Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком May 12. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Кыргызда “аш болсо каада көп” дегендей күн жылып, күз мезгили жакындаган сайын тойлордун дагы сезону башталат. “Эл эмне дейт” деп насыя алып, карызга белчесинен батып, бар тапканын тойго жумшагандар көп. Мына ушул көйгөйдү алдын алууда, ысырапкерчиликке жол бербөө максатында “Эл аралык кыргыздар” ассоциациясынын координатору, тамада Эрлан Жыргалбек уулу тойлорго акысыз кызмат көрсөтүп жатышканын “Zaman.kg” сайтына айтып берген

“Биздин башкы максат ысырапкерчиликти азайтуу”

– Бүгүнкү күндө кыргыз коомунда актуалдуу маселелердин бири болгон ысырапкерчиликке көбүрөөк көңүл буралы деп чечтик. Быйыл Ыйман, адеп жана маданият жылына карата “Эл аралык кыргыздар” ассоциациясынын негиздөөчүсү жана төрагасы Нурмухаммед Миңбаевдин демилгеси жана колдоосу менен «Эконом KG» программасынын негизинде тойлорду акысыз өткөрүп берүү ишин баштадык. Бул долбоордун негизги максаты – биринчиден, өзү айтып тургандай үнөмдөө, ысырапкорчулукка жол бербөө болуп саналат. Себеби көптөгөн жигиттерибиз куру намыс менен атаандашуу, эл эмне дейт деген сөздүн айынан үйлөнө албай, канча жыл чет жерлерде иштеп, кашыктап чогулткан акчасын, чөмүчтөп той берем деп асманга сапырып жиберип жатышат. Насыяга акча алып карызга баткандар дагы арбын. Эки айдан кийин карызын кутулуу үчүн чет жерде иштегенге мажбур болуп жатпайбы. Ошондой тойду алкоголдук ичимдиги жок, маданияттуу өткөрөлү деп чечтик.

Акысыз кызмат көрсөтүүдө 100 миң үнөмдөлгөн

– Биздин тойдо акысыз кызматтар тууралуу айта турган болсом, учурда 10 кызматкер жана мындан тышкары ыктыярчылар бар. Алар тамада, оператор, фотограф, керектүү аппаратуралар, такси кызматтарын алып баргандыктан булардын баары биз тараптан акысыз болот. Бул нерселерге эле 100 миңдей акчалар жумшалат экен. Ошондо биз той ээсине ушунча каражат үнөмдөп, жардам берген болобуз. Ал акчага жаш үй-бүлө чакан ишкердик баштап алышса, өздөрүнүн үй-бүлөлүк киреше булагына чоң өбөлгө түзүлөт. Болгону той ээлери биздин сунушубузга көнүнүшү керек. Алардан акча талап кылынбайт. Тойду спирт ичимдиксиз өткөрүү, ысырап кылып 3-4 жолу түрлөнтүп тамак берүү эмес эки тамак менен эле өткөрүү. Учурда кафе ресторандар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Эгер сиз бир кафеге барып бир кишиге 700-1000 сом боло турган болсо. Биз өткөргөн тойлорго 200 сомго жакын баасын түшүргүлө деп жатабыз.

«Үч тойду акысыз көрсөттүк, эл колдоого алууда»

– Азыркы учурда социалдык тармактарда көп эле талкууга алынган көрүнүштөрдүн бири тойдо орун алган тамадалардын обу жок оюндарын ойнотуп жатышы. Ичимдиктин көп болгондуктан уруш-талаштар дагы болуп жатат. Биз тойдун талабына жооп берген, коноктордун маанайын ача турган, кызыктуу оюндарды иштеп чыгып, тойду маданияттуу өткөрөлү деп чечтик. Келген мейманды да ыраазы кыла турган кызмат көрсөтүү.

Биздин бул ишти баштаганын бир айдай убакыт болду. 3 баланын тоюна акысыз кызмат көрсөттүк. Тойду өткөрүп бүткөндөн кийин элден, үй ээсинен «той жактыбы, эгер кемчиликтер болсо аны оңдойлу» деп сурап жаттык. Алардан баары биз ооздон рахмат айткандан башка сын-пикирлерди укпадык. Үч той өткөргөндөн кийин эле эл колдоого алып, жайылталы деп демилге көтөргөн жарандардын катары өсүп жатат. Бул нерсени дагы белгилеп кетчү жагдай тойду өткөрүүдө үй-бүлөнүн, той ээсинин социалдык экономикалык абалына карабайбыз. Ал байбы, кедейби тойдү өткөрүп, ысырапкерчиликке жол бербеген, үнөмдүү, кыргыздын каада-салтына туура келген тойдуу калк арасына жайылтып жана модага айлантуу.

