Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком акысы. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Жан кошуна,кең кошуна,ал кошуна,бер кошуна,дең кошуна ..) дегендей кошуна биздин жашообуздагы бир канатыбыз, бир тууганыбыздан кийинки жакын инсандар. Жалгыз адам,жалгыз үй,дегиеле жашообузда жалгыз нерсенин өзү жок биз канчалык бай колубуз узака жетпесин, айлана -чөйрөдөгү инсандарга муктажбыз. Айрыкча кошунага жакшы-жаман күнүңдө эң биринчи жетип келип, оорунун,жеңилин көтөрө турган инсандар.
Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) коңшу акысына абдан аяр мамиле кылууну каалачу. Кутту хадисте: «Жабрайил мага ар дайым коңшу акысын эскертчү. Ал тургай мен өлгөндө малмүлкүмөн коңшуларым да мурас ала тургандай ойлочумун!» (Бухарий, Адеп, 28; Муслим, Бирр, 140) – деген.
Аллах Таалам кошуна акысын өтө жогору койгон бул тууралуу куттуу хадисте: «Каапыр коңшуңдун бир акысы, мусулман коңшуңдун эки акысы бар. Ал эми мусулман жана тууган болгон коңшуңдун үч акысы бар.» (Суютий, Жамиус-Сагиир, I, 146)- деген.
“Бай кошунаң болсо бай болгун,кедей кошунаң болсо кедей булгун ” -бул дегени бай болсоң байлыгың менен кошунаңа көңүл бөлүп камсызда, кедей болсо кедейлгин билдирбей тамагыңдан,кийим -кече, өзүң жеген тамактан болсо да бир кесе, бир нан болсо да берип акысынан кутул дегени.
Коңшунун терезесин карабоо, жасаб жаткан тамагынын жыты менен коңшуну иренжитпөө, коңшу жактырбай турган мамилени кылбоо – коңшунун акылары.
Абу Зарр аль-Гыфарий мындай дейт: «Мага Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) тамак бышырган кезде шорпосун көбүрөөк кылып, анын бир азын коңшума берүүнү буюрган.» (Ибни Маажа, Атъима, 58) Абу Зарр – жарды сахабалардын бири эле. Колунда өзүнөн арткан тамагы болбогондуктан, бышырган тамагына бир аз суу кошчу. Куттуу хадисте буйрулгандай коңшу акысын берүүгө жоктук шылтоо болбошу керек. Төмөндөгү куттуу хадис сахабалардын коңшу акысына кандай олуттуу караганына абдан жакшы бир мисал: Ибни Умар (Алла ага ыраазы болсун) баяндайт: “Жети үй бар эле, баары жарды эле. Бирөө бул үйлөрдүн бирине койдун башын жиберет. Үй ээси кошунасынын муктажыраак экенин ойлоп, башты ага жиберет. Экинчи үйдүн ээси да ошол эле ой менен башты үчүнчү кошунага берип жиберет. Мына ушинтип баш жети үйдү айланып, кайра биринчи үйгө кайтып келет.» алар сахабалар эле бирок бизда үлгү алуубуз керек колдон келгенче. Анткени кошуна акысы акыретте биринчи сурала турган акылардан,капа кылып коюу,көңүл оорутуу жамандык кылуулардан этият болуу керек ,бейишке кирүүчүү жолдорубузду тосуп алуубуз мүмкүн…

Ислам дини мусулман адам-ды жанында жашаган кошунасы, бирге иштеген кесиптеши, жана бирге жүргөн сапарлашы менен эң жакшы мамиледе болууга буй-руйт. Алла Таала минтип айткан: «Алла Таалага кулчулук (иба-дат) кылгыла жана Ага эч нер-сени тең (шерик) кылбагыла! Ата – энеңерге, тууган – урукка, жетимдерге, бейбечараларга, тууган кошунага, бөтөн кошу-нага, жаныңардагы жолдошу-ңарга, жолоочу мусаапырга жана кол астыңардагы кулда-рыңарга жакшылык кылгы-ла»! (Ниса сүрөсү, 36-аят).Кошунанын исламдагы орду өтө чоң. Бул жөнүндө пай-гамбарыбыз (Ага Алланын сала-ват-саламдары болсун) хадисмага кошунага жакшылык кылууну ушунчалык көп осуят кылгандыктан, аны мураскор кылып коёт го деп ойлоп кал-чумун». (Бухари, 6014. Муслим, 2624).

