Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком April 01. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Куштар – жашоодо кооздугу боюнча теңдешсиз кылынып жаратылган жандыктардын бири. Дүйнөдө алардын 10 миңге жакын түрү бар. Куштардын көрүү жана туюуу органдары абдан жакшы өрчүгөн. Күндүзү алар бардык нерсени түстүү кылып,кечкисин күрөң кылып көрүшөт. Албетте сулуулугу менен суктанткан бул куштар дүйнөсүнөн эң кооздорун тандоо өтө эле кыйын нерсе. Буга байланыштуу алардын ичинен өзгөчөлөнүп турган кээ бир гана куштар тууралуу сөз болмокчу.

Канаттуулардын ажайып дүйнөсү

Калибри– кичинекей канаттуулардын үй-бүлөсүнө кирет. Борбордук жана Түштүк Америкада жашайт. Жалпысынан 330 түрү бар. Ал эми Эквадор жана Колумбиядагы тропик токойлорунда колибринин 160тан ашык түрү жолугат. Артка карай уча ала турган жалгыз чымчык. Калибринин өңү-түсү өтө кооз келип, жарыктын тийишине жараша кубулуп көрүнөт. Эң кичинекей калибринин чоңдугу 7 см көлөмү 2 г. Эң чоңу-исполиндик колибри. Узундугу 21.6 см. Калифорния университетинин профессору Кристофер Кларк камера менен калибринин учуу ылдамдыгын өлчөп, алардын абдан тез ылдамдыкта бийиктикке (80 км/с) чыга алыша тургандыгын «Proceedings of the Royal Society B» журналында жазган. Учканда калибринин жүрөгү 1 минутада 1200 жолу согот. Гүлдөр менен азыктанат. 16 сааттын ичинде 120 жолу суу ичип өзүнүн көлөмүнөн ашык тамак жей алат. Ал ачкалыкка чыдабайт жана убактысынын көбүн азык издөө менен өткөрөт. Тринидад жана Тобаго мамлекетинин гербинде калибринин сүрөтү жайгашкан.

Канаттуулардын ажайып дүйнөсү

Павлин-фазандардын үй-бүлөсүнө кирет. Түркүн түстө боелгон узун перьялары менен павлин башкалардан айырмаланып турат. Көбү Пакистанда жашайт. Индия жана Шри-Ланканын кээбир жерлеринде да бар. Денесинин узундугу 100-125 см канатыныкы 40-50 см, перьяларыныкы 120-160 см. Эркегинин салмагы 4 кгга жетет. 20 жылга чейин жашай алышат. Азиялык павлиндердин 2 түрү бар. Жөнөкөй жана жашыл. Жөнөкөйүн үйгө бакса болот. Батыш жана чыгыш искусствосунда анын орду абдан чоң. Явандык павлин Мьянманын, жөнөкөй павлин Индия жана Ирандын улуттук символу. 1956-жылдан баштап америкалык телеканал NBC павлиндин сүрөтүн 4 жолу логотип катары колдонгон.

Канаттуулардын ажайып дүйнөсү

Фламинго– фламинголор үй-бүлөсүнун жалгыз түрү. Эң чоң канаттууларга кирет. Бою 130 смди түзөт. Африка,Кавказ, Борбордук жана Туштук Америка мамлекеттеринде жашайт. Буттары узун жана ичке , моюну кызыл, ак түстөрдө. Мындай түстө болушуна липохром заты себепчи. Бул зат фламинго азыктанган моллюска, курт-кумурскаларда болот. Фламинго суунун үстүндө бир буттап тура алат муну ал денесиндеги жылуулукту сакташ үчүн колдонот. Өзгөчөлөнүп турган белгиси анын-тумшугу жана күлгүн түстө болушу.Ылдый карап турган тумшугу менен ал суудан тамактарды фильтрация кылып жейт. Фламинго жүргөн сууда патогендик микроорганизмдер пайда болуп алар кээбир жараларды дарылоодо колдонулат.

