Орто кылымдагы исскуство жана илимдин башкы тармактарында мусулмандар эн алгачкылардан, образдуу айтканда пионерлерден болушкан. Мавританиялык испания мусулман дүйнөсүнүн илимий жетишкендиктерин Франция, Англия, Германияга жайылуусуна жол ачкан. Испаниянын университеттери христиан жана еврей студенттерге толуп кеткен. Алар мусулман окумуштууларынын колунан билим алып, андан ары өз мекенинде кадыр-баркка ээ болгон. Мусулмандардын илиминин батышка таратуучу экинчи булак – Сицилия болгон. Мусулмандардын бийлиги өкүм сүрүп турган мезгилде Кремондук Жерар, Балталык Аделар, Роджер Бекон жана Роберт Честар сыяктуу атактуу котормочулар мусулман илимпоздорунун чыгармаларын арабчадан латын тилине которушкан. Стенли Лейн Пуль “Испаниялык маврлар” деген китебинде мусулмандардын бийлиги учурунда Испания Европага адабият, исскуство жана башка илимдин тармактарында озунун жетишкендиги менен укмуштуудай таанылган. Испания укмуштуудай гүлдөп өсүп, астрономия, математика, ботаника, юриспруденция ж.б. илимдер боюнча эмгек сиңирген илимпоздордун мекенине айланган. Практикалык эксперименттер: корабль куруу, жогорку сапаттагы материалдарды өндүрүп чыгаруу, курулуш, керамикалык өнөрчүлүк испаниялык маврлар аркылуу өтө жогорку деңгээлде жүргүзүлгөн деп жазган.
Александрияда, Дамаскта, Каирде, Багдадда китеп басып чыгара турган мекемелер ачылган. Кудурети күчтүү Алла Тааланын ыйык Куран китебинин жана Мухаммад пайгамбардын (ага Алланын ырахматы жана саламы болсун) таасиринен улам мусулман аалымдары чоң ачылыштарды жасаган. Эми мусулман аалымдарынын илимдин ар кайсы тармактарында жасаган ачылыштарына токтолуп өтөлү.
Жеңил өнөр жайы
Биринчи жолу кагаз өндүрүүчү фабрика 794-жылы Багдадда Гарун ар Рашид деген вазирдин баласы Ибн Фазл тарабынан курулган. Ушундай эле фабрика Египетте 800-950-жылдары курулган.
Ал эми мындай фабрикалар Европада кийинчерээк 1100- жылы Византияда, 1102-жылы Сицилияда, 1228-жылы Германияда, 1309-жылы Англияда пайда болгон. Кагаз өндүрүүчү фабрикалардын курулуусу менен Ислам маданияты жана илими болуп көрбөгөндөй тездик менен өнүккөн.
Медицина илими
Медицинанын королу Ибн Сина «Аль-Канон» деген медициналык эмгеги менен Ислам илими сферасында гана эмес Европада да зор ролго ээ болгон (980-1037- ж.ж.) Ушул китеп Европанын университеттеринде 600 жыл бою “Медициналык Библия» деген ат менен студенттер үчүн окуу куралы катары колдонулган. Ибн Сина (Авиценна) илимдин 29 тармагында (анын ичинде медицина да бар) эмгек жазып, европалыктарга илим жолун ачып берген.
Рази (864-925ж.ж) билими боюнча Ибн Синадан кем калышпаган дарыгер болгон. Рази кээ бир изилдөөчүлөрдүн божомолуна таянганда алгачкылардан болуп лихорадка жана ветряная оспа оорулары бар экендигин аныктаган жана алар тууралуу жазып калтырган.
Фатех Султан Михмеддин устаты жана мугалими Ахшамсаддин (1389-1459ж.ж) микробдун пайда болушун аныктап чыккан. Кээ бир изилдөөчүлөр микроб ачылышын Ибн Синанын ысымы менен байланыштырат.
Камбур Весим (1761-жылы өлгөн) туберкуллез микробу бар экендигин ойлоп тапкан.