Мусулман адам кошуна менен жакшы мамиледе болуу үчүн төмөнкү адептерге көңүл буруусу керек:

1. Кошунага зыян жетки-рүүдөн сактануу кепек. Мисалга, аялы менен зина кылуу (ойнош-тук кылуу), уурулук кылуу, сө-гүп-тилдөө, анын короосуна таш-тандыларды ыргытуу, тынчын алуу ж.б.у.с. бардык кошуна ыза боло турган нерселерден сакта-нуу зарыл.Алланын элчиси (Ага Алла-нын салават-саламдары болсун): “Кимде-ким, Алла Таалага жана Акырет Күнүнө ыйман келтирсе, анда кошунасына зыян бербесин!” – деп айткан. (Бухари, 6475. Муслим, 48).

2. Кошунасын урматтап, жакшылык кылуу керек. Алланын элчиси (Ага Алла-нын салават-саламдары болсун): «Кимде-ким, Алла Таалага жана Акырет Күнүнө ыйман келтирсе, анда кошунасына жакшылык кылсын!» – деген. (Муслим, 47).

3. Кошунанын ал-абалын сурап, эгер муктаж болсо, тамак-аш жана кийим-кечеден жардам берүү керек. Алланын элчиси (Ага Алланын салават-саламда-ры болсун) Абу Зарга кайры-лып: «Эй, Абу Зар! Эгер шорпо бышырсаң, суусун көбүрөөк куюп, кошунаңа алып барып, андан кабар ал!» – деп буйруган. (Муслим, 2625).

4. Кошуналардын арасынан эшиги жакыныраагы жакшы-лыкка көбүрөөк акылуу болот. Айша энебиз пайгамбарыбыздан “Кошуналардын кимиси ме-нин жакшылыгыма акылуу болот?” – деп сураганда, “Ки-мисинин эшиги жакын болсо, ошонусу жакын кошуна болуп эсептелет” – деп айткан.

Жакшы кошуна…

Абдулла момун, такыбаа, Аллахты жана анын элчисин сүйгөн, ибаадатка бекем адам эле.
Ар дайым колунда жок, кембагалдарга жардам берип, алардын жүзүнө кубаныч киргизет эле. Кошуналары менен да жакшы мамиле кылат эле. Анын Ахмад аттуу кедей кошунасы бар болчу. Күндөрдүн биринде Ахмад көп суммадагы акчага муктаж болуп, үйүн сатууга мажбур болду. Үйүн сатууну жарыялаган кезде, үй сатып алууну каалаган адамдар келип;
-Биз үй сатып алалы дегенбиз, үйүңдүн баасы канча?-деп сурашат. Ахмад абдан кымбат бааны айтат. Аны уккандар мындай дешет;

-Сенин үйүң анча акчага татыктуу эмес, абдан эски, урап түшөйүн деп калган кичинекей үйүңдү ошончо кымбат баага саткандан уялбайсыңбы? Ал акчанын жарымына да татыбайт. Ахмад сезбестен капаланып айтты:
-Туура айтасыңар, үйүм бул айткан баага татыбайт бирок, туугандар менин Абдулла деген кошунам бар. Кайрымдуу, берешен адам. Кошуналарынын абалынан дайыма кабар алып турат. Оорусам кабар алат, тамак бышырса мага да алып келет. Тамак-аш кылсам анын буюмдарын алып, пайдаланам. Кубансам кубанычымды, капалансам капамды тең бөлүшөт. Канча жылдан бери чогуу жашасам да, андан бир жаман сөз уккан жокмун. Мен үйүмдү эч качан сатмак эмесмин, ушундай кошунаны таштап, башка жакка кетмек эмесмин. Аргасыздан ушул ишке барып жатам. Эми өзүңөр деле айткылачы? Менин үйүм ушул баага татыйт бекен же татыбайт бекен? Абдулла кошунасынын айткан сөздөрүн угуп, анын абалынан кабарсыздыгын билип, абдан капаланды. Бир маалда Ахмаддын жанына келип;
-Сенден суранам, үйүңдү сатпай эле койчу. Канча акча керек болсо өзүм эле берейин, сен мага эле кошуна болчу. Сендей кошунам бар үчүн мен бактылуумун- деп ага акча сунат.
Ал экөөнүн окуясын уккан шаар эли ушундай кошуна менде да болсо деп, алардын мамилесине суктанышат…

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ».

