Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком April 14. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Окумуштуулар адамды баңгизат сыяктуу өзүнө тарткан тамактардын тизмегин жарыялап чыгышты. Наркотик, алкоголь жана тамеки-булардын баардыгы адам баласынын жашоосуна канчалык зыян алып келери туурасында эчактан бери белгилүү. Бирок азыктардын катарында да сыртынан байкалбаганы менен зыяндуулары кездешет.

Бул азыктарды күн сайын алардын зыяндуулугу туурасында билбей эле жеп жүрөбүз. Окумуштуулар кээ бир азыктар адамдын мээсиндеги ырахат борборуна таасир берет деп келишет. Наркотик сыяктуу алар психиканы бузуп, организмге депрессия абалын дуушар кылышат.

Изилдөө натыйжасы көрсөткөндөй курамында көп өлчөмдө канты менен майы бар тамактарды көп жегендердин ошол азыкка болгон эңсөөсү жогору болот. Бул да наркотикке, тамекиге, алкоголго көз каранды болгондой болот деп изилдешти окумуштуулар.

Ошондуктан таттууну жана майлууну жакшы көргөндөр алардан баш тарта алышпайт. Эң зыяндуу тамактардын катарына биринчи шоколад, экинчи балмуздак, үчүнчү каллориясы көп бургер менен пицца бар. Бул азыктарды адам ачка болуусун жоюу үчүн эмес, ырахат алуу үчүн жешет. Бара-бара бул азыктарга көнүп, каалап калышат.

Ал эми таттуунун зыян экени алда качан далилденген. Ал түрдүү ооруларга чалдыктырып, ашыкча салмак кошууга түртөт.

“Заман”

Запись Балмуздак менен шоколаддын зыяны впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бир күнү кечинде бир адам соода – сатык кылган катарлардан өтүп бараткан.
Жакын жердеги мечитте азанчы намазга азан чакырып баштаганда, күтүүсүздөн бир аялга назары түштү.
Кара кийимчен жана бетинде пардасы болсо да ага тартылып кетти.
Аял көз багып турган адамды байкаган соң, анын карашына жооп катары жалт бурулуп ага башын ийкеп өз жагына жаңсады да, азгырып соода орундуктарын аралатып алып жөнөдү.
Тиги адам сыйкырланып калган сыяктуу көз ирмемде акылын жоготту.
Ал белгисиз аялдын изине түшпөө керектигин ойлоп ар кандай жоромол кылууга аракет кылды. «Азыр намаз убагы эмеспи?» – деди өзүнө.
Бирок, кеч болуп калган, кайрадан аялдын артынан түштү. Аялдын караанын жоготуп албаш үчүн кадамдарын ылдамдатып демиге соода- сатык катарларын аралап баратты.
Ал эми аял болсо, жеткирбей басканга аракет кылганы менен кайрыла турган жерлерде бир аз тыным алып, артында келе жаткан адамга жол көрсөтүп келе жатты.
Аял күтүүсүздөн жалт бурулду.
Тиктеше калганда анын жүзүнө жабылган чүпүрөктөн да көздөрү мыскыл күлүңдөп турганын байкады.
Бирок, мага ушундай сезилип жатат го деп өзүн ишендирди.
Аял эми тиги кишинин ышкысы менен ойноп жетелеп келе жатты. Улам барган сайын аялга жетип аны кармап ала турган болот.
Бирок аял ойт берип улам алдыгы жыла берди. Ушинтип отуруп алар базарды артка калтырышты. Жанагы жолуккан жерден бир топ алыстап кетишти.
Балким, бул аял акылынан адашкан немедир?
Ал минтип ойлонгуча аял белгисиз жакка алып жөнөдү. Ошентип, алар шаардын четине жетип калышты.
Алардын ортосун 20 мерчемдей аралык бөлүп турган.
Качан ал аялды караганда менин артымдан жүр деп качанкы табытка алып бара турган чоң коло эшикти ачты жана өзү кирип кетти.
Тиги киши ичкери кирип, шашылып баратып бир бөлмөгө туш келди. Эшиктин маңдайында жыйнактуу керебетте баягы азгырып келген аял отурат.
«Бери бурул жана эшикке кара! Ачкычты алып кел!» -деди аял өктөм үн менен. Киши болсо бейтааныш аялдан назиктикти күтүп айтканын аткарды.
Аял күтүүсүздөн «муну ыргыт!» деп кыйкырды. Тиги киши аялга азгырылып келгенин эми түшүндү.
Мындай чечкинсиздикти байкаган аял: « Кана, сен намазыңды калтырып мени ээрчип келбедиңби? » -деп келекелеп күлө баштады. Тиги киши үнсүз турду.
«Кечки намаздын убактысы өттү» – деп кулагына шылдыңдап шыбырады.
– Сен эмне турасың?
Таштабайсыңбы?
Сен менин ким экенимди билгиң келбейби?
Тиги киши өзүн кармана албай ыргыткан ачкыч кантип түшүп баратканын байкаш үчүн колун кудукка салды.
Ушул учурда анын көкүрөгүндө каардуу сезим пайда болуп, кыйкырып, же талкалап салгысы келди.
Ал тан калды, коркту, анан барып түшүндү.
«Эми мени көрсөң болот», – деди бейтааныш аял жамынгычын таштап. Тиги адамдын көз алдында ажарлуу, азыткылуу аял эмес эле бети – башынын тамтыгы жок тырык издер, бырыш баскан мастан турду. Мени көңүл коюп кара!
Менин атым Дүнүйө. Мен сен издеген дүнүйөмүн! Мен сенин сүйүктүүңмүн!
Сен менин артымдан ээрчийм деп акылыңдан адаштың. Мына биз сенин кабырыңдан кезиктик. Сен муну өзүң каалагансың, кош келдиң!
Урматтуу бурадарым келиниз акыретибизди дүнүйөгө алмаштырбайлы

