Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком хадистер. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Жума күнү жуунуп, намазга эрте келүү – зарыл. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) минтип айткан:

«Ким Жума күнү жакшылап жуунуп, алгачкы саатта мечитке барса, төө союп курмандык кылгандай соопко ээ болот.

✔Ким андан кийинки сааттарда барса, уй союп курмандык кылгандай соопко ээ болот.

✔Ким андан кийинки сааттарда барса, кой союп кур-мандык чалгандай соопко ээ болот.

✔Ким андан кийинки сааттарда барса, ал тоокту курмандык кылгандай сооп алат.

✔Ким андан кийинки саат-та барса, жумуртканы курмандык кылгандай сооп алат. Имам минбарга чыккан мезгилде, периштелер сапка тизилип, анын айтканына кулак салышат».

📌Бул күнү дуба кылууну унутпа! Буга да көп убактың коробойт. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) мынтип айткан:

«Жума күнүндө бир убакыт бар, кимдин дубасы ошол убакытка дал келсе, ал шеккү-мөнсүз кабыл болот». Бул убакыт тууралуу ар түрдүү пикирлер бар. Көпчүлүк аалымдардын айтымында, бул убакыт Дигерден Шамга че-йинки аралыкка туура келет.

📌Улуу Пайгамбарыбыздын ﷺ жашоосундагы дубаларынан дайыма дубаларыңа кошуп пайдалан,анткени Пайгамбарыбыздын ﷺ дубалары үчүн Аллах Тааламдын эшиктери дайым ачык болгон! Пайгамбарыбыз ﷺ мейли ибадат кылып жатканда болсун, мейли күндөлүк турмушунда болсун, кайгылуу жана кубанычтуу учурларында ар дайым алакан жайып, Аллага карап төмөнкүдөй жалбарар эле:

“Оо жараткан Аллам, напсимди Сага тапшырдым. Жүзүмдү Сага бурдум. Өз ишимди Сага жүктөдүм. Ыраазычылыгыңдан үмүт кылып, азабыңдан коркуп Сага таяндым. Сага баш калкаладым. Менин Сенден башка баш калкалаар жайым, Сенден бөлөк таянар тоом жок. Алла таалам, түшүргөн китебиңе, жиберген пайгамбарыңа ыйман келтирдим”(Бухари, “Деават”, 7). 📚

“Оо Аллам, Сени сүйүүнү, сүйгөндөрүңдү сүйүүнү жана ошол сүйгөн нерсеңе жеткирүүчү иштерди буюрууңду тилейм. Оо жараткан Аллам, сүйүүңдү мага напсимден, үйбүлөөмдөн жана муздак суудан дагы көбүрөөк сүйдүр” (Тирмизи, “Дуа”, 73). 📚

“Оо Аллам, бизге дүйнөдө да, акыретте да эң сонун нерселерди ырооло” (Мүслим, “Зикир”, 26). 📚

🖇“Жараткан Аллам, мени (күнөөлөрүмдү) кечир, мага ырайым кыл, ыраазычылыгыңды алуучу иштерди жасат. Ошондой эле, мага даамдуу жана берекелүү ырыскы бер” (Мүслим, “Зикир”, 35).📚

 “Алла таалам, мени туура жолго сал жана ошол жолдо ийгиликке жеткир” (Мүслим, “Зикир”, 78). 📚

🖇“Оо Аллам, адеп-ахлаксыз болуудан, жаман иштерди жасоодон жана жалган ишенимдерге кабылуудан коркуп Өзүңө корголойм.” (Тирмизи, “Дуа”, 126). 📚

“Жараткан Аллам, мага ыроологон ырыскыларыңды жоготуп алуудан, берген ден-соолугуңду бузуп алуудан, күтүлбөгөн жерден бере турган жазаңдан жана Сенин каарыңа кабылтуучу бардык нерседен коркуп Өзүңө баш калкалайм” (Муслим, “Зикир”, 96).📚

🖇“Оо Аллам, алсыздыктан, жалкоолуктан, коркоктуктан, карылыктан, кабыр азабынан, тирүүлөр менен өлүүлөрдүн казабынан коркуп, Сага кулдук урам” (Мүслим, “Зикир”, 50). 📚

“Алла таалам, пайдасы жок илимден, кайгырбаган жүрөктөн, тойгонду билбес напсиден, кабыл болбогон дубадан коркуп, Өзүңө табынам” (Мүслим, “Зикир”, 73). 📚

🖇“Аллам, Сенден туура жол, терең ишеним, ар-намыс жана кең пейилдик тилейм” (Мүслим, “Зикир”, 72). 📚

“Оо Раббим, мени бирөөгө жакшылык кылганында сүйүнгөн, ал эми жамандык кылганында өкүнгөндөрдөн кыл” (Ибн Маже, “Эдеп”, 57).📚

Запись Жума күнүңүздөр маарек болсун! впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Мамлекеттик кызматка олтураарын олтуруп алышып жогорку аткаминерлер, мамкызматкерлер  өздөрүнүн укуктарынан ашыкча пайдаланышып жеке кызыкчылыктарын  канааттандырган өздүк маселелерин чечип алышканы менен, алардын мындай жоруктары өлкөнүн өнүгүүсүнө тоскоол болот, карапайым жарандар өгөйлөнөт, ылдыйкы коомдук катмардын жарандык демилгесине, жаратмандыгына балта чабат.

Тилекке  каршы, жемкорлук оорусу менен көптөгөн мусулман мамлекеттери  да “оорушат”, а түгүл оорунун өтүшүп кеткен учурлары арбын кездешет. Мунун эң эле жөнөкөй себеби, ал өлкөлөр исламды чын ниетинен эмес, формалдуу түрдө гана кайдыгер мамиле менен карманышат.

Аныгында исламда жемкорлукка, коррупцияга катуу тыюу салынып, жемкорлук мандеми бар иш аракеттердин алыс болуп, коомду андай балакеттерден арылтуу  ар бир мусулманга жана жалпы исламий үммөттөргө милдет кылынган.

Коомго кызмат кылуу – чоң жоопкерчилик.

1).  Абдулла ибн Умар (Аллах андан ыраазы болсун) төмөнкүдөй риваят кылат: Аллахтын Элчиси (САВ) мынтип айтканын укканым бар

“Эсиӊерде болсун, ар бириӊер жетекчисиӊер жана ар бириңер өз раиятыӊардан жоопкерсиңер. Адамдарга башчы болгон имам жетекчи жана ал өз раиятынан жоопкер. Эркек киши өз үй-бүлөсүнө жетекчи жана ал өз раиятынан жоопкер. Аял киши эринин үй-жайына жана балдарына жетекчи жана ал алардан жоопкер. Кишинин кулу өз кожоюнун малына жетекчи жана ал андан жоопкер. Эсиӊерде болсун ар бириңер жетекчисиӊер жана ар бириңер өз раиятыӊардан жоопкерсиңер”.

Мындан тышкары Пайгамбардын (САВ) момундай нерсени айтканын да уктум:

“Эркек адам  – өз атасынан калган мүлктүн ээси, жооптуу кожоюну, ошол мүлк үчүн ал жоопкерчиликтүү… Ошондуктан, баарыңар кайсы бир нерсенин жетекчиси, ээсисиңер жана ал үчүн жооптуусуңар”.. (Бухари)

2).  Макил ибн Ясар (Аллах андан раазы болсун) мындай бир риваят кылат:

Мухаммед (САВ) пайгамбар Башкарган элине чынчыл мамиле кылбаган башкаруучу Бейишке буюрулбайт,-деп айткан. (Аль-Албани бул хадисти ишенимдүү булак деп эсептеген)

3). Абу Зарр (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:

Бир күнү мен Пайгамбардан (САВ) сурадым: “О Алланын Элчиси, сен мени кандайдыр, эмненидир нерсени башкарууга дайындабайт белең? –  ал мени алаканы менен далыма уруп, анан мынтип айтты:“О Абу Зарр, акыйкатта, сен алсызсың, а (бийлик) адамга ишенип берилген аманат сыңар нерсе, аны туура эмес колдонгондор үчүн Кыяматта бийлик аларга чоң маскара  болуп кайтат, кимди ким  бийликти өз укугуна жараша алып, аны өз орду менен аткарса, аларга Кыяматта  мындай маскаранын тиешеси жок” (Муслим)

Жемкорлук (коррупция) менен күрөшүү милдети бүтүндөй коомдун моюнунда.

4).  Абу Саид аль-Худри (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбар (САВ) мынтип айтканын риваят кылып баяндайт:

Ким биздин арабызда жамандык бар экенин көрсө, аны колу менен токтотушу кажет; антүү колунан келбесе, тили менен токтотсун, мындайга да  чама-чаркы  жетпесе, жүрөгү менен өзгөртсүн; бул ишенимдин эң дармансыз абалы”.  (аль-Албани).

