Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком сый-урмат. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Сөзүн мындай баштайт: Менин үч уулум бар. Мен алардан бөлөк өзүм жалгыз жашайм. Бир күнү улуу уулумдун үйүндө конок болуп түнөп калуу үчүн бардым. Эрте менен келинимден дааратка суу алып келүүсүн сурандым. Алып келген сууга даарат алып, калганын өзүм жаткан төшөккө төгүп салдым.
Эрте мененки тамак учурунда келиниме: “Кызым картаң кишини билесиң. Төшөккө сийип койдум…” -деп сөзүмдү аяктагыча, мени каргап уруша баштады. “Төшөктү жууп кургатып кой, экинчи кайталоочу болбо. Эгер кайра кайталоочу болсоң…” Мен ачуумду жутуп, төшөктү жууп кургатып койдум да, экинчи уулумдун үйүнө бардым. Анын үйүндө да кайталадым. Келиним катуу зекиди. Мага болушат го деген ойдо уулума айтсам келиниме унчуккан жок. Алардын үйүнөн да чыгып, кенже уулумдукуна бардым. Ал жерде да кайталадым. Эрте мененки чайда келиниме абалымды айттым. Келиним: “эч нерсе эмес энеке, биз кичинебизде канча ирет көйнөгүңүздөргө сийип койгонбуз. Бул карылыкта боло турган көрүнүш.” -деп жууп, кургатып койду.
Мен келиниме: Кызым, менин бир кошунам бар. Ал мага базардан зер буюмдарды ала келүүм үчүн акча берген эле. Жүр мени менен базарга барып кел. – деп, базардан бир топ алтын, күмүш тагынчактарды сатып алдым.

Ошол күнү кечинде балдарымды аялдары менен кошо кичине келиндин үйүнө кечки тамакка чакырдым. Баарына болгон окуяны төкпөй чачпай айтып бердим. Сатып алган зер буюмдарды кенже келиниме бердим да: “Мына ушул келиним мен эч нерсеге жарабай калган мени карайт. Калган өмүрүм ушул келинимдин үйүндө өтөт.”-дедим. Калган эки келин кылгандарына аябай өкүнүштү…

Запись КАРЫГАН КЕМПИРДИН ОКУЯСЫ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Фираундун ким экенин билесиңби?

Фираун Исраил коомунда адамдарды кой мууздагандай мууздайт эле…

Аялдардын курсагын жарып өлтүрөт эле…

Аллахтын пайгамбары Муса алайхис-саламды өлтүрүүгө аракет кылган эле…

Муса алайхис-салам менен талашуу үчүн сыйкырчыларын топтоп келген эле…

«Мен силердин Кудайыңармын» деп өзүн Жаратуучуга теңеген эле…

Анын каапырлыгы жана залымдыгы чектен ашып кеткен болчу.

Ошон үчүн Муса пайгамбар Аллахка кайрылып: …
«Оо, Раббим! Сен Фираун менен анын адамдарына дүйнө жашоосунда (ар түрдүү) зыйнаттарды жана мал-мүлктү бердиң. Оо, Роббим! (Сен дүйнөнү аларга) Өзүңдүн жолуңдан адашып кетүүсү үчүн гана бергенсиң. Оо, Роббим! Алардын малмүлкүн кыйратып, жүрөктөрүн катырып сал! Качан гана жан чыдагыс азапты көрмөйүнчө ыйман келтире албай калышсын!» – деп дуба кылат. (Юнус сүрөсү, 88-аят).

Дубанын күчтүүлүгүн кара жана бул дубаны ким кылып жатканына көңүл бур.
Дубаны Муса пайгамбар, Аллах менен түздөн-түз сүйлөшкөн пайгамбар кылып жатат.

Аллах Таала бул дубаны кабыл кылды, бирок анын жообун арадан кырк жыл өткөндөн кийин гана кайтарды. Эмне үчүн?

Эмне үчүн ушундай чектен чыккан адамды Аллах Таала дароо эле жазалабады?

