Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком May 06. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Дин кызматчысы ага белекке берилген унааны көп балалуу аялга белекке берди. Ал аял Кыдырман имам башчылык кылган мечиттин полун жууп иштечү экен.

Ошентип, Казакстандын Көкшетоо районундагы Наун Хазрети атындагы мечиттин имамы Канат Кыдырман ушундай жакшы иш жасады. Башка имамдар, анын ичинде биздин кыргыз имамдары дагы ал имамдан үлгү алса болчудай.

Имам Канат мырзанын айтымында, имам менен жергиликтүү ишкерлер жолуккан учурда, имамга ыраазычылык иретинде Toyota Camry автоунаасын белекке берген.

Ачкычты алган Кадырман, бул белекти мечиттин «уборшицасы» балдары менен үй сатып алуусу үчүн, берээрин айтты.

Азыр аял батирде турат жана күйөөсү каза болгондон тарта, 7 баласын жалгыз тарбиялап келет. Мына, соопчулук иш деп ушуну айт.

Булак:Чагылган

Запись Мечиттин имамы белекке алган Toyota Camry’ни жесир аялга берди впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

«Аьуузу биллахи минаш-шайтонир-рожиим» мына ушул бир ооз сөз менен шайтанды кубалоого болот. Бирок, көп адамдар бул сөздү айткан менен шайтандын азгырыгынан кутула албайт. Мунун себеби эмнеде?

Шайтандан сактануу сөзү – жоокердин колундагы кылыч сыяктуу. Эгерде кылыч кармаган кол күчтүү болсо, кылыч тийген жерин кыйып түшөт. Кылыч канча курч болбосун, кол алсыз болсо, анын шилтегени эч нерсеге жарабайт. Ошол сыяктуу, эгерде шайтандан сактануу сөзү такыба адамдын оозунан чыкса, шайтанды качырат, ал эми такыбасы жок адам айтса, андан майнап чыкпайт. Адамдын оозунан чыккан сөзү анын ыйманына жана такыбалыгына жараша болот. Аалымдардын бири шакиртине кайрылып:

– Эгерде, бир адам итин ээрчитип бара жатса, кокустан анын ити сага асылса, эмне кыласың? – деп сурайт.

– Мен аны колума келген нерсе менен уруп сактанамын.

– Ал кайра эле асыла берсечи?

– Мен аны андан да катуу урууга аргасыз болом.

– Эгер сен өзүң айткандай кылсаң, эч кандай майнап чыкпай калуусу да мүмкүн. Андан көрө, дароо эле иттин ээсине кайрылгын. Ал сени убара кылбастан сактап калат.

Бул хикаядан түшүнүктүү болуп тургандай, биз баардык ааламдын ээси болгон Аллах менен мамилени оңдосок, Ал бардык көйгөйлөрдү чечип берет. Бизди шайтандан сактоого Аллах Тааланын күчү жетет. Марьям энебизди өмүрү шайтан азгыра алган эмес. Аны энеси төрөп жаткан мезгилде, Аллахка кайрылып:

«Мен аны жана анын урпактарын ырайымыңдан куулган шайтандан коргооңду тилеп, сага жалбарамын» деп айткан эле. (Аалу Имран сүрөсү, 36-аят). Аллах анын дубасын кабылылды.

Шайтандан жана анын желдеттеринен сактануунун негизги жолу – Аллахка кайрылуу.

Аллах Таала пайгамбарыбызга кайрылып: «Качан сени шайтандын азгырыгы жолдон чыгара баштаса, Аллахтан коргоо сура! Чынында Ал Угуучу, Билүүчү!» деп айткан. (Аьраф сүрөсү, 199-200-аяттар).

Дагы бир аятта: «Айткын: «Оо, Роббим! Мен шайтандын азгырыгынан коргоо тилеп Өзүңө жалбарамын!» (Муминуун сүрөсү, 97-аят). Демек, ким чын ыклас менен Аллахка кайрылып, шайтандын азгырыгынан сактоону суранса, Аллах аны шайтандын азгырыгынан сактайт.

