Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком May 02. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Кырт, кырт… Ооба, баарыбыз бадыраңды жакшы көрүп кыртылдатып жейбиз.
Бирок анын кайдан келгенин, адамга кандай пайдасы бар экенин баарыбыз эле биле бербесек керек.
БАДЫРАҢ КАЙДАН КЕЛГЕН?
Бадыраңдын түпкү мекени болуп Индия эсептелет. Бул жашылча адамзатка мындан 6000 жыл илгери эле белгилүү болгон. Бүгүнкү күндө бадыраңдын ар кандай сорттору тамак-аш катары жана атайын кооздук үчүн Жер шарынын дээрлик бардык чөлкөмүндө өстүрүлүп келет.
Кыргызстанда бадыраңдын “Голланддык”, “Алтай”, “Маргелан” жана башка сорттору кеңири өстүрүлөт. Бадыраңды өтө бышып, саргайып кеткенге жеткирбей, мүмкүн болушунча күн сайын жыйнап туруу керек. Жаңы бадыраңды үйдө 2 суткага чейин, ал эми 1 градус температурада 20 күнгө чейин сактоого мүмкүн. Бадыраңды алма менен чогуу сактоого болбойт.
ЖАШЫЛ “ДАРЫГЕР”
Бадыраңдын курамы 95-98 пайыз суудан тургандыктан, заара кубалоочу касиетке ээ. Ал бөйрөк, боор жана башка ички органдарды тазалоо үчүн пайдалуу. Ошондой эле жалпы организмди токсиндерден (уулардан) тазалайт. Ал организмге тамак-аш аркылуу түшкөн көмүртектин өлчөмүн калыпка салат. Демек, денеге ашыкча майдын топтолушунун алдын алат. Бадыраң калийге, магнийге, кальцийге бай болгондуктан, бөйрөктүн, жүрөктүн жана муундардын иштөөсүн жакшыртат. Организмдеги кислота-щелочтук тең салмактуулукту кармап, ар кандай оорулардын алдын алат. Бадыраңдын курамындагы кремний менен күкүрт клеткаларды бекемдеп, бойдун өсүшүн, чачтын бекемдигин, теринин сапатын, өңүн жакшыртат. Мындан тышкары аталган жашылча дене табын түшүрүүдө жана күйүктү дарылоодо кеңири пайдаланылат.
Бадыраң гастрит, ашказан жарасы барларга сунушталбайт.
БАДЫРАҢ ЖЕП АРЫКТА
Диетологдор бадыраңдын арыктатуучу өзгөчө касиетке ээ экендигин баса белгилешип, төмөнкү диетаны сунушташат. Бул диетаны акырына чейин бузбай кармоого чыдамыңыз жетсе, бир жумада 4-5 килограммга чейин арыктай аласыз.
1-күн
Эртең менен: 2 даана бадыраң жана 1 кесим кара нан.
Түштө: жашылчалар жана бадыраң кошулуп жасалган шорпо, алма.
Саат 3-4төрдө: апельсин.
Кечинде: бадыраң жана көк чөп салаты. Салатка өсүмдүк майын кошсоңуз болот.
Жатардан 2 саат мурун: 1 даана бадыраң.
2-күн
Эртең менен: 2 даана бадыраң жана 1 кесим кара нан.
Түштө: шалгам менен бадыраңдан жасалган салат, 50 грамм уйдун сууга бышкан эти.
Саат 3-4төрдө: алма.
Кечинде: бадыраң жана көк чөп салаты.
Жатарга 2 саат калганда: 1 даана бадыраң.
3-күн
Эртең менен: 2 даана бадыраң жана 1 кесим кара нан.
Түштө: 100 грамм сууга бышкан күрүч, бадыраң, 100 грамм сууга кайнатылып бышкан балык.
Саат 3-4төрдө: бадыраң.
Кечинде: бадыраң жана көк чөп салаты.
Жатарга 2 саат калганда: бадыраң.
4-күн
Эртең менен: 1 даана бадыраң жана 1 кесим кара нан.
Түштө: бадыраң, 20 грамм катуу сыр, 100 грамм сууга бышкан күрүч.
Саат 3-4төрдө: алмурут же алма.
Кечинде: бадыраң жана көк чөп салаты.
Жатарга 2 саат калганда: бадыраң.
5-күн
Эртең менен: 2 даана бадыраң жана 1 кесим кара нан.
