Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком аалымдар кеңеши. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Кечээ, 1-май күнү Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев жана Аалымдар Кеңешинин өкүлдөрү Мамасабыр ажы Досболов, Тажидин ажы Байтейитов, Ниязали ажы Арипов, Абдималик ажы Турсунбеков, Азирети Муфтийдин орун басары Замир кары Ракиев жана Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз кары Закиров, Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башкы адиси Бөрүмухамбед Эсенов жана райондун баш имам хатибдери Өзгөн районунун Аюу-Сай айылындагы жер көчкүдөн каза болгон мекендештерибиздин жакындарынан кабар алып, айыл элин сабырдуулукка, кайраттуулукка чакырышып, маркумдардын туугандарына көңүл айтышты.

Муну менен катар АКнын өкүлдөрү 30-апрелдеги Аалымдар Кеӊеши тарабынан чыгарылган фатва менен тааныштырышып, фатваны аткарууну жергиликтүү элдин ыктыярына коюшту.

Бүгүн Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев жана мүчөлөрү, Азирети Муфтийдин орун басары Замир кары Ракиев баштаган дин аалымдары Аюу-Сай айылына келишип, маркумдардын жакныдарына көңүл айтышты. Ошондой эле кечээ, 30-апрелде Аалымдар Кеңеши тарабынан чыгарылган фатваны тааныштырышып, фатваны аткарууну элдин эркине калтырышты. Муну менен катар дин аалымдары шарият өкүмдөрүн түшүндүрүү менен сөөк өз калыбынан кете электе жаназа окулушу керектигин айтышып, ошол эле учурда фатваны аткарууну жергиликтүү элдин ыктыярына калтырышты», – деди Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев.

Эскерте кетсек, кечээ 30-апрелде Аалымдар Кеңешинин  чукул жыйыны өтүп, анда Өзгөндөгү жер көчү алдында маркумдарга жаназа окуу боюнча фатвасы чыккан. Ошондой эле Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрүнүн бир күндүк айлык маянасын жер көчкүдөн зыян тарткандарга которулаарын жана 5-май, жума күнү Кыргызстандын ар бир мечитинде жана медресесинде Өзгөндөгү жер көчкүдөн шейит кеткендерге арнап хатмул-Куран окулуп, бата кылынарын айтышты. Муну менен катар  29-апрель күнү Ош облустук казыят жамааты жана райондордун башкы имам-хатиптери Аюу-Сай айылындагы жер көчкүдөн каза болгондордун жакындарынан кабар алып, алгачкылардан болуп акчалай жардамдарын тапшырып келишкен.

ğ

Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы

Запись Аалымдар Кеңеши Өзгөндө кырсыктан каза болгон жарандарга жаназа окуу боюнча чыгарылган фатваны элдин ыктыярына койду впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

КӨҢҮЛ АЙТУУ

Өзгөн районунун Аюу айылында орун алган күтүүсүз келген каргашаны терең кайгыруу менен кабыл алдык. Албетте, бул жалпы кыргызстандыктар үчүн оор жоготуу болуп олтурат.
Табигый кырсыкка кабылгандарга Кудай Таала аманчылык берсин. Ал эми көз жумгандарын Алла Таала Өз мээримине алып, бейиштик болуусун насип кылсын.
Маркумдардын жакындарынын жана жалпы кыргыз калкыбыздын аза-кайгысын тең бөлүшүп, жакындарынан айрылгандарга Улуу Жараткан Өзү сабырдуулук берсин деп көңүл айтабыз.

Урматтуу момун мусулман бир туугандарыбыз!
Келиңиздер, баарыбыз бирге Жаратканга жалбарып, элибиздин амандыгын, жерибиздин тынчтыгын тилейли! Жакындарынан айрылып кабыргасы кайышып тургандарга кайрат айтып, сабырдуулук берүүсүн сураналы!
Кудай Таала эли-жерибизди асмандан жана жерден келе турган кырсыктардан сактасын!

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов жана жалпы мүчөлөрү

Бишкек шаары,
30-апрель 2017-жыл.