 

Шайтандан сактануу сөзүн айтуучу орундар:

1. Ажатканага кирүүдөн алдын. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) ажатканага кирүүдөн алдын: «Аллахумма иннии аьуузу бика минал хубси вал хабааис»-
деп айтчу. Мааниси: «Аллахым, жин-шайтандын эркек-ургаачысынан сактооңду суранам».
2. Ачуу келген учурда. Сулайман бин Сирд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: «Бир жолу эки адам урушуп кетип, ачууланып, бети кызарып чыккан бири экинчисин жаман сөз менен тилдеп жиберди. Аларды көрүп калган пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Мен бир сөз билем. Ким бул сөздү айтса, анын ачуусу тарап кетет. Бул «Аьуузу биллахи минаш-шайтоонир-рожиим» деген сөз» – деди. (Бухари, Муслим).
3. Эшектин айкырыгын уккан мезгилде. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Эгер эшек айкырса, шайтандан сактоону суранып Аллахка кайрылгыла» – деп айткан. (Табарани).
4. Куран окуган мезгилде. Аллах Таала Куранда: «Куран окуган учурда таш бараң кылынган шайтандан сактоону суранып Аллахка кайрыл» – деп айткан. (Нахл сүрөсү, 97аят).

Запись ЭМНЕ ҮЧҮН КӨП АДАМДАР ШАЙТАНДАН САКТАНА АЛЫШПАЙТ?! впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Аптаптуу ысык башталганы баарыбыздын колубуздан газдалган суусундуктар менен бирге жергебизде өндүрүлүп жаткан газдалган, минералдык суулар жана муздак чайлар түшпөй калат. Ал суусундуктарда кандай зыяндуу заттар бар экенин эч кимибиз билбейбиз жана маани да бербейбиз. Ден соолуктун саламаттыгы үчүн ал суусундуктар кандай зыяндуу заттар менен жасала тургандыгын жана алардын ордун алмаштыруучу пайдалуу азыктар тууралуу макалага кезек беребиз.
Газдалган суусундуктарды эмнеден жасашат?
Албетте, бардык суусундуктардын курамы суудан турат. Жөнөкөй суу менен чаңкоону эң сонун басууга болот. Бирок өндүрүүчүлөр үчүн бул пайда алып келбегендиктен, алар сууга ар кандай кошулмаларды, консерванттарды жана табигый жыт бергичтерди кошуп, анын курамын өзгөртүп келишет. Сиз кандай гана суусундук албаңыз анын курамына маани бересизби? Албетте, жок! Андыктан алгач газдалган суусундуктардын курамындагы кошулмалардын организмге тийгизүүчү таасирине токтололу.
Шекер
Шекерди газдалган жана табигый суусундуктарга таттуу болушу үчүн кошору бышык. Шекер – жеңил сиңүүчү углевод. Кыскача мисал келтирсек, 1 стакан сууга 5 чай кашык шекер кошулат. Аптаптуу ысыкта биз суусундукту стакандап эмес бөтөлкөлөп ичебиз. Натыйжада, кант диабетине жана семирүүгө дуушар болобуз. Мындан тышкары тишке курт түшөт, унутчаактыкты жана жүрөк-кан тамыр ооруларын пайда кылат. Учурда көпчүлүк өндүрүүчүлөр шекер кымбат тургандыктан аны аспартамга (Е-951) алмаштырып келишет. Аспартам акырындык менен көздүн көрүүсүн начарлатып, аллергия оорусун күчөтөт.
Консервант
Консерванттар суусундуктардын көпкө сакталуусуна жардам берет. Консервант катары лимон кислотасын (Е-330) колдонушат. Лимон кислотасы эмалды эритип, тиште кариестин пайда болушуна өбөлгө түзүп берет. Мындан тышкары ортофосфор кычкылын (Е-338) да колдонушат. Аталган кислота организмден кальций кычкылын айдап чыгат. Натыйжада, сөөк ткандары бошоп, алсызданып, морт болуп “остеопороз” оорусуна чалдыгышат. Остеопороз оорусунун арты менен адам инвалидге айланышы мүмкүн. Андыктан газдалган таттуу суусундуктарды балдарга бербөөгө аракет кылуу керек. Себеби алардын сөөктөрү али толук калыптанып бүтө элек.
Жыт бергичтер
Газдалган суусундуктарга суунун жытын, даамын күчөтүү жана сатып алуучуларды өзүнө тартуу үчүн жыт бергичтер да кошулат. Бардык газдалган таттуу суусундуктардын курамында табигый жыт бергичтер жана экстракттар бар.
Кофеин
Кофеинди бардык энергетикалык суусундуктардын жана Кока-Кола, Пепси-Коланын курамынан да кезиктирүүгө болот. Курамында кофеин бар суусундукту көп ичкенде баш оору пайда болуп, нерв клеткалары жабыр тартат.
Көмүр кычкыл газы
Көмүр кычкылы жок суу газдалган суу деп эсептелбейт. Негизи көмүр кычкыл газы бар суусундуктар ашказанында жарасы барларга, гастрит жана энтерит оорусу менен ооругандарга сунушталбайт. Көмүр кычкылы ашказандын былжыр челин дүүлүктүрүп, ооруну күчөтөт. Мындан тышкары газдалган суусундуктун курамындагы фосфат адамдын тез картаюусуна алып келет. Эң коркунучтуусу, газдалган суусундуктар оорулардын онкологиялык ооруга айланышына түрткү болот. Газдалган суусундуктарды кош бойлуулар, ичегиси ооругандар жана 3 жашка чейинки балдар ичүүгө таптакыр болбойт.