Түштө: шалгам, сабиз, капуста жана бадыраң салаты, апельсин.
Саат 3-4төрдө: алма.
Кечинде: бадыраң жана көк чөп салаты. 20 грамм катуу сыр.
Жатарга 2 саат калганда: бадыраң.
6-күн
Эртең менен: 1 даана бадыраң жана 1 кесим кара нан.
Түштө: шалгам, сабиз, бадыраң кошулуп жасалган шорпо. 1 даана сууга бышкан жумуртка, алмурут.
Саат 3-4төрдө: мандарин.
Кечинде: бадыраң жана көк чөп салаты. 20 грамм катуу сыр.
Жатарга 2 саат калганда: бадыраң.
7-күн
Эртең менен: 2 даана бадыраң жана 1 кесим кара нан.
Түштө: шалгам, бадыраң, сабиз кошулуп жасалган шорпо, алма.
Саат 3-4төрдө: бадыраң.
Кечинде: бадыраң жана көк чөп салаты.
Эскертүү: Диетаны кармаардан мурда дарыгер менен кеңешип алуу туура.
БАДЫРАҢ – ТАБИГЫЙ “КОСМЕТОЛОГ”
Бадыраң беттеги сепкилдерди кетирүүчү, бырыштарды жазуучу, агартуучу жана теридеги тешиктерди тарытуучу касиетке ээ.
Кургак бет үчүн маска: 1 аш кашык кулпунай жана бадыраң боткосуна 1 чай кашык каймак кошуп бетиңизге жабыңыз. Масканы 10-15 мүнөт кармаган соң жылуу суу менен жууп саласыз. Кулпунайдын ордуна дан куурай же өрүктү колдонсоңуз да болот.
Калыптагыдай териге: Бадыраң маңызын ошол эле өлчөмдөгү кайнак суу менен аралаштырып, атайын идишке куюп, муздаткычта тоңдуруп аласыз. Күнүгө эртең менен бул муз менен бетиңизди сүртүңүз. Бул бетти тазалайт жана агартат.
Майлуу жана бырыш баскан бет үчүн маска: Кабыгы аарчылган бадыраңды кыргычтын майда тишинен өткөрөсүз. Пайда болгон боткодон 1 чоң кашык алып, ага 1 чоң кашык чалынган жумуртканын агын кошосуз. Бул аралашманы бетиңизге 15-20 мүнөт коёсуз да, муздак суу менен жууп саласыз.
Бадыраң лосьону:
3 бадыраңдын кабыгын майдалап, үстүнө 100 грамм арак куюп коёсуз. Бул маңыз жашыл түскө айлана баштаганда бетиңизге лосьон катары сүртсөңүз, сепкилдерден, тактардан арылууга жакшы жардам берет. Кургак терилүү беттерге колдонордо маңызга 2 аш кашык кайнатылган суу жана 1 чай кашык глицерин кошуу талапка ылайык.
“БЕЛЕС” САЛАТЫ
Керектелүүчү азыктар:
Бадыраң – 2 даана
Колбаса – 150 грамм
Сыр – 100 грамм
Помидор – 2 даана
Майонез – 4 аш кашык
Сарымсак – 2 тишче
Салат жалбырагы
Татымына жараша туз, мурч
Даярдоо ыкмасы:
1. Бадыраң, помидор, сыр, колбасаны чарчы түрүндө, ал эми сарымсакты майда кылып туурайбыз.
2. Тарелкага салат жалбырагын төшөп, анан ирети менен азыктарды биринин үстүнө бирин салабыз. Эң үстүнө майонезден куюп, дасторконго беребиз.
КЫЗЫКТУУ
Дүйнөдөгү эң чоң бадыраң Улуу Британияда өстүрүлгөн. Анын узундугу 1 метр 20 сантиметрди түзгөн.
Тынч океандын аралдарында абориген жигиттер бадыраңды банандын жалбырактарына ороп, жерге көмүп сакташат. Кыздар болочок күйөөлөрүн анын запастагы бадыраңынын санына карап тандашат.
Клеопатра сулуулугу үчүн күнүмдүк рационунан бадыраңды үзбөгөнүн айтып өткөн.
АКШнын Берриен-Спрингс шаары “Дүйнө жүзүндөгү бадыраңдардын борбору” деп аталып, жыл сайын декабрда бул жашылчага арналган парад өтөт.
Христофор Колумб деңизчилерди цинга оорусунан сактоо үчүн саякатка чыкканда сөзсүз туздалган жана жаңы бышкан бадыраңдарды ашыгы менен алып жүргөн.