Канаттуулардын ажайып дүйнөсү

Бейиш чымчыгы– таранчылардын үй-бүлөсүнө кирет. Фантастикалык кооздугу менен алдыңкы орунда турат. 45 түрү бар. Анын 38 түрү Жаңы Гвинеяда жана майда аралдарда жайгашкан. Кызыл, сары, көк түстөрдө болушат. Куйругу узун жана ар түстө. Бейиш чымчыктары боюнча көп уламыштар таралган. Алардын бири бул чымчыктардын буттары жок экендиги жөнүндө. Саякатчы Магеллан биринчилерден болуп бейиш чымчыгы жөнүндө кабар алган. Ал Молук аралынын султанынан чымчыкты белекке алган. Ошол убакта Жаңы Гвинеяга барган туристтер бейиш чымчыгынын буту жок, анын асманда гана жашап көбөйөт жерге түшсө өлүп калат деген сөздөрдү чыгарып жиберишкен. Муну уккандар чымчыкка кызыгып сатып алгандар көбөйө баштаган. Соодагерлер пайда табыш учүн чымчыктын буттарын кесип сата башташкан. Акырында капитан Эль Кано тарабынан туура маалыматтар жеткирилип бут кесмейлер токтогон. Көрсө аң уулоочулар өлгөн чымчыктардын буттарын кесип илип алып кургатышчу экен. Эль Кано бейиш чымчыгынын жүндөрүн жана терисин алып келип алардын дарылык касиети бар экенин кабарлаган. Мындан кийин чымчыктын териси жасалга катары колдонулуп калган.

Канаттуулардын ажайып дүйнөсү

Мандаринка – өрдөктөрдүн эң коозу. Чыгыш Азияда жашайт. Кытай жана Японияда кыштайт. Көбүңчө талдын бутактарында отурат. Сууда жакшы сүзөт жана бат учат. “Кытай өрдөгү” деген да аты бар. Россиянын кызыл китебине киргизилген. Кытайда мандаринка туруктуулуктун, бектиктин символу. Ошондуктан кытай сүрөттөрүндө көп кездештирсе болот.

Канаттуулардын ажайып дүйнөсү

Розелла – Түштүк-Чыгыш Австралиядагы Тасмания аралында жашаган попугайлардын үй-бүлөсүнө кирет. Денесинин узундугу 30 канатыныкы 12 см. Ар бир тал жүнү жашыл жана сары түстөр менен боелгон. Жапайы чөптөр, жер-жемиштер менен азыктанат. Зыяндуу курт-кумурскаларды жеп пайдасын тийгизет. Толкун сыяктуу учушат. Үндөрү абдан мукамдуу.

Канаттуулардын ажайып дүйнөсү

Квезаль– тоолуу аймактарда түштүк Мексикадан Панамага чейинки аралыкта жашайт. Эркиндикти сүйгөн чымчык. Гватемаланын мамлекеттик жана улуттук эркиндигинин символу. Мамлекеттин валютасынын дагы аты ушул чымчыктын атынан коюлган. Ацтек империясынын убагында квезаль ыйык чымчык катары кабыл алынган. Аны эч ким кармачу эмес. Узун жүндөрүн ар кандай ритуалдар үчүн колдонушчу. Кийин 1521-жылы империя кулагандан кийин чымчыктардын саны кескин азайган. Азыр дагы абал өзгөрүүсүз бойдон. Бул чымчыктардын түрү жоголуу коркунучунда турат. Квезальды капаска кармаган болбойт, эркиндикти сүйгөн чымчыктын капаска кирээри менен жүрөгү жарылып өлүп калат. Узун канаттары квезалды башкалардан өзгөчөлөнтүп турат. Эң жакшы көргөн азыгы окотеянын мөмөлөрү.

Канаттуулардын ажайып дүйнөсү

Гульдова амадина– Австралиянын кооз жана көрүнүктүү чымчыктарынын бири. Чымчыктын бул түрү биринчи жолу америкалык зоолог Дж. Гульд тарабынан 1844-жылы таанытылган. Окумуштуу кичинекей чымчыкка жубайынын урматына “Гульд айымдын амадинасы” деген ат койгон. Амадинанын 3 түрү бар кара, сары жана кызыл баштуу амадиналар. Көп көчүп- конгонду жакшы көрүшөт. Анткени кургакчылык боло баштаганда чөптөрдүн уруктары жерге түшө баштайт амадиналар жерден уруктарды терип жегенден эринип жамгырлуу жерлерге көчүп кетишет. Үндөрү уккулуктуу, инстинктери күчтүү болгондуктан араларында тынымсыз “сит” деп назик үндөрүн чыгарып баарлашып турушат.

Ооба, жазып отурсаң калем сабы жетпес. Бардыгы өзгөчө, укмуштуудай кооз, кемчиликсиз жаратылган. Өзүнчө бир дүйнө. Карап көрсөк, эң кызыгы ар бири учуп жатканда өзүнүн жолун, чек арасын билет, адашып кетпеш үчүн жол көрсөтө турган башкаруучуну шайлашат, микропторунан тазаланыш үчүн суу таппай калышса кум же топурак менен жуунушат, жеген тамак-ашын сиңдириш үчүн таш жешет, кичинекей чымчыктар жылуулуктарын сакташ үчүн кечинде учушат, бардыгы өздөрүнө жараша берилген функцияларын, милдеттерин так аткарышат. Кимдир-бирөө буларды программалап койгондой. Ал ким? Аны ,жаратылыштын бардык жеринен тапсак болот. Албетте Ал бардык нерсени кемчиликсиз кылып жараткан биздин Жаратуучубуз.