Тойлордогу акысыз кызматтар аймактарга жайылтылат

– Биздин программа менен той өтсө 100 миң сомдун айланасында акчасы үнөмдөсө болот. Ошондо бир жылда 200 бала үйлөнсө 20 млн сомдой үнөм болот экен. Биздин бул программабыз менен карызга батып, урушуп-талашпай ажырашкандардын саны азаят, тойго кетирем деген акчасына кичи бизнес ачып алса да болот, дагы көп пайдалары бар деп ойлойм. Бул иштерди өлкөбүздүн бардык аймагында жайылтууга аракет кылабыз. Кудай буюрса той өткөрүүнүн бир моделине түшүрүүгө алсак, эки жылда калыбына түшөт. Бул ишибиз мекенибиздин бардык аймактарына, айыл-кыштагына тараса элибиз үчүн чоң ийгилик болуп, куру намыс деген илдеттен арылып, экономикалык жактан аз да болсо салым болот. Ысырапкорчулукту азайтуу, токтотуу керек деп сөз менен айтып, иш жүзүндө баштабасак эч кандай майнап чыкпайт. Андыктан аз-аздан баштоо учур талабы.

Запись Тойду бекер тейлеген топ пайда болду впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

 

Аялдар баш бербеген, оолуккан заманга келип калдык, көбүнчө аялдар тоготпойт, уккусу келбейт, баш бербей басып кетиши мүмкүн. Бирок, мындай аялдарга боор ачуу менен гана мамиле кылышыбыз керек. “Укугум бар” – деп көчөгө чыгып кетүү туура эмес. Аял киши үйүндө жолдошу менен, балдары менен бакыт тапса, бактылуу болсо, чыкса болот. Үй-бүлөсүнөн таппаган бакытты көчөдө таба албайт. Мейли, эжесине, сиңдисине, курбу кызына барсын, ал бакытты таппайт. Турмушка чыккандан кийин ошол күйөөсү, үй-бүлөсү менен бактылуу болушу керек. Күйөөсүнүн сөзүн укпаган аялды эч ким тоготпойт. Көчөгө барып эч кимге уктура албайт. Тыңсынып тыкыраңданганы менен эгер күйөөсүн укпаса, анда ал аял бактысыз аял дегенди билдирет. Аялдын бактысы каякта? Күйөөсүнө баш ийгендигинде, күйөөсүнө моюн сунгандыгында, үйдөгү ынтымакты, кутту сактап тургандыгында болот. Ошондуктан айтаарым, карындаштарым, эжелерим күйөөңөрдү сыйлагыла. Жаманбы, жакшыбы, “аюу да болсо эрим бар, үңкүр да болсо үйүм бар” деген сөз бар. Ошол сиздин күйөөңүз, ошол сиздин айыбыңызды жаап турган эриңиз, ошол балдарыңыздын атасы болот. Сиз аны сыйлашыңыз керек. Ага баш бербей көчөгө чыгып кеткениңиз өзүңүздүн бактысыз экениңизден, өзүңүздү өзүңүз сыйлабаганыңыздан кабар берет. Күйөөсүн сыйлаган аялды күйөөсү сыйлайт, күйөөсүн сыйлаган аялды эл сыйлайт, күйөөсүн сыйлаган аялга Кудай Таалам ыраазы болуп, бейишине киргизет.

– Турмушка чыккан кыз кимдин сөзүн угушу керек? Күйөөсүнүнбү же ата – энесининби?

Жооп: Турмушка чыккан кыз күйөөсүнүн сөзүн угушу керек. Ата – энеси күйөө болуп бербейт. Пайгамбарыбыз (сав) айткан: “Эгерде аял кишилерге Аллахтан башкага сажда кылуу керек десе, күйөөңөргө сажда кылгыла дээр элем”. Кээ бир кыздар турмушка чыккандан кийин атасынын, апасынын сөзүн угат. Бул туура эмес. Күйөөнүн сөзүн угуу керек. Эгер күйөөң буйрук берсе, шарияттын чегинде аткаруу керек. “Чыккан кыз чийинден тышкары”, турмушка чыккандан кийин ата-энең сенин турмушуңа кийлигишпеши керек. Ата – эне сага муктаж эмес. Эгер сен бактылуу жашап жатсаң ошо маанилүү.

– Келин менен кайнененин ортосунда мамиле кандай болушу керек?

Жооп: Аялдар бир нерсени көп түшүнүүнү каалабайт. Эгер күйөөсү менен мамиле жакшы болсо, кайненеге жакшы мамиле кылбай коюшат. Күйөөсү менен бирге болуп, аны кармап калууну каалаган аял кайненеге жакшы мамиле кылып, жолун табышы керек. Ар дайым айтып жүргөнүмдөй эле, чачын өрүп, тырмактарын алып, кирлерин жууп, мончого түшүрүш керек. Шарият бизди ушуга үйрөтөт. Негизи кайненеге кызмат кылуу милдет эмес. Ислам аны буйрубайт. Бирок, аны инсаният буйруйт. Имам Сарахсинин жакшы бир эмгеги бар, анда айтат: “Эгер аялың тамак бышырбай, кириңди жуубай койсо, сен аны милдеттүү кыла албайсың, бирок сен дагы үйгө кыям, шекер алып келбей, жөн эле кара нан алып келип кой. Ал милдетин аткарса, сен дагы милдетиңди аткарышың керек”. Бул сөз жубайлар ортосунда ынтымак болуусу керек дегенди билдирет. Келиндер кызмат кылуусу зарыл. Себеби, ушул учурда үй-бүлө сакталат деген маани. Ошон үчүн кайненени жакшы көрүү керек. Эгер кайненесин апасынан көбүрөөк жакшы көргөн болсо, күйөөсүн ошону менен байлаган болуп эсептелет. Күйөөнү кармап калуу – чоң искусство. Бир кыйтылыгы ушул болуп саналат. Түлкүнүн бир сөзү бар экен: “Менин миң айла амалым бар. Эң эле жакшысы көрүнбөстүк”. Анын сыңарындай, аялдардын күйөөсүн кармап калууну эң эле жакшы айласынын бирөөсү кайненени жакшы көрүү болуп саналат. Эртең өзү да кайнене болот. Келиндер кайненеге кандай мамиле кылса, ошондой эле мамилени кийин кайнене болгондо сөзсүз көрөт.