5).  Мухаммад (САВ) Пайгамбардын айтканын, Ан-Ну*ман бин Башир мынтип айтат:

«Сапарга чыккан жүргүнчүлөр кеменин жогорку жана төмөнкү кабатына жайгашышат. Төмөнкү кабатка жайгашкан саякатчылар: «Сууга болгон муктаждыгыбызды айтып улам эле чыга берсек, жогорку кабаттагылардын тынчын алыпкоюшубуз ыктымал. Андан көрө кеменин түбүнөн кичинекей тешели да, сууну ушул жерден алалы» деп өз-ара кеңеш курат. Мына ушундай кырдаалда жогорку кабаттагылар төмөндө жайгашкан саякатчыларды чукул арада токтотуп калбаса, баары чөгүп кетишет. Эгер алар кеменин түбүн тешүү өтө жаңылыш экенин түшүндүрө алышса, өздөрүн да, башкаларды да чөгүп кетүүдөн аман сактап калышат» (Бухари).

6).  Анас ибн Малик (Аллах андан раазы болсун)  Мухаммед (САВ) Пайгамбардын мынтип айтканын риваяттайт:

Тууганың акыйкатсыздык кылса жардам бер, ага акыйкатсыздык кылышканда да жардамыңды аяба”.   Сакабалар андан: “О Аллахтын Элчиси, тууганыңа акыйкатсыздык кылганда дегенди го түшүндүк, ал өзү акыйкатсыздык кылган кишиге кантип жардам бермек элек?!”-дегенде Мухаммад (САВ) Пайгамбар мынтип жооп берди: “ Аны акыйкатсыздык кылуусунан кармоо керек, ага болгон жардам ошол”. (Бухари).

Кызматынан кыянат пайдалангандарга эч актануу жок.

7).  Хумаид ибн Саад Ас-Саади (Аллах андан раазы болсун) төмөнкүдөй риваят кылат:

Пайгамбар (САВ) аль-Азд уруусунан Лутабийя аттуу бир кишини  зекет жыйноо  үчүн жалдайт. Ал киши зекет жыйнап  болуп: “Мына бул сен үчүн, а муну болсо  – мага белекке беришти”. (бул-меники деп жатканы). Аны уккан Аллахтын Элчиси (САВ)  минбарга чыгып, Аллахка өтүнүч менен кайрылды:

Эмне үчүн мен зекет жыйноо үчүн жиберген кызматкер: “Бул сен үчүн, а муну болсо мага белек кылышты”,-деп айтып келет.  Ал өз атасынын үйүндө же энесинин үйүндө олтура берген болсо мындай белекти көрмөк да, алмак да эмес эле го? Мухаммедин өмүрү колунда турган Аллахтын аты менен ант беремин, силердин ар бириңер баарын (ыксыз эле ) ала берсеңер, анда Кыяматта моюнуңарга бакырган төөнү же мөөрөгөн уйду же маараган койду көтөрүп жүрөсүңөр”.

8). Адиййа Ибн Умайра айтат:

Аллахтын Элчиси (САВ) мынтип айтты:

Араңардан ким бирөөңөрдү кайсы бир ишке жалдаган болсок, ал адам ийнени же балким андан да майда нерсени  бекитип ала турган болсо Кыямат күнү ал элдин мүлкүн кымырып алган айыпкер катары суралат”. Пайгамбарга (САВ) аль-Ансар уруусундагы бир кара терилүү адам басып келип: “Мага дайындаган жумушуңду кайра кайтарып ал”- (мени зекет жыйноочу кылып дайындадың эле, мен андан баш тартамындеди, анда Пайгамбар (САВ):  “Сага эмне болду?-деп сураганда ал: “ Мен сенин бирөөнүн акысы  тууралуу  айтканыңдын баарын уктум”,-дейт. Анда Пайгамбар (САВ): “Мен аны (дагы бир ирет) азыр да  айтам: Мен силерди зекет жыйноо ишине дайындаган болсом, ар бириңер жыйнаган кичине, чоң мүлктөн өйдө (бекитпей) алып келүүңөр керек”. (Муслим).

9).  Абу Хумайда Аль-Саидия (Аллах андан раазы болсун)  Мухаммад (САВ) Пайгамбардын:

Мамлекеттик жооптуу кызматтагыларга берилген белектер – адал эмес жол менен табылган киреше,- айтканын риваят кылат.

10). Бурайда ибн аль-Хусайб (Аллах андан раазы болсун)  Мухаммад (САВ) Пайгамбардын төмөнкүдөй айтканын риваяттайт:

“ Араңардан бирөөңөрдү кайсы бир кызматка дайындап, ал ишиңерге айлык чегерсек, а бирок айлыктан тышкары кызматтан пайдаланып  кошумча мүлк-оокаттарды жыйначу болсоңор- анын баары адал эмес”. (Абу Дауд). 

11).  Хаулат бин Амир (Аллах андан раазы болсун) Пайгамбардын (САВ) мынтип айтканын эскерет:

“ Кээ бир адамдар Аллахтын мүлктөрүнөн (элдик каражаттар жана мүлктөр) кыянаттык менен жеке максатына пайдаланышат. Алар Кыяматта Тозокко түшүшөт”. (Бухари). 

Паракорлорго олуттуу эскертүү. 

12).  Абдалла ибн Амр (Аллах андан раазы болсун) Аллахтын Элчиси (САВ) мынтип айтканын  эскерет:

“Параны берген жана аны алган адамга Аллахтын каргышы тиет”. (Ибн Маджа)

Соттук, укуктук иштердеги жемкорлук (коррупция) менен күрөшүү.

13).  Ибн Бурайда (Аллах андан раазы болсун) Пайгамбардын (САВ) айтканы тууралуу өз атасынан укканын төмөнкүчө айтат:

Казылар (сот-бийлер) үч түрдүү. Алардын бири бейишке кирип, экөө тозокко түшөт. Бейишке кире турган казы акыйкатты билип, ошол боюнча өкүм чыгарат. Экинчиси акыйкатты билип, адилетсиз өкүм чыгарат. Ал эми үчүнчүсү жагдайды толук түшүнбөй туруп нааданча өкүм чыгарат. Мына ушул экөө тозоку”. 

14).  Анас ибн Маликтен укканын  Убайдулла ибн Абу Бакр мынтип эскерет:

“ Пайгамбар (САВ) чон күнөөлөр тууралуу буларды айткан: “Аллахка шерик кошуу, киши өлтүрүү жана ата эненин астындагы милдеттерин аткарбоо”. Аны улай Пайгамбар (САВ): Эң бир оор күнөөлөрдүн бири эмне экени тууралуу айтайынбы?  Калп даттануу жана күбө болгондо жалгандарды айтуу” (аль-Бухари жана Муслим)

15).  Аиша (Аллах андан раазы болсун) айтат:

Курайш уруусу, уурулук кылган Махзума уруусунан болгон бир аял тууралуу кабатыр болушуп:

Аллахтын элчиси (САВ) менен ким сүйлөшөт? Ким буга батына алат? Ага бир гана Аллахтын элчисинин (САВ) сүйүктүүсү Усама бин Зайд гана жарайт – деп айтышат. Анан ал Пайгамбарыбыз (САВ) менен сүйлөшөт. Ошондо Пайгамбарыбыз (САВ):Кантип Аллахтын өкүмүндө ортомчулук кыласың!?” – деп сурап, андан кийин ордунан туруп: “О, адамдар! Чындыгында силерге чейин болгондор кадыр барктуу адамдар уурдаса аларды жөн коюп, алсыз адам уурдаса ага жаза беришип, туура жолдон адашышты. Аллахтын аты менен ант ичем, эгерде Эгерде Мухаммадтын (САВ) кызы Фатима уурулук кылган болсо, Мухаммад (САВ) анын колун кесмек” деп айтты. (Сахих аль-Бухарий)

Запись Коррупцияга каршы он беш хадис впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

 

🏻Орозонун сообу Алланын алдында жашуруун. Кудсий хадисте:
«Адам баласынын ар бир амалы жана иш-аракеттери өзүнө таандык. Орозо болсо андай эмес! Анткени ал мен үчүн. (Анткени мен ичип-жебейм жана бүткүл адамзаттык сапаттардан аруумун) Ошондуктан мен анын сыйлыгын (жекече түрдө) мол-мол беремин.» – деп айтылат. (Бухарии)..

Билесизби тууганым эгерде сиз орозо тууралуу ,аятар,хадистерди окуп,укбаганыңызда балким орозо кармабай,Жараткандын эсепсиз сыйлыктарынан кур калат белеңиз. Бул да Жараткандын жеткизген сиз жана бизге мүмукүнчүлгү,ырайымыдыр. Техника,илимдин өнүгүсү менен баарын билип олтурабыз ,орозо биз үчүн канчалык табылыгыс казына,түбөлүк бактылуулктун сапарына зор даярдык,адамдык сыпатка ээ болуу,Жараткандын ыраазылыгына жетүү экенин билип,күндүн ысыгына карабай орозо кармаган жаштарыбыз,алтымыш-жетмиштеги апа -аталарыбыз туткандыгы сүйүндүрбөй койбойт. Аллах Таалам үмүт,ишеним ,калоо -тилектер менен кармаган орозоңуздарды кабыл кылсын!

