Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком May 10. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Апаке, мен бул жашоодо апасыз жашоону элестете алчу эмесмин. Апасынан айрылып калгандарды көргөндө, “ушундай жакын адамынан айрылып кантип жашап жүрүшөт” деп таң калчумун. Көрсө тагдырга баш ийбештин айласы жок экен. Мен дагы сенден айрылып калдым, апаке. Бул күн мен үчүн эң кайгылуу, эң өкүнүчтүү, сагынычка, арманга толгон күн болду. Жаралып бул дүйнөгө келгени, кайгынын даамын бул күндөгүдөй тарткан эмес элем. Өксүдүм, ыйладым, кайгырдым, акыры тагдырыма баш ийдим.

Апаке, буга чейин мен сизди канчалык сыйласам да, канчалык жакшы көрсөм да, “эне” деген ыйык аттын эсине татыктуу мамиле жасай албаганымды мына ушул күнү түшүндүм. “Бейиш – энелердин таманында” деген сөздүн түпкү маанисине да мына ушул күнү түшүнгөндөй болдум. Бул жөнөкөй сөздүн ичинде бүтүндөй жашоонун маңызы сакталып жаткандыгын эми билдим. Аттиң деп бармагым тиштеймин. Ушул сөздүн маанисине эртерээк түшүнсөм кана. Балким сизди мындан да көбүрөөк сыйлап, мындан да көбүрөөк урматтап калар белем. Апаке, мен сизден ажыраган күнү Жаратуучунун чексиз мээримине дагы бир жолу күбө болдум. Ар бир кайгынын артында кубаныч, кыйынчылыктын артында жыргалчылык бар экенине да күбө болдум.

Дал ушул күнү Жараткан мага уул наристе бердим. Мен Жараткандын менин кайгымды басуу үчүн жиберген белеги катары кабыл алдым. Дүйнөдөгү эң жакын адамынан ажыроо кайгысын көтөрө албасымды билген Аллах, мени ушул баланы берүү менен алаксытып койгонсуду. Мен өзүмдү алаксытып, сабыр кылуу менен жашоомду улантып жатсам дагы, баары бир сиздин ордуңуз бош турат. Жүрөгүмдү канчалаган кубанычтар ээлеп турса да, алар сизге болгон кусалыкты жеңип кете алган жок. Сизди сагынам, сизди жоктойм, өзүмдү сизге окшотууга аракеттенем. Бирок, 32 жыл жаш муундарга тарбия берип, ушунча өмүр ичинде эл оозунан бир да жаман сөз укпаган сиз сыяктуу адам болууга күч-кудуретим жетпесин да билип турам.

Апаке, бала катары аткара албай калган милдеттерим үчүн сизден кечирим сурайм. Сиздин элесиңиз менин көз алдымда ар дайым жашай берет. Кээ бир энесин тирүү кезинде сыйлабай, аларга жаман мамиле жасагандарды көргөн сайын аларга ичим ачышат. “Энеңерди сыйлап калгыла, алардын караанына зар боло турган күн келет” деп кыйкыргым келет…

 

Назима Жолдубаева

Запись ЭНЕ ТУУРАЛУ ЭССЕ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Көк чай чаңкаган маалда суусунду кандырып гана койбой, ден соолугуңузга да пайдалуу. Дарыгерлер анын жүрөк-кан тамыр ооруларын, ашказандагы ар түрдүү ооруларды алдын алаары туурасында айтып келишет. Бирок көк чай бирөөгө жакса, башка бирөөгө жакпашы мүмкүн. Бирок анын пайдалуу касиеттери өтө көп. Биз бүгүн сиздерге көк чай ичүүнүн 10 себебин сунуш кылабыз. Алар төмөндөгүлөр:

1. Көк чай антиоксиданттардын булагы.

2. Ашыкча салмак менен күрөшүүгө жардам берет;

3. Өмүрүңүздү узартат;

4. Стрессти алдын алып, мээнин жумуш иштөөсүн жакшыртат;

5. Кан басымды төмөндөтөт;

6. Эгер тамеки чексеңиз өпкөңүздү тазартат;

7. Бооруңузду спирт ичимдиктеринен коргойт;

8. Тиштин кариеске кабылуусун алдын алат;

9. Иммундук системаны жакшыртат;

10. Организмдеги суунун тең салмагын калыбына келтирет.