– Аялзаттын кийими кандай болушу керек?

Жооп: Никаб – бул аял киши бетин, жүзүн жапкан кийим. Албетте, шариятыбызда милдет эмес, сүннөт амалдарына кошулат. Аял киши эки колу, жүзү ачык болуп, денесин жабуусу милдеттүү. Ошондой эле бутун да жаап жүрүүсү милдет. Кээ бирлери ханафи масхабда буту жылаңаяк жүрө берсе боло берет деп эсептешет. Бул Азирети Абу Ханифанын фатвасы. Бирок бул ошол убактагы фатва. Ал учурда бутуна байпак, бут кийим кийип жүрүүгө барынын эле мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Ошондуктан уруксат берилген. Азыркы мезгилде чоочун эркектердин көзүнчө кийип жүрүү керек. Ал эми намаз окуй турган убакта чечип коюуга уруксат берилет. Чоочун үйгө барганда да хиджабын чечпесе туура болот. Пайгамбарыбыз бул нерседен тыйган. Эгер аял киши конокко же башка үйгө барса хиджабын чечпесин, жоолугун чечпесин деген пайгамбарыбыздын буйругу бар.

– Шартка байланыштуу насыя алып үйлөнсө болобу? Кеңеш айтып койсоңуз, сураныч…

Жооп: Жок, болбойт. Сен насыясы жок эле адал карыз алып үйлөнө бер. Кийин экөөң иштеп кутуласың. Карыз алып катын ал. Карыздан кутуласың, катын жаныңда калат. Ушундай кыл, бирок насыя алба. Жашооңду арамдан баштаба. Той – сүннөт. Бир сүннөттү ишке ашырам деп арамды жасайсыңбы? Андан туулган бала эмне болот? Андай тойдун кереги жок. Айылдын молдосун, эки кемпир, эки чалды чакыр да кара корозду сой дагы жүнүн жулуп-жулуп сууга сал, бир кезден кийин шорпо даяр. Молдого 50 сом бер, айылда болот ошо. Бүттү ошо менен бир короз, 50 сом пул кетет. Махрды кийин иштеп, таап бересиң. А кечип жиберсе андан жакшы. Ар ким өзүнүн кийими менен келет, жашай бересиңер. Ал эскиргенге чейин байып кетесиңер, иншаллах. Бир кишилик ырыскы эки адамга жетет. Кийими менен эле келип, нан деле алып келбей эле койсун, сенин наныңды экиге бөлүп, шорпоңо бир аз көбүрөөк суу куюп ичип алгыла, болду. Эмнеге жашоону татаалдаштырасыңар, түшүнбөйм. Жашоо деген эң жеңил. Үй, унаа алып, карьера деп иштеп, анда катын алып не кыласың? Жашай бер өзүң менен өзүң. Аял алып же эрге тийип. Андай болбойт тууганым. Үйлөнүүнү татаалдатпагыла. Жашоону кыйындатпагыла. Аллахка сыйынгыла, ибадат кылгыла, намаз окугула, бардыгын жеңил кылыш керек. Неге кыйнайсың өзүңдү, сен кыйноо үчүн жаралдыңбы? Сен кыйнала турган, аракет кыла турган нерселер башка, тууганым. Ибадатта, илим алганда жарыш.

– Кедей болуп туруп экинчи аял алса болобу?