Куранда төмөнкүчө баяндалат:
«Орозо туткан эркектер менен орозо туткан аялдар; уяттуу жерлерин сактаган эркектер менен уяттуу жерлерин сактаган аялдар; Алланы көп зикир кылган эркектер менен Алланы көп зикир кылган аялдар – буларга, Алла Таала кечирим жана эбегейсиз чоң сыйлык даярдаган.» (Ахзаб: 35)

Расулалла (саллаллоху алейхи васаллам) болсо бул сыйлыкты мындайча баяндайт:

«Орозо кармагандын сүйүнө турган эки нерсеси бар:

1. Биринчиси ооз ачкан (Алланын ырыскысына жеткен) убакта сүйүнөт.

2. Экинчиси Алланын алдына барганда, туткан орозосунун берекеси аркылуу жогору даражага жеткендиги үчүн сyиyнөт.» (Бухарий)…

Булардан байкалгандай, Алла Таала бере турган сыйлыгын адам баласынын орозого болгон арзуусун ойготуш максатта, жашыруун кармайт.

Орозо – бул, ырыскы-неметтардын кадырын билдирген, шүгүрчүлүк кылуу сезимдерин ойготкон, колунда жоктордун, бей-бечаралардын ал-акыбалын сездирген, напсилик арзуу-каалоолорду жойгон, материалдуулуктун туткунунан куткарып, «сабыр» деп аталган эң жогорку адеп-ахлакка ээ кылган бир ибадат. Ыйык Рамазан орозосу таравих намазы жана саарлык сергектиги менен абдан маанилүү.

Орозо менен намаздын Алла тарабынан кабыл кылынышы үчүн жүрөктүн арууланышы, тактап айтканда хушуу (ыклас менен) шарт. Намаздар ылдам окулуп, тамакты сиңиртиш үчүн, орозо болсо ачкачылыкка чыдоону үйрөнүш үчүн болбошу керек. Бул себептен улам, намаз ибадатында болгондой эле, орозодо да пендени чын ыкыластуулукка багыттаган көптөгөн кылдаттыктар бар.

Ооз ачуунун жана саарлык ичүүнүн мааниси

Мухаммед пайгамбар (с.а.в.) күндүзү орозо кармоого дарамет болушу үчүн саарлыкта тамактанууну сунуштаган. «Биздин орозобуз менен ахлу-китептин кармаган орозосунун ортосундагы айырмачылык – саарлыкта тамактануу болуп эсептелет» деп саарлык ичүүнү орозодо мусулмандарды өзгөчөлөнткөн сапат катары кабылдаган. Саарлык ичүү абдан маанилүү болгондуктан, «саарлык ичкиле, себеби саарлыкта береке бар» деп айтып, жок дегенде бир чыны суу менен болсо да саарлык ичүүнү сунуштаган. Хадистерде кечинде ооз ачканга шашылып, саарлыкты кечирээк ичкен туура экендиги айтылат. Ар биринин мааниси бар. Кечинде ооз ачканда алгач суу ичкен туура. Себеби кечке ачка болуп турган ашказанга суу барып тамакты кабыл алууга даярдайт. Өтө майлуу, куурулган тамактардан баш тартып, дымдалган, бууга бышкан тамак жеген оң. Мусулмандык парзыбызды аткаруу менен бирге, бул айда 12 саат бою азык жеп тынбай иштеп турган органдарды да тазалаган, эс алдырган болобуз.

Мисалы хадисте айтылган: «Ооз ачууда шашылгыла, саарлыкты кечиктиргиле!» (Табарании, Мужамул Кабир, 25, 163) деген буйрук – булардын бири …

Бул буйрук Алланын чектөөлөрүнө кылдат мамиле кылуу жана маани берүүнү билдирет. Тагыраак айтканда, саарлыкты кечиктирип, иптар убактысы кирери менен оозду ачуу Алланын буйругуна урмат кылууну жана моюн сунууну билдирет. Иптар маалында, адамдар сүннөттө айтылгандай, дароо ооз ачышат. Бирок саарлыкта уйкунун таттуулугу себептүү, хадисте айтылгандай, кечиктирип ооз беките албай калышы мүмкүн. Андыктан Пайгамбарыбыз бир чыны суу менен болсо да саарлык кылыштын маанилүүлүгүнө (саллаллоху алейхи васаллам) көңүлдөрдү бурган: «Саарлык кылгыла, анткени саарлыкта береке бар.» (Бухарии, Савм, 20)…

Саарлыкты сөзсүз ичүү керек

Саарлыкты сөзсүз ичүү зарыл. Саарлык жалкоолуктан, алсыроодон, эстен танып калуудан тосот. Эгерде бул таңкы ырыскыны ичпесек, ашказандагы азыктардын аш болумдуусунун мыйзамы бузулат. Сооп менен кошо денеде болгон өзгөрүүлөрдү эстен чыгарбашыбыз керек. Организмдеги канда канттын нормасы туура сакталса гана адам сергек болуп, жакшы жүрөт, алсырабайт. Күндүзү жакшы жүрүш үчүн саарлыкты сөзсүз ичүү зарыл. Саарлыкта жашылча көп жеген туура, мисалы, бадыраңдын курамында суу болгондуктан саарлыкта жесе суусабайт, буурчакты кайнатып жесе болот, жумуртка, быштак жесе да кечке ток кармайт. Кантты, шириндиктерди көп жесе, курсак тез ачат, туз чаңкатат, азыраак пайдаланыш керек. Кечкисин оозду ачканга шашылган оң, ал эми жапканда кечирээк жапкан жакшы.

Орозобузду Жараткан Алла менен бирге болуу сезими ичинде тутунушубуз үчүн «саарлык, таравих, зикир, Куран жана дуба» сыяктуу рухий нерселерден лаззат алышыбыз керек.
Ооз ачар убак – дубалар кабыл болгон өзгөчө учурлар. Ошондуктан бул көз ирмемдердин башкалар менен чогуу өткөрүлүшү адам баласына бөтөнчө бейкуттук тартуулайт. Убакыттан пайдаланып өзүңө, ата -энеңе, жубайыңа, балдарыңа, тууган-уруктарыъа жана жалпы мусулман элине жакшылык тилеп дуба кыл! Чын ыклас менен кылган сенин дубаңдын себеби менен, бир туугандарың динге кирип, ырыскың көбөйүп, жашооң жеңилдеп калуусу толук мүмкүн . ..

Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) мындай дейт: «Ким орозо кармаганга иптар берсе, орозо туткан киши сыяктуу сооп алат.» (Термезий, Савм, 81) ..

Бул сүйүнчүнү уккан сахабалардын жардылары Расулаллага (саллаллоху алейхи васаллам) келип, өздөрүнүн байлардай орозо кармаганды тойгуза турганчалык ооз ачырууга күчтөрү жетпей турганын терең кайгыруу менен билдиришкенде, Алла Элчиси (саллаллоху алейхи васаллам) төмөнкүдөй деген: «Ким орозо кармаганды бир курма, же бир ууртам суу, же сүт менен ооз ачтырса да, Алла Таала ага ошол эле соопту берет.» (Ибн Хузайма, Сахих, III, 191)…

Запись ООЗ АЧУУНУН ЖАНА СААРЛЫКТЫН БЕРЕКЕСИ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

БИСМИЛЛАХИР РОХМААНИР РОХИЙМ !

(бешинчи сабак)

Ассаламу алайкум ва
роматуллоохи ва барокатух !

…Кантип Куран окууну үйрөнөбүз ?
Кантип жаттайбыз ?
Кайсы убакта ?
Албетте бул суроолорго сабактарыбызды калтырбай,
биз менен чогуу алып барсаңыз
сөзсүз жооп аласыз !

Куран жаттап, аны үйрөнүүдөгү
дагы бир чоң сыр тууганым, бул – дүйнөлүк, атактуу каарылардын
окуган кырааттарын көп угуу !
Баарыбыз билген атактуу каары,
Саудия мамлекетиндеги Кувейт шаарынан Мишари Рошид ал-Афаси,
Абу Бакр аш-Шатрий жана
Египеттин Миср шаарынан
Махмуд Халил ал Хусори, ошондой эле Мухаммад Сыддык ал-Миншавий, Абдулбасит Абдуссомад (рохимахуллох) ж.б ушул сыяктуу атактуу каарылардын окуган кырааттарын көп угуу
сизди Куран окууга шыктандырып, кызыгууну күчөйтүп, үйрөнүп кетүүңүз бир кыйла жеңил болот !
Алардын окуган кыраатында ката жок, эгер ката табылса,
аларды дүйнөлүк каарылардын
катарына чыгарышмак эмес!

Ошондуктан ошол Куран хафиздерин угуп, кандай окуп жатат,
кантип окуп жатат андан сабак алыңыз !

(Хадис)
Укба бин Амир (родияллоху анху) Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи ва салламдан) риваят кылат:
«Эгерде Куранды булгарынын ичине салып, андан кийин аны отко таштай турган болсо анда ал күйбөйт !»-деген.

Ушул хадис тууралуу,
уламалардын чечмелөөсү боюнча,
Кимде-ким Куранды жаттаган (кары) болсо, ал кайсыл бир күнөөсүнүн себебинен тозокко түшсө да тозоктун отунун таасири ага тийбейт !

Бир хадисте :
“Маа массатхун-наар: Тозоктун оту ага жетпейт!”-деген сөз да келген.

“Шархус Сунна” аттуу үлкөн китепте
Абу Умама (родияллоху анху) риваят кылган хадисти, Мулла Али кары (рохматуллохи алайхи) жазган:
«Курани Каримди жаттагын !
Себеби Аллах Таала Куран сакталган жүрөккө азап бербейт !»