Бул дүнүйө акыретке эгин эгүүчү жай эмес беле? Бул жашоодо акыретке болгон камыбызга кайдыгер болбойлу!

👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

Запись 💎Дүнүйө азгырыгы впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Куран, Аллахтын Жабраил периште аркылуу пайгамбарыбыз Мухаммедге (Алланын ага салам-салаваттары болсун) түшүрүлгөн тикелей аяны болуп саналат. “Куран” сөзү араб тилиндеги (Караа) уңгу сөзүнөн чыккан, кыргызчага которгондо “окуу”, “жазуу” дегенди билдирет. Куран – исламга ылайык Аллахтын бүткүл адамзатка түшүргөн акыркы аяны жана ислам илими менен мыйзамдарынын негизги булагы.

Биз бул Ыйык Китеп жана ага кандай мамиле кылуу тууралуу билебизби? Төмөндө дин таануучу, профессор Кадыр Маликовдун “Ислам дини боюнча кыскача окуу куралы” китебинен Ыйык Куран китеби тууралуу кенен окуй аласыздар.

%article_title%

Бул ыйык китепте диндин негизги маселелери (АКЫЙДА): Бир Кудайга, акырет күнүнө, өлүмдөн кийинки тирилүүгө, бейишке жана тозокко ж.б. ишенүү; моралдын (ахлак), адамзаттын жана пайгамбарлардын тарыхы (кисас анбия), жалгыз Жаратканга сыйынуу (т.а., Кудай менен адамдардын арасындагы мамиле), ошондой эле адамдардын өз ара мамилелеринин бардык өңүттөрү, укуктук маселелер (Ислам укуктары жана юриспруденциясы) каралат.

Куранда медицинага, астрономияга, физикага, химияга, техникага ж.б. илимдерге таандык оригиналдуу маселелер бар. Курандын тили бийик пафостуу, чечен, метафоралары, терең жана таамай салыштыруулары, акылман ойлору көп жана ошол эле учурда Кудай менен адам жекече сүйлөшүп жаткансып, ар бир адамга (анын жан дүйнөсүнө, ойлоруна, адамдын ички “Мен”ине, санааларына багытталат).

Куран толук жанан аякталган түрдө кадыр түнү Аллахтан дүйнөгө (биринчи асманга) түшүрүлдү, бирок Жабраил периште пайгамбарыбыз Мухаммедге (Алланын ага салам-салаваттары болсун) 23 жылдын ичинде бөлүп-бөлүп алып келген.

Курандын мазмуну өзгөрүлүшү мүмкүн эмес, анткени Улук Жараткан акырет күнгө чейин бурмалоодон сактоого убада берген.

“Чындыгында, Биз эскертүү түшүрдүк жана Биз аны сактап турабыз” (Куран 15:19).

Ошондой эле Куран Кудайдын пайгамбарга жана бардык мусуландарга тартуулаган укмуштуу керемети (муъжиза) болуп саналат. Куранда, Аллах, ким Куранга ишенбесе, анда колунан келсе адамдар менен жиндер мындай китеби менен келсин деп чакырык таштайт. Азыркыга чейин адамзат Куранга тең келген китепти ойлоп чыгара элек. Бул “ижаз аль Куран” деп аталып, Курандын кайталангыстыгын жана туурап жазылгыстыгын көрсөтөт.