Жооп: Пайгамбарыбыз (сав) жумшак жана мамиледе өтө жоомарт эле. Коңшу-колоң, тууган-урук, балдары, күйөө балдары, достору, ал гана эмес аялдарына да жакшы мамиле кылат эле. Хадижа энебиз өтүп кетсе да курбуларына кой сойгондо этин берчү экен. Анан Айша энебиз кызганат эле, көзү тирүүсүндө да Хадижа, өтүп кетсе да Хадижа дегенде, пайгамбарыбыз айтыптыр, менин балдарым ошондон, деп. Азыр эркектер балалуу болгон аялдарын таштап, кетип калгандары бар. А пайгамбарыбыз өлүп калган аялынын курбуларына аялымдын арбагы сүйүнсүн деп эт жиберет эле. Бизде болсо 10 бала, 5 бала төрөп берген аялдарынын көчүгүнө бир тээп айдап кубалап ийип, анан башка катын алып алгандары бар. 2-3-4 аялга шарият уруксат берген, бирок шарты менен. Намаз окуган парз, бирок шарты менен, китеп кармайсың, бирок шарты менен. Ошол сыяктуу эки аялдын да шарты бар. Экинчи аял алып, ага кетип калып, биринчи аялын карабай, андан калса ага 3-4 жылдап талагын бербей жүрүшөт. Мындай иш арам болот. Эптей алсаң ал, колуңдан келбесе алба. Ошол бир аялыңдын эле көкүлүн сылап отур үйдө. Биринчисин кыйнап атып, экинчисин эмне кыласың. Анан дагы мен эң жардымын мага чыдайсыңбы деп. Ал макул деши мүмкүн. Аял айта берет, кайра кайта берет. Чыдайм деп, бирок кийин чыдабайм десе алып келишиң важиб болот. Ал күнөөкөр болбойт. Анан алат десе эле, чөнтөгүңө 100 доллар түшүп калса, аны батыра албай катын ала турган болуп калсаң, ал туура эмес. Азыр бекинип, жашынып алып экинчи аял алгандар көбөйүп кетти. Ал сага ойношпу. Ошо сени ойнош күтпөсүн деп экинчи аялды шарият кылган. 4-5 жылдап экинчи аялы бар экенин эч ким билбегендер бар. Экинчи аялдыкка биринчи аялынын уруксаты кереги жок дегени, аял билбесин деген сөз эмес. Эгер эркек болсоң билдирип ал, той кылып ал. Эгер даяр болбосоң алба, садагаң кетейин.

– Менин аялым көп ысырап кылат. Ысырап тууралуу бир аз баян кылып бериңизчи?

Жооп: Ысырап кылбаш керек. Бул тууралуу бир окуя айтып берейин. Арабияда бир досум бар, коон сатат эле. 10 жыл коон сатып такыр жарыбады. Кийин аялы менен ажырашып кетип, башкага үйлөндү да 2 жылда үй алды. Анан мен таң калып, кантип байып кеттиң десем, биринчи аялым берекесиз экен, экинчиси берекелүү экен дейт. Аялдын баары ушундай экен деп жүрө берип, экинчи аялыма үйлөнгөндө билдим деди. Азыркым тамакты дайыма үйдөн жасайт, а биринчиси менен жашап жатканымда көчөдөн сатып келип иччүбүз. Биринчиси ашып калган тамакты дасторкон менен алып чыгып күбүп салат эле, азыркым ченеп жасайт, ашып калса чогултуп муздаткычка салып коюп, кийинки тамактанууда жылытып берет. Анан дагы бул аялым балдарымдын баарына тамактан мурунку жана кийинки дубаны үйрөттү. Мына ушундай аялымдын берекеси менен, ысырап калбаганынын себебинен 10 жылда ала албаган үйдү 2 жылда алдым дейт. Ошол үчүн урматтуу бир туугандар, эркектин ырыскысынын кенен болушу силердин колуңарда. Ал байкуш кыйналып таап келет. Ал таап келген этти бир күндө салып жеп албастан үнөмдөн жасасаңар баары ордуна келет. Баарын тартипке салыш керек. Нанды үйдөн жасаш керек. Айтор, аял киши ысыраптан алыс болсо күйөө тапканына береке келет. Күйөө күнүнө күмүш, айына алтын таап аткан болуп, аялы сарамжалдуу болбосо анда баары бир эч нерсеге жетпейт.

– Тармактык базар интернетке тарады, кандай карайсыз?

Жооп: Албетте, тармактык базар боюнча айтылган сөздөр абдан көп. Анан мындай башка бирөөгө шылуунчулук кылып, алдап коюуга мүмкүнчүлүк көп болгондуктан, ушул себептен көпчүлүк аалымдар жалпы жолунан тармактык маркетингдин бардыгын арам деп айткандар бар. Бирок жалпы жолунан бардыгы боло берет дегени туура эмес деген басымды көпчүлүк аалымдар айтышат. Мисалы, сиз ошол тармактык маркетингде сиз алып жаткан буюм бар болуп, анан сиз аны сатып жатсаңыз, буюм адал буюм болсо, же адамдарга зыян келтирбей турган нерсе болсо, анда алып сатып, соода кылсаңыз жарай берет. Ал эми сиз бир адамды чакырып келсеңиз, анан сиз чакырып келген адамдан сизге үлүш түшүп турса бул туура эмес, анткени сиз аракет кылдыңыз, бирок сиз чакырып келген адамдан жана ал адам чакырып келген адамдан түшкөн акча, башкача айтканда үчүнчү тараптан дагы акча түшүп турганын аалымдар бир ооздон туура эмес деп баа беришет.

– Аялы күйөөсү менен айтышканы туурасында түшүнүк бериңизчи?

Жооп: Аял да, күйөө да токтоп калганды үйрөнүш керек. Биз айтып жаткан сөздөр айтканга жакшы, кыла келгенде кыйын эле болот. Бирок амал кылсаңар чыныгы бактылуулуктун даамын татасыңар. Биздеги көйгөй мына ушунда. Илгери сахабалар пайгамбарыбыздын бир сөзүнө өмүр бою амал кылышып, бактылуу болушчу экен, а биз миңдеген хадистерди угуп, текче-текче китептерди окусак да бактысызбыз. Эмнеге? Анткени, амал кылбайбыз.

