Сабыр чочуп ойгонду. Жаздыктан башын көтөрүп, эмне болуп кеткенин билбей бир азга селейип отуруп калды. Аа, эми эсине келди. Азан айтылып жаткан тура.
– Ой ушулардыкы өттү – деди күбүрөнүп, – таң атпай уйкуну бузуп.
Жаздыкка кайра баш койду. Күндө уйкусун кайра улап кетчү. Бүгүн уктай албай койду. Азан айтылып бүткөнчө кыймылсыз жатты да, ордунан туруп кетти.
Үйдүн ичи кунарсыз, аңгырап бош калгандай көрүндү. Баласынын бош турган орунун бир карап койду. Эч себеби жок эле баласын алып кетип калган аялына болгон ачуусу дагы козголо түштү.
– Деги эмне жетпейт ушуга? – деди күңкүлдөп, диванга отуруп башын мыкчып ойго чөмүлдү. Чындап эле эмне жетпейт, үй десе үйү бар, акчаны каалаганындай таап берет, машинаны деги алып берди. Эл кийбегенди кийип, эл жебегенди жеп эле жүрбөйбү. Иштеймин деди ишке орноштурду. Балалуу болушту. Баары жетиштүү. Анан эле болбогон нерсени шылтоолоп кетип калат. Жумуштан эрте келбейсиң дейт. Тентип кетесиң дейт. Арак ичесиң дейт. Балаңа көңүл бөлбөйсүң дейт. Кызык… Адам болгондон кийин тыяк-биякка басасың да, тели-теңтуш, дос-жар дегендер бар. Арак ичип аракеч болуп кеткен жери жок. Анча-мынча эле майрамдап койгону болбосо. Элдин аялдарына ырахмат, жегенге наны жок болсо да унчукпай жашап жүргөн.
– Уфф. – Оор үшкүрүнүп алды Сабыр. Деги бул жашоодо бактылуу жашаган бирөө жок го. Тээ бала кезинде, апасы балдарынын бетинен өөп – менин бактым ушулар, ушулар барда мен бактылуумун – деп калчу. Атасы күнгө күйүп, эмгектен туурулган капкара колу менен маңдайынан сызылган терин сүртүп:
– Бакыт деген эмгек, менин колумда кетменим турганда мен бактылуумун – дечү. Байкуштар экөө тең эрте кетип калышты. Өздөрүн бактылуубуз дешкени менен чыныгы бакытка жетпей кетишти окшойт. Мына менин деле балам бар. Атамдын эмгегинен жеңил, бирок кирешелүүрөөк жумушум бар. Бирок баары бир бакыттын даамын алигече тата элекмин го.
Чындыгында бактылуулукту байлыктан же бийликтен издөөнүн өзү бактысыздык окшойт. Сабырдын жашоосунда эч кандай кемчилиги жок болсо да, күндөн-күнгө жан-дүйнөсү тарып, өзүн жаман сезип жүрөт. Кээде бир жери ооругандай болот. Бирок кайсы жери ооруганын өзү да билбейт. Баалуу буюмун жоготкон эмедей болуп жүрөт көптөн бери. Бирок эмнени жоготконун да, эмнени издээрин да билбейт.
Сабыр көңүлсүз гана дубал саатына карап койду. Жумушка жөнөөчү убагы болуп калыптыр. Баргысы келбесе да, ушул азыр өзүн жутуп жиберчүдөй суук көрүнгөн үйүнөн алысыраак кеткиси келди. Жалкоолоно кийинип, оозуна наар албастан, машинасынын ачкычын алды да, илкий басып сыртка жөнөдү.
