Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком June 23. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин буйругуна ылайык 25-июнь- Айт майрамынын урматына карата шаардагы бардык автобустар жана троллейбустар шаардыктарды жана меймандарды акысыз ташыйт.

Бул тууралуу Ош шаарынын мериясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Талант Канатбек уулу билдирди.

Булак: «Formula.KG»

Запись Айт майрамына карата Ош шаарында коомдук транспорт элди акысыз ташыйт. впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Жиндердин жашоосу

Жиндер күндүзү уктап, караңгы түшөр менен кыймылдай башташат. Алардын негизги иши, максаты – адамдарды азгыруу, түз жолдон адаштыруу. Ар кандай жаман иштердин, кырсыктардын, бузукулук, уурулук, ичимдик ичүү, мушташ сыяктуу терс көрүнүштөрдүн иңир түшкөндөн тарта таң атканга чейин болушу ошондон.

Ислам адам менен жиндердин жакын мамиледе болушуна катуу тыюу салат. Шайтан менен байланышкан көзү ачыктар тууралуу башка жолу сөз кылабыз.

Жиндер малдын сөөктөрү, тезеги менен тамактанышат. Эгерде адамдар алардын ырыскысын кокустан пайдаланып же басып алса, үстүнө заара ушатса, жиндин ачуусу келет да адамга зыян кылат. Негизи жиндер өз алдынча эле зыян кылбайт, адамдар билбестен. калпыстыктан, байкабастык менен анын «үйүнө» тийишип алса, бир нерсе ыргытканда (мисалы ташты) алардын бирөө-жарымына тийип кетсе, өч алышат. Ошого түндөсү сыртта басканда, заара ушатканда, таштанды төккөндө абайлаш керек. Малдын тезеги алардын тамагы болгондуктан, терип келип тамак бышырганга от катары колдонгон туура эмес, биринчиден арам эсептелет, экинчиден алардын тамагын талашкан болуп калабыз. Бул тууралуу хадистерде айтылган.

Тамактанардан мурун «Бисмилланы» сөзсүз айтыш керек. Бул сөз айтылбаганда, адамдын тамагына шайтан ортоктош болот.

Жин шайтандан кантип коргонсо болот?

-караңгыда жалгыз жүрбөө;

-жалгыз бир бөлмөдө уктабоо (жалгыз жатса, сүрөлөрдү окуп жатуу зарыл);

-дааратканага кирерден мурда дуба айтуу, сол бут менен кирип, оң буттап чыгуу (Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) ажатканага кирүүдөн алдын «Аллахумма иннии аьуузу бика минал хубси вал хабаис» деп айтчу. Мааниси «Аллам, жин-шайтандын эркек-ургаачысынан сактооңду суранам» );

-үйгө киргенде салам айтып кирүү (атайын дубалар бар, Алланын аты аталган жерде жин шайтан болбойт);

-жалгыз калбоо, каткырып күлбөө, катуу кайгырбоо, ачууланбоо керек (ушул учурларда жин адамга оңой кирет);

-үйдө Куран аяттарын, айрыкча «Бакара» сүрөсүн окуу же угуу (Мухаммед пайгамбар (Алла андан ыраазы болсун) «Бакара» сүрөсү окулган жерден шайтан качат деп айткан) ;

-нафил намаздарын окуу;

-ар дайым даарат менен, таза жүрүү, Аллага тасбих айтуу;

-арчадан, адырашмандан ысырык салуу (шайтан түтүндөн качат).

«Аьуузу биллахи минаш-шайтонир ражиим»

Бул сөздүн чечмелениши –«Аллахтын (алдынан, бейиштен) куулган шайтандын жамандыгынан (Аллахтан) паана сураймын». Ушул дуба айтылганда жин, шайтандар качышат. Ошондуктан дайыма бул дубаны айтып жүрүү зарыл.