Бул суроого Ибн Касир (Аллах аны ырайым кылсын) өз тафсиринде минтип жооп берет:

Фираундун энеси бар болчу. Ал энесин сыйлап, жакшы мамиле жасайт эле. Ошол себептен анын энеси дүйнөдөн өткөнгө чейин Аллах Таала аны жазалаган эмес. Аллах Таала ата-энеге жакшылык кылуучуларды ушундай сыйлайт…

👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

Запись Фираун энесин сыйлаганбы?​ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

♥ ЭНЕКЕМ ♥

Энемди эстеп жүрөмүн
Сагынам нурдуу күлгөнүн,
Энем бар жашоом жапжарык
Энекем сизди сүйөмүн.

Ыйласам кошо ыйлаган
Эч убак милдет кылбаган,
Мээримин төгүп ар убак
Тажабай мени тыңдаган.

Аллахтан мен суранам
Күнөөсүн кечир энемдин,
Эшигин ачып бейиштин
Киргизсе экен деп тилеймин.

Энени барктай билели
Кадырын дайым сезели,
Кызматын кылып талбайлы
Өкүнүп кийин калбайлы!

♥ ОЮМ ДА, КӨҢҮЛҮМ ДА ДАЙЫМ СИЗДЕ! ♥

Эмизип ыйласам да түн ичинде,
Сооротуп, эркелетип чоңойттуңуз.
Чонойдум бой жетилип мына эми,
Бул үчүн сиз көп эмгек короттуңуз.

Энекем бейиш сенин таманыңда,
Жеткирген пайгамбарым муну мага.
Энеке жүрүңүзчү ден соолукта,
Сурайын дуба кылып жаратканга.

Энеке өмүрүңүз узун болсун,
Жүзүңүзгө ар убакта күлкү толсун!
Урматын кыз-келиндин көрүңүзчү,
Толтуруп бакыт шаңга төрүбүздү.

Айтылган каалоо тилек баары сизге,
Жараткан дем-күч берсин демиңизге.
Энеке сиз ушуну унутпаңыз,
Оюм да, көңүлүм да дайым сизде!


👤 Элизат Мусабек кызы,
👪 «БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Фираундун ким экенин билесиң­би?

Фираун Исраил коомунда адам­дарды кой мууздагандай мууздайт эле…

Аялдардын курсагын жарып өл­түрөт эле…

Аллахтын пайгамбары Муса алайхис-саламды өлтүрүүгө аракет кылган эле…

Муса алайхис-салам менен тала­шуу үчүн сыйкырчыларын топтоп кел­ген эле…

«Мен силердин Кудайыңармын» деп өзүн Жаратуучуга теңеген эле…

Анын каапырлыгы жана залым­дыгы чектен ашып кеткен болчу. Ошон үчүн Муса пайгамбар Аллахка кай­рылып: … «Оо, Раббим! Сен Фираун менен анын адамдарына дүйнө жа­шоосунда (ар түрдүү) зыйнаттарды жана мал-мүлктү бердиң. Оо, Роб­бим! (Сен дүйнөнү аларга) Өзүңдүн жолуңдан адашып кетүүсү үчүн гана бергенсиң. Оо, Роббим! Алардын мал- мүлкүн кыйратып, жүрөктөрүн ка­тырып сал! Качан гана жан чыдагыс азапты көрмөйүнчө ыйман келтире албай калышсын!» – деп дуба кылат. (Юнус сүрөсү, 88-аят).

Дубанын күчтүүлүгүн кара жана бул дубаны ким кылып жатканына кө­ңүл бур. Дубаны Муса пайгамбар, Ал­лах менен түздөн-түз сүйлөшкөн пай­гамбар кылып жатат. Аллах Таала бул дубаны кабыл кылды, бирок анын жоо­бун арадан кырк жыл өткөндөн кийин гана кайтарды. Эмне үчүн? Эмне үчүн ушундай чектен чыккан адамды Аллах Таала дароо эле жазалабады?

