулукту азайтуу, токтотуу керек деп сөз менен айтып, иш жүзүндө баштабасак эч кандай майнап чыкпайт. Андыктан аз-аздан баштоо учур талабы.

Запись Тойду бекер тейлеген топ пайда болду впервые появилась Formula.KG.

Технологии Blogger.