«Периштелер кирбеген үйгө, шайтан оңой кирет»

Периштелер кандай үйгө кирбейт:

-сүрөт илинген (жаныбарлардын, адамдардын);

-чачылган , жыйналбаган үйлөрдө (үйдү таза кармоо шарт);

-үйдүн ичинде ит багуу туура эмес (мал-жанды кайтарыш үчүн болсо гана мүмкүн);

-тамактанууда «Бисмиллах» деп Алланын атын атоо менен баштоо керек. Бул нерселер аткарылбаган жерлерге периштелер кирбейт. Периштелер кирбеген үйгө, жин шайтан оңой кирет.

Убайдулла ажы Сарыбаев, Ош шаарынын казысы:

-Пайгамбарыбыз жалпы адамзатты тазалыкка жана ыйманга чакырган. Албетте, Алла таза зат, Ал адам баласынын таза жүрүүсүн жакшы көрөт. Бүгүнкү күндө эң көйгөйлүү маселе-жин маселеси. «Жин кириптир», «жин уруптур» деп жатабыз. Албетте, жин кирет, тиет.

Андан кантип сактанабыз? Биринчи айтчу нерсе, адамда ыйман болбосо: мусулманмын деген менен оозунан ыйман келмеси чыкпаса, тазалык (гусул, даарат) маселесине көңүл бурбаса, жин оңой кирет.

Пайгамбардын эң биринчи сүннөтү болгон тазалык маселеси болбосо, тамактанаар алдында «Бисмилланы» айтпаса, түндө жалгыз жүрсө, тебелендини басып алса, соода-сатыкта шариаттын эрежелерин сактабаса, ичкилик ичүү, баңгизат тартуу сыяктуу жаман чөйрөдө жүрсө жин кирип алышы мүмкүн.

Ошондуктан келме келтирип, дайыма даарат менен жүрүү, намаз окуу зарыл. Зикир чалууда даарат болушу шарт. Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) Куранда шыпаа бар деген. Андыктан ооруп калган адамга Куран илимин билген адам дем салса болот.

Кантип айыктырса болот?

Жин кирип кетип, саламаттыгы, психикасы жабыркаган адамды Куран илимин жакшы билген аалымдар гана айыктыра алышат. Курандын аяттары көп ооруга шыпаа болот. Кээде дем салдырсам деле болбой жатат деген сөздөрдү угуп калабыз. Салган дем таасир этиши үчүн дем салган адам менен бейтапта атайын шарттар болуш керек. Бул боюнча белгилүү имам хатиб Нурулло Апсалбек уулу мындай дейт:

-Жиндердин бар экендигине эч кандай шек жок. Мусулмандардын ыйык китеби болгон Куранда Аллах «адамдарды жана жиндерди Мага сыйынуу үчүн жараткам» деп айткан. Ошондой эле жиндер тууралуу абдан көп аяттар, өзүнчө «Жин» деген сүрө бар.

Алла жараткан 3 акыл ээлери бар: периште ааламы, жин ааламы жана адамзат ааламы. Периште ааламына ыктыяр берилген эмес, аларда акыл бар, каалоо жок. Адам менен жин заттарында акыл да, каалоо да бар, буларга ыктыяр берилген. Жиндер көптөгөн топторго бөлүнөт. «Жин» сүрөсүндө «Биздин арабызда мусулмандар да, адашкандар (баш ийбегендер) да бар» деп айтылган (14-сүрө). Мындан улам алардын арасында мусулмандар, христиандар, буддизмди тутунгандар да бар деп айтылат.

Негизи адамда өзүнүн шайтаны болот. Инсандын өзүнүн напсиси менен болгон күрөшү «чоң жихад» деп айтылат. Буга башка жолу токтолобуз.

Ал эми «жин кирип алат» деген сөзгө токтолсок, кирип алышы бар нерсе. Адам дубалар менен сактанбаса, ыплас иштерди кылып жатканда, сыйкырдын түрлөрүн жасаганда, ошолор аркылуу, өтө сүйүнүп кеткен (каткырып оозду ачып күлгөн) кезде, катуу коркунуч болгон учурда жиндин кирип кетүү ыктымалдары бар.