Ибн Хатиб (1313-1374ж.ж.) халера оорусуна болжолдуу түрдө инфекциялык мүнөздөмө берген.
Мусулман дарыгерлери көз оору илимин изилдөө тармагында 100 жылдар бою алдыңкы орунду берген эмес.
Али Ибн Синанын «Гезкир» аттуу илимий эмгеги көз оору боюнча медицинада 100 жылдар бою жалгыз илимий булак болуп эсептелген.
Амар аттуу мусулман илимпоз 9 кылым мурун көзгө хирургиялык операция жасаган.
Али Ибн Аббас (994-жылы өлгөн) ракка хирургиялык операция жасаган. Ал жасаган операция азыркы мезгилде жасаган операциялардан эч айырмасы болгон эмес. Ал жазган медициналык энциклопедия «Китабул Малики» бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жоготкон жок.
707-жылы Валид бин Абдулмалик халифатынын башкаруу доорунда эң биринчи оорукана ачылган. Ооруканага кеткен жалпы чыгымдар мамлекет тарабынан каржыланган.
Чыгыш мусулмандары ушундай бийиктиктерди багынтып жатышканда, европалык дарыгерлер буларды элге шарлатан катары көрсөтүшкөн, ал эми ооруканаларды шайтандар жайы деп эсептешкен. Хирургиялык операция жасоого аракеттенген дарыгерлерди куугунтукка алышкан.
Математика илими
Математика тармагында да мусулмандардын жетишкен ийгилигин четке кагууга болбойт. Мунун мисалы катары чыгыш профессору Жак Рислер төмөндөгүдөй ойду айткан: “Азыркы математика илиминин жаралуусуна мусулмандар биринчилерден болуп көмөк көрсөтүшкөн”. Ал эми француз илимпозу Э. Гаутье сыймыктануу менен: “Европалык маданият (анын ичинде алгебра жана анын башкы бөлүктөрү) мусулман илимпоздорунун илиминин негизинде ийгиликке жетишти жана байыды, чындыгында азыркы математика илими бул алгачкы батыш эмес, Ислам математикасынын уландысы катары эсептелет” деп айткан.
Алгебранын негиздөөчүсү Хорезм (780-850ж.ж) биринчи жолу нөл цифрасын колдонгон. Ал алгебра боюнча «Аль-Джабр вал мугабим» деген китепти жазган. Аль Джабр деген китептин аталышын батыш окумуштуулары айтылышын өзгөртүп “алгебра” деп аташкан. Ошол мезгилден бүгүнкү күнгө чейин биздин муун алгебра деп окуп келе жатышат.
Беттанни ( 858-929ж.ж.) европалык математиктер үчүн чоң үлгү болгон. Жак Рислердин айтуусу боюнча, Беттани гана факт жүзүндө тригонометрияны негиздеген. Синус деген терминди математика илимине мусулмандар киргизген. Мусулмандар синусту «сейб» деп аташкан.
Абу Вафа (940-998ж.ж.) тригонометрияга тангенс, котангес, косиканс деген түшүнүктөрдү киргизген.
Насриддин Туси (1201- 1277ж.ж.) тригонометрия боюнча алгачкы эмгектин автору болгон. Ошондой эле тригонометрияда өзгөрүлмө формулалардын ачылышы Ибн Юнустун ысымына таандык.
Дифференциалдык эсептөө Ньютонго чейин Сабит бин Гурра тарабынан ачылган. Геометрияны көпчүлүк илимпоздор ойлогондой Декарт эмес, мусулман илимпоз Сабит бин Гурра негиздеген.
Шпенглер (1880-1936ж.ж) функция деген тушунукту дуйнолук маданиятта европалыктар гана биринчи жолу киргизгендигин айткан. Бирок, бул туура эмес маалымат болгон. Себеби аларга чейин эле б.а. 100 жыл мурун функция деген түшүнүк Бируни тарабынан ачылгандыгын Мухаммед Игбал чечкиндүү түрдө белгилеп кеткен.
