Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком 2017 at 08:15AM. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

✍.. Битир садакасы -негизги муктаждыктарынан жана карыздарынан тышкары эң аз акча каражатына барабар (80.18 грамм алтын же анын баасындагы акча) мүлккө ээ болгон ар бир мусулмандын өзү же ага жооптуу болгон адамдар тарабынан бериле турган ,ваажип өкүмүндөгү садака. Муну кыскача битир дейт. Рамазан айынын аягында берилет.

Хадиси шарифте айтылган:

“Фитр садага байларыңарга тазкийа. Кедейлериңер да берсе Аллаху таала аларга андан көбүн берет.” [Абу Давуд] (Тазкийа тазартуу, тазалоо дегенди билдирет.)

“Рамазан орозосу көк менен жердин арасында турат. Фитр садага берилгенде көтөрүлөт.” [Абу Хафс]

“Фитр садага орозолуу адамдын орунсуз сөздөрүнөн пайда болгон күнөөлөрдү тазалайт.” [Байхаки]

Калган үч мазхабда бир күндүк жей турган тамагы бар адамдын фитра берүүсү фарз. Хадиси шарифте: “Фитр садаганы чоң-кичине, бай-кедей баарынын берүүсү керек”, – деп буюрулган. (Абу Давуд)

Битир садакасын берүү мусулмандарга хижранын экинчи жылында киргизилген. Бул жардам катарында болгону менен,орозонун кабылданышына, өлүм алдындагы кыйынчылыктардан жана кабырдагы азаптан кутулууга себеп болот. Битир Рамазан майрамынын (айыттын) биринчи күнү таң эртең менен берүү ваажип болсо да,аны андан бир нече күн мурун берсе да болоберет. Майрамдан кийин берүүлүсү туура эмес. Муну менен кедей -кембагалдардын муктаждыктарына пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн болот. Хадистерде битир курма,жүзүм буудай,жана арпа менен берилгени айтылган. Мындай азык заттар аркылуу дагы же алардын баасына барабар акчалай түрдө берсе дагы болот. Кедейлерге кандай берүү пайдалуу болсо,ошондой түрдө берүү жакшы.

✨Аллах Таала Куранда мындай деген:
«Акыйкатта садакалар Аллах жүктөгөн парз: колу жука кедейлерге,колунда жок жакырларга ,аны жыйноочуларга,көңүлдөрүн алуу керек болгондорго,(мусулман) кулду бошотууга,карыздууларга, Аллахтын жолундагы жана (мусулман)мусаапырларга берилет. Аллах -ар нерсени Билүүчү ,Даанышман! »(Тооба; 60 аят)

☝ Эне-атага, чоң атага, чоң энеге, балага, небереге, аялына жана мусулман эмес адамга фитра берилбейт. Кедей болуу шарты менен келинге, бир тууганга, атасынын кыз жана эркек бир тууганы, апасынын кыз жана эркек бир тууганы сыяктуу туугандарга, күйөө балага, кайненеге, кайнатага, кайын ини-карындашка, өгөй балага берүүгө болот. Эгер салих болушса жакын тууганга берүү артык сооптуу. (Макуфат)

Муфтият битир-садаганын баасын бекитти
Чогулган каражат комиссия түзүлгөндөн кийин бир айдын ичинде муктаждарга таратылат.

Орозо айында бериле турган битир-садаганын өлчөмү бекитилди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Рамазан айында берилүүчү битир быйыл 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар болот. Натыйжада базар баасы менен алганда битир ар бир адамга 30 сомдон эсептелди.

Ошондой эле битир-садага буудайдан башка ун (1 кг 600 грамм), мейиз (1 кг. 600 грамм), арпа (3 кг 200 грамм), курма (3 кг. 200 грамм) менен да өлчөнөт. Алсак, мейиз – 368 сом, ун – 35, арпа – 48 сом болсо, курманын битирге тиешелүү баасы 380 сом деп эсептелген.

Муфтияттын маалымат кызматынан билдиришкендей, мусулмандар жогоруда көрсөтүлгөн сумманын каалаганын тандаса болот. Бирок муктаждарга көбүрөөк жардам берүү үчүн эң жогорку баа менен битир берүү сунушталат.