Акыркы кездерде психикалык оорулар абдан көбөйдү. Баарын эле жин кирип кетиптир деп жатышат. Жин барбы, жокпу, биринчи аныктап алыш керек. Мисалы, депрессия, стресс деген башка нерсе.

Бейтап кайрылган учурда алгач жиндин адамга киргенин тактап билиш зарыл. Бар болсо, аны Куранды окуп, рухия менен дарылаган адистер гана чыгарышы мүмкүн. Алардын жин чыгаруу ыкмалары бар.

Жин кирген адамда бул белгилер байкалат: адамдардан четтеп, бөлүнүп, жалгыздыкка качат. Ачуулуу болуп, бирөөнүн сөзүн, сынын көтөрө албай калат. Эч нерсе жакпайт. Тамакка табити жок болот. Караңгы бөлмөлөрдү каалап калат.

Бейтаптын сакайышы окуган адамга көз каранды. Окула турган Куран аяттары бул – адамдын колундагы кылыч. Ал канчалык курч болбосун, аны кайсы адам, кантип көтөрүп жатат, таасири ошого жараша болот. Мисалы, ал (окуган адам) коркок болсо, кылыч (инструмент) абдан курч болсо да, натыйжа болбойт. Ошол адис Куранды абдан кооз окуса дагы, анын жүрөгүнүн калыстыгы жана ыйманынын тазалыгы болмоюн, бул адамдын жиндерди чыгаруу боюнча эффекти алсыз болот. Негизи жинди чыгарууда дарылоо ыкмаларын билген адам окуса жакшы болот. Жин чыгарам деп муну кесип тутуп алып рекламалоо туура эмес…

Эми жин кээде таза эле адамга кирип алат дегенге токтолсок. Балким таза адам деле заара ушатып жатып же бир нерсени туура эмес жасап, аларга зыян келтирип алгандыр. Эгер зыян келтирсе, алар өч алат. Ошондуктан эртели-кеч дуба менен жүрүшүбүз туура. Дуба менен жүрбөсө, илешкендер боло берет. Ал эми жин илештиби демек, аны чыгаруу зарыл. Жин даарыган учурда Куран гана шыпаа болот. Бирок дем салып коюу менен чектелип калган болбойт, профилактика керек. Сакаюу үчүн бейтапта ыклас (Курандын шыпаа болоруна ишенүү) болушу зарыл. Дем салуу менен бирге атайын эрежелер бар, аны аткарышы шарт.

Курандын ар бир аяты дары. Бул тууралуу мындай аят бар:

«Биз Куранды момундарга шыпаа, мээримдүүлүк (болсун) үчүн жөнөттүк…» (Исра, 17-82).

Запись Жин шайтандан кантип коргонсо болот? впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

 

🌙Ассаляму алайкум уа рахматтуллохи уа баракатуух!

🕌Айлардын султаны болгон Ыйык Рамазан айынын,күндөрдүн эң жакшысы болгон Жума күнүңүздөр маарек болсун бир туугандар!

Ушул таңга,ыйык болгон күндөргө жеткизген Аллах Таалама чексиз шүгүрлөр болсун! Анын сүйүктүү Элчиси Мухаммад (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) салам -салаваттар болсун!

