Halloween party ideas 2015

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын

№12-42 Фатвасы

Маселе: Байпака масх тартуу

Шариатыбызда шарий өкүмдөрдү алуучу негизги булак болуп Кураан эсептелет. Ошондуктан Кураанда ачык айкын айтылган өкүм кандай айтылган болсо ошондой түрдө гана аткарылуусу керек. Эгер Кураанда ачык-айкын айтылган өкүмгө кайсы бир хадистин мааниси каршы келип калган болсо жана аларды бириктирүүгө мүмкүн болбосо, анда Кураан аятына жараша амал кылынат. Ал эми бириктирүүгө мүмкүн болсо, анда ал экөөнө тең амал кылынат. Кураан менен бекемделген өкүм парз ал эми хадис менен бекемделген өкүм сүннөт болуп эсептелет. Бул эрежеге бир гана мутаватир[1] хадис кирбейт. Кураанда айтылган өкүмгө мутаватир хадистин негизинде кошумча толуктоо киргизилүүсү мүмкүн. Ушул эреженин негизинде ушул бул аятка токтолуп кетсек.

Аллах Таала Кураанда мынтип айтат:

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ إِذَا قُمْتُمْ إِلَى الصَّلاةِ فاغْسِلُواْ وُجُوهَكُمْ وَأَيْدِيَكُمْ إِلَى الْمَرَافِقِ وَامْسَحُواْ بِرُؤُوسِكُمْ وَأَرْجُلَكُمْ إِلَى الْكَعْبَينِ

Аяттын маанисинин котормосу: Эй, момундар! Намазга турган кезде жүзүңөрдүжана колуңардычыканактарыначейинжуугула. Башыңарды (сууменен) сылагыла. Бутуңардытомуктарыначейинжуугула(Маида сүрөсү 6-аят).

Бул аят даарат алууда сөзсүз түрдө буттарды жууш парз экендигин көргөзүп жатат. Ал эми маасыга масх тартууга уруксат берген хадистер мутаватир даражасына жеткендиктен маасычан адамга маасысына масх тартууга уруксат берилет. Бул маселеде аалымдар арасында эч кандай талаш жок.

Ал эми Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) байпака да масх тарткан деген хадистерге келе турган болсок, бул туурасында беш хадис айтылат. Төмөндө ал хадистердин кээ бирлерине токтолуп өтөбүз.

1)     عن عيسى بن سنان عن الضحاك بن عبد الرحمن بن عرزب الأشعريعن أبي موسى الأشعري قال : ” أتيت رسول الله صلى الله عليه وسلم بوضوء فمسح على الجوربين والنعلين

Иса бин Синан, Дихак бин Абдурахмандан ал Абу Мусадан (радыя Аллаху анху) риваят кылат: “Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи ва саллам) даарат алуусу үчүн суу алып келдим. Ал даарат алып байпагына жана бут кийимине масх тартты” (Сунан Ибн Маажа, Табараний).

Хадис аалымдары бул хадисти даиф хадистердин катарына кошушат. Мунун себеби бул хадисти риваят кылуучулардын арасында Иса бин Синан деген риваятчынын бар экендиги. Аны имам Насаи[2], имам Ахмад бин Ханбал, имам Яхья бин Маъин, имам Абу Хатим[3], имам Абу Дауд[4], имам Байхакий[5] ж.б. аалымдар даиф деп айтышкан.

2) عن سفيان عن أبي قيس عن هزيل بن شرحبيل عن المغيرة بن شعبة قال توضأ النبي صلى الله عليه وسلم ومسح على الجوربين والنعلين

Суфян Саври, Абу Кайс ал-Авдиден ал Хузайл бин Шурахбилден ал Мугира бин Шуубандан риваят кылат: “Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) даарат алып байпагына жана бут кийимине масх тартты” (Жаамиут-Тирмизий,  Сунанул-Кубра Насаи, ж.б.).

Бул хадис көпчүлүк хадис китептеринде келгенине карабастан, бул хадисти көпчүлүк хадис аалымдары сынга алышкан. Алардын бир мисалы катары имам Муслимди айтсак болот. Ал бул хадис тууралуу мынтип айтат: “биз Абу Кайс жана Хузайлдын даиф риваяттарына таянып Кураандын көрсөтмөсүнөн баш тартуу ниетибиз жок. Андан сырткары ал экөө башкариваятчылардын (Абу Кайс жана Хузайл айткандай байпака эмес) маасыга  деп риваят кылган хадисине каршыриваят кылышкан. Ошондуктан бул хадис даиф болуп эсептелет” (Ас-Сунанул Кубра Байхакий 1-том, 284-бет).

Ошондой эле Абу Кайстын хадисинин даиф экендигин эң мыкты хадис аалымдары айтып өтүшкөн. Мисалы: Яхья бин Маъин, Али бин Мадини, Суфян Саври, Абдурахман бин Махди, имам Ахмад бин Ханбал, имам Укайли, имам Насаи, имам Абу Дауд ж.б.

Бардык хадис аалымдарынын көз карашында хадис сахих болуусу үчүн анын риваятчылары ишеничтүү болуусунун өзү жетишсиз болот.Риваятчылардын ишеничтүү болуусу менен биргеликте ал хадис Кураан аятына жана башка көпчүлүк риваятчылар риваят кылган хадиске каршы келбөөсү керек.

