Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком 2017 at 10:17PM. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Үй-бүлөлүк бакыт – ар бирибиздин кыялыбыздагы нерсе. Жадакалса үй-бүлө кура электер дагы бул тууралуу ойлонбой коюшпайт. Сүйүктүү жолдошуна бакыт тартуулоо үчүн аялзаты эмне кылышы керек? Көпчүлүгүбүз бизди бактылуу кыла турган адам тууралуу кыялданабыз. Ал бакытка жетүү негизинен аялзатынын колунда экенин аңдай бербейбиз. Эгерде төмөнкү кеңештерге көңүл буруп, алардын ар бирин жашооңузда колдонсоңуз, чыныгы бактылуу боло аларыңызга кепилдик бар.
1. Өзүңүздүн аял экениңизди эсиңизден чыгарбаңыз. Бир аз алсызыраак болсоңуз, бул сизге пайда гана алып келет. Социологдор тастыктагандай, көп никелер үй-бүлөдөгү бийликти талашуунун айынан бузулат. Жолдошуңуз үйдө өзүн күчтүү сезсин. Кантсе да ал кичинекей мамлекеттин кожоюну эмеспи. Андыктан жолдошуңуз менен тең тайлашпай, кичине болсо да ийкемдүү болуп коюңуз.
2. Жолдошуңуздун жаман сапаттарын издебестен, жалаң гана жакшы жактарын издеңиз. Ал эми кемчиликтери тууралуу унутуп коюңуз. Мүмкүн болбогон нерсени өзгөртүүгө аракет кылуунун кереги жок.
3. Жөнөкөй болуңуз. Эгерде мүмкүнчүлүгү жок болсо, кымбат баалуу белектерди андан талап кылбаңыз. Аны кемсинтип айланасындагы бай адамдар менен салыштыруунун кереги жок. Андан көрө акчасын сактоого, үнөмдөөгө жардам бериңиз.
4. Сүйүктүү адамыңызга ар убак ыраазы болуңуз. Ошондо ал сизге дагы-дагы жагымдуулуктарды тартуулаганга аракет кылат. Анан да мактаганды унутпаңыз, ал анчалык деле кыйын эмес да. Эркектер аялынан мактоо укканды жакшы көрүшөт.
5. Жолдошуңуз үчүн кызыктуу болуңуз. Сүйлөшүү үчүн жалпы тема таап, аны эмне кызыктырарын билип алыңыз. Жалпы кызыкчылыктар түгөйлөрдү жакындаштырат, андыктан үйлөнбөй туруп бири-биринин билим деңгээлдерин билип алгандары жакшы.
6. Ар убак күлүп, жылмайып жүрүңүз. Жылмаюу – адамдын сулуулугуна сулуулук кошот. Ал эми ар бир эркек жанындагы аялынын сулуу болушун каалайт.
7. Жолдошуңуздун кылган ишинен кыйкым таба бербеңиз. Оор басырыктуу болуп, аныкы туура эмес болуп жаткан күндө да уруштун отун тутантпаңыз. Андан көрө талаш-тартышты токтотуп, экөөңүздөр тең тынчтангандан кийин ортодогу маселени жай олтуруп чечип алыңыздар. Кыйкырып-бакыргандан эч кандай майнап чыкпайт.
8. Ишениңиз, бирок сүйүүсүн текшериңиз. Татыктуу кызганыч сүйүүнү бекемдейт. Андыктан сизге баары бир эмес экенин сездириңиз. Ал кимдер менен мамиле түзүп, кимдер менен иштегени тууралуу биле жүрүңүз. Бирок чектен чыгып ашыкча кызганып, уруш-талашка чейин жеткирбеңиз!
9. Эркек таш эмес. Ошондуктан келбетиңизге көңүл буруп, өзүңүздү жакшы алып жүрүңүз Анын алдында жарашыктуу кийинип, дайыма жагымдуу жыттанып туруңуз.
10. “Сүйүү бара-бара өчүп жок болот” деген сөзгө ишенбеңиз. Бул туура эмес. Сүйүү убакыт өткөн сайын өсүп, көбөйүп турат. Болгону маал-маалы менен “коломтого отун таштап” турсаңыз, от жалындай берет.
11. Үй-бүлөлүк сырды сактай билиңиз. Үйдөгү маселени башка бирөөгө айтканда анын кеңеши, тескерисинче, залакасын тийгизиши мүмкүн.
12. Балдардын көзүнчө жолдошуңузга өйдө карап сүйлөбөңүз, себеби бала уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат.
13. Күйөөңүздү дароо эле күнөөлөп кирбей, актоону үйрөнүңүз. Эгерде ал сизди таарынтып койсо, “балким, ал чарчады”, “балким, анын маанайы жок” жана башка.
14. Дайыма ишенимдүү болуңуз. Айрыкча башына кыйынчылык түшкөндө колдооңузду унутпаңыз. Жолдошуңуздун жападан жалгыз жакын адамы сиз экениңизди унутпаңыз.
15. Жолдошуңуз эс алып жатканда балдардын ызы-чуу салуусуна жол бербеңиз. Үйүңүздүн дайыма таза, иреттүү болушуна көңүл буруңуз. Маал-маалы менен үйдөгү буюмдардын ордун алмаштырып туруңуз. Мүмкүн болсо бул иш менен чогуу алек болуңуздар, анткени чогуу жумуш жасоо түгөйлөрдү бири-бирине жакындатат.
16. Өзүңүздүн ийгиликтериңизди жолдошуңуз менен тең бөлүшө билиңиз.
17. Үй жумуштары менен көбүрөөк алек болууга аракет кылыңыз. Себеби жумуш жасоо стресстен арылтат!
18. Жашоодогу кайгылуу окуяларды эстебей, тескерисинче, кубанычтуу, маанайды көтөрө турган учурлардан эстеңиз.
19. Түгөйүңүздүн жумушун түшүнүүгө аракет кылыңыз. Жумуштан кеч келсе ачууланбай тосуп алып, алыска иш сапарына кетип баратса жакшы маанайда узатыңыз. Келгенде жакшы жаңылыктардан сөз баштаңыз. Сиздин аябай күткөнүңүздү, сагынганыңызды сезсин.
20. Романтика үчүн убакыт табыңыздар. Чогуу сейилдеп, жаратылыш койнунда чогуу эс алыңыздар. Мындай аракеттер чыңалуудан арылтат.

