Ибрахим аттуу кичинекей бала бар эле. Ал шаарда окуйт болчу. Жайкы каникулда чоң ата, чоң энесин зыярат кылуу үчүн айылга барат. Айылдын четиндеги талаага чыгып, колуна жаа кармап алып бутага атып ойнойт. Бирок, бир жолу да бутага тийгизе албай коёт. Кайгырып үйгө кайтат, жолдо келе жатып чоң энесинин жалгыз өрдөгүн көрүп калатта, аны да атып көрүүнү чечет. Кокустукпу, же чын эле колу түздөлүп калганбы айтор жебе барып түз эле өрдөктүн башына сайылып, өрдөк өлүп калат. Чоң энесинин өрдөгүн өлтүрүп алгандыгына аябай кайгырат. Корккондугунан эмне кылаарын билбей, өрдөктү чөптүн ичине жашырып коёт. Болгон окуяны Ибрахимдин бир тууган эжеси Хабиба көрүп турган болот, бирок эч кимге ооз ачпайт. Ал күнү кеч кирип күн батат, кайра жарыгын чачып таң атат. Эртелеп туруп таңкы тамакты ичип бүткөн соң чоң энеси Хабибага: “Идиш-аякты жууп кой” - дейт. Хабиба: "Чоң эне! Ибрахим идиш-аякты жууганга жардам берем деп жатат" - дейт да, Ибрахимдин жанына барып кулагына: "Өрдөктүн окуясы эсиңдеби?!" – деп, шыбырап коёт. Ошол эле күнү чоң атасы: "Мен бүгүн балдарды ууга алып чыгайын дедим эле" - дейт. Чоң энеси каршы чыгып: "Хабиба калып, мага кечки тамакты даярдоого жардам берсин!" - дейт. Хабиба бул сунушка ыраазы болгон абалда: "Макул, бирок кечки тамакты даярдоого Ибрахим жардам берем деген болчу" - дейт да, Ибрахимдин кулагына: "Өрдөктүн окуясы эсиңдеби?!" – деп, шыбырап коёт. Хабиба чоң атасы менен ууга чыгып кетет, Ибрахим болсо чоң энесине жардам берүү үчүн үйдө калат. Бул көрүнүш бир нече күнгө созулат. Хабиба өз жумушун жүктөгөнү аз келгенсип, үй тапшырмаларын да Ибрахимге аткарта баштайт. Ибрахимдин сабыры суздап баштайт, аягында чыдамы түгөнүп болгон чындыкты айтууну чечет. Чоң энесине: "Сиздин жакшы көргөн жалгыз өрдөгүңүздү мен өлтүрүп алган болчумун" - дейт. Чоң энеси Ибрахимди кучагына бекем кысып: "Ооба! Сен өрдөктү атып алган күнү, мен баарын терезеден көрүп турган болчумун. Сен өз катаңды өзүң мойнуңа алып, чындыкты айттың. Өрдөк үчүн сени кечиргем, болгону качанга чейин Хабибанын буйруктарын аткарып, качанга чейин кулдай кызмат кылат экенсин деп унчукпай жүрдүм" - дейт.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Канчалык чоң күнөө кылсаң да, өзүңдү шайтанга кул кылып койбо! Анын жолун жолдобо! Күнөө иш кылып алган болсоң аны эч ким көрбөдү деп ойлобо! Жараткан Алла Таала чоң жана кичине, сыр жана ашкере кылган бардык иштерди көрүп, билип турат. Эгер өз күнөөлөрүңдү мойнуңа алып, жалынып-жалбарып чын жүрөктөн тообо кылсаң, Алла Таала күнөөлөрүңдү кечирет. Анткени, Ал мээримдүү, кечиримдүү, тооболорду кабыл кылуучу.
Nasaat.kg
Отправить комментарий