Куранды жаттоону пайдасыз сезген инсандар ойлонушсун !

Дүйнөдө,
ушундай илим же китеп барбы ??

Окуган ар бир тамгасына
сооп берип, кыяматта тозокко
түшүүдөн сактай турган …?

Чындыгында акылдуулар үчүн
сабак бар бул жерде туугандар !?

Ошондой эле, Кыяматтын коркунучтуу жана азаптуу күндөрүндө
Куран жаттаган каарылар
Аллах Тааланын Аршынын көлөкөсүндө болушаары туурасында «Шарху Ихя» аттуу китепте да айтылган.

Али (родияллоху анхунун) башка бир хадисинде :
Куран ээлери (Куранды жаттоочулар) Аллах Тааланын көлөкөсүндө, Пайгамбарлар жана Аллах Таалага жакын инсандар менен бирге болушат !»

Бүгүнкү күндө президенттин же бир ишмер кишилер менен чогуу беш эле мөнөт туруп, телефон менен селфи кылып алып канча сүйүнөсүң,
президент менен жакын турдум, депчи)))

Кыяматта ПАЙГАМБАРЛАР жана солих, жакшы иштерди кылуучу
адамдар менен чогуу болосуз !
Ушул ийгиликтин туу чокусу !

Имам Ахмад жана Имам ат-Тирмизий риваят кылган башка бир хадисте,
Али родияллоху анхудан риваят келет:
Пайгамбарыбыз алайхис салам айтты:

«Ким Курани Каримди окуса, аны жаттаса жана анын адалын адал деп билсе жана арамын арам деп билсе, Аллах Таала аны Бейишке киргизет жана анын
үй-бүлөсүнөн тозок оту
важип болуп калган он адамга
шапаат кылууга мүмкүнчүлүк берет !»
(Шапаат – куткаруу, ортого түшүү, жардам берүү – деген мааниде).

Бул шапаат – жалаң мусулман адам үчүн болот. Эгер, Куран жаттаган кишинин жакындары ыймансыз болсо анда аларга кечирим да шапаат да кылынбайт . Ошондуктан бир тууганым, тозоктон алыс болоюн десеңиз жок дегенде өз жакындарыңыздан бирөөнү хафиз каары болуусуна аракет кылыңыз !
Ошонун берекетинен чоң кыйынчылыктан кутуласыз !

Муъаз родияллоху анху
Пайгамбарыбыз алайхис саламдан риваят кылат :

«Ким Курани Каримди окуса жана ага амал кылса, анын ата-энесине Кыямат күнү ушундай таажы кийгизилет.
Анын нуру,
күндүн нурунан да нурдуу болот .
Эгерде ошол күн силердин үйүңөрдө болсо, анда Куранга амал кылган адам тууралуу силердин кандай оюңар бар ?!»

СубханАллах, Ким эгер Курани Каримди окуп жана ага амал кылса, ошонун берекетинен аны окуган кишинин ата-энесине күндүн нурунан да
бир нече эсе нурлуу болгон
нурлуу таажы кийгизилет !

Башка бир хадистин мазмунунда:
“Кимде-ким Куран окуса жана ага амал кылса, ага нурдан жасалган таажы кийгизилет. Ал эми анын ата-энесине бүткүл дүйнөнү салыштырса ага тең келе албаган эки кийим кийгизилет.
Ошондо алар:
«Эй, Аллах ?! Бул кийимдер эмне үчүн берилди ?»-деп сурашат.
«Бул – балаңдын Куран окугандыгынын ордуна !”-деп жооп берилет.

Имам Табарани (рохматуллохи алайхи) Жамиъул-фаваид китебинде, Анас родияллоху анхудан, Пайгамбар алайхис саламдын хадисин риваят кылат:
«Кимде-ким өзүнүн баласына Куран окуганды үйрөтсө, анын мурдагы жана кийинки баардык күнөөсү кечирилет !
Ал эми кимде – ким өзүнүн уулун Куранды толлук жаттаткан болсо,
анда ал Кыямат күнү он төрт күндүк толгон айдай нурлуу болуп тирилет.

Анын уулуна «Оку!»-деп айтылат жана уулунун окуган ар бир аяты үчүн, атасы бир даража көтөрүлөт.
Ушундайча (уулу канча аят окуп токтосо) ошончо бийик даражага көтөрүлөт .

Күн менен Жердин аралыгы узак, бирок күн өз нурун ошончо алыстыктан чачат …

Ал эми ал күн алыста эмес
өз үйүңүздө болсо, анда бир топ нуру көбүрөөк жана жарык болот эмеспи .

Куран окуган кишинин ата-энесине күндүн нурунан да жарыгыраак таажы кийгизилсе анда Куран жаттаган адамга кандай сыйлык берилет болду экен ээ??
Бир ой-калчап көрбөйсүзбү ?!)

Эхх бир тууганым ,
Куран окууну,
дагы деле баштай элексизби ?)

«КУРАН ҮЙРӨНҮҮДӨГҮ СЫРЛАР»

~Али Оши

“БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ”

Запись КУРАН ОКУУНУН ПАЗИЛЕТТЕРИ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

 

Өзгөлөрдөн өзүн өзгөчө сезген чиркей…

🏻Текеберлигинен улам өз калпынын туткуну болгондордун абалы айтылуу Мавляна Жалаладдин Руминин “Маснави ” аттуу эмгегиндеги тамсилде таасын сүрөттөлгөн:

“Чиркей өзүгөлөрдөн өзгөчө сезе турган. Ал өзүнө— өзү: “Мен бул доордун зымырык кушумун. Менден жогору эч бир канаттуу жок! ” -дээр эле. Күндөрдүн бириндк бир эшектин заарасы менен аралашып! Түшкөн чайналган чөптүн үстүнө конду. Эшектин заарасын учу-кыйры көзгө илешпес деңиз, тезектен калган чөптү кеме, ал эми өзүн кеменини башкарган жол башчы (капитан) катары сезип: “Мына, океан! Бул болсо менин эң мыкты кемем . Ал эми мен дүйнөдөгү океан -деңиздердин баарын басып өткөн эң тажырыйбалуу жол башчымын! “-дептир ..

Адамдагы эң коркунучтуу жана эң талуу тамыр бул «мен »деген текеберликтин тамыры. Дал ушул тамыр күч алган адам өтө оор күнөө иштерге ойлонбой бараары бышык. Чындыктын жанында болууга бей байлагандар текеберликтен арылуу менен гана чындыкка кызмат кыла алышат…
Текеберлик -бой көтөрүү,чындыктын алдында баш ийбөө дегендик. Алла Таала Куран аяттарынын бир топ жеринде бул багытта бизге эскертүүлөрүн берген:
«Шек -күмөнсүз,Аллах бой көтөргөн жана мактанчаак адамды жакшы көрбөйт»(Ниса:4;36)…

«Жер бетинде текеберленип,бой көтөрүп жүрбө! Себеби сен эч качан жерди теше албайсың,жана тоолорго тең боло албайсың! »(Иса:17;37)…

«Аллах Таала: -Эй, Иблис! (Чексиз) кудуретим менен жараткан (Адамга) сажда кылбай коюшуңа эмне тоскол болду? Же бой көтөрүп текеберленгиң келдиби? Же бийик даражалардагылардан болуп калдыңбы? -деди»(Сод: 38;75)…

Ошентип, Ибилис адамдын нурду чагылдыра албаган топурактан жаратылгандыгын тенсиңбей,бирок андагы Аллахтын берилген өзөктү көрө албай,от менен топурактын ортосундагы айырмачылыктан жаңылып,адамдын алдындагы текеберлигин Алла Таала алдында көрсөтөөрү менен каргышка калып, түбөлүк бактысынан ажыраган. Анысы аз келгенсип,муну өзүнөн көрбөй адамды күнөөлөп,кыяматка чейин адамзат урпагын адал жолдон адаштыруу менен өч алууга жан үрөөдө ….

Кутман сахабалардан азирети Абдуллах бин Масуд айтып калтырган куттуу хадисте мындай делет:
«Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) бир күнү:
-Жүрөгүндө кыпынчалык текеберлиги бар адам бейишке кире албайт,-деди.
Сахабалардан бирөөсү:

-Адам баласы кийим -кечесинен жана бут киймин жакшы болушун каалайт,-деп суроолуу карады. Анда Алланын Элчиси:
-Алла Таала сулуу! Ал сулуулукту жакшы көрөт. Ал эми текеберлик, – чындыкты кабыл албоо жана адамдарды кемсинтин төмөн көрүү! -деп жооп берди»(Муслим,Иман 147; Абу -Давуд) …

Текебердиктен туулган иштер тууралуу бир нече мисал берели:

1- Суроо сурабоо текебердиктен туулат. Текебер адам суроо суроону билбестиктин белгиси деп кабылдайт. Суроо сурасам билбегендигим билинип калат деп ойлойт.

2- Дайыма өзүнөн суроо суралуусун, башка биринен суралбоосун каалайт. Билген же билбеген ар суроого жооп берүүгө далалаттанып, “билбейм” деп айта албайт.