– Аллаху Акбар, Аллааху Акбар…
Сабыр үйүнө эми эле киргенде азанчынын үнү жаңыра баштады. Терезеге жакын келип, бүткөнчө угуп турду. Мурун такыр көңүл бурбагандыктанбы же баягысын дагы баштады деп жек көрүп укпагандыктанбы айтор азандын кандайдыр бир жагымдуу ыргактары бар экенин сезген эмес экен. Азыр бир дагы сөзүнө түшүнбөсө да, ыргактуу кооз үн жан дүйнөсүнө башкача бир жагымдуулук тартуулагандай болду. Бүгүн жумушта да көңүлү көтөрүлбөй, бир аз эс алайын деп паркка чыккан эле. Паркта да көпкө жүрө албай, издегени такыр башка тараптадай сезилип үйүнө келе берген. Эми азыр эле азанчынын үнү менен бирге пайда болуп, жүрөгүнө бейпилдик тартуулаган таттуу сезим, азандын бүтүүсү менен кайра жок болуп кеткенсиди. Эртеден бери эч нерсе жебесе да курсагы ток сыяктанып табити эч нерсеге тартпады. Муздаткычты ачып бир нерселерди кичине жалмалаган болду. Тээ жүрөк түпкүрүндө жандүйнөсүнүн ачкалыгын сезгенсиди. Жандүйнө ачкалыгын тамак менен тойгуза албастыгын да даана түшүндү. Аны тойгозуунун жолун таппай башы катты. Телевизор койгусу келди. Кайра айныды. Душка түшсөм сергип калам го деп ойлоду. Түшкүсү келбеди. Аялына телефон чалайын деп ниеттенди. Чалган жок.
– үйрөнгөн адаты да, эртең эле өзү келет баласын алып – деп ойлоп койду ичинен. Тамекисин кутудан алып оозуна салып кайра түкүрүп таштады. Бөлмөдө ары-бери басканы да көөдөнүндөгү санааны жеңилдете алган жок. Диванга боюн таштап, жүз төмөн түшүп шолоктоп ыйлай баштады. Жаш балдар гана ыйлайт деп айткандар жаңылышат экен. Жаш баладан да өтүп өпкөлөп ыйлады Сабыр. Эгерде бирөө аялдар гана ыйлайт десе ал да жаңылыптыр. Бардык күчүн көз жашынан чыгарган долу аялдан да өтүп шолоктоп ыйлады Сабыр. Ата-энесинен ажыраганда да атына жарашкан сабырдуулугу менен мынчалык ыйлаган эмес эле. Азыр болсо бүтүндөй жашоосунан ажырап калгандай муңканып, буулугуп ыйлап жатты. Караңгы туңгуюкка камалып, чар тарабынан жан алгычтар курчап келе жаткандай коркуу менен аянычтуу ыйлап жатты.
– Аллааху Акбар, Аллааху Акбар…
Же уйкуда эмес же ойгоо эмес нес болуп жаткан Сабырды азанчынын үнү тургузду. Көпкө жатып калган экен. Бети-башын жууп, машинасын гаражга киргизип коюу үчүн сыртка жөнөдү. Бир аз жеңилдеп калгансыптыр. Эшик алдынан эми аттаганда, катуу чуркап келе жаткан жаш бала бутуна урунуп алып жыгылып кете жаздады.
– Көзүңө карасаң боло? Кайда мынча шашылып? – деди Сабыр ачуулана. Ыргып кеткен топусун алып жаткан бала корккон көздөрүн бакырайтып:
– Кечирип кой байке, кутулууга шашып бараттым эле – деди шашкалактап. Артынан бирөө кууп келе жаткан го деп түшүнбөй калган Сабыр:
– Кимден кутулууга, бирөөдөн качтыңбы? – деп сурады.
– Азаптан байке, азаптан кутулууга – бала кылчая калып кыйкырганча чуркап кетти.
Сабыр аны узата карап турду да, ал мечиттин короосуна кирип кеткенде гана бир нерсени түшүнгөнсүдү. Бир чети таң калса, бир чети күлкүсү келди. – Азаптан деп коёт дагы. Жашабай жатып азапты сөз кылганын кара. Эмитен эле тиги дүйнөнүн камын көрүп жүрөт го бул чычым.
Үйүнө киргенден кийин да баланын сөзү эсинен чыкпады. Жумшак отургучка чалкалай отуруп дагы ойго чөмүлдү. Тээ бала күнүнөн азыркы убагына чейинки жашоосу көз алдына тасмадай тартылып өттү. Чынында өзүн бактысыз деп деле айтканга болбойт тура. Болгону кичинекей эле бир нерсе жетишпей ошонун айынан көптөн бери азап тартып жүрөт окшойт. Азап деген сөз көңүлүнө келгенде жүрөгү болк дей түштү. Көрсө азап тиги дүйнөдө эле эмес бул жашоодо деле болот турбайбы. Дагы баягы баланын сөзү кулагына угулгансыды:
– Азаптан кутулууга байке, азаптан.
