Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком сагынуу. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Апаке, мен бул жашоодо апасыз жашоону элестете алчу эмесмин. Апасынан айрылып калгандарды көргөндө, “ушундай жакын адамынан айрылып кантип жашап жүрүшөт” деп таң калчумун. Көрсө тагдырга баш ийбештин айласы жок экен. Мен дагы сенден айрылып калдым, апаке. Бул күн мен үчүн эң кайгылуу, эң өкүнүчтүү, сагынычка, арманга толгон күн болду. Жаралып бул дүйнөгө келгени, кайгынын даамын бул күндөгүдөй тарткан эмес элем. Өксүдүм, ыйладым, кайгырдым, акыры тагдырыма баш ийдим.

Апаке, буга чейин мен сизди канчалык сыйласам да, канчалык жакшы көрсөм да, “эне” деген ыйык аттын эсине татыктуу мамиле жасай албаганымды мына ушул күнү түшүндүм. “Бейиш – энелердин таманында” деген сөздүн түпкү маанисине да мына ушул күнү түшүнгөндөй болдум. Бул жөнөкөй сөздүн ичинде бүтүндөй жашоонун маңызы сакталып жаткандыгын эми билдим. Аттиң деп бармагым тиштеймин. Ушул сөздүн маанисине эртерээк түшүнсөм кана. Балким сизди мындан да көбүрөөк сыйлап, мындан да көбүрөөк урматтап калар белем. Апаке, мен сизден ажыраган күнү Жаратуучунун чексиз мээримине дагы бир жолу күбө болдум. Ар бир кайгынын артында кубаныч, кыйынчылыктын артында жыргалчылык бар экенине да күбө болдум.

Дал ушул күнү Жараткан мага уул наристе бердим. Мен Жараткандын менин кайгымды басуу үчүн жиберген белеги катары кабыл алдым. Дүйнөдөгү эң жакын адамынан ажыроо кайгысын көтөрө албасымды билген Аллах, мени ушул баланы берүү менен алаксытып койгонсуду. Мен өзүмдү алаксытып, сабыр кылуу менен жашоомду улантып жатсам дагы, баары бир сиздин ордуңуз бош турат. Жүрөгүмдү канчалаган кубанычтар ээлеп турса да, алар сизге болгон кусалыкты жеңип кете алган жок. Сизди сагынам, сизди жоктойм, өзүмдү сизге окшотууга аракеттенем. Бирок, 32 жыл жаш муундарга тарбия берип, ушунча өмүр ичинде эл оозунан бир да жаман сөз укпаган сиз сыяктуу адам болууга күч-кудуретим жетпесин да билип турам.

Апаке, бала катары аткара албай калган милдеттерим үчүн сизден кечирим сурайм. Сиздин элесиңиз менин көз алдымда ар дайым жашай берет. Кээ бир энесин тирүү кезинде сыйлабай, аларга жаман мамиле жасагандарды көргөн сайын аларга ичим ачышат. “Энеңерди сыйлап калгыла, алардын караанына зар боло турган күн келет” деп кыйкыргым келет…

 

Назима Жолдубаева

Запись ЭНЕ ТУУРАЛУ ЭССЕ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


       ✍��Кичинекей Айназик чоң энеси менен жашап калганына үч жылдай болуп, ата -апасынан ажыраганы эки жылдын ашып калды. Жашы эми алты толгон Айназик жашоонун ачуусу -таттусуна анча түшүнө бербей,ата -апасын күтүп келип калышат ко деген үмүт менен жолду карап жүрөт. Сагынып куса болгондо сүрөттөрүн алып кучактап -кучактап жүздөрүнөн өөп алат,кээде чоң апасына эч нерсе айтпастан эле бир нерселерди шылтоо кылып ыйлап -ыйлап алат. Байкуш чоң апа көзүнөн айланып -тегеренип көңүлүн көтөрүүгө аракет кылат. Бирок кандай кылсада ата -эне жыты,мээрими,башкача алардай боло албайт экен. Уулу Россияга барып иштеп келем деп барып эле тез арада башка бирөөгө үйлөнүп алганын угушат. Келини эч нерсеге карабай кызын таштап кетип калат. Ошо ошентип чоң апа небересин карап жүргөн убагы,уулу жакында барам деп бир айда бир телефон чалып турат, ошонусуна да шүкүр айтып эне деген жүрөгү муздабаган,эч качан кайтарбаган мээримдүү зат  уулунун келуусун кутуп, амандыгын тилеп келет.
    Атасы бир күн Айназикке келгендерден көйнөк,шириндик,апасына да бир акча салып жиберет. Айназиктен кубанычтуу адам жок,көйнөгүн кийип алып ары айланып,бери айланып эки жака чуркап жатты,аз болсо да чоң апанын көңүлү көтөрүлүп небересинин кубанычын бөлүшүп олтурду. Айназик көйнөгүн кошуна кыз -балдарга көрсөтүүнү каалап көчөгө чуркап барып,колундагы шириндик,таттуларды таркатып:

     -Көрдүңөрбү мага атм менен апам шаардан ушундай кооз көйнөк жиберди  деп ары -бери айланды. Балада үйдө эмне айтылса дароо илип алат,бир -экөөсү:

      -Сенин атаң апаң жок алар сени таштап кетишкен,деп баары кошулуп кармашып, "калпычы "деп күлүшүп тегеренип жатышты.