3- Жол суроодон тартынуу. Жол сурабоо жана суроо сурай албоо уят болуп калбайын, айыпталып калбайын деген коркуудан улам болот.

4- Башчылардан уруксат суроодон тартынуу.

5- Конокто болсо, имамдыкка ылайык бир канча адам болсо үй ээси уруксат бербестен эле имамдыкка өтүү, баарынан да өзүн имамдыкка ылайык көрүүсү.

6- Бир жыйналышта жеке эле өзү сөз сүйлөөнү каалоо, башкаларынын сөзгө кошулуусунан ыңгайсыздануу, алардын козудай болуп угуп отурууларын каалоо.

7- Досторуна бир нерселерди билгендигин көрсөтүү үчүн аларга кез келгенде бир нерсени айтууга тырышуу, ката деп ойлогон нерселерин дароо оңдоого, аларды эскертүүгө аракет кылуу.

8- Мечитте бош жерлерди толтур деп тиге-буга буйрук кылуу жана муну уккан адам да муну катуу кабыл алса.

9- Макталууну жактыруу, сынды көтөрө албоо. Катасын айткан адамга рахмат айта албоо.

10- Чындыкты кабыл кылбоо. Бир нерсе мындай деп айтылганда аны чечмелөөгө аракет кылуу. Негизи чындыкты айткан адам кичине бала болсо да, сабатсыз адам болсо да муну кубануу менен кабыл кылуу керек.

11- Васваса кылуу да текебердиктен болот. Өзүн өтө этияттуумун деп эсептегендер башка адамдарды ката кылып жатат деп ойлошот.

12- Башчы болууну каалоо, буйрук берүүнү жактыруу. Өзүнүн кээ бир жактарын жогору деп эсептөө.

13- Адамдардын жанына баруудан, бир нерсе суроодон тартынып жаткан болсо бул дагы текебердиктин белгиси болуп саналат.

14- Жөнөкөйлүк кылып жаткандай көрүнүү. “Пендеңиз сизди угуп жатат” ж.б., деген сыяктуу сөздөр менен ашыкча жөнөкөйлүк көрсөтүү. Пенде бул кул дегенди билдирет. Андай болсо ар айтылган нерсеге каршы чыкпоосу керек эмеспи. Эгер мындай болбосо пендемин деп айтуусу текебердигин жашыруудан башка нерсе эмес.

15- Жөнөкөйлүк болсун деп калп эле “мендей алсыз кул”, “мендей күнөөкөр кул” дегени менен бираз сындала турган болсо дароо ачууланат. Азыр эле айтып жаткан алсыздыгын, күнөөкөрлүгүн дароо унутат. Мындай адам текебер адам.

16- Туш келген адамга кыйынчылык тарттыруу, аларды таарынтуу. Бирин экинчисине даттануу. Башкалардын кемчиликтерин айтып, ал эми өзүнүн андай адам эмес экендигин билдирүүгө тырышуу.

17- Тообону кечиктирүү, намаз окубоо дагы Аллаху таалага каршы текебердик болот.

18- Пикир талашуунун акырында “хаккыңды халал кыл”, “кечир” десе аны кабылдабоо. Бул дагы эле меники туура деген пикирде болуунун белгиси.
19- Адамдардын арасында жеке эле өзү сүйлөп, башкалардын сүйлөөлөрүн жактырбоо.

Натыйжада: Өзүнүн чегин билүү жөнөкөйлүк, чегин билбөө текебердиктин белгиси болуп саналат.

Текеберлик Аллаху тааланы унутуунун белгиси. Текеберлик бардык жакшылыкка кедерги болот, ошол эле убакта бардык жамандыктын ачкычы болуп саналат. Текеберлик шайтандын сыпаты жана анын Бейиштен куулуусуна себеп болгон.

Күчтүү адам жөнөкөй, алсыз адам текебер болот.

Текеберлик менен куфурдун арасында өтө ичке аралык бар. Текеберликтин бир кадам аркы жагы куфур болот.

Алсыз адам кемчилигин толуктоо үчүн текебер болот. Жакшылыктуу адам текеберленүүгө муктаж эмес.

Бардык жамандыктардын башы текеберлик болуп саналат. Текебер адам көп акмактык кылат. Пайдасын, зыянын ойлонбойт.

Алсыз адам текебер болот. Текеберлик Аллаху таалага ширк кылуунун бир тууганы. Текебер алып жүргөн мээде акыл болбойт. Напсибизди ортодон тартып, өзүбүздөн жийиркенүүбүз керек. Өзүнөн жийиркенбеген адам кутула албайт.

Бардык адамдар жогорудагы белгилерди карап өзүнүн текебердүү экендигин же эместигин түшүнө алат…

Аллах Таалам текеберликти тутукуну болуп калуудан жүрөгүбүздү,чындыктын чызыгын көрбөй калуудан көздөрүбүздү май басып калуудан,акыйтка тик карай албай моюн сунбай калууда напсибизди,башкаларды кемсинтип,азар берип,бой көтөрүүдө жан дүйнөбүздү сактасын! Амин…

👤Насиба Абдуллаева.

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

Запись ЭҢ КОРКУНУЧТУУ ООРУ ТЕКЕБЕРЛИК впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Алланын элчиси{с.а.в}бир хадисте«Түндөсү Ясин сүрөөсүн окуган инсан эртең менин күнөөлөрү кечирилген абалда ойгонот»деген.
«Ким Ясин сүрөөсүн окуса Аллах Таала куранды10жолу окугандын сообун берет »деген .
ошондой эле ким ясинди70 жолу окуса жүрүшпөй калган бардык иштери жүрүшөт .
Алланын элчиси с.а.в түнкү намаздаясин сүрөөсүнү окугандардын ала турган сооптору тууралуу мындай деген:«Бир инсан жума кечесинде эки рекет намаз окуп биринчи рекетинде Фатиха сүрөөсүнөн кийин Ясин- ди,экинчи рекетинде фатиха сүрөөсүнөн кийин Табаарак(мулк)сүрөөсүн окуса,Аллах Таала ал момун окуган курандын ар бир тамгасына нур берет.Ал нур кабырда жана махшарда алдынан,аркасынан ,эки тарабынан туруп ал кишини нурланттырат.Караңгылыктан чыгарат,окуган курандын шарапаты менен амал китебин оң жагынан алат,ошолор менен биргеликте бир түугандарынан жана досторунан 70 кишиге шафаат кылат.Тозоктон аларды алыстатат.Көңүл бургула ким бул айтылган нерселерге күмөн кылса мунаафык болуп калат жана сообунаң куру калат»
«Ясин сүрөөсүн окугун:Анда он береке бар.Ач болсо тоёт,кийимсиз болсо кийинет,үйлөнө элек,турмушка чыга элек болсо турмуш курат.Тынчсызданган болсо кутулат .Капа болсо кубаныч жетет .Жолдо(мусаапыр)болсо жардам көрөт .Оорукчан болсо шыпаа табат .Өлгөндөр үчүн окулса кабыр азабы азаят.Чаңкаган адам окуса сууга жетет».
Алланын элчиси с.а.в тахаджуд намазында Ясин сүрөөсүн окуйт эле,ошол үчүн мүмкүнчүлүгү болгондор бул сүрөөнү тахаджуд намазында кошуп өкүмүн деп айткан.Себеби мында беш жүрөгү бар.
1.Курандын жүрөгү Ясин .
2.Ясиндин жүрөгү алгачкы эки аяты.
3.Ибаадаттардын жүрөгү тахаджуд намазы
.4.Түндүн жүрөгү тахаджуд намазы.
5.Момундун жүрөгү риядан алыс болуу.
Алланын элчиси с.а.в«Шайтандар ясин жана хашрр сүрөөсүнүн акыркы аяттарынан коркушат»

Йасин сүрөсүнүн касиети, пайдалары, сооптору жөнүндө көптөгөн хадистер бар.
Имам Тирмизий баяндаган хадистерде йасин сүрөсү тууралуу мындай делет: “Бардык нерсенин жүрөгү бар. Курандын жүрөгү Йасин сүрөсү. Кимде ким йасин сүрөсүн окуса Алла Таала ага Куранды он жолу окугандай сооп жазат. (Тирмизий, Фадаилул – Куран, 7;Дааримий, Фадаилул – Куран, 21.)

Дагы бир хадисте Пайгамбарыбыз: “Йасин Курандын жүрөгү. Алла Тааланын жана акыретти көңүлүндө тутуп Йасин окуган кишинин мурунку күнөөлөрү кечирилет. Аны өлгөн маркумдарыңар үчүн окугула”. (Абу Даут, Жанаиз, 20;Ибни Маажа,Жанаиз,4;Ахмад бин Ханбал, Муснад V,26). – деп айткан.