Жогорудагы хадис биринчиден Кураанда айтылган бутту жууш тууралуу аятка каршы келсе, экинчиден башка риваятчылардын баары Мугира бин Шуубадан Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) маасыга масх тарткандыгын риваят кылышкан. Ал эми Абу Кайс жана Хузайл,Мугира бин Шуубадан байпака масх тарткан деп аларга каршы риваят кылышкан. Бул убакта көпчүлүк риваятчылардын хадиси алынып, ал экөөнүн хадиси ташталынат.

Байпака масх тартуу тууралуу айтылган жогорудагы эки хадистен башка хадистер да көпчүлүк хадис аалымдарынын көз карашында сахих эмес. Ошондуктан биз аларга токтолбодук. Эгер бул хадистердин баары сахих болгон учурда да алар мутаватир болбогондуктан жана Кураан жана мутаватир хадисте айтылган кабарга каршы келгендиги үчүн ал риваяттар кабыл кылынбайт.

Төрт мазхаб аалымдары кээ бир байпактар маасынын өкүмүн алгандыгы үчүн аларга масх тартууга уруксат берет.

Ханафий мазхабы.

Имам Абу Ханифа жана анын шакирттери Абу Юусуф жана имам Мухаммадтын көз карашында териден жасалбаган байпак эгер сахын (калың) болгон болсо ага масх тартканга болот.

Сахын байпак төмөндөгү шарттарга жооп берүүсү керек:

1.      Аны менен үч милден ашык жолду басып өтүүгө болот жана ал бул жолду баскандан жыртылып кетпейт.

2.      Андан суу өтпөшү керек.

3.      Бутта эч бир жип же резинка менен байланбастан өз алдынча туруусу керек[6].

Шафий мазхабы.

Имам Шафийдин көз карашында териден болбогон байпака масх тартуу үчүн ал калың (сахын) жана асты териден болуусу (мунаъал) болуусу керек[7].

Маликий мазхабы.

Улуу имам ибн Абдул Бар өзүнүн “Ал-Изтизкар” деген китебинде мынтип айтат: “Абу Ханифа, Шаафийдин көз карашында байпактар тери менен капталган болсо гана аларга масх тартууга болот. Бул имам Маликтен  риваят кылынган эки риваяттын бирине дал келет. Ал эми андан жетип келген экинчириваят боюнча тери менен капталган байпака да масх тартса болбойт[8]”.

Ханбалий мазхабы.

Бир жолу имам Ахмадтан жука материалдан тигилген байпака масх тартса болобу деп сурашты. Ал бул суроого жооп катары: “Маасы сыяктуу бутта эч бир нерсенин жардамысыз тура турган калың байпактардан башка байпактарга масх тартса болбойт. Сахабалардын (радыя Аллаху анхум) байпактары маасыга окшоп аны менен жол жүрүүгө болгондугу үчүн гана ага масх тартышкан. Ал эми жука материалдан тигилген байпактарга масх тартууга болбойт[9]”.

Жөнөкөй байпака масх тартууга болбостугун төрт мазхаб имамдарынан башка Мужахид, Аузаи, Амр бин Динар, Хасан бин Муслим ж.б. айтышкан.

Ибн Мунзир байпака масх тарткан тогуз сахабанын, ал эми Жамалуддин Касими он алты сахабанын атын айтып өткөн.

Биз бул сахабалардын байпака масх тарткандыгын четке какпайбыз. Бирок алар имам Ахмад айткандай байпактары маасыга окшош болуп, анын шарттарына жооп бергендиги үчүн гана байпактарына масх тартышкан.

Ал эми биз бүгүнкү күндө колдонуп жаткан пахтадан жана нейлондон жасалган байпактар жогорудагы шарттарга жооп бербегендиктен аларга масх тартууга болбойт жана мындай байпактарга масх тарткан адамдардын даараты жараксыз деп саналат. Валлаху аъалам!

Аллах Таала баарыбызды дин өкүмдөрүн туура түшүнүп, аларды туура тартипте аткарууну насип кылсын!

[1] Хадис аалымдарынын термининде риваятчылар бири-бири менен сүйлөшүп алып өздөрү жалгандан хадис токуп чыгарууга мүмкүнчүлүгү жок боло турган денгээлде ар бир доордо көпчүлүк риваятчылардын үзүлбөгөн иснад менен риваят кылган  хадистери “Мутаватир хадис” деп аталат.

[2]“Тахзибул Камаал” 14-том, 544-бет

[3]“Мизаанул Иътидаал” 5-том, 377-бет

[4]“Сунан Абу Дауд” 1-том, 24-бет

[5]“Ассунанул Кубра” 1-том, 285-бет

[6]“Шарху Маанил-Асар” 1-том, 77-бет. Хидая 1-том, 61 бет.

[7]“Китаабул-Умм” 1-том, 34-бет.

[8]“Ал-Истизкаар” 2-том, 253-бет.

[9]“Ал-Мугни” 1-том, 331-334-беттер.

The post Байпака масх тартуу appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


September 07, 2015 at 10:00AM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.