Запись БИТИР (ФИТР) САДАКАСЫ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бир олуя болгон экен.Анын аялы текебер, ачуулуу экен.Олуя азирети күн сайын түн жарымында тахажуд намазын окуу үчүн мечитке барып, ал жерден биротоло таңкы багымдат намазын окуп, кийин окуучуларга сабак беруу үчүн медресеге өтүп кетет экен. Медреседеги окуучулардын бирине;

” Бар биздикине барып, жене жакшы жатып турдунузбу? Устазыбыз сурап жатат деп кабар алып кел”-деп дайындайт экен.

Бир күнү бир окуучу барып;”Жеңе жакшы жатып-турдуңузбу? Устаз сурап жатат”- дептир. Ал аял:

” Ээ устазың өлүп устазсыз калгыр, ошол бетпакты устаз кылып алганыңа таң калам”-деп бакыра баштаптыр.Шакирт артына бурулуп качыптыр.Жолдо өзүнчө ойлонуп, устазга болгон окуяны айтуу адепсиздик болор деп, медресеге келип “жеңем жакшы экен” дегенден башка сөз айтпаптыр. Күндөрдүн биринде олуя дагы бир окуучуну жиберип биринчи окуучуга айткан сөзүн кайталайт..

Аялы да биринчи окуучуга айткан жообун айтат..ошондо баягы окуучу таң калыптыр да, олуя адамдын аялы да ушундай болобу?

Азыр барып болгон окуяны айтып беремин деп устазынын алдына келиптир да:

“Устаз, сиз аалым жана олуя болсоңуз. Мындай аял менен жашап эмне кыласыз, талагын берип кое бериң”-дептир. Ошондо олуя:
” Эй балам , аялымдын айрым бир амалы кудайга жагып калыптыр да , мени ага туташтырыптыр. Менин айрым бир кылыгым кудайга жакпай калганбы, аны мага туш келтириптир.
Мен- ал үчүн ырахатмын, ал- мен үчүн АЗАП.Мен ошол азаптарга сабыр кылсам, кудай буюрса бейишке кирем. Эми айтчы бейишке киришиме себепчи болуп жаткан аялды кандай кылып талак берип коё берем”- дептир..

