Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком 2017 at 08:22AM. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Медреседегилерге англис тилин тандоодон өткөн мугалимдер үйрөтөт.

Кыргызстанда диний окуу жайлардын окуучуларына, анын ичинде Оштогу медреселерде билим алган 100гө жакын балдар жана кыздарга англис тилин үйрөтүү пландаштырылууда. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин “Улуттук китеп аркылуу англис тилин үйрөнүү” долбоорунун алкагында 2014-2016-жылдары Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй облустарында жана Ош шаарындагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрү, мугалимдер жана казыят кызматкерлерин кошкондо, жалпысы 24 адам окутулган.

Медреседегилерге англис тилин тандоодон өткөн мугалимдер үйрөтөт.

“Бул процессти ишке ашыруу үчүн долбоордун 1-этабында англис тилин мыкты өздөштүргөн мугалимдер маектешүү аркылуу тандап алынат. Аларга төрт күндүк методикалык сабактар өтүлөт. Андан соң, сабак өтүүгө даяр болгон мугалимдер долбоордун окутуучусунун жардамы менен медресе окуучуларына англис тилин үйрөтүп башташат”, — деп айтып берген “Чет тилчи мугалимдердин бирикмеси” форумунун президенти Асел Доромбаева.

Маалымат кызматы англис тилин окутуу үчүн колдонмо катары кыргызча китеп даярдалып жаткандыгын, ага дин боюнча тексттерди киргизүү процесси муфтияттын адистери менен биргеликте каралып чыгарын кошумчалады.

“Спутник”

Запись Медресе тарбиялануучуларына англис тили үйрөтүлүп баштайт впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Урматтуу Америка Кошмо Штаттарынын аймагында жашап жаткан жердештер, боордош бир туугандар! Сиздердин Чикаго шаарындагы 3418 W Ainslie St, Chicago, IL 60625 дарегинде өтө турган Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев менен жолугушууга чакырабыз. Жолугушуу 6-май күнү түшкү саат 12:00 жогорудагы даректе өтмөкчү. Андыктан АКШ аймагындагы баардык мекендештерибизди Азирети муфтий менен болгон жолугушууга чакырабыз. Баарыңыздарды аткивдүү келип катышып, Максатбек ажы Токтомушевдин баяндарына , сабактарына күбөө болуп, суроолоруңуздар болсо берип кетүүңүздөрдү өтүнөбүз.
3418 W Ainslie St, Chicago, IL 60625

Ушул маалыматты башкаларга дагы жеткирип коюңуздарды суранабыз!
Аллах баарыныздардан ыраазы болсун ин ша Аллах!

Запись Азирети муфтий Бүгүн Америкадагы мекендештерибиз менен жолугушат. впервые появилась Formula.KG.

Технологии Blogger.