Бирок аалым окумуштуулар Йасин сүрөсүн маркумдар үчүн окулушу керекпи жокпу түрдүү пикирди айтышкан.Кээ бирөөлөр жаны чыга электер үчүн окуш керек десе, кээ бирөөлөр даны чыккандарга окуш керек деген ойдо болушкан. Жаны кыйналып чыкпай аткан кишинин жанында туруп Йасин окуса анын жаны тез жеңил чыгышына себепчи болот. (Ибни Касийр, Тафсирул Куранил Азийм. |||,564)

Шауканы деген аалымдын айтышы боюнча – төшөктө өлүм алдында жаткан кишиге же мүрзөдөн окуса, Йасин сүрөсүн окуу менен мечитте же үйүндө Куранды толук хатм кылуунун ортосунда айырма жок. (Шаукани, Иршадус Саил, 4б-б).
Ахмад бин Ханбалдан төмөнкүдөй хадистер баяндалган: “Йасин Кураандын жүрөгү. Алла Таала жана акырет күндү ниет кылып окуса күнөөлөрү кечирилет. Өлгөн маркумдарыңарга окугула” (Ахмад бин Ханбал, Маснуд, V,26/).

Аалымдар, айтылган хадистерге, тескерисинче, амал кылса жаны чыга элек кишиге да, өлгөн кишиге да пайдасы болбойт деп кортунду чыгарышкан.
Жеке эле акыретке кетип бараткан киши эмес бардык адамдар үчүн Йасин сүрөсүнүн ичиндеги маани маңызды түшүнүү зарыл. Сүрөдө ыйман негиздеринин үч негизи кенен баяндалат. Алла Тааланын бар жана бир жкендиги, Пагамбарлык жана өлгөндөн кийин тирилүү. Бул негиздер Курандын жүрөгү сыяктуу. Жүрөксүз адам баласы жашай албагандай эле кимде ким бул үч негизге ишенбесе ыймандуу деп санальайт. Мына ошондуктан Йасин сүрөсүнө Курандын жүрөгү деп айтылуусу мүмкүн. Жанф чыга элек кишиге бул сүрөнү окуу маселесине келе турган болсок, ыйман бул денебиздин башка мүчөсүн угуща окуса өлүм алдында жаткан кишинин жүрөгү Алла Таалага бурулуп, багка нерселерден кийин тирилүүгө ишеними толук деген даражага жетет. Кээ бир аалымдардын айтуусу боюнча; “Өлүм төшөгүндө жаткан киши Йасин сүрөсүн укса акыретти тиги дүйнөнү элестеп ага өзүн даярдайт” дешкен. Эгер ал киши арапча түшүнбөсө анда маанисинин котормосун окуп берүү керек божомолдошкон.
Хадиси шарифте айтылды:
“Фатиха ар дартка даба.” [ Байхаки] “Фатиха сүрөсү Аллаху тааланын ачуусун кайтарат.” [ Шира] “Өлгөндөрүңөргө Ясин окугула!” [И. Ахмет] “Көрүстөнгө кирген адам Ясин сүрөсүн окуса ал күнү өлгөндөрдүн азаптары жеңилдейт. Өлгөндөрдүн эсебинче ал адамга сооп берилет.” [Атфал-ул муслимин] “Ясин окугандын кайгылары кетет.” [Дайлами] “Жума түнү Ясин сүрөсүн окугандын күнөөлөрү кечирилет.” [Исфахани] “Түнү Ясин окуган киши кечирилген бойдон таңга чыгат.” [Бухари] “Аллах ыраазычылыгы үчүн Ясин окугандын күнөөлөрү кечирилет.” [Ибни Сүнни] “Ар кечеде Ясинди окууну уланткан адам шейит болуп кайтыш болот.” [Табарани] “Ар бир нерсенин бир жүрөгү бар. Курандын жүрөгү – Ясин.” [Тирмизи] “Бир жолу Ясин окуган адам он жолу Курани каримди окуп чыккандай сооп алат.” [Тирмизи] Ясин сүрөсү кыяматта боло турган нерселер, дүнүйөнүн убактылуу экенин, Бейиш ниматтары жана Тозок азаптары тууралуу билдирүүдө. Оорулуунун жанында окулганда түшүнсө ыйман менен кетүүгө себеп болчу нерселерди уккан болот.

Имам Газали хазреттери мындай дейт: “Имам Ахмет бин Ханбал хазреттери Аллаху тааланын: “Түшүнсө да, түшүнбөсө да Курани каримди окуган адам менин ыраазычылыгыма жетет”, – дегенин билдирүүдө.” (Ихйа)
Өлүүлөр үчүн дагы Ясини шариф окулуусу буюрулган.

Хадиси шарифте айтылды:
“Жанында Ясини шариф окулган оорулуу киши сууга тойгон бойдон кайтыш болот, тойгон бойдон кабырга кирет”. “Мусулман бир оорулуунун жанында Ясин окулса Рыдван деген периште Бейиш шербетин алып келет. Ал киши сууга тойгон бойдон рухун тапшырат. Тойгон бойдон кабырга кирет, сууга муктажтыгы болбойт.” (С. Абадиййа)

Запись ЯСИН СҮРӨСҮНҮН КЕРЕМЕТТЕРИ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

1. Үйгө адамдын, жан-жаныбарлардын сүрөттөрүн жана жандуулардын эстелик сувенирлерин койбоо керек. Анткени, мындай үйгө периштелер кирбейт. Периштелер кирбеген үйгө шайтан оңой кирет. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айткан: “Сүрөт жана эстеликтер бар үйгө периштелер кирбейт”. (Муслим).

 

2. Үй ичине ит багууга болбойт. Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: “Бир жолу Жабрайил периште Аллахтын элчисине келүүнү убада кылып, бирок белгиленген убакта келбей койду. Аллахтын элчиси тынчсызданып, колундагы таягын жерге таштап: “Аллах жана Анын элчиси убадасын аткарбай койбойт” деген аятты окуп жатты. Бир убакта ал сөөрүнүн алдында жаткан итти көрө калып:

– Айша, бул ит качантан бери мында жатат? – деп сурады.

– Аллахка касам, анын качан киргенин көрбөдүм, – деп жооп бердим.

Андан соң итти чыгарып жибердик. Ошол учурда Жабрайил периште келип калды.

– Сени убада кылган убактан бери күтүп жатам, бирок сен келбедиң? – деп сурады Аллахтын элчиси.

– Сенин үйүңдөгү итттин айынан келе албадым, биз сүрөт жана ит бар үйгө кирбейбиз, – деп жооп берди Жабрайил периште. (Муслим).

 

3. Үйдү таза кармоого аракет кылуу керек. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айткан: “Шыпырындысын короосуна үйүп койгон жөөттөргө окшошпой, үйүнөрдү таза кармагыла”.

 

4. Тамактанууда “Бисмиллах” деп Аллахтын атын атоо менен баштоо керек. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айткан: “Кимде-ким үйүнө киргенде жана тамакка олтурганда Аллахтын атын атаса, шайтан желдеттерине: “Бул үйдө силерге тамак да, орун да жок” деп айтат. Ал эми үйгө киргенде Аллахтын атын атабаса, шайтан желдеттерине: “Бул үйдө силер түнөгөнгө орун бар деп айтат. Эгер тамактанууда да Аллахты эстебесе, шайтан: “силерге тамак да, түнөк да табылды” деп айтат”. (Муслим).

 

5. Үйгө киргенде салам айтып кирүү керек. Куранда: “Эгер үйлөргө кирсеңер, Аллах тарабынан берилген таза, берекелүү саламдашууну айткыла” деп айтылган. (Нур сүрөсү, 61-аят). Эгер уйдө бирөо болсо “Ассалааму алайкум ва рахматуллоохи ва баракаатух” деп салам айтуу керек. Эгер эч ким жок болсо “Ассаламу аьлайнаа ва аьлаа ибаадиллаахис-соолихиин” деп салам айтуу керек. Аллахтын аты аталган жерде жин-шайтан болбойт.

 

6. Үйдө Куран аяттарын көп окуу керек. Куранда: “Эгер Куран окусаң, сени менен акыретке ишенбегендердин ортосуна жабык тосмо кылып коёбуз” деп айтылган.

 

7. Үйдө “Бакара” сүрөсүн окуу, же магнитофонго коюп туруу керек. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Үйүңөрдү кабыр сыяктуу кылып албагыла, кайсыл үйдө “Бакара” сурөсү окулса, андан шайтан качат”. – деп айткан. (Муслим).

 

8. Үйдө нафил намаздарды көп окуу керек. Пайгамбарыбыз (Аллах андан ыраазы болсун) минтип айткан: “Үйүңөрдү кабырга окшотпой, анда да намаз окугула”. (Бухари, Муслим).

Запись Жин-шайтандарды үйгө киргизбүүнөн жолдору впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

«Аьуузу биллахи минаш-шайтонир-рожиим» мына ушул бир ооз сөз менен шайтанды кубалоого болот. Бирок, көп адамдар бул сөздү айткан менен шайтандын азгырыгынан кутула албайт. Мунун себеби эмнеде?

Шайтандан сактануу сөзү – жоокердин колундагы кылыч сыяктуу. Эгерде кылыч кармаган кол күчтүү болсо, кылыч тийген жерин кыйып түшөт. Кылыч канча курч болбосун, кол алсыз болсо, анын шилтегени эч нерсеге жарабайт. Ошол сыяктуу, эгерде шайтандан сактануу сөзү такыба адамдын оозунан чыкса, шайтанды качырат, ал эми такыбасы жок адам айтса, андан майнап чыкпайт. Адамдын оозунан чыккан сөзү анын ыйманына жана такыбалыгына жараша болот. Аалымдардын бири шакиртине кайрылып:

– Эгерде, бир адам итин ээрчитип бара жатса, кокустан анын ити сага асылса, эмне кыласың? – деп сурайт.

