Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком June 17. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Германиянын Келн шаарында Борбордук мечит ачылды. ( DITIB-Zentralmoschee Köln, Merkez-Cami). Мечит осмон-архитектуралык стилинде курулду. Мечиттин үстүнкү кээ бир бөлүктөрү айнектүү дизайн менен кооздолуп, эки тарабында эки 55 метрлик кооз мунара турат.

Айнектен курулган бул өзгөчө мечиттин чийими  архитектор Паль Бемге таандык. 

Мечитке келген адам анын ажайыптыгын, адамды өзүнө тартып турган таасирин дароо байкайт.

Мындан тышкары аталган комплекстин жан жакасында  ресторан,холл, дүкөндөр иштеп  кайсы
гана динди кармабасын бардык адамдарга мечиттин короосу  дайыма ачык болот.

Келндеги Борбордук мечит Германиядагы гана эмес, бүтүндөй Европадагы эң ажайып,
адаттан тыш бөлөк стилде курулган имараттардан бири болуп калды.

Мечиттин аянты 4500 м.кв түзүп, ичинде 2 миңден, 4 миңге кишини сыйдыра алат.

Булак:  Islam Life

Запись Германия. Келн. Жаңы ажайып мечит курулду. впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Мусулман боордошум, сен кандай
гана бактылуу адамсың !

Сен, миң айдан да артыгыраак
бир жылдык тагдырлар жазыла турган түндүн каршысында турасың !
Ооба, бул ошол кадыр түнү .
Бул түнү жер бетине түшкөн периштелердин саны жердегилердин баарынан да
көбүрөөк болот.
Аллахтын элчиси (саллаллоху
алайхи ва саллам) :
Бул түн тунук ары жарык,
жылуу да эмес, суук дагы эмес
жайлуу болот – деп айткан.
Эй, кулчулукка кол жеткире албай жүргөн
тууганым ?
Кадыр түндө, коюп жиберген мүмкүнчүлүктөрдүн ордун толтурууга тырыш!
Ордуңдан тур, уктаба ..
Жай колуңда Аллага !
Алла Таала сунулган колду
бош кайтаруудан уялат .
Сага бирөө келип:
Эй паланча ?!
Бүгүн уктаба сага сыйлык бар – десе
уктайт белеңиз ?^
Ал эми бул түнү
Алла Таала баардык тилектерди кабыл кылат .

Рамазандын акыркы 10 түнү менен
сиздин 10 жылдык өмүрүңүз да тең келе албайт!
Эй карызга баткан адам?
Эй жүрөгү кайгыга баткан адам?
Эй бактылуу жашоону каалаган адам !
Тилегин, колдон чыгарбагын !
Мына сага зор мүмкүнчүлүк !
Ким бул түндүн ийгилигинен айрылса,
ал бүт өмүрүндөгү ийгиликтерден айрылып
калган адам сыяктуу.

Азирети Айша энекебиз бул түндөрү
“Эй Аллах! Сен кечиримдүүсүң.
Кечиргенди жакшы көрөсүң,
менин күнөөлөрүмдү кечиргин!”- деп
дуба кылаар эле .
Суфйан ас-Саури :
Кадыр түнү көп дуба кылуу мен үчүн (напил)
намаз окуудан дагы сүйкүмдүрөөк – деген.
Абдулла ибну Аббас :
Бул түнү кимге канча ырыскы берилээри,
асмандан канча өлчөмдө жамгыр түшөөрү,
кимдер бул дүйнөгө келип жана
кимдер бул
дүйнөдөн сапар тартаары жазылат – деп айткан.

Кадыр түндүн мындай аталуусунун себеби,
ким бул түндү ибаадат менен өткөрө турган болсо, кадырдуу, сыйлуу адамдардын
катарына кошулаары айтылган .
Көпчүлүк адамдар ушул түнү
“тозоктон кутулду” деген наамга
татыктуу болушат .
Атактуу таабийин Икрама (рохимахуллох):
Кадыр түнү бир жылдын ичинде канча адам ажылык парзын аткарган болсо,
ошол адамдардын аттары, ата-энелери
менен кошулуп жазылат – деп айтаар эле ..

Эй мусулман бир тууган ?
Кой башыңды саждага !
Тиле Роббиңден ,
Бул балким сен үчүн
соңку мүмкүнчүлүк болуп чыгаар .

