Периштелер ар дайым Аллага ибадат кылып турушат. Аларда инсанга тиешелүү болгон уйку, тамактануу, кумарлануу сыяктуу сыпаттар жок. Ошондой эле, аларда Алла Таалага гана тиешелүү болгон сыпаттардын да эч кайсынысы жок. Болгону алар Алланын буйругун аткарышат.
Периштелерге ишенүү төрт бөлүктөн турат:
- Периштелердин бар экендигине ишенүү
- Аттарын билген жана билбеген периштелерге ишенүү
- Периштелердин бизге белгилүү болгон сыпаттарына ишенүү
- Периштелердин аткарып жаткан иштерине ишенүү.
Периштелер тууралуу Алла Таала Куранда: «Ага (Аллага) асмандар менен жердегилердин баары таандык. Анын алдындагылар (периштелер) текеберденишпейт жана ибаадат кылуудан чарчашпайт. Алар Аны түндө жана күндүзү чарчабастан аруулашат» – деп айткан. (Анбия, 19-20-аяттар).
Экинчи бир аятта: «Алар Алла буйруган нерселерге каршы чыгышпайт жана (Ал) эмнени буйруса (ошону) гана аткарышат» – деп айткан. (Тахрим, 6-аят).
Периштелердин сыпаттары:
- Периштелер Алла Тааланын аскерлери. Бул жөнүндө Алла Таала Куранда: «Асмандардын жана жердин аскерлерине Алла гана ээлик кылат» – деп айткан. (Фатх, 4-аят). Ошондой эле: «Роббиңдин аскерлерин (периштелерин) бир гана Өзү билет» – деп айтылган. (Муддасир, 31-аят).
- Периштелер нурдан жаратылган. Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун):
«Адам топурактан, жиндер оттон, периштелер болсо нурдан жаратылган» – деп айткан. (Муслим).
- Периштелердин ар кандай сандагы канаттары бар. Куранда: «Асмандарды, жерди жаратуучу жана эки, үч жана төрт канаттуу периштелерди элчи кылган Аллага шүгүрлөр болсун» – деп айтылган аят бар. (Фаатир, 1-аят).
Пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун) бир хадисинде, Жибрийил периштени алты жүз канаты менен көргөндүгүн айткан. (Бухари, Муслим).
- Периштелерде башка макулуктарда кездешпеген күч кубат бар. Алла Таала Самуд коомун периштенин бир гана кыйкырыгы менен жок кылып жиберген. Бул туурасында Куранда: «Биз аларга катуу добуш жибердик эле, алар чарбактын чөп-чарындай болуп сулап калышты» – деп айтылган. (Комар, 31-аят).
- Периштелер Алланын каалоосу менен адамдын кейпине айлана алат. Умар (Алла андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, чачтары капкара, кийимдери аппак, эч кандай сапардын белгиси билинбеген адам келип пайгамбарыбыздан (ага Алланын салам-салаваты болсун) Ыйман, Ислам, Ихсан жана Кыяматтын белгилери жөнүндө сурагандыгы айтылган. Ал кеткенден кийин пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун): «Бул Жибрийил, силерге диниңерди үйрөтүү үчүн келди» – деп айткан. (Бухари). Жибрийл (ага Алланын саламы болсун) Иса пайгамбардын энеси Марьямга да адам кейпинде келген.
Периштелердин түрлөрү жана аткарган амалдары:
- Алланын аянын алып келүүчү периште. Анын аты – Жибрийил (Ага Алланын саламы болсун). Бул туурасында Куранда: «Алла пенделеринен каалаган адамга Өз буйругу менен периштелерди: «Чындыгында, Менден башка эч бир кудай жок, ошондуктан Менден гана коркушсун деп эскерткиле!» деген кабар менен түшүрөт» – деп айтылган. (Нахл, 2-аят). Экинчи бир аятта: «Аны (Куранды) ишенимдүү Рух (Жибрийил) алып түштү» – деп айтылган. (Шуара, 193-аят).
- Кыяматта сур чалуучу периште. Анын аты – Исрафил (Ага Алланын саламы болсун). Алла Таала Куранда: «Сурнай тартылганда Алланын каалаганынан башка асмандардагы (периштелер) жана жердеги жан ээлери өлүшөт. Андан соң экинчи жолу сурнай тартылганда, алар (тирилип) күтүп калышат» – деп айткан. (Зумар, 68-аят).