Бул суроого Ибн Касир (Аллах аны ырайым кылсын) өз тафсиринде минтип жооп берет: Фираундун энеси бар болчу. Ал энесин сыйлап, жакшы мамиле жасайт эле. Ошол себептен анын энеси дүйнөдөн өткөнгө чейин Аллах Таала аны жазалаган эмес. Аллах Таала ата-энеге жакшылык кылуучулар­ды ушундай сыйлайт…

The post Фираун энесин сыйлаганбы? appeared first on FORMULA.KG.


October 03, 2015 at 11:15PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Заман акырына жакындап, адам зат бузулуунун акыркы че­гинен чыгып, адамдык сыпат­тан толук ажырап бара жатка­нына жакында дагы бир жолу күбө болдук. Өлбөсөң көрбө­гөндү көрүп, укпаганды угат экенсиң, эзели ар-намысынан ажырабай, таза, аруу жашап келген элибиздин арасынан эки жашар балага зордук-зомбулук көрсөткөн айбанды да көрдүк. Баса, айбан деп айтканым да туура эмес болуп калар, антке­ни айбан атмайдын эч бири эр­кегине асылбайт. Ургаачысына да туут жашына жеткенде гана кошулат. Демек, мындай арам ишке барган «нааданга» ыла­йыктуу жаман ат табуу да мүм­күн эмес экен. Эмнеси болсо да, болор иш болду. Ар ким өз жазасын алат. Ар ким күнөөсү­нө жооп берчү күн келет. Ме­нин айтайын дегеним, биздин жаш балдарыбызга болгон ма­милебиз сууп бара жаткандай. Бул окуядан сырткары да жаш балдар-кыздарга зордук-зом­булук көрсөтүп, күч колдонгон фактылар толтура. Ата-энеси тирүү туруп «тирүүлөй жетим» болуп жетим каналарды тол­турган балдар канча. Бешиктен бели чыкпай базарда «такси» айдап, көчөдө суранып тилем­чилик кылып жүргөн балдар­дын ата-энелери деле оо дүйнө сапар алып кеткен эмес (балда­рын ушундай абалга калтырып, өз жанын багып жүргөндөн көрө, оо дүйнө кеткени жакшы болмок).

Баланын жыпар жытын, ту­нук күлкүсүн, таттуу тилин, жү­рөк элжиреткен кылыктарын эч нерсеге алмаштыруу мүмкүн эмес. Мунун баарына көңүл бурбай, жашоо-турмушту шыл­тоо кылып, баланы таштап ке­түү адамдын жүрөгүнүн мерез­дигинен гана болот. Мерездик жана мээримсиздиктен башка эч нерсе өз канынан жаралган баланы таштап кетүүгө, же ага жаман мамиле жасоого түрткү боло албайт. Мындан сыртка­ры, адамдын адамдык сыпа­тын сактоого дин, ыйман чоң өбөлгө болот. Динди түшүнүп, дин көрсөткөн жол менен жүр­гөн адам, жашоодогу баланын ордун, баланын баалуулугун баалай билет. Эми кезеги кел­генде Исламда балага кандай мамиле кылуу керектиги туура­луу айта кетели.