Өз эркинен сырткары башын буруп саатты карады. Күүгүм кирип бараткан, ушул убакта да азан чакырылчу эле. Терезеге басып келди да, мечит тарапты карап: – батыраак эле баштаса экен – деп ойлоду ичинен. Буга чейин уккусу келбеген, кээде жаздыкка башын катып угуудан качкан азанчынын үнүн чыдамсыздык менен күтүп жатты. Күткөн нерсенин кечикмеги азап. Күндө бат-баттан эле айткандай болчу эле, азыр болсо кылым күткөндөй болду Сабыр. Азан чыгаары менен мечитке барууну ойлоду. Бирок эч нерсени болбейт да. Бир азга ойлоно түштү да чуркап барып столдун тартмасынан качандыр бир кезде таанышы таштап кеткен кичинекей китепчени таап чыкты. Ачаар замат даарат алууну үйрөткөн сүрөттөргө көзү чалынды. Аларды бир сыйра карап өттү. Анан азандын сөздөрүн окуй баштады. Качан гана: -«намазга келгиле, кутулууга келгиле» – деген саптарды окуганда, баланын сөзүнүн төркүнүнө толук түшүндү.
-Алааху Акбар, Аллааху Акбар…
Сабыр намаз туралуу эми окуюн дегенде кайрадан азан жаңыра баштады. Ал ордунан дароо ыргып турду. Мына, жанатан бери күткөнү. Угары менен кубанып кетти, анан эмне кылаарын билбей алдастай түштү. Китепти чөнтөгүнө сала коюп, ваннага чуркады. Оозу-мурдун, бети-колун жууп чыга калды. Анан кайра чуркады, бут жууганды унутуп калыптыр көрсө. Шашыла кийинип, бут кийимин бутуна иле сала сыртка чуркап жөнөдү. Эшик алдынан жаңы зле кирип келе жаткан улгайыңкы аялды ийни менен коюп алды.
– Ийе ботом, көзү барбы мобунун, кайда мынча шашкалактап – ачуулана буркулдады аял.
– Кечирип коюңуз апа – деди Сабыр оңтойсузданып, анан издегени табылган адамдай жүзүнө жылмайуу аралап: – кутулууга шашып бараттым эле – деп кошумчалады. Анын сөзүнө түшүнө албай калган аял:
– Эмнеден кутулат экенсиң? – деп таңыркай сурады. Сабыр аял тарапка бир аз ийилип :
– Азаптан апа, азаптан – деди да чуркап кетти.
– Азаптан дейби? Ал эмнеси экен – деп күбүрөнгөн аял ойлоно жолун улады.
Айлананы караңгылык каптап, үйлөрдүн чырактары жаркырап күйө баштады. Кабат үйдүн маңдайынан Сабырдын гана терезеси караңгы бойдон турду. Качантан бери издегенин тапкан Сабыр мечиттен чыккан жок. Жандүйнөсү жабыркап, тирүүлөй азап чегип жүргөн адамга мечит ичи башка дүйнөдөй көрүнүп, эч нерсе билбесе да башын саждага койгон сайын, көөдөндөгү бугу чыгып жеңилдеп өзүн башка дүйнөдө жүргөн сыяктуу сезип отурду.
Жараткандын дагы бир күнү артта калып, коюу караңгылык: – «Болду эми кыймылыңарды токтокула» – дегенсип айлананы толук каптап калды.
-Аллааху Акбар, Аллааху Акбар…
Азан кайрадан жаңыра баштады. Пенделерди азаптан кутулууга, өздөрүн жараткан Жаратуучуга сыйынууга, жүрөктүн түпкүрүнө чейин орун алып калган убактылуу дүнүйөдөн бир аз убакытка четтеп, түбөлүктүү акырет үчүн намаз окууга чакырган азан үнү тээ алыстарга чейин жаңырып жатты. Бул жашоодогу максатын билгендер азан үнү чыккан тарапка шашылып, билбегендер бул үндүн аларга эч тиешеси жок сыяктуу кайдыгер гана тескери басып кетип жатышты…
(Автору белгисиз)
The post Азан appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.
September 06, 2015 at 08:17AM
Отправить комментарий