      Кубанычы койнуна батпай,асманда учуп жүргөн Айназик заматта жерге кулап түштү,жан дүйнөсү жараланып:

     -"жок ",жок "мен чын айтып жатам деп ушундай ыйлап,көз жашынан "Россия мен сени жек көрөм "деген жаштар аккандай,ата-апамдын ажырашына сен себечисиң!
сен мени жетим кылдың!
сен мени мүнкүс кылдың!
сен күлкүмдү -кубанычымды тартып алдың!
,деп ичтен айтып жаткандай туюулуп жатты.

    Чоң апасы көрүп калып дароо үйүнө ээрчитип баса берди. Небересин кучактап сооротуп,ыйлап жашоосуна тан берип,тагдыр сыноосу дагы эмнелерин тартуу кылат тээ алыска карап ойлуу көз жашын сүртүп олтурду. Бул жашоонун ачуусу,Айназикке эми башталып жатканы,жакында атасы башка аялы менен келсе эмне болот?Огой  эне ? Келчекте кандай күндөр күтүп турат белгисиз эле...

Эх Россия мен да сени чын эле жек көрүп кеттим ....

Ата -апа силерди күтүп кусаланам,

Сагынсам эч жете албай туталанам.

Алтын апам кучагыңдан жыттап -жыттап,

Мэрим төккөн жүзүңдөн сүйсөм кана!

Атакем сагындым го көздөрүңдү,

Эркелетип ширин айткан сөздөрүңдү.

Көргүм келсе жансыз болгон сүрөттөрдү,

Кучактап, сүйүп алам жүздөрүңду!

Балдарыбыз жылуу сөзгө, камкордукка,мээримге оролгон  мамилеге көбүрөөк муктаж...

Насиба Абдуллаева.

http://formulasy.blogspot.com/2016/

��‍��‍��‍��"Бактылуулук Формуласы" .

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

(Алыста жылдап, айлап иштеп жүргөн балдардын энесине болгон кусалыгы) …

Энекем менин сени канчалык сагынганымды билесеңби? Тагдыр тамашасы бизди алыс жактарга учуруп салбадыбы. Сенин кадырыңды эми билип, баркыңа жетип олтурам.

Эх, энекем!Сени укпай кейтикенимди эстесем…

Тур балам, ишиңди кыл!
Тур балам, тамагыңды ичип ал!
Тур балам, атаңа жардам бер!
Тур балам, окууңа кеч калба!

Бул сөздөр ошондо эмегедир жаман сөздөй угулуп, шайтандын тилине кирип, сени капа кылып, жаман көздөрүм менен караганымды ойлосом өзүмдү өзүм жек көрүп кетем. Кана эми убакыт артка кайрылса айтканыңды кылып мээримиңе бөлөнсөм! Мына эми узак сапарда жүрүп билип олтурам. Энекем, сенин биз үчүн канчалык керектүү, улуу инсан экениңди түшүндүм. Жаным энекем!

Энекем менин! Сенин “балам келдиңби?” деген сөзүңдү сагындым. Азыр кана ошол үндү уксам. Өзүм киримди жууп, өзүм тамагымды жасап, тамагым сенин тамагыңдай даамдуу эмес, жууган кирим сеникиндей таза эмес. Ушул күндөрүм мен үчүн сабак болду. Сенин даамдуу тамагыңды сагындым. Энекем! Сенин кып-кызыл, жыты буркурап турган май токоч наныңды сагындым! Эң башкысы күн нурундай чачырап турган мээримиңди сагындым! Жүзүңдөгү жылмаюңду,күлүп турган көздөрүңдү сагындым жаным Энекем менин!

Эч качан сенин мээримиң түгөбөйт. Азыр деле телефон кылсам “Балам, өзүңдү жакшы кара”, “өзүңдү көп кыйнап иштебе”, “убагында тамагыңды жеп жүр” деген сөздөрүң эч түгөбөйт жаным Энекем менин!

Сагынсам сага карап бара албаймын,

Куса болсом канат кагып жете албаймын,

Сагынганда күлүп турган жүзүңдү,

Сүрөтүңдү көпкө карап жалдыраймын…

Барам энекем бир күнү. Бул да Аллахымдын сыноосу. Билсең энекем менин бирден бир максатым сени ак сүтүңдү актасам деймин! Ыймандуу болуп Аллах жолунда жүрүп, силер үчүн көп-көп дубалар кылам. Силер мага берген мээримди эми мен силерге тартуулаймын!

Көп мээнет кылып, жүзүңдөгү тырышты белектер менен жазсам деймин жаным энекем менин!

Каалаймын эне, сага бейиш бактысын,

Бейиштеги кубанычтын тактысын.

Жараткандан сурап келем жалынып,

Бир өзүңө, бул дүйнөнүн башкысын!

Жараткандын сөзү бар китебинде,

Урмат көрсөт,сый көрсөт ата-энеңе.

Жадакалса “Уф” дебегин экөөсүнө,

Катуу тийет алардын жүрөгүнө!

Пайгамбарыбызга (ﷺ) сахабалардан бирөөсү келип:

“Ким?” деди “адамдардан урматтуусу?”

“Эне”деди “асыл адам эң урматуу! ”

“Энемден соң кайсыл адам жакыны?”

Деп сурады кайрадан ал сахаба?

Жооп берди үч жолу Пайгамбарым:

“Эне! Эне! Эне!” деп кайра-кайра!

Энелерди сыйлайлы өзү барда, көзү бар да,
Анткени бейиш жери энелердин таманында …

Насиба Абдуллаева,

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

 

The post Энекемди сагындым… appeared first on FORMULA.KG.


September 23, 2015 at 12:03AM
Технологии Blogger.