Америкалык окумуштуулар да көк чайдын адамдын ден соолугуна таасири мол экендигин аныкташкан. Аны бир бөлүк лимон менен жана бир чай кашык бал менен ичүүңүзгө болот. Дүкөн такталарында турган кошулмасы көп суусундуктарга караганда, дартыңызга даба болчу көк чайды ичүүгө кеңеш беребиз.

Булак

Запись Көк чай ичүүнүн 10 пайдасы впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

 

Жаз кетип жай мезгили кирип келе жаткан учуру, жашылча жана мөмө-жемиштердин маалы. Бул учурда организмибизди мүмкүн болушунча витаминдер менен камсыздап алганыбыз жакшы. Ден соолукка пайдасы артык азыктардын сап башында арзан жана сапаттуу ашкөктөр турат. Алардын сырын билип алсаңыз жайда гана эмес, кышта да колдонууну адат кыласыз.
Петрушка
– Петрушканын жалбырагы тамакка болгон табитти ачат;
– Уругу менен сабагы организмде уюп калган туздарды заара аркылуу тазалайт;
– Курамында С жана В9 витаминдери бар болгондуктан аны кан айлануу процесси начарлагандарга сунушташат;
– Мындан тышкары курамында В, А, РР, Е, бета-каротин, минералдардан калий, фосфор, кальций, магний, натрий, темир, цинк бар;
– Курамындагы инулин кандагы глюкозаны көзөмөлдөп, нормада кармап турат;
– Демек, кант диабети менен ооругандар петрушканы көбүрөөк колдонуулары керек.
Кайсы ооруларга даба?
Бөйрөк же бооруңузда таш бар болсо, петрушканын ширесин 3 маал жарым стакандан тамактангандан жарым сааттан кийин ичиңиз. Ширесин иче албасаңыз, жалбырагын айранга чылап ичсеңиз да болот.
Циститте, простатитте жана айыз каны көп келгенде 2 аш кашык майдаланган петрушканын тамыры менен жалбырагын термоско салып, ага 1 стакан кайнак суу куюп 5 саат коюп коёсуз. Аны бир күндө 2 аш кашыктан 4 маал тамактанарга жарым саат калганда ичесиз.
Укроп
1. Укроп баш ооруну айыктырат;
2. Укроптун курамында В6, В9, Е, Р, РР, В1, В2 жана С витаминдери бар;
3. Ал эми уругунда калий, марганец, жез, цинк, кальций жана натрий баш болгон микроэлементтер бар болсо, сабагында фосфор менен темир бар;
4. Зат алмашууну жакшырткан флавоноид нерв, жүрөк-кан тамыр жана дем алуу органдарынын системаларынын жакшы иштешине көмөктөшөт;
5. Организмдеги ашыкча суюктуктарды айдап чыгып ашыкча салмактуулуктан арылтат;
6. Диабет оорусу менен күрөшүп, организмдеги уюп калган туздарды жоготот;
7. Укроптун курамындагы бета-каротин көздүн көрүүсүн жакшыртып, тамакка болгон табитти ачат;
8. Бирок кан басымы төмөндөр колдонсо, көздүн көрүүсү начарлайт, баш айлантып, кустурат.
Кайсы ооруларга даба?
Көз тунарып чарчаганда укроптун 1 чай кашык уругун дакиге ороп ысык сууга 3-4 мүнөт малып чыгарып, муздатуу керек. Даки жылуу болуп калганда көздү жумуп туруп үстүнө 5-10 мүнөт кармап турасыз. Ушул эле ыкманы көздүн тегерегиндеги майда бырыштарды жок кылуу үчүн да колдонсоңуз болот.
Ал эми эмчегинен сүт чыкпай кыйналган энелер укроптун кайнатмасын ичүүсү керек.
Жара, шишик, псориаз жана безетки менен күрөшүүдө жаш укропту майдалап эзип алуу керек. Эзилген укропту дакиге салып жаранын же шишиктин үстүнө 3-4 саат байлоо зарыл.