- Жан алуучу периште жана анын жардамчылары. Аны – Өлүм периштеси деп аташат. Бул жөнүндө Куранда: «Силердин жаныңарды, силерге атайын дайындалган өлүм периштеси алат. Андан соң Роббуңарга кайтасыңар» – деп айтылган. (Сажда, 11-аят). Дагы бир аятта Алла Таала: «Качан силердин бириңерге өлүм келгенде, биздин элчилерибиз (өлүм периштеси) анын жанын алат. (Буйрукту) кынтыксыз аткарышат» – деп айткан. (Аньам, 61-аят).
- Жаратылышты көзөмөл кылуучу периште. Анын аты – Микайил (Ага Алланын саламы болсун). Бул туурасында Алла Таала: «Ким Аллага, Анын периштелерине, Анын пайгамбарларына, Жибрийилге жана Микайилге душман болсо, (анда) чындыгында, Алла – каапырлардын душманы» – деп айткан. (Бакара, 98-аят).
- Пенделердин амалдарын жазып туруучу периштелер. Ар бир адамдын оң жана сол ийнинде бирден периште болот. Оң ийниндеги периште анын жакшы амалдарын, сол ийниндеги периште анын жаман амалдарын жазып турат. Булар жөнүндө Куранда: «Силердин үстүңөрдө көз салып карап туруучулар (периштелер) бар. Алар ардактуу жазуучулар. Алар эмне кылганыңарды билип турат» – деп айтылган. (Инфитар, 10-11-12-аяттар). Дагы бир аятта Алла Таала: «Оңдон жана солдон эки жазуучу отуруп жазып турат» – деп айткан. (Коф, 17-аят).
- Алланын каалоосу менен пенделерди ар кандай кокустуктардан сактап жүрүүчү периштелер. Алар туурасында Куранда: «Анын алдынан да, артынан да, Алланын буйругу менен коргоп, ээрчип жүрүүчү (периштелер) бар» – деп айтылган. (Раад, 11- аят).
- Энени курсагындагы түйүлдүккө жан үйлөөчү периштелер. Булар тууралуу пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун) бир хадисинде: «Бала эненин жатынында кырк күн суу абалында, кырк күн уюган кан абалында, кырк күн бир тиштем эт абалында жатат. Андан кийин ага Алла Таала периштени жөнөтөт. Ал ага жан үйлөп киргизет жана анын ырыскысын, ажалын, амалын, бактылуу же бактысыз болуусун жазат» – деп айткан. (Муслим).
- Алланын аршын көтөрүп туруучу периштелер. Куранда: «Ал күнү сегиз периште Раббиңдин Аршын үстүлөрүнө көтөрүп, асмандын ар тарабында периштелер болот» – деп айтылган. (Алхакко, 17-аят). Дагы бир аятта: «Тактыны көтөрүп жана анын айланасында Раббиңе мактоо айткандар…» – деп айтылган. (Гаафир, 7-аят).
- Пенде кабырга коюлган соң суракка алуучу периштелер. Куранда пенденин сурагы тууралуу: «Алла ыймандууларды бул дүйнөдө да, акыретте да жакшы сөзгө (суракка) бекем кылат. Бирок, Аллага ишенбеген заалымдарды адаштырат» – деп айтылган. (Ибрахим,27-аят).
Пайгамбарыбыз (ага Алланын салам-салаваты болсун) бир адамды кабырга койгондон кийин: «Бир тууганыңарга кечирим тилегиле. Ал азыр суралат» – деп айткан. (Муслим).
- Тозокту көзөмөлдөп туруучу периштелер. Куранда: «Анын үстүндө он тогуз күзөтчү (периште бар). Биз тозокту башкарууга периштелерди гана койгонбуз…» – деп айтылган. (Муддасир, 30-31-аяттар).
- Бейишти көзөмөлдөөчү периштелер. Куранда: «Алар Адн Бейишине киришет. Такыба ата-бабалары, жубайлары жана урпактары да (киришет). (Аларды кутуктоо үчүн) периштелер баардык эшиктерден киришет» – деп айтылган. (Раад, 23-аят).
Мындан сырткары дагы Алланын буйруктарын аткарган көптөгөн периштелер бар. Алардын санын бир гана Алла Таала билет. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) Мираж кечесинде асмандагы «Байтул маьмурду» көргөн жана анын күн сайын жетимиш миң периште зыярат кыларын, бир келген периште экинчи жолу кайра келе албастыгын айткан. (Абу Дауд).
The post Периштелер ааламы appeared first on FORMULA.KG.
September 16, 2015 at 02:14PM
Отправить комментарий