Гаясиддин Жаммид (1429- жылы өлгөн) алгачкылардан болуп ондук системаны эсептөөнү ачкан жана ушул темага арналган илимий эмгек жазган.
Астрономия
Мусулман илимпоздорун кызыктырган дагы бир илимий тармак астрономия болгон. Ислам өлкөлөрүнүн чоң шаарларында обсерваториялар иштеп, анда ачылган илимий ачылыштар Джордано Бруно, Коперник, Галилей сыяктуу окумуштууларга негизги булак катары кызмат кылган. Тармждеги Ислам институтунун мурунку профессору Жак Рислер мусулман илимпоздорунун батыш илимине берген таасири жөнүндө: «Мусулман астрономдору биздин батыш илиминин жаралуусуна математик илимпоздору сыяктуу таасир берди» деп айткан. Мусулмандар “Устурлаб” деген инструментти ойлоп чыгаруу менен жылдыздардын жайгашуу абалын аныктап жана бири-биринен болгон алыстыгын ченеп чыгышкан. 1029-1087 жылдары өмүр сүргөн Зеркали аттуу окумуштуу ошол доордун өзүнө туура келген, ыңгайлуу астрономияны ойлоп тапкан. Мусулман окумуштуулары европалыктарга чейин эле жердин шар формасында экенин жана өз огу менен күндү айланып чыгарын аныкташкан. Аалым илимпоз Бируни илимий изилдөөлөрүн Индияга жакын орун алган Нандана шаарында жүргүзгөн. Ал жердин аянттын үстүртөн эсептеп чыккан. Европада бул метод Бирунинин эрежеси деген ат менен белгилүү. IX-X кылымдарда бир тууган Мусалар жердин айлануу огунун узундугун эсептеп чыгышкан. Астрономия тармагында Фергани аттуу илимпоздун эмгектери 700 жыл бою Европада окуу курал катары кызмат кылган. Фергани күндүн бетинде тактардын бар экенин айткан. Ал эми бүт өмүрүн илимге арнаган Улугбек (1394-1499 ж.ж.) Самаркандга чоң обсерватория курган.
Физика
Ахмед бин Муса “Укмуштуу системалар” деген чыгармасында автоматтык регулировка системасынын миңге жакын приборлорунун планын түзгөн. Абул-Изз Исмаил Аль-жазари «Китабул Хиял» деген чыгармасында кибернетиканын негиздерине салым кошкон. Ал эми Ибн Хайсам (965-1051ж.ж) аттуу илимпоз оптиканын негиздөөчүсү болуп эсептелет. 870-950 жылдары Фараби жаратылыштагы физикалык үнгө мүнөздөмө берген. 950-1010 жылдары Исмаил Жавхери биринчи жолу учууну ишке ашырып, натыйжада өзү курман болгон. IV кылымдагы Мураддын мезгилинде жашаган Лагари Хасан Челеби ракета сымал аппаратты ойлоп чыгарган жана аны учурууну ийгиликтүү ишке ашырып атагы чыккан. Ибни Фирнанас аттуу мусулман окумуштуу 880 жылы биринчи жолу аэропланга окшогон аппаратты конструкциялаган. Ал констукциясына тыгыз кездемени жана куштун канатын колдонгон. Бул анын абада көпкө учуусуна жана жерге жеңил конуусуна мүмкүнчүлүк түзгөн. Батышта аэроплан менен учууну Орвилла Райт деген бир туугандар 1903-жылы гана ишке ашырган. Ислам окумуштуулары Ньютонго чейин эле Разиден баштап Бируни жана Хазиниге чейин жердин тартылуу күчүно кызыгышып, ойлорун айтышкан. Бул илимий чындык Ньютонго чейин эле жердин тартылуу кучун мусулмандар ачкандыгын аныктап отурат. Хазини «Музанул Хикмет» аттуу илимий эмгегинде салмак жөнүндөгү түшүнүктү физика илимине киргизген жана ал ар бир заттын өзүнүн уделдик салмагы бар экендигин айткан. Бируни көрөгөчтүк менен 18 заттын уделдик салмагын тапкан. Бул ойлоп табуу азыркы физика илиминде да маанисин жоготкон жок. Хазини Торичелиге чейин эле абанын тыгыздыгын аныктаган, жана абанын тыгыздыгы менен абанын ылдамдыгы бири-бирине көз каранды экенин изилдеп чыккан. Химиянын атасы Жабир бин Хаяйн (721-805ж.ж) зор энергия жөнүндөгү түшүнүктү тапкан жана ал атомдун ичинде орун алып, анын сыртка бөлүнүп чыгуу касиетине ээ экендигин, мындай бөлүнүп чыгуунун негизинде пайда болгон күч Багдадды талкалаганга жарарын айткан. Насирдин Тусинин шакирти Гутбеддин Ширази Декартка чейин 300 жыл мурун күн желеси деген жаратылыштык кубулушка так түшүнүк берген.