Көк пияз
– Онкологиялык шишиктери барлар көк пиязды көбүрөөк жеши керек;
– Көк пияздын курамындагы цинк иммунитетти жана эркектердин бел кубатын көтөрөт;
– Көк пияздын курамынан калий, кальций, цинк, темир микроэлементтерин жана С, В, РР, А витаминдеринен тышкары эфир майын, фитонцидди кезиктирүүгө болот;
– Пияздын курамындагы калий жүрөк-кан тамыр системасынын ишин жакшыртат. Адистер адам бир жылда 10 килограмм көк пияз жеш керектигин айтышат;
– Чың ден соолукту каалаган адам бир күндө бир баш пияз же бир байлам көк пияз жеши керек;
– Простатиттен жабыркаган эркек күнүгө жатар алдында бир байлам көк пияз же бир баш пияз жесе оорусунан таза айыгат;
– Бирок ашказанында жарасы барлар, гастрит илдетине кабылгандарга сунушталбайт.
Кайсы ооруларга даба?
Кулак ооруганда кадимки көк пияздын кесиндисин кулагыңызга тыгып коюңуз. Ал суук тийүүдө натыйжалуу каражат болуп эсептелет. Эгерде шакыйдан жапа чексеңиз, бул ыкманы уйку алдында да кайталаңыз. Жыйынтыгына ыраазы болосуз.
Жөтөл үчүн көк пияз натыйжалуу дары болуп эсептелет. Тамактан кийин нанга кошуп бир байлам пияз жеп турсаңыз, 5 күндөн кийин натыйжасын көрөсүз.


Сельдерей
– Сельдерей элдик медицинада бөйрөктү, подагра, ревматизм ооруларына каршы колдонулат;
– Картаюу процессин жайлатуучу касиетке ээ.
– Сельдерейдин жалбырагында В, А, К, Е витаминдери, темир, магний, кальций баш болгон микроэлементтер бар;
– Сельдерейдин курамындагы кальций, темир жана магний кан айланууну жөнгө салып, кан басымын калыбына келтирип, иммундук системанын ишин жакшыртат;
– Кандагы гемоглобиндин деңгээлин жогорулатып, эркектин бел кубатын көтөрүп простатит оорусунун алдын алат;
– Бирок кош бойлуу айымдарга сунушталбайт жана өз өлчөмүнөн ашыкча колдонгондо зыяндуулугун көрсөтөт.
Кайсы ооруларга даба?
Айыз оорутуп келгенде, климакста сельдерейдин уругун колдонуу керек. 1 чай кашык сельдерейдин уругун термоско салып, үстүнө 1 стакан кайнак суу куюп 5-6 саат демдеп коюңуз. Эч убакта кайнатпаңыз.

Тундурманы 2 аш кашыктан бир күндө төрт маал тамактанарга жарым саат калганда ичип турасыз. Муну 35-40 жаштан ашкан айымдар жылына бир ай ичип турса, климакс кеч болот жана убагы келгенде тез өтүп кетет.
Уйку качып уктай албай жатканда 35 грамм сельдерейдин тамырын бир литр муздак сууга аралаштырып 8 саат коюп коюңуз. Даяр болгон соң дакиден өткөрүп алып бир күндө бир аш кашыктан 3 маал ичиңиз.

Запись АШ КӨКТӨРДҮН ПАЙДАСЫ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Баардык дан өсүмдүктөрү жана буудай наны ден соолук үчүн өтө маанилүү. Ал диабеттин пайда болуусун алдын алат. Чыгыш Финляндия университетинин адистери изилдөө жүргүзүп, клетчаткага бай дандан жасалган нанды көп колдонуу канттын деңгээлин төмөндөтүп жана экинчи даражадагы диабеттин өрчүшүн алдын алаары далилдеген. Кара буудай наны инсулиндин реакциясынын жакшыртат, ал ак нанды кантты жогору адамдарга да, дени сак адамдарга да пайдасы жок экендиги далилдеген.

“Нандын курамындагы клетчатка метаболизмге, ашказан-ичеги карын жолдору аркылуу түз таасир берет”,- деп жазат “Xinhua”. Бүтүндөй дандан жасалган нан арыктоо үчүн да пайдалуу экени маалым. Клетчаткага бай нандын бир нече кесимин жесе салмакты калыбында сактоого жана ашыкча калорияларды кетирүүгө жардамы мол.