Муздак чайлар эмнеден жасалат?
Салкындаткыч суусундуктарды сүйүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгү газдалган сууга караганда бөтөлкөдөгү муздак чайлар пайдалуу деп ойлошот. Сиз да муздак чайды пайдалуу деп ойлосоңуз, анда жаңылышасыз. Бөтөлкөдөгү муздак чайды изилдеген америкалык окумуштуулар чайды “ден соолукка зыяндуу” деп табышты. Бөтөлкөдөгү муздак чайдын курамындагы оксалат концентрациясы менен лимон кычкылы бөйрөккө кумдуу таштарды пайда кылат. Эгер сиз муздак чайдын курамынан чай экстрактын тапсаңыз, анда ал чай төмөндөгүдөй рецепт менен жасалат. Алгач чайды аябай бууландырып демдеп алган соң ага чайга керектүү кошулмаларды кошуп, чайды табигый жол менен жасайт. Сиз ичип жаткан муздак чайдын курамында чай экстракты жок болсо, анда чайды кадимки эле крандагы сууга химикаттарды кошуп, жасалма жол менен жасалары айрым маалымат булактарында айтылып жүрөт. Жакында эле окумуштуулар муздак көк чайдын 26 түрүн изилдеп чыгышкан. Натыйжада, муздак чайдын организмге тийгизген пайдасынан да терс таасири басымдуулук кыларын айтып жыйынтык чыгарышкан.
Чаңкоону баса турган суусундуктарды үй шартында жасаңыз
Муздак чай
Окумуштуулар суу кайнап баштаганда эле анын ичиндеги микробдор өлөт, ал эми керектүү заттар калып калат деп баса белгилешет. Андыктын чаңкоону басуу үчүн кайнатылган суу ичиңиз. Ысык чайдан чаңкооңуз канбай жатса, анда кадимкидей эле демделген чайга 3-4 чарчы музду салып ичсеңиз чаңкооңуз бир заматта басылат. Чайдын курамында кофеин бар десеңиз чайдын ордуна ромашканы колдонсоңуз болот.
Компот
Жемиштердин кургатылган кактарынан компот жасап, аны муздаткычка салып коюп ичсеңиз да болот. Ал үчүн 5 литр сууга жемиштердин кактарынан 100 грамм салып кайнатып, компот даяр болгондо тыныктырып муздатасыз. Колдон келсе шекер кошпой койгонуңуз жакшы. Муздатылган компотту бөтөлкөлөргө куюп алып чай ордуна ичип жүрө берсеңиз болот.
Ширелер
Газдалган суусундуктардын ордуна дүкөндөгү ширелерди эмес, үй шартында өзүңүз жасаган ширелерди ичиңиз. Анын пайдалуулугун арттырып биринчи күнү жер-жемиштин, экинчи күнү мөмө-жемиштин ширесинен ичиңиз. Жаңы сыгылып алынган шире менен сиз чаңкооңузду кандырып гана койбостон организмиңизге керектүү витаминдерди да топтойсуз.


