Харасан акими Абдулла бин Тахир адилеттүүлүгү менен атагы чыккан адам эле. Бир жолу жөкөрлөрү төрт ууруну кармап алат. Аларды акимге алып бара жаткан жолдо бирөөсүн качырып жиберишет да шаарды түп көтөрө издей башташат. Ошол түнү хираттык бир уста Нишапурга жумуштап келген болчу. Жатарга жай таппай көчөдө бара жаткан устаны ууру деп ойлогон жөкөрлөр кармап алышат да, төртөөнү акимге алып келишет. Аким аларды абакка салууга буйруйт.
Кара доомат менен күнөөсүз абакка түшүп калган уста түнү менен намаз окуп, Аллага жалынып дуба кылат. Акыркы дубасында: «Оо, Жараткан Алла, менин күнөөлүү эмес экенимди бир гана Сен билесиң жана мени бул абактан Сен гана алып чыгасың» деп жалбарат.
Ушул түнү аким Абдулла түш көрөт. Түшүндө эңгизердей болгон төрт адам келип анын тактысын оодарып салмакчы болушат. Аким чочуп ойгонуп, даарат алып, эки ирекет намаз окуп кайра жатат. Көзү илинер замат жанагы эле түшү кайталанат. Ошентип түнү менен оңдуу уктай албай чыккан аким таң эрте абак башчысын чакыртат.
– Абакта күнөөсүз камалып калган адам барбы? – деп сурайт андан. Ал:
– Жок, андай болуусу мүмкүн эмес, бирок кечээки уурулардын бири таң атканча намаз окуп дуба кылып чыкканын уктум, – дейт.
Аким дароо ошол адамды алып келүүгө буйруйт. Аны алып келишкен соң баштан-аяк суроо жүргүзөт. Уста болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып берет. Анын күнөөсүз экенине көзү жеткен аким:
– Мени кечиргин, мынабу миң теңгени алгын жана кандай тилегиң болсо мага кайрыл, – деди. Уста теңгени алып:
– Мен сизди кечирдим, тартууңузду да кабыл кылдым, бирок тилегимди сизден сурап келе албайм, – деди, сылык сыпаа. Аким таңданып сурады:
– Эмне үчүн тилегениңди сурабайсың, же мени аны орундата албайт деп ойлойсуңбу?
– Жок, урматтуум, менин тилегимди сиз деле орундатышыңыз мүмкүн, бирок мага окшогон бечара кулунун дубасын угуп, сиз сыяктуу султандын тактысын оодармакчы болгон Жаратуучумду таштап, сизден тилек кылганым жакшы болбос. Эртедир-кечтир Анын алдына барганда жүзүнө кантип тигилем, – деп жооп берди да, ыраазылыгын билдирип сарайдан чыга жөнөдү…
The post Абакта айтылган дуба appeared first on FORMULA.KG.
September 19, 2015 at 04:00PM
Отправить комментарий