Бышканына 5-6 саат өткөн нанды жесеңиз ал – ден соолукка пайдалуу болуп эсептелет.

Тузу жок бышырылган нан кан басым, бөйрөк, жүрөк оорулары менен ооругандар үчүн пайдалуу. Эгер зарна болуп жатсаңыз, ачытылбаган камырдан жупка жасап жесеңиз болот. Ашказаны, боору, өтү ооругандарга, ичегисинде жарасы барларга кара нан жегенге болбойт. Кант диабети менен жабыркасаңыз, ак нанды жегенден качыңыз. Анткени, ак нан кандын курамындагы заттар кантты жогорулатат. Ден соолугу таза адам дайыма эле ак нан жей берсе, бул бара-бара организминдеги углеводдук алмашуу процессин бузуп, кант диабетине чалдыктырат. Жүрөк-кан тамыр, ашказан-ичеги, эндокриндик, онкологиялык ооруларды пайда кылат.

Булак

Запись Нан кандагы кант деңгээлин төмөндөтөт впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

 

Суроо: Үйлөнгөн алгачкы айларда бири-бирибизге карата мамилелерибиз жана сый-урматыбыз жакшы болчу. Бири-бирибизди жакшы түшүнчү элек. Ал эми азыр болсо күндөн күнгө аялымдын мүнөзү начарлап баратат. Күндө уруш-талаш бүтө тургандай эмес. Аялымдын мүнөзүн кантип оңдоого болот же ушул себептен улам ажырашсак кандай болот?

Жооп: Күйөөсүн даттанган аялдар, аялын даттанган күйөөлөр дартына дабаа издеп, ушул сыяктуу суроолорду берип кеңеш сурап жатышат. Динибизде адам үчүн өмүр бою керектүү илимдер билдирилген. Кантип туруу керек, кантип басуу керек, мусулмандар кандай болушу керек, ар кимдин орду кандай, милдеттери кандай, аялдардын милдеттери, күйөөлөрдүн милдеттери жана башка ушулар сыяктуу маалыматтарды сайтыбызда дайым жазып келатабыз. Ал эми айтуу менен жазуу менен эч нерсе өзгөрбөйт. Аз да болсо адамдардын жеке өздөрү буга моюн сунуулары, маани берүүлөрү керек…

Көбүнчө жаңжалдарда күнөө эки жактан тең болот. Бирөө унчукпай коё салса, кечирим сураса жаңжал күчөп кетпейт. Эки тарап тең меники туура деп туруп алган сайын жаңжал бүтпөйт. Күнөө көбүнчө эркектерде болот. Аялына ээ боло албаган, тилин таба албаган, башкара албаган эркек – алсыз эркек. Аялын жаман жолго түшүрө турган дагы эркектер. Аялын жаман жерлерге алып барышат да, аялы бир жамандык жасаса күнөөнүн баарын аялына оодара салат. Аялдарды күнөөсүз деп жаткан да жокпуз. Бирок, негизги күнөө күйөөсүндө. Ага жакшы чөйрөнү камсыз кылып берүүсү керек. Жакшы чөйрө камсыз кылып берүүгө алы жетпеген киши үйлөнүү жоопкерчилигин мойнуна албоого тийиш.

Эки тарап тең меники туура деп отурат. Ал үйдө жаңжал бүтмөк беле? Бир киши минтип жазыптыр: “Үйүбүздүн куту качты. Аялымтыңыраак тамак жасай албайт. Үй ичинде өзүн жакшы карай албайт, бирок, сыртка чыкса абдан жасанат. Көп сүйлөйт, сөз тыңдоо деген нерсени такыр билбейт.” Бир аял мындай дейт: “Таң азандан кечке чейин тамак бышыруу, кир жуу, тигүү сыяктуу үй иштери менен алек боломун. Күйөөм келгенде чарчаганымды байкабайт, мага көңүл бургусу келбейт. Үйгө киргенден баштап кабагын бүркөп, такыр ачылбайт. Жылмайуу деген нерсе жок. Салам да бербейт, абалым тууралуу суроо деген жок. Бир күнү тамак туздуу болуп кетсе ачууланып жебей коёт. Бир мактоо, алкыш айтууну билбейт. Дайым бир кемчилик издеп жүрөт.”