Запись Кыргызстан аалымдар кеңеши көңүл айтуу катын жолдоду впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бүгүн, 2017-жылдын 30-апрелинде Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин чукул жыйыны болуп өттү.
Жыйынга Аалымдар Кеңешинин 11 мүчөсү катышты. Учурда Санкт-Петербург шаарында илимий иш сапары менен жүргөн Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов менен Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов жыйынга онлайн түрүндө катышты.
Андан сырткары Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев менен КМДБнын фатва бөлүмүнүн адиси Кокоев Акжигит катышты.
Жыйындын негизги маселеси катары Өзгөн районунун Аюу айылындагы жер көчкүнүн астында калгандарга жаназа намазын окуу тууралуу фатва чыгаруу болду.
Фикх китептериндеги «Жер титирөөдө, жер көчкүдө же үйдүн дубалы кыйрап анын алдында калып, өлүктү (сөөктү) чыгарганга мүмкүнчүлүк болбой калса, анда айласыздан (мажбурдуктун айынан) анын гусулу менен кепини кечиримдүү болот…», «Кайсыл жерде өлүк калып калса, ошол жер анын кабыры деп саналат жана денеси жарылып кеткенге чейин жаназа намазын окуса болот…» деген сыяктуу аргументтердин негизинде жер көчкү же имараттардын кыйроосунан улам жердин астында калып кетип, аларды чыгарып алууга мүмкүн болбой калган учурда ошол жерде алардын жаназа намазы окулса болот деген фатва чыкты. Фатваны Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү бир добуштан колдоп берди.
Андан сырткары Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрүнүн бир күндүк айлык маянасын Өзгөн районундагы жер көчкүдөн зыян тарткандарга которуу демилгеси айтылып, ал дагы бир добуштан колдоо тапты.
5-май, жума күнү Кыргызстандын ар бир мечитинде жана медресесинде Өзгөндөгү жер көчкүдөн шейит кеткендерге арнап хатмул-Куран окулуп, бата кылынсын деген чечим кабыл алынып, КМДБга жүктөлдү.
Эртең 1-май күнү Аалымдар Кеңешинин атынан төраганын орун басары Кадырбердиев Абибилла ажы, Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Досболов Мамасабыр ажы (Молдо Сабыр дамла) жана Байтеитов Тажидин ажы атайын жер көчкү болгон жерге барып, көңүл айтып, Аалымдар Кеңешинин фатвасы менен тааныштыра турган болду.
Жыйындын аягында Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү бардык кыргызстандыктарды Жаратканга жалбарып, элибиздин амандыгын, жерибиздин тынчтыгын тилөөгө жана жакындарынан айрылып кабыргасы кайышып тургандарга кайрат айтууга чакырып, эл-жерибиздин амандыгы жана тынчтыгы үчүн бата кылышты.

Запись ААЛЫМДАР КЕҢЕШИНИН ЧУКУЛ ЖЫЙЫНЫ БОЛУП ӨТТҮ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз экинчи протоколдук жыйыны болуп өттү.

Жыйынга Аалымдар Кеңешинин 21 мүчөсүнөн 19 мүчөсү жана КРдин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын  өкүлдөрү Шамралиев Нурбек, Матиев Ырысмамат, Азирети Муфтийдин орун басары Акимжан ажы Эргешов жана БТКнын төрагасы Жунус ажы Саранов катышты. Жыйынды Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов ачып, Аалымдар Кеңешинин коомдогу жана диний чөйрөдөгү ордуна токтолуп, ар бир мүчөнүн жигердүү иштөөсү учурдун талабы экендигин айтып өттү.

Жыйындын күн тартибине; 

1. Төраганын сөзү

2. Борбордук текшерүү комиссиясынын (БТКнын) курамын бекитүү

3. Чакан жумушчу топторго бөлүнүп иш алып баруу

4. Аткарылган иштер тууралуу фото жана видео отчётторду катчылыкка жөнөтүп туруу жана ар түрдүү маселелер каралды.