 

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

Запись УЙ-БУЛООЛУК БАКЫТТЫ САКТАШ УЧУН АЙЫМДАРГА КЕНЕШ: впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Күмөн ойлор пендени кесел кылып бузуу үчүн колдонулган шайтандын кылтагы болот. Ошондуктан күмөн саноо жамааттарды, алардын байланыштарын бузуп, бир туугандык мамилелерди үзөт. Алла Таала жана Анын Элчиси күмөн ойлорду ойлоодон тыйган. Алла Таала айтты:

( ﻳَﺎ ﺃَﻳُّﻬَﺎ ﺍﻟَّﺬِﻳﻦَ ﺁﻣَﻨُﻮﺍ ﺍﺟْﺘَﻨِﺒُﻮﺍ ﻛَﺜِﻴﺮًﺍ ﻣِﻦَ ﺍﻟﻈَّﻦِّ ﺇِﻥَّ ﺑَﻌْﺾَ ﺍﻟﻈَّﻦِّ ﺇِﺛْﻢٌ ۖ ﻭَﻟَﺎ ﺗَﺠَﺴَّﺴُﻮﺍ ﻭَﻟَﺎ ﻳَﻐْﺘَﺐْ ﺑَﻌْﻀُﻜُﻢْ ﺑَﻌْﻀًﺎ ۚ ﺃَﻳُﺤِﺐُّ ﺃَﺣَﺪُﻛُﻢْ ﺃَﻥْ ﻳَﺄْﻛُﻞَ ﻟَﺤْﻢَ ﺃَﺧِﻴﻪِ ﻣَﻴْﺘًﺎ ﻓَﻜَﺮِﻫْﺘُﻤُﻮﻩُ ۚ ﻭَﺍﺗَّﻘُﻮﺍ ﺍﻟﻠَّﻪَ ۚ ﺇِﻥَّ ﺍﻟﻠَّﻪَ ﺗَﻮَّﺍﺏٌ ﺭَﺣِﻴﻢٌ ‏) ‏[ ﺳﻮﺭﺓ ﺍﻟﺤﺠﺮﺍﺕ : 12 ]