Бираз кеңешибиз бар. Бирок, кеңеш-насаатыбыздан эмне пайда, мындан эмне чыгат дебеш керек. Кеңеш менен насаатты тыңдап, моюн сунган адамга көп пайдасы тийет. Эң башкысы тыңдап, моюн сунуу керек. Анткени,Курани каримде мындай делген: “Насаат мусулмандарга албетте пайдасын берет.” (Зарият сүрөсу, 55) Хадиси шарифте мындай делген: “Ахлагыңарды (кулк-мүнөзүңөрдү) көркөмдөгүлө!”(Ибн Лал)

Ахлакты, кулк-мүнөздү өзгөртүү мүмкүн болгондуктан хадиси шарифте ошентип айтылган. Ансыз деле дин –көркөм мүнөз деген сөз. Андай болсо диндин буйругуна моюн сунуп, тыюуларынан сактанган адам, мүнөзүн өзгөртүп көркөм мүнөздүү боло алат. Көркөм мүнөздүү болгон адам эки дүнүйөдө тең ырахат, бактылуу болот. Эми негизги темага келсек.

Ажырашуу чечим эмес. Кемчиликсиз, күнөөсүз кул болбойт. Кемчиликсиз дос издеген доссуз калат, кемчиликсиз түгөй издеген түгөй таба албайт. Чыныгы эрдик кемчиликтүү адам менен жакшы мамиледе боло алууда, аны менен бирге тынч, таттуу өмүр сүрө алууда.

Үйдө эч бир нерседен кемчилик издебегенге аракет кылуу керек. Сын айтуу, талаш-тартыш үй-бүлөнүн ыдыроосуна же бактысыз, берекесиз абалга түшүп калуусуна себепкер болот. Жалгыз аялдар гана эмес ар бир кишиөзүнө карата сын айтылуусун жактырбайт. Адамдардын баары макталууну жактырышат. Ушул маселеде өтө дыкат болууга тийиш. Жалпысынан алганда аялдар кооздукка жакын болушат, кийимдерине өзгөчө маани беришет. Бир кийим алса ага: “Бул кийим сага өтө жарашат турбайбы!” – деп айтсак эч нерсе жокоткон болбойбуз. Мындан эч нерсебиз кемип калбайт. Анткени,динибиз аял менен жакшы мамиледе болуу үчүн жалган айтууну да жаиз деген. Чынында эле мактоого татыктууболуп турган иш-аракеттерин сынга алуу болсо – барып турган акмактык.

Күйөөсүнүн мактоосуна ээ болуу, өзүнө көңүл бөлүү – ар бир аял үчүн эң чоң бакыт. Өзгөчө аялдар жөнөкөй нерселерге дагы чоң маани беришет. Майрамдарда, ыйык түндөрдө, үйлөнүү үлпөттөрүндө, арзыбаган, жөнөкөй болсо деле белек берүүнү унутпоо керек.

Бир аял жылдар бою сонун тамактарды жасайт. Буга карабай күйөөсүнөн кымындай дагы мактоо, рахмат уга албайт. Бир күнү үстү жабык идиштин ичине саман салып тамактар менен бирге дасторконго коёт. Күйөөсү идишти ачыпсаманды көрөр замат ачууланып кыйкырат:

– Бул эмне кылганың, саманды киши жечү беле же мен эмне айбанмынбы? – деп кызаңдайт. Ошондо аялы күйөөсүн карап:

– Жылдар бою даамдуу тамактарды бышырып келем. “Күйөөм бир жолу болсо деле рахмат айтпаганына караганда баары бир жакшы жаманды айырмалабайт го. Алдына эмне койсом деле жей берсе керек” деп ойлодум. Азыр болсо бир гана жамандыкты түшүнүп, жакшылыкты түшүнбөгөндүгүңдү көрсөттүң, – деген экен.

Жаманды сындоону билген адам жакшыны да мактоону, рахмат айтууну билүүгө тийиш! Эгер  мактоо колунан келбесе анда сындоодон да баш тартуу керек! Аялынын даамдуу тамактары менен кызматтарына рахматайтуу керек, ошол сыяктуу жактырбаган кызматтары үчүн дагы рахмат айта алуусу керек. Анткени аялдар жактырбаган тамактарга дагыошол эле энергияны, ошол эле эмгекти жумшаганын унутпоо керек.