Жыйын баштан-аяк кызуу талкуу менен өтүп, соңунда Аалымдар Кеңеши жалпы мекендештерибизди ынтымак менен биримдикке чакырып, эл-жер үчүн кызмат кылып жүргөндөргө ийгилик тилешити.

http://muftiyat.kg/

Запись Аалымдар Кеңешинин жаны курамы жаныча иш алып барууну пландашты впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Аалымдар Кеңешинин төрагасы АБДИШҮКҮР АЖЫ НАРМАТОВ менен Аалымдар Кеңешинин мүчөсү ЧУБАК АЖЫ ЖАЛИЛОВ «БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ШАРИЯТТЫК КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШИНЕ» толук кандуу мүчө болушту.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 8-9-апрель күндөрү Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов менен Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов Стамбул шаарында болуп өткөн «БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ШАРИЯТТЫК КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШИНИН» акыркы даярдоочу жана алгачкы расмий жыйынына катышып келишкен.
Анда кыргызстандык аалымдар «БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ШАРИЯТТЫК КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШИНЕ» мүчө катары «АХЛИ СҮННӨТ ААЛЫМДАРЫНЫН ЛИГАСЫНЫН» генералдык директору профессор доктор ЖАМАЛЬ АБДУСАТТАР МУХАММЕД тарабынан сунушталып, калган мүчөлөрү тарабынан жактырылган. Аталган Кеңешке толук кандуу мүчө болуу үчүн мүчөлүккө сунушталган аалымдардын жеке макулдугу керек болчу жана аталган жыйынга кыргызстандын эки залкар аалымы өз ыктыяры менен байкоочу мүчө катары катышып келишкен. Себеби, Кыргызстандын аалымдары өз өлкөсүндөгү Аалымдар Кеңеши жана таасирдүү диниятчылар менен кеңешкенден кийин гана бир тараптуу чечимге келе тургандыгын билдиришкен.
Ошондуктан Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VI чакырылышынын бүгүнкү 2017-жылдын 18-апрелинде өткөн кезексиз экинчи жыйынында Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү аты аталган эки аалымдын жогорудагы Кеңешке мүчө болуусун бир добуштан колдоп, ак батасын беришти.
Дагы бир айта кетүүчү нерсе, «БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ШАРИЯТТЫК КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШИНЕ» КМШ өлкөлөрүнөн бир гана Кыргызстандан бир учурда эки аалым мүчө болуп олтурат.

Ардактуу устаздар!
Урматтуу аалымдар!
Экөөңүздүн тең Кыргызстандагы гана эмес, ааламдагы жалпы мусулман үммөтү үчүн туура багытты көрсөтүүчү, көйгөйлөрүн карап, жол көрсөтүүчү абройлуу Кеңешке мүчө болушуңуздар менен ак дилден куттуктайбыз!

Бишкек шаары, 18-апрель 2017-жыл.
Аалымдар Кеңешинин катчылыгы.

Запись Кыргыздын эки аалымы «Бүткүл Дүйнөлүк Шарияттык Координациялык Кеңешине» толук кандуу мүчө болушту впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Запись Устаз Абдишүкүр ажы Нарматовдун “Адам адеби” аттуу китеби жарык көрдү. впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Кыргызстан Мусулмандарынын VI курултайы Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин курамына төмөнкүлөрдү бекитти;

  1. Масалиев Абдыманап ажы
  2. Абдурахманов Кимсанбай ажы
  3. Мамасабыр ажы Досболов
  4. Асомудинов Нурдин ажы
  5. Чубак ажы Жалилов
  6. Нарматов Абдишүкүр ажы
  7. Джээналиев Сайдамир ажы
  8. Садиллаев Көчкөнбай ажы
  9. Борочоров Жакшылык ажы
  10. Арипов Ниязали ажы
  11. Акматов Кабылбек ажы
  12. Юсупов Фархат ажы
  13. Исмаилов Жигитали ажы
  14. Байтеитов Тажибай ажы
  15. Марс ажы Ибраев
  16. Кадырбердиев Абибилла ажы
  17. Кенжетай ажы Курманкоджаев
  18. Ракиев Замир каары
  19. Маликов Кадыр ажы
  20. Токтогазы уулу Бактияр
  21. Турсунбеков Абдымалик ажы

http://muftiyat.kg

Запись Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү бекитилди (тизме) впервые появилась Formula.KG.

Технологии Blogger.