Запись ЖАКШЫЛЫКТЫ КОШУНАҢДАН БАШТА.. впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

       Бул дүйнөдө мусулман пендесин эмнеге окшоткум келет,эч соолубаган,курубаган жашылданып турган дарака,ал дарак адеп менен жашылданган,тамыры ыйман менен бекемделеген,мөмөсү имлим менен жетилген,эч ким андан зыян тартпайт,таттулугунан ырахаат, жытынан сергип дем алат деп айтаар элем.  Тээ ааламга көз чаптырып карасаң, мусулмандай бактылуу инсанды таба албайсың. Анын мусулман болуп жаралып калганы эле өзү чоң бакыт билгенге. Сиз билесизби бул аалам эмне үчүн бузулбай,эмне үчүн жер жарылбай,эмне үчүн асман оонабай,эмне үчүн күн күйүп кетпей,эмне үчүн деңиздер дүйнөнү каптап кетпей турат!?  Анткени  бул ааламга Аллах Таалам мусулман деген өзгөчө пенделеринин үрөөнүн дүйнөнүн ар жактарына сепкен. Ошол асыл,таза инсандар бар үчүн бул аалам бузулбай,жер жутуп жибербей,деңиз чөктүрбөй турат. Биз мусулман болуп жаралганыбызга чексиз шүгүр кылуубуз керек, биздин башкалардан айырмабыз мусулман  Бейиш кооз, түбөлүктүү,жыргал,бакыттын жайына жаралган. Адашкандар, каапырлар түбөлүк Тозок отко жаралган. Бирок мусулман болуп тили башка,дили башка, багыты башка болуп адашып жүргөндөр канча.  Мусулмандардын башкадардан айырмасын Алланын Элчиси (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) мындай деп айткан: « Момундар -бири -бирине жасаган өз -ара сүйүүсү,ырайымдуулугу жана боорукерлги менен (бир) денеге окшош: анын бир мүчөсү ооруп калса,бүткүл денеси ысытмалап,уйкусу качып, сыздайт ». (Бухарий,Муслим) .  Чындыгында мусулман пендеси өзү үчүн жашабайт,өзүгө каалаган жакшылыктын баарын башка бир туугандарына да каалайт. Бейишке бир өзү эмес башкаларды да ээрчитип барууна үндөйт.  Абу Муса (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) мындай дегенин кабарлайт: «Чындыгында, мусулмандар бирин-бири (сүйөп -таяп) күчтүү кылып турган имарат сыяктуу "-ушунтип айткан ал (аны көрсөтүү үчүн) манжаларын бири -бирине бириктирди ». (Бухарий; Муслим) .

    Мусулман бир тууганын айыбын жашыруу.

     Ата -бабаларыбыз«Жаңылбас жаак,мүдүрүлбөс туяк болбойт», «катасыз кул болбойт »-деп нускалаган . Муну менен адамдын канчалык аракет кылбасын ,туура эмес иштерди кылып койору айтылган. " Эч качан түз жолдомун деп ойлобо,түз жол кээде баткак,кээде тайгак,кээде чуңкур болуусу мүмкүн "дегендей инсан адашып турат. Маанилүү болгону -жаңылбаганга аракет кылуу болуп саналат. Бирок,адамдардын айрым каталары үчүн аны айыптап,аны башкаларга айтып же жарыя кылуу туура эмес.
.. Ыйык куранда: «Бири -бириңерди аңдыбагыла жана бири -бириңердин артынан гыйбат кылбагыла ....»(Хужрат: 12) ..

«Бирок жумшактык кылып,байкамаксан болуп, аларды кечирсеңер, Аллах кечиримдүү,Боорукер »(Тагаанбуун: 14) аяттары менен, диндеш бир тууганыбыздын кемчиликтерин издебөөнү,көргөн болсок жарыя кылбастан жана кечирүүнү буйурган.
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) бир хадисинде: «Ким бир тууганынын бир кемчилигин жашырса, анын кеичилигин  Аллах Таала дагы  дүйнөдө жана акыретте жашырат » -деп буйурган.  (Муслим).. 

Ибн Умар (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) мындай дегенин кабарлайт : «Мусулман -мусулманга (бир) тууганына ага зулумдук кылбайт  жана башкалардын ага зулумдук кылуусуна жол берип таштап койбойт.  Ким (диндеш) тууганына ал кыйналып турганына жардам берсе, ал өзү жардамга муктаж болуп турганда ага да Аллах (жардам берет) . Ким мусулманды кайгыдан куткарса, Аллах аны да Кыямат Күндүн бир кайгысынан куткарат, ким мусулмандын айыбын жапса ,Аллах да анын (айыбын) Кыямат күнү жабат! ». (Бухарий: Муслим)

