Halloween party ideas 2015
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бул чакан риваятты окуган адам акыр заманга жакындашкан сайын кадыры төмөндөп бара жаткан энелердин дубасы не даражада кереметтү экенин билип алат жана эгер энесинин кадырына жетпей жргөн болсо, мамилесин ошол замат өзгөртөт деп үмүт кылабыз.

Муса алейхи салам күндөрдн биринде Аллах таалага жалбарды:
– Эй, Аллахым! Бейиште мага ким дос болушун билдире көр!
Аллах таала анын дубасын кабыл алды жана:
– Ушул жерден биринчи өткөн адам сенин Бейиштеги досуң болот – деди.

Бир киши өтөт. Муса алейхи салам “менин бейиштеги досум кандай адам болду экен” деп ойлоду жана кишинин караанын көздөн качырбай артынан ээрчиди. Киши бир үйгө кирди дагы бир бөлүк этти абдан кууруп, көздөр сокур, кара аялга жедирди. Ишин бүткөргөн соң кайра чыгып келди. Эшиктин алдында турган Муса аны токтотуп сурады:
– Эй бурадар, бул аял сага ким болот?
– Апам.
– Апаң сенин акыңа дуба кылабы?
– Ооба.
– Эмне деп дуба кылат?
– Ар дайым жедирип-ичирип, камкордук көргөзгөнүмдөн кийин “Эй, Аллахым! Уулумду Муса ибн Имран менен бейиште бирге кыл!” деп дуба кылат. Анда Муса айтты:
– Сага кушкабар, эй, Аллахтын пендеси! Аллах таала апаңдын дубасын кабыл кылды! Мен Муса ибн Имран боломун.

The post Энени дубасы appeared first on FORMULA.KG.


October 17, 2015 at 05:01PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

💛 Мен балдар үйүндө өсүп тарбияланып жаткан бир жетим кызмын. Мен жашоомдо “эне” деген инсанды “эне” деген аты эле болбосо ал жөнүндө эч нерсе билбеймин ,ал жөнундө китеп телелвизорлордон гана көрүп билип келем. Эне сен кимсиң? Эне сен кандай инсансың?

💙 Мен дагы башка балдар катары энекем жөнүндө билгим келди. Күн өткөн сайын эне деген инсанды күтүүчү болдум. Бул бардык балдар үйүндөгү балдардын бирден бир тилеги.
Энекем мен сага эч качан таарынбаймын! Качан келип алып кетсең мен даярмын. Мени таштап кетти деп жек көрбөймүн, анткени сен дагы бир адашуу, мүмкүнчүлүк жок болуп калгандан ушул ишке баргандырсың, мен сени кечирип келем. Анткени сен менин жаным энекемсиң тогуз ай курсагыңда көтөрүп менин жарык дүйнөгө келүүмө себепчисиң!
Эгерде сен менин ушул жазгандарымды окуп калган болсоң мен сени күтүп, сени сагынып жашап келем! Энекем менин сени тааныбасам да сенин жүзүңдү жылмайып көздөрүң күлүмсүрөп, мээримиң күн нурундай чачырап өзүнө тартып турган инсанды элестетип кыялданып келем. Жаным энекем мен сенин кучагыңда эркелеп сени менен жакшы жаман күндөрүмдү сырдашып бөлүшкүм келет! Сага жетсем бек бек кучактап күлмүңдөгөн жүзүңдөн тойо сүйүп, энелик жытыңды кучагыңдан чыкпай искеп-исекеп алмакмын! Энекем менин! Сени канчалык көргүм келгенин билсең гана бир жолу болсода кучагыңда эркелегенимде ыраазы элем! Жаным энекем сагынчтан кусаланып сени күтүп, терезеден жолуңду күндө көзүмдү үзбөй карап олтура берем! Энекем менин мээримиңе болөнүп “ЭНЕ “деп көп-көп кайра-кайра айткым келет. Сенин “кызым” деген сөзүңдү зарыгып уккум келет. Менин сүйүктүү алтын энекем!

💚 Менин бирден-бир тилегим биринчи “Энекемди” жолуктурсам, андан кийин талыкпай билим алып келечекте жакшы уй бүлөө күтүүм, балдарымдын энеси болсом деймин. Ошондо мен эч качан баламды таштабаймын, эч качан кор кылбаймын,андан мээримимди аябаймын,керек болсо бирөөгө карматбайт элем бир да чачын кор кылмак эмес элем. Анткени мен энеге зар болгон инсанмын!

❤ Бул жерде жакшы карабайт деп эч качан айтпаймын эжейлерге миң мертебе ыраазымын, бирок мен Энелик мээримге, энелик сүйүүгө зар болуп келем!
Энекем жаным менин кайда болсоң да бир жолу келип кетчи сени заарыгып күткөн кызың,сенин жолдоруңду үмүт менен сагынуу кусалык менен күтүп жашап келем! …
“Ата-эне кадырын жетим билет” деп бекеринен айткан эмес. Энеге зар болгон инсандарды карап сабак алыңыз. Сиздин үйүңүздө энеңиз болсо! Сиз энеңизди ар күнү көрөсүз, күндө “балам” деген үнүн угасыз, күндө “эне” деп кайрыласыз, мээримине бөлөнөсүз, бирок анын биз үчүн улук экенин анча маани бербей, сезбей келебиз. Кандай болбосун энелерди сыйлайлычы туугандар! Бейишибизди төбөбүзгө коюп сыйлап, ыраазылыгына ээ бололучу!

💓 Энебиздин бары чоң бакыт, чоң байлык!

👤Насиба Абдуллаева,

👪«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

The post Эне сен кандай инсансың? appeared first on FORMULA.KG.


October 16, 2015 at 09:07PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Апакеңе жылуу сөзүңдү айттыңбы, досум? Дале айта элексиңби? Анда, айтууга шаш! Бирок, кантип? Жообу бул видеороликте…

“Ыйман” фонду

The post Апага болгон сүйүү appeared first on FORMULA.KG.


October 16, 2015 at 08:23PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Кыргызстандагы нан (лепешка, булочка ж.б.) бышыруучу ишканалардын дээрлик бардыгы нандын бетин жалтыратчу майларды адатта ЧОЧКОНУН жүнүнөн жасалган кисточка менен жалтыратышат экен.

Негизи кисточкалар табигый материалдардан болсо көбүнчө чочконун жүнүнөн жасалат жана кээ бир кездерде синтетикадан жасалышы мүмкүн. Бирок синтетикадан жасалган кисточка чочконун жүнүнөн жасалган кисточкаларынын сапатына жетпейт. Чочконун кылдары жумшак жана аябай бышык болуп келет. Ушундай кисточкаларды колдонгоңго ыңгайлуу болгондуктан набайчылар жана нан азыктарын чыгара турган жайларда кездешет. Халал стандарт боюнча ушундай оор нажаса (чочко жана андан алынган заттар) менен булганган нандар арам болуп калат.

http://halal.kg/

The post АБАЙЛАҢЫЗДАР!!! НАН АРАМ БОЛУШУ ЫКТЫМАЛ appeared first on FORMULA.KG.


October 16, 2015 at 08:17PM
Технологии Blogger.