Небереси ак сакалы жайкалган, нур жуздүу чоң-атасына суроо салат:
-Чоң-ата, адам өмүрү канчалык?
Чоң-ата жылмайып:
-Азан менен намаздын ортосунчалык.
-Кандайча? Өмүр ошончолук кыскабы?-, дейт анда небереси.
-Ооба, балам. Өмүр намазсыз азан менен азансыз намаздын ортосундагы убакытчалык.
-Намазсыз азан менен азансыз намаз дегениңизди түшүнбөдүм, чоң-ата. Түшүндүрүп берсеңиз.
Чоң-ата мээрим толо небересин колунан кармап:
-Кулак сал, балам. Өткөн күнү кошунабыз балалуу болду. Ал наристенин кулагына азан окулду, туурабы? Ал азандын намазы окулдубу? Жок окулбады. Ошол намазсыз азан болчу. Адам көз жумганда окулган жаназа намазынын азаны болбойт. Мына ошол азансыз намаз. Чын-чынына келгенде, ал намаздын азаны адам жарыкка келгенде кулагына окулган азан. “Эй, адам баласы! Төрөлдүң, бирок өлөсүң. Өмүр бат эле өтүп кетет. Убактыңды туура пайдалан, бекер өткөрбө!”-дегенди билдирген азан болот ал. Көрдүңбү, балам, өмүр ошон үчүн намазсыз азан менен азансыз намаздын ортосунчалык.
Отправить комментарий