Заман өнүккөн сайын,адамдар өзгөрүп бирине -бири карабай,ар ким өз камын ойлоп калган заманга айланды. Тууган -тууганды кабар алуу,сурап койу,кыйналса жардам берүү, колун сунуу, муктаждыктарды ортодо чечүү деген күн сайын жоголуп кетүүдө. Бээчара жыгылса ага күлгөн,бай той берсе тааныбаса да коштоп кубаттаган,бирөө мүдурүлсө сырын элге жайган, ушакчы, гыйбатчы жакшыны заматта жаман кылып куру тоомат менен жер менен жексен,жаманды акча менен заматта  суудан таза жакшы адамга айланткан, зордун заманы кордун көз жашына айланды. Өкүнчтүүсү ушул көрүнүш мусулмандар арасында болуп жатканы жан кейитет.
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) мусулмандын абалы кандай болоорун мындай деп айтканы бар: «Бири -бириңерди ичи тардык кылбагыла, (соодалашсаңар) бааны ыгы жок көтөрбөгүлө, бири -бириңерди жек көрүүдөн баш тарткыла,бири -бириңерге артыңарды салбагыла,бири -бириңердин соодаңарды бузбагыла,бир туугандай ынтымакта болгула, О, Аллахтын кулдары ! Анткени мусулман мусулманга бир тууган,ошондуктан эч бир мусулман башка бир мусулманга зулумдук кылбасын,жек көрүү менен мамиле кылбасын, жардамсыз калтырбасын, -такыбалык мына бул жерде катылуу! "- Ушинткен Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) өз көөдөнүн үч жолу (сөөмөйү менен сайып) көрсөттү да, анан минтип айтты: «Өзүнүн Исламдагы бир тууганын.жек көргөн адам, анын өзүнүн жаман экендигине жетишерлик (далил) ,(анткени) ар бир мусулмандын жаны,мүлкү жана абийири башка мусулман үчүн кол тийгис ! »(Муслим) .

Мусулмандар арасында бири-бирине болгон акысы тууралу Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) мындай деп айткан: «Мусулмандар бири -биринде алты түрдүү акысы болот: 
1. Жолуккан кезде саламдаш,
2. Чакырганына жооп бер,
3. Кеңеш сураса туура кеңеш айт.
4. Эгер ал чүчкүрсө, Аллахты мактаса (Алхамдулиллах) деп айтса. Сен ага жакшылык каала " Аллах сага ырайым кылсын! "(Йархаму -ка -Ллаах!)  деп жооп берүү керек.
5. Эгер ал ооруп калса, аны зыярат кыл,
6. А эгер көз жумса, аны (акыркы сапарга) узат ». (Бухарий; Муслим) .

       Абу Хурайра (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) мындай дегенин кабарлайт: «Кимде -ким бул дүйнөнүн бир кайгысынан мусулманды куткарса, Аллах аны Кыямат Күнүдун бир кайнысынан куткарат; ким (карыздуу мусулман)адамдын абалын жеңилдетсе,Аллах да анын бул дүйнөдөгү жанат акыреттеги абалын жеңилдетет; ким (мусулмандын) айыбын жапса ,Аллах да анын (айыбын) бул дүйнөдө жана акыретте жабат. Пенде бир тууганына жардам бергенин токтотмоюнча Аллах да ага жардам берүүсүн токтотпойт. Аллахтын илимин издеп кандайдыр бир жакка сапарга чыккан адамга Аллах бейиштин жолун жеңилдетип койот. Адамдар Аллахтын Китебин окуп -үйрөнүп, жаттап -зикир кылуу үчүн Аллахтын үйлөрүнүн бирине чогулушкан кезде, аларга сөзсүз Аллахтан бейпилдик түшүп,аларды мээрим ороп,аларды периштелер курчап алышат жана аларды Аллах Өзүнүн алдындагылардын арасында эстейт, ал эми (Аллахты мечитте зикир кылуудан) кимди өз иши кармап калган болсо, анын тектилуугү ага (Сират көпүрөсүнөн) алга жылууга  жардам бере албайт! ». (Муслим)

Карап көрсөңүз мусулман пендесинин абалы кандай суктанаарлык,бул сөздөр кимдер үчүн кызыксыз болушу мүмкүн, чыныгы мусулмандар үчүн Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун)калтырган осуяттары туура жолго багыт алуудур. Мусулмандын бир багыты бар ал Бейишке кирүү,Бейишке кандай киребиз Аллах ыраазылыгына жетсе, Аллах ыраазылыгына кандай жетебиз, кыйынчылыкка сабыр,жакшылыктарга шүкүр кылуу менендир. Аллахым бардык мусулман пенделерине, мусулман кылып жараткан соң, мусулман бойдон,жүрөгүндө ыйманы,тилинде келмеси менен ойубуз куранда  башыбыз саждада өтүүнү насип кылсын!

Насиба Абдуллаева.

©"Бактылуулук Формуласы ".

Технологии Blogger.