Аял киши күйөөсүнө мамиле кылганда чоң балаңдай эле кара. Аны жууп, тарап турбасаң биттеп, карабасаң бомж болуп, көңүл бурбай койсоң адам катарынан чыгып калышы мүмкүн. Аны соорот, эркелет, жакшы тосуп ал. Кыйкырса, ал өзүн кожоюн сезиши үчүн унчукпай кой, коркумуш болуп койсоң “кожоюн экенмин” деп сүйүнүп калат. Ал байкушту көчөдөн эч ким тоготпойт, жумушуна барса эң акыркы, айлыгынан кыйналат, анан үйүнө келсе сен кыйкырасың. Жок дегенде үйүндө өзүн падышадай сезсин да. Бутуна тапичкесин алып келип, мойнуна массаж кылып бер, жакшы тамак жаса, балдарды “акырынгыла, атаңар уктап жатат” деп урушуп кой кичине. Ошентсең күйөөң сага ыраазы болот. Сыртынан билгизбейт, бирок ичинен сүйүнүп калат. Анткени, дүйнөдө сен гана алпештеп карап, багып жатасың. Бир кыйкырса унчукпай кал, сабыр кыл. 5-10 мүнөттөн кийин сага да ал ошондой сабырдуулук менен мамиле кылат. Иниңе келиниңдин кандай мамиле кылышын күтсөң, күйөөңө дал ошондой мамиле кыл. Кийин андан артыгыраак жообун аласың. Анын ыраазымын деп айтканы шарт эмес. Ал кечинде үйгө келип атабы, демек сага ыраазы дегендик. Анын көңүлүн тапканга аракет кыл, анткени сен аялсың. Акыл-эсиң андан ашып кетпесе да айла-амалың кырк эшекке жүк боло тургандай бар. Андыктан алдап-соолап жакшы күйөө кылып алыш сенин милдетиң. Айтышпа, айтышкандан жакшылык таппайсың, айтышуу менен эч убакта ийгиликке жетпейсиң.

– Үйлөнгөндөн кийин ортодогу сүйүү өчүп калса эмне кылыш керек?

Жооп: Аял эркектин аз сүйлөгөнүн каалайт. Өзүнө теңелишин каалабайт. Ар кайсыны айта бербей дароо ишке өтүш керек. Үй-бүлө бузулган жаман. Азыр көп учурда зордуктап кетти, минтип кетти, антип кетти деген жаңылыктарды көп укчу болдук. Анын баары үй-бүлө бузулгандан болуп жатат. Ата-энеси ар тарапка кетип, балдарын бирөөгө бактырып койгон. Сенин аялың бучук болуп, мурду көктү карап, тешигинен өпкөсү көрүнүп турса да, ал сенин балаңа дүйнөдөгү бардык аялдардан жакшы мамиле кылган аял. Сенин эриң сасып, биттеп, селсаякка айланып кетсе дагы балдарыңа дүйнөдөгү бардык эркектерден мээримдүүрөөк ата. Сага жакшы мамиле кылып жаткан эркек балдарыма да ошентет деп ойлойсуң, бирок андай эмес. Түндөгү 15 мүнөттүк ырахаттын айынан аялыңа талак берип кетип каласың. Бирөөнүн катыны бирөөнө кыз көрүнөт болуп, кээде өзүңдүкүн карабайсың да, башканын аялын, балдарын карап жаткан болосуң. Сенин балдарың кандай тагдырда калды, ага кантип жооп бересиң? Эркек, аялдын ортосунда махабат болушу шарт эмес. Бири-бирине ырайым, аёо деген болуш керек. Сенин жашооң жашоо, балдарыңдыкы жашоо эмеспи? Балдарды ойлош керек. Ал эми сүйүүнү табыш керек. Жарандык никеде жашап көрүп, жакса үйлөнүш керек деген жалган сөз. Ал атайын мусулмандарды бөлүп-жарыш үчүн капырлардын ойлоп тапкан саясаты. Сүйүү деген никеден кийин болсо беш, болбосо он беш. Ал болбосо мээрим деген бар, ошону менен жашай берет. Алланы сүй, динди, мекенди, элиңди, пайгамбарыңды сүй. Сүйүү тукум-курут болуп калган жери жок. Кыргызстанды сүй. Колдо бар алтындын баркы жок деген эң туура сөз. Жаман көрүп, күндө уруп, тепкилеп аткан сасык катының талак бергенден кийин айчүрөккө айланып кетет. Болгону сен анын колдо бар кезде кадыр-баркын билбейсиң. Болбосо анын артынан 2-3 жыл чуркап жүрүп, жатаканада жашаган болсо терезесин карай берип моюнуң үзүлүп, кыйшайып калайын деген. Кызганып, түнү менен ырларды жазып, ыйлап жаман болгонсуң. Анан үйлөнүп, колуңа келип калгандан кийин салып берген мончоң жок, жуунганга самыны жок, бетине упа, эндиги жок көркүнөн кетпегенде анан эмне болуп кетиши керек?! Сен дагы мурункудай эмес өзгөргөнсүң, анан аялым жакпай калды, сүйүү өчүп кетти деп талак бергенден кийин эки күн өтпөй үйүңдүн куту кетип, балдарың ачка калып, идишиң жуулбай үйүлүп, намаз окуганга дамбалың калбай калганда аялыңдын баркын билип, “аттиң ай” деп өкүнөсүң.