– Мен аны колума келген нерсе менен уруп сактанамын.

– Ал кайра эле асыла берсечи?

– Мен аны андан да катуу урууга аргасыз болом.

– Эгер сен өзүң айткандай кылсаң, эч кандай майнап чыкпай калуусу да мүмкүн. Андан көрө, дароо эле иттин ээсине кайрылгын. Ал сени убара кылбастан сактап калат.

Бул хикаядан түшүнүктүү болуп тургандай, биз баардык ааламдын ээси болгон Аллах менен мамилени оңдосок, Ал бардык көйгөйлөрдү чечип берет. Бизди шайтандан сактоого Аллах Тааланын күчү жетет. Марьям энебизди өмүрү шайтан азгыра алган эмес. Аны энеси төрөп жаткан мезгилде, Аллахка кайрылып:

«Мен аны жана анын урпактарын ырайымыңдан куулган шайтандан коргооңду тилеп, сага жалбарамын» деп айткан эле. (Аалу Имран сүрөсү, 36-аят). Аллах анын дубасын кабылылды.

Шайтандан жана анын желдеттеринен сактануунун негизги жолу – Аллахка кайрылуу.

Аллах Таала пайгамбарыбызга кайрылып: «Качан сени шайтандын азгырыгы жолдон чыгара баштаса, Аллахтан коргоо сура! Чынында Ал Угуучу, Билүүчү!» деп айткан. (Аьраф сүрөсү, 199-200-аяттар).

Дагы бир аятта: «Айткын: «Оо, Роббим! Мен шайтандын азгырыгынан коргоо тилеп Өзүңө жалбарамын!» (Муминуун сүрөсү, 97-аят). Демек, ким чын ыклас менен Аллахка кайрылып, шайтандын азгырыгынан сактоону суранса, Аллах аны шайтандын азгырыгынан сактайт.

 

Шайтандан сактануу сөзүн айтуучу орундар:

1. Ажатканага кирүүдөн алдын. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) ажатканага кирүүдөн алдын: «Аллахумма иннии аьуузу бика минал хубси вал хабааис»-
деп айтчу. Мааниси: «Аллахым, жин-шайтандын эркек-ургаачысынан сактооңду суранам».
2. Ачуу келген учурда. Сулайман бин Сирд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: «Бир жолу эки адам урушуп кетип, ачууланып, бети кызарып чыккан бири экинчисин жаман сөз менен тилдеп жиберди. Аларды көрүп калган пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Мен бир сөз билем. Ким бул сөздү айтса, анын ачуусу тарап кетет. Бул «Аьуузу биллахи минаш-шайтоонир-рожиим» деген сөз» – деди. (Бухари, Муслим).
3. Эшектин айкырыгын уккан мезгилде. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Эгер эшек айкырса, шайтандан сактоону суранып Аллахка кайрылгыла» – деп айткан. (Табарани).
4. Куран окуган мезгилде. Аллах Таала Куранда: «Куран окуган учурда таш бараң кылынган шайтандан сактоону суранып Аллахка кайрыл» – деп айткан. (Нахл сүрөсү, 97аят).

Запись ЭМНЕ ҮЧҮН КӨП АДАМДАР ШАЙТАНДАН САКТАНА АЛЫШПАЙТ?! впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

  ✍  Динибизде ыймандан кийинки эле бүткүл фарздардын эң  улуусу намаз. Ошондой эле Кыямат күнү да эң биринчи намаздан суралат.  Намаз -бул биз мусулмандарды каапырлардан айырмалап турат,Бейиш ачкычы,Кабырдын жарыгы да намаз менен.

Пайгамбарыбыз  (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) айтты: «Алла Таала мындай деп айтты: «Мен сиздин үмөттүңүзгө беш убак намазды фарз кылдым жана Өзүм менен Өзүм келишим түздүм.  Кимде -ким ушул беш убак намазды үзбөстөн ар дайым окуса, Мен аны Өзүмдүн жоопкерчилигим менен бейишке киргизем. Эгер ким ушуга толук көңүл бурбаса, же окубаса ага Менин эч кандай убадам жок ».
     Чындыгында намаз чоң баалуулукка  ээ. Ал Алла Тааланын бейишке киргизүүсү туурасындагы кепилдик тартуулайт. Көрүп эле жүрөбүз эгерде бир башкарма,же бир колунда бар киши бирөөнүн колдоп койсо  же керектүү ишин ала турган болсо, же бул дүйнөөгө тиешелүү ишин мойнуна алса, ал канчалык кубанып өзүн бактылуу сезет. Ошондой эле ошо кишини канчалык жакшылык кылуучу деп түшүнүп,ага баш ийип калат. Мен ал үчүн кызмат кылуум керек, ал жардам бе рди "деп сый -урматта болуп калат.Бул жерде эки дүйнөнүн падышасы болгон биз элестете албаган, кооз бейишине кепилдик берип жана өлүмдөн кийинки толук бактылуулугубузду көп деле кыйынчылыгы жок күн сайын окулуучу беш убак намаздын ордуна берет. Ошондо да элдер кабарсыз жана көңүл бурбайт. Эгерде ушундай мүмкүнчүлүктү пайдалана албасак,анда өзүбүздү күнөөлөгөндөн башка кимди күнөөлөй алабыз.

✨«Алла Таала Өзүнүн пенделрине дайындаган эң жакшы амалы бул -намаз »(хадис)

   Биз пенделер жашообузда ката кетирип,адашууга көп учурайбыз,анткени биз инсандар алсыз напсинин эркине көп кабылуудабыз. Аз -аздан күнөө кылып жатып жүрөгүбүздү карартып,акырында шайтандын кулуна,оттун артынан өзүбүз кандай жүргөнүбүздү билбей калабыз.
Бул күнөө,ыпластыктардан кутулуунун жолу намазга туруу. Намазсыз-жашоо караңгы мүрзөдө жашаган сыяктуудур.

✨Абу Зар (р.а.)риваят кылат:
«Бир жолу Пайгамбарыбыз (с.а.в.) күзүндө сыртка чыкты.  Дарактын жалбырактары түшүп турган кез эле. Пайгамбарыбыз (с.а.в) дарактын бир бутагын колго алганда, бутактын жалбырактары түшө баштады.  Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: «Эй, Абу Заар! Мусулман пенде кайсыл мезгил болсо да, чын жүрөктөн Алла үчүн намаз окуса, ушул дарактан жалбырактар күбүлүп түшкөндөй андан күнөөлөр түшөт ».

Аллах Таалам Өз мээримин жана жумшактыгын берүү үчүн себеп издейт. А бизчи жалкоолук, сустук кылабыз, эгер билсек беш убак намаз ар бир убакытына чейин калтырбай окуган болсок, ар бир намазга чейин кылган майда күнөөлөрүбүз,истихбар (тообо кылуу)  айтуу менен кечирилип турат. Эми байкап көрүз бир күндө беш убакыт намазда сизде таң аткандан жаткычаңыз майда күнөөлөрдөн арылып тазаланып турасыз. Эгер ушундан пайда ала албасак ,анда биз жеткен акмакбыз!

     Жабир бин Абдулло (р.а.) риваят кылат,Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: «Намазды таштоо адамды каафырлыкка жеткизип коёт». Дагы бир жерде айткан: «Пенде менен -каафырлыкты бириктирип турган нерсе -намазды таштоо ».

Абдулло бин Амр (р.а) айтат; «Бир жолу Пайгамбарыбыз (с.а.в) намаз тууралуу айтып жатып мындай деди : «Кимде -ким намазын ар дайым окуса ал үчүн намаз Кыямат күнү нур болот, эсеп -кысап болгондо ага далил болот,кутулууга себеп болот. Кимде -ким такай окубаса Кыямат күнү нур да болбойт, ага эч кандай далил да болбойт,кутуулуусуна себеп да болбойт. Аны Фираун, Хаман, Убай бин Халафтар менен бирге тирилтет (Бул инсандар Ислам душмандары, тозокулар) ».

     Аллах Таала айтат: «Эй, Адам баласы! Сенин күндүн башталышында мен үчүн 4 рекет окуй жүргүн, Мен сени кечке чейин ишиңди бүтүрөм.  Намаз -Аллах Тааланын ыраазы болушуна себеп. Аны периштелер жакшы көрөт  ,бул пайгамбардын сүннөтү, андан Алланы таануунун нуру пайда болот,дуба кабыл болот,ырыскыда береке болот,бул ыймандын тамыры,денени ырахаты,душманга каршы курал,аны окуучууга шапаат кылуучу, көрдө чырак,көрдүн коркунучунан жүрөктү тынчтандыруучу шерик,Мункар -Накирдин суроосуна жооп,Кыяматтагы чыдагыс ысыкта көлөкө,караңгыда жарык,тозоктун отунан калкан,жакшы амалдарга таразада -салмак,Сирот көпүрөсүнөн  ылдам өткөрүүчү курал жана бейиштин ачкычы »..

Чын эле дагы бизге эмне керек?! Дагы кандай жеңилдикти күтөбүз баары бекер береке,түбөлүк бактылуулук тартууланып жатса, эмне үчүн качабыз?!