«Эй ыйман келтиргендер! Көп күмөн ойлордон алыстагыла. Албетте кээ бир күмөн ойлор – күнөө. Аңдыбагыла, кээ бириңер кээ бирөөлөрүңөрдү ушактабасын. Силердин бирөөңөр өлгөн бир тууганынын этин жешти жакшы көрөбү? Силер андан жийиркенесиңер. Алладан корккула – албетте Ал тообаларды кабыл кылуучу Ырайымдуу Зат». (Хужурат, 12-аят)

Пайгамбар, ага Алланын салават-саламдары болсун, айтты:
» ﺇِﻳَّﺎﻛُﻢْ ﻭَﺍﻟﻈَّﻦَّ ﻓَﺈِﻥَّ ﺍﻟﻈَّﻦَّ ﺃَﻛْﺬ ﺏُ ﺍﻟْﺤَﺪِ ِﻳﺚِ ﻭَﻻَ ﺗَﺠَﺴَّﺴُﻮﺍ ﻭَﻻَ ﺗَﺤَﺎﺳَﺪُﻭﺍ ﻭَﻻَ ﺗَﺒَﺎﻏَﻀُﻮﺍ ﻭَﻻَ ﺗَﺪَﺍﺑَﺮُﻭﺍ،ﻭَ ﻛُﻮﻧُﻮﺍ ﻋِﺒَﺎﺩَ ﺍﻟﻠَّﻪِ ﺇِﺧْﻮَﺍﻧًﺎ ‏» ‏[ ﺍﻟﺒﺨﺎﺭﻱُّ ]

«Күмөн ойлордон сактангыла, албетте күмөн ойлор сөздөрдүн эң жалганы жана аңдыбагыла, көрө албастык кылбагыла, жек көрбөгүлө, бири-бириңерден бурулбагыла, О Алланын кулдары бир тууган болгула». (Бухари)

Аалымдарыбыз айтат: Күмөн жүрөккө орноп алуучу жаман ойлор. Көбүнчө адам андан кутулууга күчү жетпей калат. Ошол убакта күмөн ойлорду жакшы ойлор менен күчсүздөтүү милдет болот. Эгер ага күчү жетпесе, адамдардын айыбын ойлобой өзүнүн айып кемчмликтерин, күнөөлөрүн эстеши керек. Андай кылса да жаман күмөн ойлордон кутула албаса, ал жөнүндө изилденбей жана сүйлөбөй коюусу керек. Ошондо гана күнөөдөн саламат (аман) болот.

Күмөн ойлорго мисал боло турган эл арасында эң көйгөлү, жиби үзүлбөгөн ушакчылык сыпат тууралуу сабак боло турган окуяга күбө болуң…