😔Кечээ эле кош келдиң деп сүйүнүү,кубаныч менен тосуп алган Куттуу береке төгүлгөн Рамазан айыбыз минтип көз ачып жумганча сапары каарып, бизди таштап коштошуп кете жаткан убагы.Бул ай кимдер үчүн жөн гана май,июнь айлары,а биз мусулмандар үчүн куттуу,ырыскылуу,сүйкүмдүү,кубанычтуу ай болуп эсептелет. Өкүнүчтүүсү, убакытты кармап тура албайсың,чыкылдаган сааттын жебеси токтобой,зымырап заматта өтүп кетти.Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи вассалам) бул айдын пазилеттерин,даражаларын айтканда куттуу сахабалар орозо бүтөөрдө аябай кайгырышчуу. Эмне демекчибиз кош бол Рамазан деп айтуудан башка айлабыз барбы,эң негизгиси аз болсо да күнөөлөрдөн тазарткан болсок жүрөгүбүздү,жакшы амалдар менен толтурган болсок жан дүйнөбүздү токтотуп койбой улоочуулордон болуп жашообуздун узунбу -кыскабы сапарына умтулуп жашагандардан бололу!
Азирети Умар (Аллах андан ыраазы болсун) айтат күнүңөр бүтүп, ажалыңар жетип АЛЛАХтын алдында эсеп бербестен мурда өзүңөргө өзүңөр эсеп бергиле дейт.

🤔 Орозо тарбия,мугалим,медресе дегендей, эми амалдар, ыкластар кандай болуп орозодон өзүбүзгө кандай тарбия алдык,эмне амалардарды жасадык, бир өзүбүзгө эсеп берип көрбөйлүбү?!

😊🏻Мисалы: Биз бул айда орозо деген гүлдү олтургузуп гүлдөтүү керекбиз деп элестетиңиз. Ал гүл Бейиш гүлү эч жакта жок,бир гана мусулмандар үчүн берилген , ал гүлдү орозо кармагандар гана өстүрө алат.Ал гүлдүн тамыры ыклас,менен ыймандан бекемделген,сөңгөгү аде-ахлактан турат.Анын жалбырактары биз канча амал кылсак ошого карап көбөйүп, жалбырак чыгарат.Ар бир жалбырак,-биздин тарткан зикирлерибиз,айткан салаваттарыбыз,окуган намазыбыз,Кураныбыз,Дос-тууганга,ата-энеге берген жардамыбыз.Кечиримдүүлүк менен ырайымга, боорукерлик,мээримге толгон жүрөгүбүз.Кабыл болгон баардык жакшы иштерибиз. ..
Гүлүбүздү кургата турган бир курт бар ал – биздин напсибиз,күнөөлөрдөн,өзүбүздү тыйсак,ошондо андан сактана алабыз…
Анын даарысы сабырыбыз…
Аны эрте,кеч ооз ачып жапкандагы,дуба,тилек,ниеттерибиз менен суугарабыз. ..
Мына ушундай биздин Орозо гүлүбүздүн гүлдөтүүнүн сыры,анын бүчүр алып гүлдөй турган убагы келип калды,кимдики бүчүр байлап ,кимдики гүлдөп калды ал ар кимдин өзүнө байланыштуу маселе!

Аллахым баарыбыздын ыйык,берекелүү орозо гүлүбүздү соолутпай,гүлдөшүнө,күч -кубат берсин жана насип этсин!Жана ал орозо гүлүбүз кээлерки жылга чейин насип тартып,Жаратканым жеткизээри жазылган болсо, соолубай, орозодон алган жакшы амалдарыбыз,жаман адаттардан арылган тарбиябыз менен суугарып туруубузду насип кылган болсун!

🏻Ыклас бул адамдагы эң Жаратканга жаккан сезим.Чын ыкласың менен бир сом берип миллион сом бергенден артык сыйлыкка жетишсе болот.Миллион сомуң туруп,ыкласың Жаратканга жакпаса,анда кайра күнөө иш кылгандардын катарында болуп калууң мүмкүн…

🌙 Бул айда жашка оролгон тилектер кабыл боло турган ай.Кубанычтын жалынына бата турган ай… Түндөлөрү көп-көп ниет кылып окуган намазыбызды Аллахым кабыл кылган болсун!