Бала бул ата-энеге Алла Таа­ла ыроологон чоң нээмат. Жөн эле балалуу болуп алуу ар бир ата-эненин колунан келбейт. Эгер Алла бербесе, эч ким бала­луу боло албайт. Өмүр бою ба­ланын жытына зар болуп жүрүп өтүп кеткендер толтура эмеспи? Демек, бала – ата-энеге Алла тарабынан берилген аманат. Аны аздектеп багып, тарбиялап чоңойтуу ата-эненин милдети. Балага кандай мамиле кылууну пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) тили менен да, амалы менен да бел­гилеп кеткен. «Баланын жыты – бейиш жытындай», «Улуу­ларга урмат – кичүүлөргө ызаат кылбаган адам бизден эмес», «Балдарга мээримдүү болгу­ла, ким мээрим төкпөсө, ага да мээрим кылынбайт» деген сыяктуу осуяттарын калтырган пайгамбарыбыз жаш балдарга өтө мээримдүү болчу. Бир ирет небереси Хасанды кучактап өөп жатканын көргөн бир адам: – Ой, Алланын элчиси, менин он балам бар, бирок бирөөсүн да өөп, эркелетпейм, – дегенде, пайгамбарыбыз өкүнүп: «Се­нин жүрөгүңдөн мээрим нурун алып салса эмне кылайын. Ким башкаларга мээримдүү болсо, ага Жаратуучу мээрим төгөт» – деп каңырыгы түтөгөн эле. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) намаз окуп жаткан учурда небереле­ри анын моюнуна минип алган учурлар болчу. Ошондо ыйык чекесин саждадан көтөрбөс­төн, качан алар өз каалооло­ру менен түшүп кетмейинче, эңкейип тура берчү. Бир жолу Умар (Алла андан ыраазы бол­сун) пайгамбарыбыздын үйүнө кирсе, ал неберелерин үстү­нө мингизип алып жөрмөлөп жүргөн экен. Умар (Алла андан ыраазы болсун) бул көрүнүшкө суктанып: – Оо, Алланын элчи­си, сиз кандай сонун улоосуз, – десе, пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты бол­сун) анын сөзүнө жооп кылып: – Жок, бул балдар кандай сонун чабандестер, – деп айткан эле. Пайгамбарыбыз мейли намаз болсун, мейли кутба учуру бол­сун жанына жөрмөлөп келип алган неберелерине көңүл бур­бай коё алчу эмес. Минбарда кутба айтып жаткан учурунда кирип келген небересин колу­на ала коюп: – бала деген ушун­дай таттуу болот, булардын таттуулугун көрүп туруп, көңүл бурбай коё албаймын, – деп, динде балага кандай мээрим төгүү керектигин үйрөтүп кет­кен. Көчөдө бара жатканда ойноп жаткан жаш балдардын жанына токтоп, аларга салам берип, чачтарынан сылап, анан жолун улачу. Сахабаларынын бири пайгамбарыбыздын ба­лага болгон мээрим сүрөттөп: «Мадинанын көчөсүндө ойноп жүргөн секелек кыздардын кимиси болбосун, пайгамбар­ды колунан жетелеп, каалаган жагына алып кете алат болчу» – деп айткан. Убактылуу дүйнө­нүн эч бир көйгөйүнө кайгырба­ган сабырдуу пайгамбарыбыз бир жарым жашка толуп калган уулу Ибрахим чарчап калган­да, көз жашын токтото албай жашып, жаштары сакалдарын жууп турганын көргөн Абдурах­ман: – Оо, Алланын элчиси, сиз ыйлап жатасызбы? – деп таң­данганда, сууланган сакалын сылап: – Бул – мээримдүүлүк­түн көз жашы, көкүрөктөн муң, көздөн жаш чыгат, бирок Алла ыраазы болчудай сөздөрдү гана сүйлөйбүз, – деп өзүн бас­кан эле.

Мына ушундай, кары менен жашты, ата менен баланы, баа­рын өз ордуна койгон динден алыстап, абалыбыз мышык ыйлоочудай болуп бара жатат. Атанын наркын, баланын бар­кын билбей, маңкурт болуп, күн өткөн сайын сай сөөктү сыздат­кан жаман көрүнүштөргө дуу­шар болуудабыз. Мындай кө­рүнүштөргө жөн эле нааразы­лыгыбызды билдирип отуруп калбастан, андан кутулуунун, аны дарылоонун жолун изде­бесек, мындан жаманын да көрүп калуубуз ажеп эмес. Ал­лахым, Өзүң бизди туура жолго баштап, жамандыктардан сак­тай көр. Аялдарды таштап, эр­кектерге үйлөнүп кетишкен Лут коомунун башына түшүргөн азабыңды бизге түшүрө көрбө!

Мирланбек Акматалиев

The post Атанын наркы, баланын баркы жоголдубу? appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


September 09, 2015 at 10:50AM
Технологии Blogger.