Ушактын зыяны

📌Бир адам үй кызматчы сатып алуу үчүн базарга барды. Ар түрдүү кулдардын арасы-нан көзүнө бир жаш бала урунду. Анын жаны-на келип, кожоюндан баасын сурады. Баланын баасы да арзан экен. Кожоюн айткан бааны берип баланы үйүнө алып келди. Эч кемчили-ги жок кул мындай арзан баага сатылбайт болчу. Жаңы кожоюн күмөн санап, бир канча күн баланын эмне кемчилиги бар экенин билүү үчүн артынан аңдып жүрдү. Анын эч кандай кемчилигин байкаган жок. Анын качып кетпесине да көзү жетти. Андан кийин аны өз жайына койду.
Арадан бир канча убакыт өткөн соң, бир күнү бала жаңы кожоюндун ая-лына келип:
– Айым, сиз мени кечирип коюңуз, бирок мен сизге бир нерсени айтууга тийишмин, – деди.
– Эмне кааласаң айта бер, мен сага жа-мандык кылбаймын, – деп жооп берди кожойке.
Бала бир аз оңтойсузданып сөзүн башта-ды:
– Сиздин кожоюн үстүңүзгө аял алууну ниет кылып жатканын билип калдым. Аял бир азга унчукпай калды, анан:
– А мен эмне үчүн сага ишенишим керек? – аял тынчсыздана суроо узатты.
Аялдын жү-зүнөн тынчсызданууну байкаган бала:
– Мен анын башка аял менен турганын көрдүм жана алардын сөзүн да уктум, бирок ишенүү сиздин эркиңизде, – деп кетмекчи болду.
– Коё тур! – аял кол жаңсап токтотту.
– Сен муну ага эмне үчүн айтып жатасың?
– Айым, мен сизге жакшылык гана каалайм, эгер сиз мүмкүнчүлүк берсеңиз бул абал-дан чыгуунун жолун көрсөтүүгө да даярмын. Кожойке баланын сөзүн тыңшап унчукпай калды.
Бала сөзүн улады:
– Эгер кожоюн сиз менен өмүр бою бир-ге болуусун кааласаңыз, менин айтканымды четке какпаңыз. Бүгүндөн калбай кожоюндун сакалынан бир канчасын устара менен кесип алыңыз. Андан ары эмне кылуу керектигин мага коюуңуз. Кожойке макулдугун билдирип, баланы кетирди.
Бала короодон чуркап чы-гып, бакта жүргөн кожоюнга келди.
– Кожоюн – деди ал энтигип,
– мен сизге жагымсыз кабар айтууга аргасызмын. Ко-жоюн чочуп кетип, баланы шаштырды:
– Айт, эмне болуп кетти!?
– Кожойке айым менен бир эркек сүйлө-шүп турганын көрүп калдым.- Ага анча күйүгөсүң, анан эмне болду?
– Мен алардын сөзүн да угуп калдым. Кожойке ал адамга турмушка чыгуу үчүн сиди өлтүрүүнү ниет кылып жатыптыр.Баланын сөзүнө тиги ишенбеди. Бирок, жүзү кызарып ачууланып чыкты:
– Мен эмне үчүн сага ишенишим керек, эм-неге жалган сүйлөп жатасың? – деп кыйкыр-ды.
– Кожоюн, эгер мага ишенбесеңиз, бүгүн кечинде уйкуга жаткан мезгилде сак жаты-ңыз, кожойке сизди устара менен мууздап саларын айткан. Ушул сөздү айткан бала артына чуркап кетти. Жүрөгү дүкүлдөп, деми кыстыккан ко-жоюн олтурган жеринде катып калды. Шайтан алгыр десе, эмне эле өзгөрүп калды десе, ою башка экен да…
Аялына жини келип, азыр эле чуркап барып муунтуп салгысы келди. Жок. Балким бул бала жалган айтып жүрбө-сүн. Андан көрө кеч кирүүсүн күтүү керек.Кожоюн үйгө кеч келди. Адатта алдынан тосуп чыкчу аялы бул жолу чыккан жок. Тамак ичүүгө олтурганда да эмнегедир күйөөсүнөн көзүн ала качып жатты. Мунун баары кожоюндун шектенүүсүн күчөтө бер-ди. Кожоюн төшөккө эрте жатты.
Үй тирилиги менен алектенген аял төшөккө кел-беди. Кожоюн көз кыры менен аялын карап уктамыш болуп көпкө жатты.
Бир убакта аялы анын жанына келип эңкейип карады да, уктап жатканын көргөндөн кийин акырын барып устараны алып кайра келди. Эңкейип күйөсүнүң ээк алдындагы сакалынан кармады. Ушул учурда күйөөсү ыргып туруп, аялын колго чапты. Устара колунан ыргып кетти. Ачууланган күйөөсү устараны алып аялына шилтеп жиберди. Курч устара күрөө тамы-рын шылып түштү.
Бир чыңырган аял жер кучактап жыгылды. Эртеси бул окуя эл ичине шамалдай тарады. Аялдын туугандары келип, анын куну үчүн «канга-кан» деп күйөөнү байлап кетиш-ти.
Ушинтип бир ушакчынын айынан эки адам өлүп, эки уруу бири-бирине жоо болуп кала берди…

