Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком ууру. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бир адамга атасынан мураска көп байлык калат. Бирок, «Оңой келген оңой кетет» болуп, байлык бат эле түгөнүптүр. Колундагы байлыгынын баарын түгөтүп, жегенге тамак да таппай калат. Эми дагы мындай байлыкка ээ болуудан үмүтү үзүлсө да, жашоодон үмүт үзбөй Аллахка жалынып дуба кылат: «Оо, Аллахым, мага дагы байлык бер. Мен өз катамды моюнга алам. Эми байлык берсең, аны сарамжалдуу пайдаланам». Байкуш адам ушинтип дуба кылып, эртедир-кечтир бир жакшылык болоруна үмүт кылып күн өткөзөт. Күн артынан күн, ай артынан ай өтөт. Бир күнү түш көрөт. Түшүндө бир адамдын элеси көрүнүп: «Сен Мисирге бар. Мына ошол жерде сени байлык күтүп турат. Ошол жерден казына табасың» – деп айтат. Ойгонуп кеткен кедей, сүйүнүчтөн жинди болуп кетейин деди. Ошол эле күнү болгон камын көрүп Мисирге жолго чыкты. Ысык чөлдө суусуз, тамаксыз «иттин күнүн» көрүп Мисирге жетти. Бирок, анда барышы менен эле жыргап кеткен жок. Мисирдин көчөлөрүн кечке кыдырып чарчады. Казынанын да байлыктын да дайыны жок. Азык-оокаты түгөнүп, тилемчилик кылууга туура келди. Алды-кийин мындай ишти кылып көрбөгөн жаны элден уялып, кеч кирип, караңгы түшсө анан суранайын деп, бир чоң үйдүн эшик алдына отура кетти. Ошол убакта жумуштан келе жаткан маале башчысы эшигинин алдында отурган чоочун адамды көрүп калды, аны ууру го деп ойлоп, жакасынан тартып тургузду:

– Менин үйүмдүн алдында эмне кылып отурасың, чыныңды айт, болбосо камап салам?! Капыстан эле урчуудай болуп, опурулган эмеден чочуп кеткен тиги:

– Токто, урбагын, чынымды айтамын, – деп жалынып жиберди.

– Чоочун экениңди түрүңдөн көрүп турам, эгер чыныңды айтпасаң бардык уурулардын сазайын сенден чыгарам, – деп ачууланды үй ээси.

– Мен ууру да, качкын да эмесмин, – деп сөзүн баштады тиги. – Мен бир күнү түшүмдө Мисирде казына бар экендигин көрүп, ошону издеп келген Багдаттык бир бечарамын.

Маале башчынын күлкүсү келип, тигинин жакасын коё берди да:

– Сенин ууру эмес экендигиңе ишендим, бирок акмак эмес экендигиңе ишене албай турам. Мен канча жылдан бери, «Багдаттаяяяяяяс, баланча жерде, баланча үйдүн алдында казына катылган» деп түш көрөм. Бирок бир жолу да ал тарапка барууну ойлогонум жок. Сен болсо бир жолу түш көрүп, жетип келипсиң, – деди. Маале башчынын андан ары эмне деп сүйлөп жатканы тигинин кулагынын сыртынан кетти. Ал жинди болгон сыяктуу маале башчысынын колунан өпкүлөп, жалынып жиберди. Таңданган маале башчы «Бул жөн эле акмак эмес, биротоло жинди болуп калган эме го» деп, акырын колун тартып алды да, үйүнө кирип кетти. Тиги болсо, «Оо, Аллахым, мен Сенин жардамыңдан үмүт үзгөн эмес элем. Казынанын үстүнө жашатып койгонуң үчүн Сага чексиз шүгүрлөр болсун» – деп чекесин жерге коюп сеждеге жыгылды. Көрсө, маале башчы «түбүнө казына катылган» деп, дал ушул кишинин үйүн айткан экен.

The post Казына үстүндө жашаган кедей appeared first on FORMULA.KG.


September 25, 2015 at 10:41AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Харасан акими Абдулла бин Тахир адилеттүүлүгү менен атагы чыккан адам эле. Бир жолу жөкөрлөрү төрт ууруну кармап алат. Аларды акимге алып бара жаткан жолдо би­рөөсүн качырып жиберишет да шаарды түп көтөрө издей баш­ташат. Ошол түнү хираттык бир уста Нишапурга жумуштап келген болчу. Жатарга жай тап­пай көчөдө бара жаткан уста­ны ууру деп ойлогон жөкөрлөр кармап алышат да, төртөөнү акимге алып келишет. Аким аларды абакка салууга буй­руйт.

Кара доомат менен күнөөсүз абакка түшүп калган уста түнү менен намаз окуп, Аллага жа­лынып дуба кылат. Акыркы ду­басында: «Оо, Жараткан Алла, менин күнөөлүү эмес экеним­ди бир гана Сен билесиң жана мени бул абактан Сен гана алып чыгасың» деп жалбарат.

Ушул түнү аким Абдулла түш көрөт. Түшүндө эңгизердей болгон төрт адам келип анын тактысын оодарып салмакчы болушат. Аким чочуп ойго­нуп, даарат алып, эки ирекет намаз окуп кайра жатат. Көзү илинер замат жанагы эле түшү кайталанат. Ошентип түнү ме­нен оңдуу уктай албай чыккан аким таң эрте абак башчысын чакыртат.

– Абакта күнөөсүз камалып калган адам барбы? – деп сурайт андан. Ал:

– Жок, андай болуусу мүмкүн эмес, би­рок кечээки уурулардын бири таң атканча намаз окуп дуба кылып чыкканын уктум, – дейт.

Аким дароо ошол адамды алып келүүгө буйруйт. Аны алып ке­лишкен соң баштан-аяк суроо жүргүзөт. Уста болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып берет. Анын күнөөсүз экенине көзү жеткен аким:

– Мени кечиргин, мынабу миң теңгени алгын жана кан­дай тилегиң болсо мага кай­рыл, – деди. Уста теңгени алып:

– Мен сизди кечирдим, тар­тууңузду да кабыл кылдым, бирок тилегимди сизден сурап келе албайм, – деди, сылык сы­паа. Аким таңданып сурады:

– Эмне үчүн тилегениңди су­рабайсың, же мени аны орунда­та албайт деп ойлойсуңбу?

– Жок, урматтуум, менин ти­легимди сиз деле орундаты­шыңыз мүмкүн, бирок мага ок­шогон бечара кулунун дубасын угуп, сиз сыяктуу султандын тактысын оодармакчы болгон Жаратуучумду таштап, сизден тилек кылганым жакшы бол­бос. Эртедир-кечтир Анын ал­дына барганда жүзүнө кантип тигилем, – деп жооп берди да, ыраазылыгын билдирип са­райдан чыга жөнөдү…

The post Абакта айтылган дуба appeared first on FORMULA.KG.


September 19, 2015 at 04:00PM
Технологии Blogger.