Апаке, мен бул жашоодо апасыз жашоону элестете алчу эмесмин. Апасынан айрылып калгандарды көргөндө, “ушундай жакын адамынан айрылып кантип жашап жүрүшөт” деп таң калчумун. Көрсө тагдырга баш ийбештин айласы жок экен. Мен дагы сенден айрылып калдым, апаке. Бул күн мен үчүн эң кайгылуу, эң өкүнүчтүү, сагынычка, арманга толгон күн болду. Жаралып бул дүйнөгө келгени, кайгынын даамын бул күндөгүдөй тарткан эмес элем. Өксүдүм, ыйладым, кайгырдым, акыры тагдырыма баш ийдим.
Апаке, буга чейин мен сизди канчалык сыйласам да, канчалык жакшы көрсөм да, “эне” деген ыйык аттын эсине татыктуу мамиле жасай албаганымды мына ушул күнү түшүндүм. “Бейиш – энелердин таманында” деген сөздүн түпкү маанисине да мына ушул күнү түшүнгөндөй болдум. Бул жөнөкөй сөздүн ичинде бүтүндөй жашоонун маңызы сакталып жаткандыгын эми билдим. Аттиң деп бармагым тиштеймин. Ушул сөздүн маанисине эртерээк түшүнсөм кана. Балким сизди мындан да көбүрөөк сыйлап, мындан да көбүрөөк урматтап калар белем. Апаке, мен сизден ажыраган күнү Жаратуучунун чексиз мээримине дагы бир жолу күбө болдум. Ар бир кайгынын артында кубаныч, кыйынчылыктын артында жыргалчылык бар экенине да күбө болдум.
Дал ушул күнү Жараткан мага уул наристе бердим. Мен Жараткандын менин кайгымды басуу үчүн жиберген белеги катары кабыл алдым. Дүйнөдөгү эң жакын адамынан ажыроо кайгысын көтөрө албасымды билген Аллах, мени ушул баланы берүү менен алаксытып койгонсуду. Мен өзүмдү алаксытып, сабыр кылуу менен жашоомду улантып жатсам дагы, баары бир сиздин ордуңуз бош турат. Жүрөгүмдү канчалаган кубанычтар ээлеп турса да, алар сизге болгон кусалыкты жеңип кете алган жок. Сизди сагынам, сизди жоктойм, өзүмдү сизге окшотууга аракеттенем. Бирок, 32 жыл жаш муундарга тарбия берип, ушунча өмүр ичинде эл оозунан бир да жаман сөз укпаган сиз сыяктуу адам болууга күч-кудуретим жетпесин да билип турам.
Апаке, бала катары аткара албай калган милдеттерим үчүн сизден кечирим сурайм. Сиздин элесиңиз менин көз алдымда ар дайым жашай берет. Кээ бир энесин тирүү кезинде сыйлабай, аларга жаман мамиле жасагандарды көргөн сайын аларга ичим ачышат. “Энеңерди сыйлап калгыла, алардын караанына зар боло турган күн келет” деп кыйкыргым келет…
Назима Жолдубаева
Запись ЭНЕ ТУУРАЛУ ЭССЕ впервые появилась Formula.KG.
Отправить комментарий