Запись АЯЛ ЗАТЫНА САБЫР КЫЛУУ ДА БЕЙИШ ЖОЛДОРУНАН” впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Кол жуугучка келип намаз окуганы даарат ала баштаган. Агасынын эки иниси ызы-чуу түшүп кошо жарышып келип артына кезекке туруп калышты. Бири-бирин түркүлөп, бири-бирине чурулдап бир нерселерди талашып алышкан.
– Биринчи колду жууш керек. Манжалардын арасына чейин жуусаң! – деди агасы инисин эскертип.
– Билем мен деле. Таенем үйрөткөн кечөө, – деди иниси да моюн бербей.
Агасынын үйүнө көптөн бери келбегендиктен бөбөктөрүнүн кылыгын алгач түшүнө алган жок.
– Силерге эмне болду? Эмне даарат аласыңарбы? – деди таң кала.
– Ооба. Сиз менен намаз окуйбуз, – дешти экөө дагы жарыша сүйлөп. Айрыкча тили балдыраган иниси агасынан дегеле кем калчудай эмес.
– Биз намаз окуганды үйрөнүп атабыз. Күнүгө мечитке барабыз, – деди ал жарылдап.
Артында мынча жамаат күтүп калган соң ылдамдабаса болбойт. Ичинен инилеринин ыйманга суусап турганын сезип, кубанып турду. Ары-бери дааратын алып бүтүп, сүлгү менен аарчынып жатып экөөнөн даараттын шарттарын сурап көрдү. Чын эле билип алышыптыр. Тыкылдайт экөө тең.
– Макул анда, күтүп турам. Жуунуп келе калгыла, – деп төркү бөлмөгө кирип кетти.
Ошону менен экөө бир топко чурулдап жүрүп артынан келишти. Анча-мынча эскертүүлөрдү айтып, артына катарга тургузду да, чогуу шамды окушту. Андан кийин үчөө тегерек тартып отуруп алышып зикир чалышты. Албетте, муну берки экөө үйрөнө элек экен. Бирок ынтызарлана сурап, ал тургай кагаз-калем таап келип жазып да алышты. Анан бытыйган алакандарын жайдырып алып дуба кылдырды. Бир топко дуба кылышкан соң эмне деп дуба кылгандарын бир-бирден сурады.
– Мен «атам менен апам оорубасын. Биз жакшы окуп, жакшы бала бололу. Үйдө тамак көп болсун, апамдын башы оорубасын. Атамдын буту оорубасын. Ии… Сабактарымды жакшы окуюн. Бизди жакшы көр, оо Аллахым» деп дуба кылдым, – деди кичүүсү. Көзүн бакырайтып өз кезегин күтүп отурган улуусу анын артынан эле өзүнүкүн айта баштады.
– Мен болсо «дүйнөдө тынчтык болсун. Кыргызстанда жаман кишилер аз болсун. Атам, апам, чоң атам, чоң апам, таятам, таянемдер оорубасын» дедим. Анан сизди да «иштери жакшы болуп, үйгө бат-бат келип турсун» деп дуба кылдым, – деди.
Экөөнү мактады да, өзүнүн дубаларын айтымыш болуп дагы жакшы тилек тилегенди да үйрөтө кетти.
– Өзүңөргө, тууганыңарга, эли-журтуңарга ыйман тилегенди да унутпагыла. Себеби, акча, тамак-аш, окуу деген жакшы, бирок ыйман жок болсо анын баары эч нерсеге татыбай калат. Мисалы, жакшы окуган балада ыйман жок болсо, ал кийин кыйын ададм болгону менен, жаман адам болуп кетиши мүмкүн. Жанагы кинолордо аябай кыйын бирок дайыма жаман иш кылгандар болот го. Ошолордой болуп калат. Кээ бир кишилер акчаны көп таап бай болушат. Бирок, ал акчалары менен эч кимге пайдасы жок, тескерисинче элге зыянын тийгизет. Ошондуктан ыймандуулукту унутпаш керек.
Экөө эч бир кири жок жалжылдаган көздөрүн бакырайтып, мурдуларын быш-быш тартып коюп дем чыгарбай угушту. Аларды карап отуруп чыныгы тазалыкты, чыныгы аруулукту даана сезди. Анан ачык турган эшиктен наркы бөлмөдө эч нерсе укпамыш болуп телевизор тиктеп отурган агасы көзүнө илинди. Анын «адамдын жүрөгү таза болсо болду да. Сөзсүз намаз окуп, сыйынуунун эмне кереги бар?» деген сөзү мээсине тык этти ошондо. Чынында мурда бул сөзүнө жооп таба албай калчу.
– Өз нанымды өзүм таап, маңдай терим менен жанымды багып жүрөм. Эч кимге жамандык тилеп, бут тосконум жок. Кимдир бирөөгө арам санап, бирөөнүн акысын тартып алган да жерим жок. Кудайга ишенем. Болду да. Мындан артыктын кереги эмне?!Эң негизгиси жүрөк таза болсо болду, – дечү ал. Ошондо, аз болсо да убакыт бөлүп, тереңирээк баам салбай жүргөн агасына кантип түшүндүрүштү билбей калчу. Аны айтып, муну айтып далилдейин дейт, андай сөзгө тигиниси кызыкпайт. Кайра баягы «жүрөгүнүн аппактыгын айтып» каршы чыгат. Жөн гана талашка, дебатка айлантып жиберет. Кээде, айласы кеткенде урушуп жиберейин дейт, агасына катуу айта албайт. Анан калса, улуу болбогон күндө да кыйноо, урушуу менен таасир бере албасын жакшы билет. Айла жок, унчукпай калчу. Азыр да ошол сөздөрү эсине келди. «Эхх жүрөгү тазам» деди ичинен. Мыйыгынан күлдү.
– Байке, сиздин жүрөгүңүз тазабы, же мобу балдардын жүрөгү тазабы? – деди агасынын жанына барып. Агасы бир өзүн карап, бир жазып алган сөздөрүн жаттай албай кужурап отурган балдарын карады да,
– Албетте балдардыкы таза да. Биздин жүрөк болбой калды го, – деп жооп кайтарды.
Беркиге так ушул жооп керек болчу.
– Туура. Тигине жүрөгү таза адамдар ыйманга так ошол балдардай болуп суусап турат. А сиз экөөбүздүн жүрөк болбой калган да. Бирок, ошого да карабай «жүрөгүбүз таза, жүрөгүбүз таза» дегенибиз деген, – деди.
Агасы кептин кайда баратканын дароо түшүндү окшойт. Бир саам оңтойсузданып, ордунан козголуп же туруп кете албай, же отуруп киносун уланта албай кала берди. Сөздү мындан ары узатыштын кереги деле жок болчу беркиге…

Насыпбек Асанбаев

Запись Жүрөгү таза впервые появилась Formula.KG.

Технологии Blogger.