Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком June 13. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

 

🏻Орозонун сообу Алланын алдында жашуруун. Кудсий хадисте:
«Адам баласынын ар бир амалы жана иш-аракеттери өзүнө таандык. Орозо болсо андай эмес! Анткени ал мен үчүн. (Анткени мен ичип-жебейм жана бүткүл адамзаттык сапаттардан аруумун) Ошондуктан мен анын сыйлыгын (жекече түрдө) мол-мол беремин.» – деп айтылат. (Бухарии)..

Билесизби тууганым эгерде сиз орозо тууралуу ,аятар,хадистерди окуп,укбаганыңызда балким орозо кармабай,Жараткандын эсепсиз сыйлыктарынан кур калат белеңиз. Бул да Жараткандын жеткизген сиз жана бизге мүмукүнчүлгү,ырайымыдыр. Техника,илимдин өнүгүсү менен баарын билип олтурабыз ,орозо биз үчүн канчалык табылыгыс казына,түбөлүк бактылуулктун сапарына зор даярдык,адамдык сыпатка ээ болуу,Жараткандын ыраазылыгына жетүү экенин билип,күндүн ысыгына карабай орозо кармаган жаштарыбыз,алтымыш-жетмиштеги апа -аталарыбыз туткандыгы сүйүндүрбөй койбойт. Аллах Таалам үмүт,ишеним ,калоо -тилектер менен кармаган орозоңуздарды кабыл кылсын!

Куранда төмөнкүчө баяндалат:
«Орозо туткан эркектер менен орозо туткан аялдар; уяттуу жерлерин сактаган эркектер менен уяттуу жерлерин сактаган аялдар; Алланы көп зикир кылган эркектер менен Алланы көп зикир кылган аялдар – буларга, Алла Таала кечирим жана эбегейсиз чоң сыйлык даярдаган.» (Ахзаб: 35)

Расулалла (саллаллоху алейхи васаллам) болсо бул сыйлыкты мындайча баяндайт:

«Орозо кармагандын сүйүнө турган эки нерсеси бар:

1. Биринчиси ооз ачкан (Алланын ырыскысына жеткен) убакта сүйүнөт.

2. Экинчиси Алланын алдына барганда, туткан орозосунун берекеси аркылуу жогору даражага жеткендиги үчүн сyиyнөт.» (Бухарий)…

Булардан байкалгандай, Алла Таала бере турган сыйлыгын адам баласынын орозого болгон арзуусун ойготуш максатта, жашыруун кармайт.

Орозо – бул, ырыскы-неметтардын кадырын билдирген, шүгүрчүлүк кылуу сезимдерин ойготкон, колунда жоктордун, бей-бечаралардын ал-акыбалын сездирген, напсилик арзуу-каалоолорду жойгон, материалдуулуктун туткунунан куткарып, «сабыр» деп аталган эң жогорку адеп-ахлакка ээ кылган бир ибадат. Ыйык Рамазан орозосу таравих намазы жана саарлык сергектиги менен абдан маанилүү.

Орозо менен намаздын Алла тарабынан кабыл кылынышы үчүн жүрөктүн арууланышы, тактап айтканда хушуу (ыклас менен) шарт. Намаздар ылдам окулуп, тамакты сиңиртиш үчүн, орозо болсо ачкачылыкка чыдоону үйрөнүш үчүн болбошу керек. Бул себептен улам, намаз ибадатында болгондой эле, орозодо да пендени чын ыкыластуулукка багыттаган көптөгөн кылдаттыктар бар.

Ооз ачуунун жана саарлык ичүүнүн мааниси

Мухаммед пайгамбар (с.а.в.) күндүзү орозо кармоого дарамет болушу үчүн саарлыкта тамактанууну сунуштаган. «Биздин орозобуз менен ахлу-китептин кармаган орозосунун ортосундагы айырмачылык – саарлыкта тамактануу болуп эсептелет» деп саарлык ичүүнү орозодо мусулмандарды өзгөчөлөнткөн сапат катары кабылдаган. Саарлык ичүү абдан маанилүү болгондуктан, «саарлык ичкиле, себеби саарлыкта береке бар» деп айтып, жок дегенде бир чыны суу менен болсо да саарлык ичүүнү сунуштаган. Хадистерде кечинде ооз ачканга шашылып, саарлыкты кечирээк ичкен туура экендиги айтылат. Ар биринин мааниси бар. Кечинде ооз ачканда алгач суу ичкен туура. Себеби кечке ачка болуп турган ашказанга суу барып тамакты кабыл алууга даярдайт. Өтө майлуу, куурулган тамактардан баш тартып, дымдалган, бууга бышкан тамак жеген оң. Мусулмандык парзыбызды аткаруу менен бирге, бул айда 12 саат бою азык жеп тынбай иштеп турган органдарды да тазалаган, эс алдырган болобуз.