Запись Күйөөсүн сыйлаган аялды эл сыйлайт впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

– Мен жаңы эле турмушка чыккан элем. Кайын-журтум көз ачыктарды алып келип, шам жагышат экен. Мен болсо намаз окуймун. Ошону эмне кылсам болот, мага аябай жакпай жатат. Күйөөмө айтсам, ал апасынын сөзүн сүйлөп жатат. Күйөөм намаз окубайт. Бирок окуйм деген ниети бар?

– Бул жерден албетте, сабырдуулукка үндөйт элем. Эгерде көз ачыктык кылса динден чыгат, бул нерсе ыймансыздыкка алып барат. Кимде-ким бакшылык кылып, төлгө ачып, карта салып, таш салып адамдардын келечегин айтып бере турган болсо бул адам ыймандан чыгып капыр болуп калат. Ошондуктан биз тоба кылышыбыз керек жана дуба кылышыбыз керек. Эми мен сизге айтарым сабырдуу болуңуз, Кудай Таалам жакшылык берет жана күйөөңүзгө айтарым убада бергенден кийин намаз окушу керек, окуганга аракет кылышы керек. Көп учурда эркектер намаз окуган кыздарга үйлөнүшөт, «мен намаз окуйм, ниетим бар» – деп. Бирок үйлөнгөндөн кийин намаз окубай койгондор да бар. Ошондуктан ата-энелерге айтарым кыздарды турмушка берип жатканда этият болуп, ар – жак, бер – жагын карап беришибиз керек. Анан ушундай бир бейтааныш жерге берип коюп, кийин өксүп калган учурлар көп кездешет.

Урматтуу бир туугандарым, көзү ачыктык кылган, бакшылык кылган, мазарды кыдыргандардын баары жакшы эмес. Шариятка туура келбейт. Адам мусулманчылыктан чыгып калат. Мазардан сураган таптакыр болбойт. Биз мазарга барып эстейбиз, дуба окуйбуз, Куран окуйбуз, бирок алардан бир нерсе сураганга шариятыбыз жол бербейт.

Ал эми сен карындашым, дуба кыл, тоба кыл. Балким сенин кылган тобаң менен дубаңдын шарапатынан ошол үйдөгүлөрдүн бардыгына тең Кудай Таалам хидаят берген болор эле деп үмүт кылабыз.

– Тармактык маркетинг боюнча сурайын дедим эле?

– Тармактык маркетинг боюнча бардыгына эле фатва бере албайбыз. Айтып коё турган маселе кээ бир адамдар бизге келип түшүндүрүп айтат, биз ошол түшүндүргөнүнө жараша жооп берсек, Чубак ажы бизге уруксат берди, фатва чыгарып берди деп, тармактык маркетингди жайып жүргөндөр бар, бирок бул туура эмес. Азыркы күнгө чейин эч бир уюмга биз фатва берген жокпуз. Кээ бирлердин продукциясы адал болсо ошону колдонгонго болот. Бирок, «сен бирөөнү жаздырсаң, акча аласың» – деген туура эмес. Ошондуктан бул боюнча Муфтиятка кайрылыңыз. Биз баары бир бул боюнча сизге оңтойлуу фатва бере албайбыз, болгону пикир гана билдире алабыз. «Жок» – деп айтсаң деле болбой эле, «мындай эле, андай эле» – дей бергенинен адамдын көңүлүнө карап угуп көрөйүн дейсиң. Бир саат уккандан кийин деле, «жок» – деген жооп берилип калат. Анан кээ бир адамдар атайын тармактык маркетинг боюнча иштегенин жашырышат дагы, анан бизге башка бир нерсени сүйлөй берет. Эгерде кагаздар менен расмий аныкталган чоңдору келсин десеңиз жок, башка бир адамдарды жөнөтүп эле жылуу сүйлөп, эптеп эле макул кылдыргысы келгендер дагы бар. Биз аларга эч кандай фатва берген жокпуз. Эгерде бере турган болсок кагаз жүзүндө берип кол коюп беребиз. А оозеки фатва берди дегенге эч качан ишенбеш керек. Бизге келген күндө дагы биз пикир эле билдиребиз, мөөрүбүз жок. Мөөрдү болсо муфтият басат, ошондуктан ошол жерге барыңыз.

Мен бир жумушта иштейм. Ал жер кудайга шүгүр, эже-сиңдилер баары жакшы. Бирок жеке жашоомдо беш жыл мурун ажырашып кеткем. Жумушта болсо тамашалашып, «турмушка качан чыгасың?» – дей беришет. Бирок мен алардан жеке жашоомду жашырып келем. Мен күнөөгө баткан жокмунбу?