Намазга бекем бол бир тууганым бул сөздөр Пайгамбарыбыз(с.а.в) дан калган куттуу осуяты...

Даярдаган: Насиба Абдуллаева.

‍‍‍"Бактылуулук Формуласы ".

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

✍"Рухул баян " китебинде Суюти (рахматуллохи ъалайхи) нин "Жаамиъус согир " жана Сахави (рахматуллохи ъалайхи) нин "Махасид "деген китебинен Ибну Умар (разияллоху ъанху) нун Пайгамбарыбыз (С.А.В.С) дан бир хадис келтирилген: "Менин үмөттүмдө ар дайым беш жүз Алла Таалага жакын болгон жана кырк абдал (улуу таква) адамдар болот. Качан алардын бирөөсү дүйнөдөн кайтса, дароо анын ордуна башка бирөө келет ". Сахабалар сурашты: "Алардын өзгөчө амалдары эмне? " Пайгамбарыбыз (С.А.В.С) айтты: "Зөкүрлөрдүн зөөкүрлүгүн кечиришет, жамандык кылгандардын жамандыгына жакшылык менен жооп беришет. Алла Талланын берген ырыскысы менен адамдарга жакшылык менен, ырайымдуулук менен мамиле кылышат ". Дагы бир хадисте айтылган: "Ким ачканын курсагын тойгузса, жалаңачка кийим берсе же мусаапырга түнөгөнгө орун берсе, Алла Талла ага Кыяматтын каардуу коркунучунан тынчтык берет ". Яхя Бармаки (рахматуллохи ъалайхи) Суфян Саури (рахматулохи ъалайхи) болсо ага сажыдада төмөнкүчө дуба кылды: "Эй Алла! Яхя менин дүйнөлүк муктаждыктардымды орундатып жатат, сен Өзүңдүн мээримиң менен анын акыреттеги муктаждыктарын орундат. Яхя (рахматуллохи ъалайхи) дүйнөдөн өткөндөн кийин адамдар аны түшүндө көрүп, кандай мамиле болгонун сурашты. Ал "Суфян (рахматуллохи ъалайхи) кылган дубанын берекетинен кечирим болду " -деп жооп берди.

Хадистин уландысында Пайгамбарыбыз (С.А.В.С) ооз ачыргандын сооптору жөнүндө айтып кетти. Башка бир риваятта келет: "Кимде ким адалдан таап орозодо кедей -кембагалдарга ооз ачырса, орозонун түндөрүндө периштелер ага рахмат дубасын кылышат, ал эми Кадыр кечесинде Жабраил (алайхис салам) ошол адам менен кол алышып көрүшөт ". Жабраил (алайхис салам) ким менен кол алышып көрүшкөн болсо (кол алышып көрүшкөндүн белгиси) , анын жүрөгүндө жумшактык жана мээрим пайда болот жана көздөрүнөн жаш агат. Белгилүү хадис алымы Хаммад ибну Салама (рахматуллоху ъалайхи) тууралуу айтылган, ал күнүнө 50 адамга ооз ачар кылган.

Ооз ачуурунун пазилеттинен соң Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) орозо айынын башталышы рахмат экендигин айтты, башкача айткан бул мезгилде Алла Тааланын рахматты жаайт жана бул рахмат баардык мусулмандар үчүн. Ал эми ага шүгүр кылуучуларга рахмат көбөйө берет.

"Эгерде силер шүгүр кылсаңар, анда силерге сөзсүз көбөйтүп берем ".
Орозо айынын ортоңку бөлүгүндө кечирим күндөрү башталат, анткени орозого берилүүчү сооптор алгач кечирим менен башталат. Ал эми орозонун акыркы бөлүгү тозок отунан куткарылуу күндөрү болот.

Дагы көптөгөн риваяттар орозонун акыркы он күндүгү тозоктон куткарылуу күндөрү экендиги тууралуу сүйүнүчтүү кабарлар айтылат. Жогоруда айтылгандай орозо үч бөлүккө бөлүнөт. Менин оюмча рахмат, кечирим жана тозоктон куткарылуу болуп үч бөлүккө бөлүнгөндүн ортосундагы айырманын себеби төмөнкүчө. Адамдар үч түрдүү болушат:
1) Күнөөлөрү аз адамдар, аларга орозонун башынан баштап эле жакшылык жана рахматтар жаай баштайт.
2) Бир аз күнөөлүү адамдар, орозонун бир канча күндөрү өткөндөн кийин аларга орозонун берекетинен Алланын кечирими келип, күнөөлөрү төгүлө баштайт.
3) Көп күнөөлүү адамдар. Аларга орозонун көпчүлүк бөлүгү өткөндөн кийин тозоктон куткарылуу берилет. Орозонун башынан эле күнөөлөрү кечирилген жана рахмат -берекеге бөлөнгөн адамдар туурасында эмне десе болот?
Андан кийин Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) дагы бир нерсеге токтолуп кетти, ал кожоюндар өз кызматчыларына орозодо алардын орозо туткандыгы себебиненен кызматын деңилдетүүсү. Орозодо иш оор болсо, орозо кармоо ошончолук кыйын болот. Албетте иш көп болсо, орозо үчүн жумушчулардын санын көбөйтүп койсо, анда башка кеп. Бул жеңилдик орозо кармоочуларга гана, эгер орозо кармабагандар болсо аларга орозо айы же орозо айы эмес экендиги баарыбир. Өзү орозо кармабай орозо кармоочуну иштеткен, ошону менен катар эгер орозо жана намаздын себебинен жумуштан бир аз кечигүү болуп калса каарын төккөн, уясыз жана орой мүнөздүү кожоюн туурасына эмнесин сөз кыласын! ...

"Ал эми зулумдук кылгандар кандай (оор) абалга кабылаарын жакында билишет ".

Андан кийин Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи саллам) орозодо төрт нерсени өкүм кылууга өкүм кылды.
Биринчи -бул шахадат келмеси. Ал хадистерде зикирлердин эң абзели деп айтылган.
"Мишкатта " Абу Саъид Худри (разияллоху ъанху) дан риваят кылынат. Муса (ъалейис салам) бир жолу Алла Тааладан сурады: " Эй, Роббим! Сен мага ушундай бир келме үйрөт, мен аны менен Сени эстейин жана Сага кайрылайын ". Алла Таала ага: "Лаа илаха иллаллох," келмесин оку ", -деди. Муса)(ъалайхис салам): "Эй, Роббим! Бул келмени сенин бардык пенделериң айтат. Мен өзгөчө өзүмө гана таандык нерсени сурап жатамын ", деди. Алла Таала айтты: "Эй, Муса! Эгер жетир катар асман, жети катар жер таразанын бир табагына коюлса, ал эми таразанын экинчи табагына жогорудагы келме коюлса, сөзсүз таразанын экинчи табагы басып кетет ".

Бир хадисте айтылган: "Ким ихлас менен бул келмени окуса бул сөздөрдүн урматынан ага асман эшиктери ачылат жана бул келме эч бир тоскоолсуз Аршка чейин жетет, эгер келме айтуучу пенде өзүн чоң күнөөлөрдөн сактап жүргөн болсо. Ошондой эле Алла Талланын эрежеси боюнча жалпыга зарыл болгон нерселерди көп берет. Жакшылап карап көрсөк, дүйнөдө эмне көп керек босо, ошол нерсе ошончо көп экендиги байкалат. Мисалы суу бардыгына керек, Алла Талла чексиз ырайымдуулугу менен сууну ошончолук кенен жаратып койду. Ал эми химиялык элементтер сыяктуу керексиз нерселер өтө сейрек кездешет. Ошондой эле Лаа илаха иллаллах келмеси дубалардын абзели. Көптөгөн хадистерде бул келмени эң улуу экендиги айтылган. Алла Талла бул келмени да ошончолук жалпы кылып койгон, аны окубай коюга эч кандай тоскоолдук жок, аны баары окуса болот. Эми ушунчалык баарына жалпы кылып койгондо да окубаса, анда бул анын жеткен бактысыздыгы. Көптөгөн хадистерде келменин артыкчылыгы, сооптору жөнүндө жазылган, аларды кыскартуу максатында жазганым жок.

Жогорудагы хадисте көп кылууга айтылган экинчи нерсе -бул истагфар. Хадистерде истигфар кылуунун көптөгөн фазилеттери айтылган.
Био хадисте: "Истигфарды көп кылуучуга Алла Талла ар түрдүү кыйынчылыктан кутула туршан жол ачып берет. Ошону менен катар ар түрдүү кайгы -капада боштондук берет жана күтүлбөгөн жерден ага ырыскыкысын жеткирет ", -деп айтылган. Дагы бир хадисте айтылган "Пенде баарыбир күнөөлү болот, бирок эң жакшы күнөөкөр -күнөөсүнө тообо кылса ". Ошондой эле башка хадистерде: "Качан адам бир күнөө кылса, анан жүрөгүнө бир кара чекит түшөт. Эгер ал тооба кылса, ал жуулуп кетет. Бобосо ошол бойдон кала берет ", деп айтылган.

Уландысы бар...

"Фазаил амал "китебинен..

‍‍‍"Бактылуулук Формуласы ".

Технологии Blogger.