🏻Урматтуу жамаат,бир туугандар.Бул айда баарыбыз Жараткандан чын ыклас, ишеним үмүттөр менен , ар ким керегин сурап дуа кылган болсо Аллахым кабыл кылган болсун! .Бирок, дагы да сурай турган нерселер,чоң максаттар бар…

🌹Элибизде ынтымак,жерибизде тынчтык. Үзүлгөндү кураштырган,бөксөнү толтурган,ийилгенди түздөй турган,жыгылганды жөлөй турган, жыгылса тургуза турган адамдардан кылгын бизди , деп сурай турган тилектер бар…!

🌹Кудайым жүрөктөрү,максатары бир болгон адамдарга береке берет…

🌹Жараткандын ырайымы, баары биригип бир нерсени көздөгөн, тилеген тилеги,максаты бир болгон адамдарга түшөт. Ар бир мусулманмын деген пендесинин тилеги, максаты Аллах ыраазылыгына жетүүдүр!

🌹Жараткан жакшы амалдарды аткарууга,жакшы амалдардын аткарылышына себепчи болгон,себепчи болгондорго себепчи болгон адамдардан кылсын бизди…

🌹Аллах Таалам бизди Сенин ырайымыңа, Боорукерлигиңе татыктуу жамааттардан кылгын…

🙌 Ар бирибиздин үйүбүзгө Дин бергин,Ислам бергин.Диндин дааватчысы,Исламдын кызматчысы кылгын.Айып кемчиликтерибизди жашырып, оңдогун.Шерменде кылбагын.Эки дүйнө жүзүбүздү жарык кылгын.Пайдалуу илим бергин,илим менен пайда бергин.Окуган окууларыбызга,иштерибизге,өмүрлөрүбүзгө береке бергин.Жаман сөздөн,жаман көздөн.Суук көздөн,суук сөздөн сактагын.Жакшыларга шерик кылгын.Жамандардан алыс кылгын.Элге жерге,мусулмандарга,Ата-энебизге,бир тууган,дос жарларга кызмат кылууну насип кылгын.Аллахым,Бизди берүүчү колдордон кылгын.Бизди пайдалуулардан кылгын.Такыбалардын санын көбөйткүн,кемейтпегин.Бизди алардын катарына кошкун.Акыйкатты ак деп көрсөтүп ал жолдон жаза тайдырбай,ал жол менен кетүүгө өзүң жардам бергин.Арамды арам деп көрсөтүп,ал жолдон алыс болууга өзүң күч кубат,сабыр бергин.Тилеген тилектерибизди бергин,сурай албай калагандарыбызды дагы бергин.Аллах Таалам өзүңдү сүйдүргүн,өзүңдү сүйгөндөрдү сүйдүргүн.Өзүңө жакындатуучу амалдарды сүйдүргүн. Кээлерки жылдын Куттуу Рамазанына жетүүнү баарыбызга насип кылсын! Амин.,Амин,Амин!!!

Кош бол Рамазан!

Бизди таштап кетесиңби Рамазан?
Дуба этсем каласыңбы Рамазан?
Ай башында, ай соңунда келүүчү
Напил болуп арасында Рамазан?

Келер айлар куттуу болсун Рамазан,
Сен шекилдүү таза болсун Рамазан!
Сага кошуп кадыр түнүн жиберген
Раббыбызга мактоо болсун Рамазан!

Сенден калган нуруң менен күндөймүн,
Сенден алган мүнөз менен гүлдөймүн
Келер жылы келишиңе ишенем,
Бирок, аттиң…
Сен келгенде мен боломбу билбеймин

Кош бол Рамазан…

Сиздерди терең урматтап,изги тилектерибиз менен
“FORMULA.KG” – маалыматтык Маданий
Рухий-Агартуучу порталы .

👨👩👧👦”Бактылуулук Формулсы”,- бактыңыздын багыты! Биз менен бирге болуңуздар,бизге катталыңыздар!

Запись КОШ БОЛ РАМАЗАН! впервые появилась Formula.KG.

Технологии Blogger.