Курандын түзүлүшү:

%article_title%

Куранда ар кандай (3 аяттан баштап, 286 аятка чейинки) узундуктагы 114 сүрө бар. Бардык сүрөлөр аяттарга бөлүштүрүлгөн. Ар кайсы эсептөөлөр боюнча Куранда 6236 аят бар.

Курандын тогузунчу (Ат-тавба) сүрөсүнөн башка бардык сүрөлөрү : “Бисмиллахи Рахмаанир Рахим – Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын ысымы менен баштаймын” деген сөздөр менен башталат. Анткени бул сүрөдө Аллах көп кудайга ишенген каапырлардан баш тартат жана аларга түбөлүк жазаны убада кылат. Курандын сүрөлөрү эрежеден тышкары кээ бир учурларды айтпаганда хронологиялык эмес, көлөмүнө жараша жайгаштырылган. Башында узун сүрөлөр, андан кийин аяттардын саны улам-улам азайган түрдө берилет.

Курандын эң узун сүрөсү-Бакара (2-сүрө), эң кыска сүрөсү – “Кавсар” (108-сүрө).

Курандын кээ бир маанилүү сүрөлөрү жана аяттары:

1-сүрө. Эң белгилүү “Аль-Фатиха” (Китепти ачуучу) сүрөсү, ошондой эле “Курандын энеси” деп да аталат. Мусулмандар күндө 5 маал окуй турган намазда 1 эле жолу окулбастан, анын ар бир рекетинде окулат.

2-сүрө, 255-аят “Аль-Курси” (Такты) аяты. Аллахтын өзү жараткан ааламды жана ааламдагылардын баарын башкарып тургандыгы жөнүндө эң таасын айтылгандардын бири. (Адатта бул аят ар түркүн жин-шайтандардан, сыйкырдан сактоочу эң күчтүү аят деп айтылат).

24-сүрө, 35-аят, “Нур жөнүндө аят” – Аллахка мактоо айтууну сүрөттөгөн аяттар (Оорулардан айыктыруу үчүн да пайдаланылат).

36-сүрө. “Йа-Син” сүрөсү. Ислам илиминде бул сүрө “Курандын жүрөгү” болуп саналат. (Бул сүрө адатта жаны чыгып бараткан мусулман адамга окулат, анткени бул сүрө денеден жандын чыгышын жеңилдетет, ошондой эле, оорудан айыктыруу, көз тийгенди, сыйкырды кетирүү үчүн окулат).

112-сүрө. Абдан кыска “Аль-Ихлас” сүрөсү исламдын өзгөчө бир диний символу болуп саналат. Анын аты “ак ниеттик” маанисин берет. (көбүнчө аны намаздын алдында, киши каза болгондо окулуп жүрөт.

Исламга ылайык, Курандын маанисин түшүнүү үчүн (анын маанилеринин араб тилинен которулган котормосун жана түшүндүрмөлөрүн) ар кайсы тилде окууга болот, бирок Куранды (сүрөлөрүн жана аяттарын) Кудайга сыйынуу максатында, мисалы, намаз окууда (орусча же кыргызча ж.б.) котормолорун окууга болбойт. Тагыраак айтканда, намазда Курандын сүрөлөрүн жана аяттарынын текстин араб тилинде жатка айтуу керек.

Куран – өзүнө өзгөчө мамилени талап кылган ыйык китеп

%article_title%

Миллиарддан ашык мусулмандар үчүн Куран өзүнө өзгөчө мамилени талап кылган ыйык китеп. Куранды ыргытууга, гусулсуз же дааратсыз колго алууга, тексттин үстүнө чийүүгө, жерге ыргытып салууга, аяттарын ырдай кылып ырдоого ж.б.у.с. болбойт. Куранды таза жерлерде окуш керек, белден ылдый кармоого болбойт.

Дуба (Аллахка сыйынуу, жалбаруу, өтүнүү, кайрылуу)- адатта намаздан кийин окулуп, ар кайсы тилде айтууга болот.

Мусулмандар Куранды урматтап мамиле кылышат. Көптөгөн мусулмандар кем дегенде Курандын бир нече бөлүгүн жатка билишет. Адатта, булар намаз окууга зарыл болгон сүрөлөр жана аяттар. Куранды баштан аяк жатка билгендерди “хафиз же каари” деп айтышат.

Кадыр Маликовдун “Ислам дини боюнча кыскача окуу куралы” китебинен үзүндү

Запись Ыйык Куран – Аллахтын тикелей аяны впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Запись Устаз Абдишүкүр ажы Нарматовдун “Адам адеби” аттуу китеби жарык көрдү. впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Технологии Blogger.