Биология
Биология илиминде мусулман окумуштуулары маанилүү прогресске жетишкен, өзгөчө ботаника илимий сферасында багбанчылыкты өнүктүрүү боюнча жогорку жетишкендиктерге ээ болушкан. Зоологияда орто кылымдагы мусулмандар ат үйрөтүү боюнча азын-оолак эмгектерин жазышкан. Абу Убайда 100 дөн ашык китеп жазган, анын ичинен 50сү атты үйрөтүүгө арналган. Аль Данири 1405-жылы Каирдеги эң мыкты зоолог болгон. Анын ж а н ы б а р л а р д ы н жашоосу тууралуу китеби зоология илиминде энциклопедия катары кызмат өтөгөн. Испаниялык Мусулмандар Диоскарид деген ботаникке чейин эле грек гербарийинин 2000 түрүн ботаника илимине киргизишкен. Кордова, Багдадда, Каирде жана Фецеде атайын ботаникалык бактар ачылган. Анын максаты ботаникалык эксперименттерди жана изилдөөлөрдү жүргүзүү болгон. Абу Закирия Яхья ибн Мухаммед ибн Аль-Авван Испанияда жашаган мыкты ботаник болгон. Ал «Китаб аль Уиллалах» деген китебинде орто кылымдагы агрономия боюнча маанилүү трактаттарды жазган. Китепте 585тен ашык өсүмдүктүн түрлөрү жана 50 мөмө берүүчү дарактардын түрлөрү жазылган. Бул эмгекте өсүмдүк оорулары жана аларды дарылоо жолдору да айтылган.
Социология
Абдурахман ибн Халдун (социологиялык концепциялардын алгачкы автору) жөнүндө тарыхчы жана философ Арнольд Тайнби минтип айтат: “Адамзат тарыхында Ибн Халдун биринчи жолу тарыхтын философиясын ойлоп тапкан жана формулировкалаган. Анын эмгектери эч күмөнсүз улуу болуп бааланып, кийинки пайда болгон Монтескья, Макиавелли, Викондун эмгектери менен катарда турат”. Ал өзү 1332-жылы Тунисте төрөлгөн. Ибн Халдун 16 жашынан эрте жетим калгандыктан Тунистин султанына жазмачы болуп кызмат кылган. Кийин Фес аттуу султандын оздук катчысы болуп иштеген. Акырында Буж султандын кеңешчиси болуп кызмат кылган. Өмүрүнүн акыркы жылдарында жогорку соттун судьясы болуп, о.э. Аль-Азхар университетинде мусулмандар укугу боюнча сабак берген. Ибн Халдун акыркы жылдары Темирланга да кызмат кылган. Анын «Чон тарыхка киришүү» деген аталыштагы эмгеги өз мезгилиндеги социалдык-экономикалык жана саясий турмушту сүрөттөгөн энциклопедия болуп эсептелет.
Оморзак Абдусомад
The post Мусулман аалымдарынын дүйнө цивилизациясына кошкон салымы appeared first on FORMULA.KG.
September 14, 2015 at 11:30AM
Отправить комментарий