Мисалы хадисте айтылган: «Ооз ачууда шашылгыла, саарлыкты кечиктиргиле!» (Табарании, Мужамул Кабир, 25, 163) деген буйрук – булардын бири …

Бул буйрук Алланын чектөөлөрүнө кылдат мамиле кылуу жана маани берүүнү билдирет. Тагыраак айтканда, саарлыкты кечиктирип, иптар убактысы кирери менен оозду ачуу Алланын буйругуна урмат кылууну жана моюн сунууну билдирет. Иптар маалында, адамдар сүннөттө айтылгандай, дароо ооз ачышат. Бирок саарлыкта уйкунун таттуулугу себептүү, хадисте айтылгандай, кечиктирип ооз беките албай калышы мүмкүн. Андыктан Пайгамбарыбыз бир чыны суу менен болсо да саарлык кылыштын маанилүүлүгүнө (саллаллоху алейхи васаллам) көңүлдөрдү бурган: «Саарлык кылгыла, анткени саарлыкта береке бар.» (Бухарии, Савм, 20)…

Саарлыкты сөзсүз ичүү керек

Саарлыкты сөзсүз ичүү зарыл. Саарлык жалкоолуктан, алсыроодон, эстен танып калуудан тосот. Эгерде бул таңкы ырыскыны ичпесек, ашказандагы азыктардын аш болумдуусунун мыйзамы бузулат. Сооп менен кошо денеде болгон өзгөрүүлөрдү эстен чыгарбашыбыз керек. Организмдеги канда канттын нормасы туура сакталса гана адам сергек болуп, жакшы жүрөт, алсырабайт. Күндүзү жакшы жүрүш үчүн саарлыкты сөзсүз ичүү зарыл. Саарлыкта жашылча көп жеген туура, мисалы, бадыраңдын курамында суу болгондуктан саарлыкта жесе суусабайт, буурчакты кайнатып жесе болот, жумуртка, быштак жесе да кечке ток кармайт. Кантты, шириндиктерди көп жесе, курсак тез ачат, туз чаңкатат, азыраак пайдаланыш керек. Кечкисин оозду ачканга шашылган оң, ал эми жапканда кечирээк жапкан жакшы.

Орозобузду Жараткан Алла менен бирге болуу сезими ичинде тутунушубуз үчүн «саарлык, таравих, зикир, Куран жана дуба» сыяктуу рухий нерселерден лаззат алышыбыз керек.
Ооз ачар убак – дубалар кабыл болгон өзгөчө учурлар. Ошондуктан бул көз ирмемдердин башкалар менен чогуу өткөрүлүшү адам баласына бөтөнчө бейкуттук тартуулайт. Убакыттан пайдаланып өзүңө, ата -энеңе, жубайыңа, балдарыңа, тууган-уруктарыъа жана жалпы мусулман элине жакшылык тилеп дуба кыл! Чын ыклас менен кылган сенин дубаңдын себеби менен, бир туугандарың динге кирип, ырыскың көбөйүп, жашооң жеңилдеп калуусу толук мүмкүн . ..

Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) мындай дейт: «Ким орозо кармаганга иптар берсе, орозо туткан киши сыяктуу сооп алат.» (Термезий, Савм, 81) ..