Жубайлар бөтөн адамдарга көрсөтүлчү кичи пейилдиктин жок дегенде ондон бирин үйүндө бири-бирине көрсөтүүгө тийиш. Оройлук сүйүүнү кетирип, бакытсыздыкка жол ачат. Мисалы, бөтөн адамга: “Дайыма бир эле нерсени кайталап айта бересиң” дей албаганыбыз менен, өз үйүбүздө: “Дагы эле ошол нерсени айтып жатасыңбы”, – дей турган болсок, кичи пейилдиктен канчалык деңгээлде алыс экенибиз белгилүү болот.

Үйүндө тынчтык, бакыттуулуктун болушу жумуштагы кичи пейилдиктен маанилүүрөөк. Бакыт – миллиарддаган акча табуудан да маанилүүрөөк. Андай болсо, мактаганды билген, кичи пейил, жылмайып жүргөн адамдын үйүндө түшүнбөстүк, келишпестик болбойт. Пайгамбарыбыз алейхиссалам үйүнө күлүмсүрөп кирип, салам берчү. Бир адамдын көңүлү жок болуп турса да күлүмсүрөөнү унутпоосу зарыл. Анткени,кыймыл-аракеттерибиз сөзгө караганда көбүрөөк таасир кылат.

“Күлүмсүрөө” деп аталган отто ээрибей турчу муз жок. Көңүлдөр күлүмсүрөө аркылуу ээленет. Бир күлүмсүрөөгө туткун болгон эр жигит бир кыздын эч бир жаман жактарына карабастан аны менен үйлөнүү деген катага өзүн курман кылышы мүмкүн.

Мусулман күлүмсүрөгөн, жылуу жүздүү болот, ал эми мунафык (эки жүздүү) кабагы карышып турат. Күлүмсүрөө – бекер турат. Алганды бактылуу кылат, бергенди капа кылбайт. Кээде бир күлүмсүрөө өмүр бою эсте калат. Бакыттын ачкычы – күлүмсүрөө. Күлүмсүрөөнү билбеген адам – бечара адам. Күлүмсүрөөнү үйрөнүү дүнүйө жана акыретте бактылуу болууга себеп болот.

 

Булак. Исламдини.

Запись БАКЫТТЫН АЧКЫЧЫ -КҮЛҮМСҮРӨӨ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору!
Укпадым, көрбөдүм, билбедим дебеңиздер!

13-май күнү саат 12:00 дө, белгилүү Аламүдүн базарындагы «Жаштар Ассамблеясы» наамына курулган 3000 орундуу мечиттин ачылуу аземине чакырабыз!

Бишкек шаарынын көркүнө көрк кошкон бул заманбап имарат 4 кабаттан туруп, биринчи, экинчи кабаты ибадат кана болот. Ал эми экинчи кабатынын жарымы аялдар үчүн зал жана имамдын кабинети менен жасалгаланды. – биринчи кабаты аялдар, эркектер үчүн дараткана жана атайын дарс кана болсо, экинчи кабаты унаа токтотуучу жай болуп жасалды. Баса белгилей кетчү нерсе, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар мечитке жана дааратканага ыңгайлуу кирип чыгуулары үчүн атайын пандустар орнотулду.

Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын Кыргызстан үчүн өтөгөн 17 жылдык кызматы үчүн, бул мечиттин аты «Жаштар Ассамблеясы» мечити деп аталды. Ошондой эле аталган мекеменин ардактуу кызматкери Устаз Садибакас Доолов бул мечитке имам хатиб болуп дайындалды!

Урматтуу окурман баарыңыздарды мечиттин салтанаттуу ачылыш аземине чакырабыз. Келип жакшылыкка шериктеш болуп кетиңиздер. Баса бул күнү көптөгөн чет өлкөлүк жана мамлекеттик деңгээлдеги коноктор катышышат.

Дареги: Алмата жана Муса Жалил көчөлөрүнүн кесилишинде. Аламүдүн базарында.

Запись Бишкекте «Жаштар Ассамблеясы» мечитинин ачылышы болот. впервые появилась Formula.KG.

Технологии Blogger.