Улуттук суусундуктар
Жарма
Жарма – талкандан жасалган суусундук. Талкан – арпа, буудай же жүгөрүдөн куурулуп, жаргылчакка же тегирменге кесек тарттырылган акшак.
Керектелүүчү азыктар: 10 литр суу, 200 грамм талкан, татымына жараша туз.
Даярдоо: Суу кайнаган маалда үзгүлтүксүз чубуртуп бөлтөк болбогондой кылып талканды чаласыз. 25-30 мүнөт жай отто бир калыпта кайнатып, андан соң отту өчүрүп табы кайткыча коюп коёсуз. Жылымык болгон кезинде табитиңизге жараша сүзмө же айран катыктап иче берсеңиз болот.


Максым
Максым талкандан жасалат. Ал ачытылган жарма суусундугу. Ал кайсы дандан жасалышына жараша арпа, буудай, жүгөрү максымы деген түрлөргө бөлүнөт.
Керектелүүчү азыктар: 10 литр суу, 200 грамм талкан, 2 чоң кашык ун, тоң май, татымына жараша туз.
Даярдоо: Алгач тоң майга бир чоң кашык унду кууруп алабыз да, үстүнө сууну куябыз. Суу кайнаганда талканды бөлтөктөрүн кетире чалабыз. Бир калыптагы отто бир саат кайнатып бышырабыз. Жарма сууган соң ачыткысын куюп, бир чоң кашык ун чалабыз, туз татытабыз. Бул жарманын жакшы көбүрүшү үчүн. Жарым күн турган соң жарма ачып чыгат да, суусун кандыруучу эң сонун каражат даяр болот.

Запись Суусундуктардын ден соолукка тийгизген терс таасири впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Запись Дүйнөнүн эң кооз мечиттери впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Баласынын үйлөнгөнүнө бир ай өткөн эне келинин жанына чакырды. “Мен баламды 30 жылдан бери намазга тургуза албайт элем. Сен болсо 30 күндүн ичинде эле буга жетиштиң”-көздөрү жашылдана түштү. Кайын энесин сооротуп, акылдуу келин мындай деди: “Энекем, таш жана кен жөнүндөгү окуяны уктуңуз беле? Чоң жолдун так ортосунда өткөн-кеткен жолоочуларга тоскоол болгон чоң таш бар эле. Бир күнү бир жолоочу аны майдалап, жолдон алып коюну чечти. Ал ташты күч менен уруп жатты. Бирок, 99 жолку соккудан кийин ал кишиден күч кетти. Ошол убакта, жанынан өтүп бараткан киши ага жардамга келди да, керкини алып күч менен ташты урду. Таш майда бөлүкчөлөргө бөлүндү эле, анын ичинен бир кап алтын чыкты. Ташты майдалаган жолоочу айтты: “Ташты мен майдаладым. Алтын мага тийиштүү”. -Мен 99 жолу урганмын. Демек, менин да үлүшүм бар-биринчиси кем калган жок. Маселе чечилбеген соң, экөө казыга барышты. Аларды кунт коюп уккан казы биринчисине алтындын 99 бөлүгүн, ал эми экинчи кишиге 1-бөлүгүн берди. “Эгерде бул 99-жолу урбаганда, сенин бир жолу урганыңдан эч кандай майнап чыкмак эмес”-деди адилеттүү казы. Сиз 30 жыл үмүт үзбөй балаңызды намазга ойготтуңуз. Менин бир жолку ойготконум да сиздин мээнетиңиздин мөмөсү деп жооп берди акылдуу келин..

Запись Акылдуу келин впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Урматтуу Америка Кошмо Штаттарынын аймагында жашап жаткан жердештер, боордош бир туугандар! Сиздердин Чикаго шаарындагы 3418 W Ainslie St, Chicago, IL 60625 дарегинде өтө турган Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев менен жолугушууга чакырабыз. Жолугушуу 6-май күнү түшкү саат 12:00 жогорудагы даректе өтмөкчү. Андыктан АКШ аймагындагы баардык мекендештерибизди Азирети муфтий менен болгон жолугушууга чакырабыз. Баарыңыздарды аткивдүү келип катышып, Максатбек ажы Токтомушевдин баяндарына , сабактарына күбөө болуп, суроолоруңуздар болсо берип кетүүңүздөрдү өтүнөбүз.
3418 W Ainslie St, Chicago, IL 60625

Ушул маалыматты башкаларга дагы жеткирип коюңуздарды суранабыз!
Аллах баарыныздардан ыраазы болсун ин ша Аллах!

Запись Азирети муфтий Бүгүн Америкадагы мекендештерибиз менен жолугушат. впервые появилась Formula.KG.

Технологии Blogger.