Бул сүйүнчүнү уккан сахабалардын жардылары Расулаллага (саллаллоху алейхи васаллам) келип, өздөрүнүн байлардай орозо кармаганды тойгуза турганчалык ооз ачырууга күчтөрү жетпей турганын терең кайгыруу менен билдиришкенде, Алла Элчиси (саллаллоху алейхи васаллам) төмөнкүдөй деген: «Ким орозо кармаганды бир курма, же бир ууртам суу, же сүт менен ооз ачтырса да, Алла Таала ага ошол эле соопту берет.» (Ибн Хузайма, Сахих, III, 191)…

Запись ООЗ АЧУУНУН ЖАНА СААРЛЫКТЫН БЕРЕКЕСИ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Сөзүн мындай баштайт: Менин үч уулум бар. Мен алардан бөлөк өзүм жалгыз жашайм. Бир күнү улуу уулумдун үйүндө конок болуп түнөп калуу үчүн бардым. Эрте менен келинимден дааратка суу алып келүүсүн сурандым. Алып келген сууга даарат алып, калганын өзүм жаткан төшөккө төгүп салдым.
Эрте мененки тамак учурунда келиниме: “Кызым картаң кишини билесиң. Төшөккө сийип койдум…” -деп сөзүмдү аяктагыча, мени каргап уруша баштады. “Төшөктү жууп кургатып кой, экинчи кайталоочу болбо. Эгер кайра кайталоочу болсоң…” Мен ачуумду жутуп, төшөктү жууп кургатып койдум да, экинчи уулумдун үйүнө бардым. Анын үйүндө да кайталадым. Келиним катуу зекиди. Мага болушат го деген ойдо уулума айтсам келиниме унчуккан жок. Алардын үйүнөн да чыгып, кенже уулумдукуна бардым. Ал жерде да кайталадым. Эрте мененки чайда келиниме абалымды айттым. Келиним: “эч нерсе эмес энеке, биз кичинебизде канча ирет көйнөгүңүздөргө сийип койгонбуз. Бул карылыкта боло турган көрүнүш.” -деп жууп, кургатып койду.
Мен келиниме: Кызым, менин бир кошунам бар. Ал мага базардан зер буюмдарды ала келүүм үчүн акча берген эле. Жүр мени менен базарга барып кел. – деп, базардан бир топ алтын, күмүш тагынчактарды сатып алдым.

Ошол күнү кечинде балдарымды аялдары менен кошо кичине келиндин үйүнө кечки тамакка чакырдым. Баарына болгон окуяны төкпөй чачпай айтып бердим. Сатып алган зер буюмдарды кенже келиниме бердим да: “Мына ушул келиним мен эч нерсеге жарабай калган мени карайт. Калган өмүрүм ушул келинимдин үйүндө өтөт.”-дедим. Калган эки келин кылгандарына аябай өкүнүштү…

Запись КАРЫГАН КЕМПИРДИН ОКУЯСЫ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Кечээ, 11-июндан 12-июнга оогон түнү Россиянын борбору Москва шаарында эмгектенип жатышкан кыргыз улан-кыздарыбыз өз ара демилге көтөрүшүп, ошол эле Москвада кафе, чайкана, ресторан иштетишкен, соода түйүндөрүн жетектеген, медициналык борборлорду уюштурушкан мекендештерибизге жана Москвадагы кыргыздардын маданият үйүнө жарамазан айтышты.

Мындай саамалык менен алыста жүрүшкөн мекендештерибиз ортодогу өз ара ынтымакты дагы бир ирет бекемдешип, кыргыздар кайда болбосун шайыр, каада-салтын сактаган, жакшылык-жамандык күндөрдө ар дайым бирге боло алышкан улут экенин тастыктоо менен сыймыктана алышаарын иш-чараны уюштуруучулардын бири Зулпидин Нурматов билдирди.

З.Нурматов маалымдагандай, жарамазан айтуудан түшкөн каражатты толугу менен Москвада ооруп жаткн мекендешибиздин атасына беришкен.

Кайрымдуулук жарамазанындан түшкөн акчаны ооруп жаткан Мухидин инибизге беребиз деп чечкенбиз. Элден айланса болот, жалпысынан 55200 рубль акча чогулду жана ал акчаны Мухидин инибиздин атасы Тажидин акеге толук тапшырдык. Мухидин инибизге Аллах шыпаа берсин!, -деген Зулпидин Нурматов жарамазанчылардын атынан Москвадагы кыргыз ишкерлерине ыраазычылыгын айтат.

Запись Москвада кыргыз жаштары жарамазан айтышып, чогулган акчаны ооруп жаткан мекендешибизге беришти впервые появилась Formula.KG.

Технологии Blogger.