Запись БАДЫРАҢДЫН ПАЙДАСЫ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Аксап калса аргымак,
Арык болот эмеспи.
Жалкоо элдин көчөсү,
Баткак болот эмеспи.

Жамандардын ниети,
Алдоо болот эмеспи.
Көп сүйлөгөн тузу жок,
Тантык болот эмеспи.

Бир кылыгы жамандын,
Артык болот эмеспи
Билимсиздер бирөөгө,
Малчы болот эмеспи.

Бардык жандын ичинде,
Курту болот эмеспи.
Эки көзү мергендин,
Аңда болот эмеспи.
Ар айылдын кабаган,
Ити болот эмеспи.

Сулуулардын бетинин,
Нуру болот эмеспи.
Баатырлардын көзүндө,
Сүрү болот эмеспи.

Аркасында жамандын,
Чыры болот эмеспи.
Жаман эркек катындын,
Кулу болот эмеспи.

Алтын, күмүш, коргошун,
Таштан чыгат эмеспи.
Акыл деген илимдүү,
Баштан чыгат эмеспи.
Билим деген окуган,
Жаштан чыгат эмеспи.
Азамат эр акылдуу,
Элден чыгат эмеспи.
Бузулган адам акыры,
Журттан чыгат эмеспи.

Акыл деген кеңешсең,
Көптөн чыгат эмеспи.
Билим деген жазылган,
Каттан чыгат эмеспи.

Аргымак, көлүк*, тогурчак,
Аттан чыгат эмеспи.
Кулун мн аргымак,
Тайдан чыгат эмеспи.

Бир жамандын кесири,
Миңге тиет эмеспи.
Кыргыздын бузук кыздары,
Жатка тиет эмеспи.
Кор болуп өскөн эр деген,
Элин самайт эмеспи.

Ар үйүрдө бир кулун,
Тулпар чыгат эмеспи.
Эл бузулса арадан,
Шумдар чыгат эмеспи.

Акмак достон акылдуу,
Душман артык эмеспи.
Абийир жаппас көйнөктөн,
Ыштан артык эмеспи.

Жайылбаган малыды,
Саткан артык эмеспи.
Алышсаң күчүң жетпесе,
Качкан артык эмеспи.

*жүк жүктөлүүчү мал

Запись Абдирайым молдо (1860-1930) “ЭМЕСПИ” (терме) впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Кечээ, 1-май күнү Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев жана Аалымдар Кеңешинин өкүлдөрү Мамасабыр ажы Досболов, Тажидин ажы Байтейитов, Ниязали ажы Арипов, Абдималик ажы Турсунбеков, Азирети Муфтийдин орун басары Замир кары Ракиев жана Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз кары Закиров, Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башкы адиси Бөрүмухамбед Эсенов жана райондун баш имам хатибдери Өзгөн районунун Аюу-Сай айылындагы жер көчкүдөн каза болгон мекендештерибиздин жакындарынан кабар алып, айыл элин сабырдуулукка, кайраттуулукка чакырышып, маркумдардын туугандарына көңүл айтышты.

Муну менен катар АКнын өкүлдөрү 30-апрелдеги Аалымдар Кеӊеши тарабынан чыгарылган фатва менен тааныштырышып, фатваны аткарууну жергиликтүү элдин ыктыярына коюшту.

Бүгүн Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев жана мүчөлөрү, Азирети Муфтийдин орун басары Замир кары Ракиев баштаган дин аалымдары Аюу-Сай айылына келишип, маркумдардын жакныдарына көңүл айтышты. Ошондой эле кечээ, 30-апрелде Аалымдар Кеңеши тарабынан чыгарылган фатваны тааныштырышып, фатваны аткарууну элдин эркине калтырышты. Муну менен катар дин аалымдары шарият өкүмдөрүн түшүндүрүү менен сөөк өз калыбынан кете электе жаназа окулушу керектигин айтышып, ошол эле учурда фатваны аткарууну жергиликтүү элдин ыктыярына калтырышты», – деди Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев.

Эскерте кетсек, кечээ 30-апрелде Аалымдар Кеңешинин  чукул жыйыны өтүп, анда Өзгөндөгү жер көчү алдында маркумдарга жаназа окуу боюнча фатвасы чыккан. Ошондой эле Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрүнүн бир күндүк айлык маянасын жер көчкүдөн зыян тарткандарга которулаарын жана 5-май, жума күнү Кыргызстандын ар бир мечитинде жана медресесинде Өзгөндөгү жер көчкүдөн шейит кеткендерге арнап хатмул-Куран окулуп, бата кылынарын айтышты. Муну менен катар  29-апрель күнү Ош облустук казыят жамааты жана райондордун башкы имам-хатиптери Аюу-Сай айылындагы жер көчкүдөн каза болгондордун жакындарынан кабар алып, алгачкылардан болуп акчалай жардамдарын тапшырып келишкен.

ğ

Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы

Запись Аалымдар Кеңеши Өзгөндө кырсыктан каза болгон жарандарга жаназа окуу боюнча чыгарылган фатваны элдин ыктыярына койду впервые появилась Formula.KG.

Технологии Blogger.