
Аталган мечиттин ачылыш аземинде Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдышүкүр ажы Нарматов куттуктоо сөзүн сүйлөп өттү.
“Төрт мекеме эриш-аркак бирикмейинче перзентте туура тарбия болбойт. Алар ата-эне, мектеп, мечит жана маалымат каражаттары. Бул төрт институттун тарбиясы эриш-аркак балага берилгенде гана тарбия бекем болот. Жаш кездеги убакытты бош өткөрүү бул күнөөнүн башаты. Убакыт аманат. Андыктан убакытты мечитте туура таалим-тарбияга жумшоо керек”, –деди Аалымдар Кеңешинин төрагасы.
Ал эми жалпы коноктор мечит ислам динин туура жеткирген, коомго өз пайдасын тийгизген мечиттерден болуусун тилеп өтүштү.
Эскерте кетсек, аталган мечит 200 адамга ылайыкташтырылып курулган.
Отправить комментарий