Эгерде сизди турмушка чык деп сунуш кылса, Кудай мындай бербеспи деп дароо макул болуп чыга берүү керек. Эгерде жакшы адам болсо. «Бирөөлөр ичерге суу таппайт, бирөөлөр кечерге кечүү таппайт». Ал эми канча адамдар күйөө таппай жүрөт. Эгерде сизге бирөө колуңузду сурап, турмушка чык десе, олуттуу ниет болсо макул деп турмушка чыкканыңыз туура болот. Жалгыздык Жаратканга эле жарашат. Ошондуктан турмушка чыкканыңыз жакшы. Бирок элдин бардыгына өзүңүздүн жеке жашооңузду толук айтканга милдеттүү эмессиз. Айткыңыз келбесе айтпай деле койсоңуз болот. Бирок адамдардын үйлөнүп-жайланып, турмуш курганы жакшыраак болот. Ошондуктан бир тууганым базар кызып турганда дароо «Бисмилла» деп турмушка чыгып кеткениңиз жакшы болот.

– Ажыке, биз кудай буюрса, намазкана салып жаттык эле. Ошого Муфтияттын уруксаты керек болуп жатты эле, ошону кантип алсак болот? Жол-жобосун айтып бересизби?

– Мен жол-жобосун билбейм. Муфтияка бар. Ошол жерде курулуш бөлүмү бар. Алар кагаз беришет. Менин Муфтиятта иштебей калганыма канча жыл болуп кетти. Эгер мен иштесем анда келгиле демекмин. Бирок мен иштебей калгандан бери кандай мыйзамдар кабыл алынды кабарым жок. Ошол жерде Таалай мырза деген курулуш бөлүмүнүн башчысы бар, ошол кишиге жолуксаңыздар түшүндүрүп айтып берет. Интернетке киргенди билсеңиз муфтият.кж деген сайт бар, ошол жерден дагы карап алсаңыз болот.

– Мен беш маал намаз окуйм. МАИ кызматкери болуп иштесем болобу? «Бир аз немелер» бар го, ошолор зыяны тийип калбайбы?

– Эмне үчүн иштесе болбойт? Токмоктон келе жатканда мени МАИ кызматкери тосту. «Эмнеге тостуң?» – десем, «сиз катуу айдабай, жайыраак айдап жатасыз»- дейт. Биринчи жолу таң калдым, МАИ кызматкери, «эмнеге катуу айдабайсыз?» – деп сурайт экен деп (күлүп). Албетте иштеген жакшы болот.

Ал эми «бир аз немелер» бардык жерлерде бар. Адам болгондон кийин болот ал «немелер». Сиз болсо ошол «бир аз немеден» алысыраак болуп, азыраак жасап, жок дегенде салыштырмалуу түрдө тазараак иштесеңиз, баары жакшы болот. Анан сен корксоң, мен корксом, ал корксо, бул корксо анда ким иштеши керек да, ким элге кызмат кылышы керек. Жанагы «таранчыдан корккон таруу экпейт, карышкырдан корккон токойго барбайт» деген сөз бар да. Бардыгы эле өзүнүн жанын ойлоп, «кой антпе, аны кылба, муну кылба, эптеп эле курсагым тоё турган тиричилик болсо болду» – десек, анда элдин тагдырын ким ойлойт? Кээ бир адамдар бар, «50-60ка чыгып калдым, эптеп эле иштеп курсагымды тойгузуп турсам» – деген. Мамлекеттин келечегин ойлоп, терең ой жүгүртүп сүйлөгөн адамдар аз болуп калат дагы, жеке бизнесин ойлоп жүрө берип, тар ойлонгон адамдардын колуна мамлекеттик иштер тийип калган учурлар көп эле кездешет. Ошондуктан антпеш керек дагы, «Бисмилла» – деп, тобокел кылып, Кудайдын ыраазычылыгы үчүн иштей бериш керек, урматтуу бир тууганым.

– Инилерим каза болуп ошол жерге барган элек. Жаныбызда бир классташыбыз бар, беш маал намаз окуган. Анан биз кыргыздын салты кылып үн чыгарып барып, топурак салып кайра чыккандан кийин ортобузда пикир келишпестик болду. Силерге Кудай көрсөтүп коёт, «эсил кайран бир боорум, эми кайдан көрөйүн» – деп өкүрбөш керек деген темада. Ушуга кандай карайсыз?

– Өкүрүп барганда калп эле артист болуп өкүрүп барганга болбойт. Эгер чындап эле кайгырып турганда, үн чыгарса зыяны тийбейт. Бирок жалгандын жалганы кылып кыйкырып, салты кылып токол наалат айта берген туура эмес. А бирок бир адам чындап эле адамдын өтүп кеткенине өкүнүп, дагы жашаса жакшы болот эле деп, ага ырайымы келип, намаз окуп, көп ибадат кылып калса жакшы болот эле деген ниет менен ыйлаган болсо анын зыяны тийбейт, иншалла. Бизде өкүргүсү деле келбейт, көз көрсөткөнү келип туруп, анан курулай эле кыйкырып ыйлап коёт, албетте, бул туура эмес. Чындап ыйлаганга шарият жол берет.