Даярдаган: Айзат Мырзабекова
http://insan.kg

Запись Канаттуулардын ажайып дүйнөсү впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Кайгылуу күндөр эсиңе түшсө, аларды болбогон деп бил жана жашооңду уланта бер!

Жийиркеничтүү, уят сөздөрдү угуп калсаң, кулагыңдын сыртынан кетирип, жолуңду улай бер!

Кимдир бирөө жамандык кылса, аны кечир жана эч нерсе болбогондой жашооңду уланта бер!

Бул дүйнөнүн кайсы бир жакшылыгына жетпей калсаң кайгырба, эч нерсе болбогондой өмүр сүрө бер. Анткени өмүр кыска. Бакытка жетпей туруп өзүн бактылуу сезген адам – чыныгы бактылуу.

Ар бир айтылган сөздү тактай бербе!

Сен жөнүндө айтылган сөздөрдү териштире бербе!

Сага жамандык кылган ар бир адам менен эсептеше бербе!

Сага кол салган ар бир адамга кол салышың шарт эмес!

Сага душмандык кылган адамдан өч алба!

Эгер сак болсоң, Алла Таала ден -соолугуңду чың кылат. Түнү тынч уктайсың, ырахаттанып жашайсың, көңүлүң тынч болот.
Намазга турган кезде жүрөгүң Алла Таала менен гана байланышта болсун. Андан башка нерселерге алагды болуудан сакта.

Жыйында отурганда тилиңди сакта.
Бөтөн бирөөнүн үйүндө көзүңдү сакта.
Тамактанганда ашказаныңды сакта.
Эки нерсени эч качан эстебе: Адамдардын сага кылган жамандыктарын; Өзүңдүн адамдарга кылган жакшылыктарыңды.

Эки нерсени эч качан унутпа: «Алла Тааланы», «Акыретти».
Эгер сага орой сүлөсө, ага ачууланба, жөн гана жылмайып кой. Анткени, ал өзүнүн ким экендигин сага көрсөтүп койду. Адамдын көркү – акыл, акылдуу адамдан гана акылдуу сөздөр чыгат. Ириген ооздон чириген сөз чыгат. Тентекке теңелип, терек бою секирбе!

Наадан адамдардын айткан сөздөрү жүрөгүңдү жаралабасын. “Чагылган чокуга түшөт” – деген сөздү эсиңе түй. Адамдар сагызганга тор салбайт, анткени андан эч кандай пайда жок. Бирок булбулга тор салышат, анткени анда мукам үнү бар. Эч ким терекке таш атпайт, анткени анда мөмөсү жок. Бирок алмага таш ыргытат, анткени анда мөмөсү бар.

Эгер бирөө сага тилинин канжарын сайып жараласа, сен да ошол канжар менен жооп беришиң шарт эмес. Тескерисинче, сен ага жылмаюунун кылычын сайып алсаң жакшыраак болот.
Ниетиңди түздө, туура эмес оюңду адамдарга таңуулаба!

Абдишүкүр Нарматов

Запись Билмексен бол впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Запись “Энеге зыярат” тасмасы (HD) впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Жаңы мечиттин ачылышына Россиянын Муфтийлер Кеңешинин төрагасы шейх Равил Гайнутдинов катышат.

1-апрелде борбор калаада “Махмуд ал-Кашгари” атындагы мечиттин расмий ачылышы болот. Бул тууралуу муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев Sputnik агенттигине билдирди.

Анын айтымында, мечиттин ачылышына президенттин аппаратынан, өкмөт өкүлдөрү, депутаттар жана Россиянын Муфтийлер Кеңешинин төрагасы шейх Равил Гайнутдинов катышат.

“Аталган мечиттин курулуп баштаганына 23 жыл болуптур. Андан кийин токтоп калып, 2015-жылы кайра башталган. Ачылыш аземи бүткөндөн кийин 14:00дө Равил шейх Гайнутдинов жаңы мечиттин жыйындар залында маалымат жыйын өткөрөт”, — деди Атабаев.

“Махмуд ал-Кашгари” мечити “Ильшат” коомдук фонду тарабынан каржыланып салынган.

“Спутник”

Запись “Махмуд ал-Кашгари” мечити бүттү. Көз жоосун алган курулуштун асмандан көрүнүшү впервые появилась Formula.KG.

Технологии Blogger.