Абу Лайс Самаркандий өз сөзүндө мындай дейт:

“Эгер сага бир инсан келип: Сени паланча ушундай деди, сен тууралуу мындай, тигиндей деп айтты, десе анда сен ушул алты нерсени кылышың керек:

1. Сен ага ишенбе! Себеби чагымчынын сөзү шарият өкүмүндө күбөгө жарабайт.
Аллах Таала Куранда бул тууралу мындай дейт:

“Оо, ыйман келтиргендер! Эгер силерге бир бузуку кабар алып келсе, кайсыл бир коомго байкабастык кылып, кийин өкүнүп калбоо үчүн оболу (ал кабардын чын түгүн) аныктагыла!”. (Хужрат: 6)

2. Аны ошондой иштен кайтаргын, себеби жамандыктан кайтаруу исламда важип амалдардын бири, бул тууралуу Аллах Таала Куранда мындай дейт:

“Оо мусулмандар! Силер (ааламдагы баардык) адамдар үчүн чыгарылган жакшы үммөт болдуңар. (Адамдарды) жакшылыка буйуруп жамандыктан кайтарасыңар” (Аали Имаран: 110)

3. Аллах үчүн жаман көргүн! Себеби ал күнөөкөр, ошондойлорду жаман көрүү керек, себеби Аллах Таала ушундай инсандарды жаман көрөт.

4. Жамандалып жаткан адам тууралуу жаман ойлоп калбагын! Себеби билбей туруп жаман күмөн саноо күнөө болот, бул тууралу Аллах Таала Куранда айтат:

“Чындыгында кээ бир Күмөндөр күнөө” (Хужрат: 12)

5. Сен анын артынан аңдыбагын Себеби Аллах Таала Куранда аңдыганды кайтарган:

“Бири бириңерди аңдыбагыла!” (Хужрат: 12)

Алтынчысы: Тиги ушакчыга нараазы болгондой, сен да ошол ишти кылбагын, ушакчы алып келген ошол сөздү эч кимге айта көрбөгүн. . . .

Ушак сүйлөгөн адамга күнөө болгондой эле, ушакты угуп олтурган адам да күнөө болот. Эгерде бир жерде ушак сөзү башталган болсо аны уккан адам токтотконго аракет кылуусу керек. Токтотууга эч мүмкүнчүлүк болбой бир коркунуч бар болсо, анда жүрөгү менен жаман көрүп, ал жерди таштап кетүүсү жакшы.

Аллах Таала Куран да мындай дейт:

“Эгер сен Биздин аяттарыбыз жөнүндө чындыка карышып сүйлөгөн адамдарды көрсөң, качан алар башка сөзгө чумкуп кирмейинче, алардан алыс бол. Эгер шайтан унуттурган болсо, (эсиңден чыгып алар менен олтурган болсоң) эстегениңден кийин адашкан коомдор менен олтурба!” (Анъам:68)..

👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

Запись Күмөн ойлор – сөздөрдүн эң жалганы впервые появилась Formula.KG.

Технологии Blogger.