– Жолдошум экөөбүздүн үйлөнгөнүбүзгө жети жыл болду. Доктурларга барып көрүнөбүз, бирок такыр эле балалуу боло албай жатабыз. Борбордук мечитке баралы дегем, бирок жол-жобосун такыр биле албай койдум. Дем салдыралы деп ойлогом. Намаз окубайм?

– Борбордук мечитке барганда эле эмне бала төрөтүп иет деп уктуңуз беле? Биринчи намаз окуп, Кудайдан суранбайсызбы. Мечиттеги молдо сиздин чөнтөгүңүздү карап отурат, канчалык көбүрөөк берсе ошончолук дем салып батыраак кетирип иейин деп.

Намазды баштай албай жатсаңыз бүгүн баштай бериңиз. Эч кандай кыйынчылыгы жок. Күйөөңүз дагы намаз окусун.

Намаздын касиети такыр бөлөкчө. Балким намаз окубай жаткан үчүн Кудайым бала бербей жаткандыр. «Булар балага жакшы тарбия бере албайт, экөө тең жалкоо, ниет кылып басып жүрүшөт, иш кылбай эле» – деп. Балага деле ниет кылып, бирок аракет кылбасаңар болбойт. Ошон үчүн аракет кылып намаз окуп баштасаңар, Кудай Таалам берет иншалла.

Бирок мечитке барганда алар дем салып, баланы пайда кылат деген сөз жок. Маселе Кудайдан сураганда. Дагы бир жолу айтам, намаз окугула жолдошуңар экөөңөр тең. Даават деген жакшы нерсе бар ошого чыккыла, дуба кылгыла. Сизден башка эч ким чын ниеттен Кудайдан суранбайт.

Курани-Каримде бир дуба бар, Кудай Таалам мага жакшы перзент бере көр деп бата кылыш керек.

– Үйгө жылкычы чымчык учуп келип, эшикти тумшугу менен ургулап жатат, минткенине эки жума болуп калды. Аркы бөлмөгө барсак аныкын, берки бөлмөгө келсек беркиникин ургулайт. Эмне себептен ушинтип жатканын билбей жатабыз?

– Эшикти ачып койгула, карап көргүлө да эмне кыларын, балким үйгө кирип ойногусу келип жаткандыр. Бирок, «жылкычы чымчык эшик-тереземди каккылап жатты эле» – деп андан төлгө кыла берген туура эмес. Анан аны кубалап жиберүүнүн деле кереги жок.

– Сакал коюуну бирөөлөр сүннөт дейт, бирөөлөр парз дейт, ушуну жакшыраак түшүндүрүп койсоңуз?

– Сакал коюу – сүннөт болот. Мурутту кыскартыш керек, узун кылып, шимип жей тургандай кылып өстүрүп алган туура эмес, бул жанагы отко сыйынгандардын иши. Сакалды тарап, ага атыр сээп, жууп туруш керек. Сакалдын эки тарабын аркага тарап, кулактын жана беттин чек арасынан ашканын кыркып туруш керек. Ылдый жагын бир тутам болгондо кыркыш керек. Узун кылып киндикке түшүрүп алуу жөөттөрдүн сакалына окшоп калат. Мусулманчылыкта сакал деген көркөм, кооз болуп туруш керек. Сакал коюу сүннөт, урматтуу бир тууганым. Сакал өстүрүүнү парз деген туура эмес. Анткени бир нерсе парз болуш үчүн бул «кати субут» жана «кати дарала» менен белгилүү болуш керек. Ал эми сакалды коюуну сүннөт экендигин айткан шарияттык тексттер булар «ахад» хадистер, аны «мутаватир» хадис деп айтканга болбойт.

– Ооруканага жатканда намазды кантип окуйбуз? Мечиттен, «башкаларды кыжалат кылбагыла» – деп айтылган эле?

– Кадимкидей окуй бересиз. Жаныңыздагы кишилер кыжалат болуп жатышса анда сиз коридорго чыгып окуңуз, сыртка деле чыгып окусаңыз болот. Туруп окуй албасаңыз отуруп окуңуз. Отура албасаңыз жатып окуңуз. Айтор ыңгайына жараша окуй берсеңиз болот. Бирок таптакыр калтырбаш керек. Эгерде намаз окуп жатканда узак болуп кетип, адамдар, «тезирээк окуп бүтүр» – десе анда сүннөттөрүн калтырып парзын эле окуңуз. Бирок асты намазды калтыра көрбөңүз. Сөзсүз түрдө жаткан жерде кыйкырып окуу шарт эмес. Өзүңүз уга тургандай кылып купуя окусаңыз дагы жарай берет, кудайга миң мертебе шүгүр, азыр укол сайган жерге, тамак ичкен жерге барып окуй берсе болот.

Саресеп

Запись Чубак ажы Жалилов менен турмуштук суроо-жооптор (58) впервые появилась Formula.KG.

Технологии Blogger.