Абу Хурайра (андан Аллах ыраазыболсун):
Ким кадыр түндү ыйман менен сооп табуу үмүтүндө ибаадат менен өткөрө турган болсо
анын мурдагы кылган күнөөлөрү кечирилет –
деп айткан .
(Бухари – 38 ).

Бул түндө берилүүчү сыйлыктар,
сооп-пазилеттерин билесизби ?
Өмүрүндө бир да калтырбастан
бул түндү ибаадат менен
өткөргөндөр чындыгында бактылуу .
Бул түн миң ай, тагыраагы 83 жыл
4 ай ибаадат жасады деген сыйлык
берилүүчү улуу түн .
Бул түндө Жабрайил периште башчы болгон
баардык периштелер жамааты
жер бетине түшүшөт.
Алардын ушунчалык көп болгонунан
жердин бетинде бут коюга орун калбайт –
деген сахаабалар .
Таң атканга чейин периштелер
ибаадат кылуучуларга
кечирим дубаасын айтып турушат.

Тууганым карачы,
периштелер асмандан жер бетине
түшүп келсе, бул түндү сен
кайдыгерлик менен өткөрүп жүрбөгүн .
Бир жылдык тагдырың жазылышы анык !

Баардык нерседен тажадыңбы?
Бул жашоодон зээриктиңби ?
Жашоодон түңүлүп, кайгыга баттыңбы,?
Кел анда Жараткан Аллахты эсте.
Кадыр-барктуу адам болгуң келеби ?
Акырет менен бул дүйнөдө
бийик даражада жашагың келсе
бул түн сен үчүн чоң мүмкүнчүлүк !
Бүгүн сен уктабоого тийишсиң !

Азирети Пайгамбарыбыз алайхис салам
Рамазандын акыркы он күнүнүн түндөрүн
намаз, ибаадат менен өткөрөт эле.
Жашооңдо кыска убакыттын ичинде мол береке,
көптөгөн жакшылыктарга жетишкиң келсе
ушул түндө берилүүчү мүмкүнчүлүктөрдү
колдон чыгарбай кармап калгын.
Сексен үч жылдык ибаадат турса
кантип сен
кыжаалат болбостон жатып уктайсың?

Ушул күндөрү болбоду дегенде бир адамга
ифтар кылып бер, садака жаса, жакшылык иштерди аткар, атаңдын батасын ал,
энекеңди ыраазыкылууга тырышкын .
Куран оку, дуба кылып Роббиңден тиле!
Жаман ой-пикирлерди унут ,
баарын кечир, сен дагы кечирилесиң тууганым!

Пенденин Аллах Таалага эң жакын кези
саждада турган учуру эмеспи.
Сен бул түнү сажда кылгын.
Ажылык сапарга бара албай жүрөсүңбү?
Ушул түндө дуба кыл, анткени сахаабалар:
Ушул түнү бир жылда канча жана кайсы адамдар ажыга баруусу, ошол кишилердин
фамилиясы менен кошо жазылат деген .

Ушул түндө Пайгамбарыбызга касиеттүү
Курани Карим түшүрүлгөн .
Бул түндүн белгилери
асмандагы жылдыздар учпайт,
салкын ары жагымдуу аба-ырайы коштоп,
айдын нуру дагы жайлуу болот.
Деңиз, океандын ачуу суулары даамсыз болуп,
эртеси чыккан күндүн нуру
нурсуз абалда жарык чачат .
Бул түндө мусулмандын жүрөгүнө тынчтык орноп, жаны ырахаттанат .
Намаз окуган адамдар
башка убакта окуган намаздарына караганда,
бул күнү көбүрөөк ырахат алышат .
Жүрөктөр жибип, көзгө жаш келет.
Жабрайил периште кол алышып ким менен учурашкан болсо,
ошол адамдын көзүнөн жаштар чыгат.

Бул түн
рамазандын соңку он түнүндө жашырылган.
Кимде-ким ушул он түндү ибаадат менен өткөрсө, ал адам сөзсүз
кадыр кечесин жолуктурат.

Аллахтын өкүмүсүз жерден кыпынча чаң көтөрүлбөйт. Аллах каалабаса
дарактагы бир даана жалбырак жерге түшпөйт!
Кетирген кемчиликтерди оңдогону,
кылган күнөөлөрдөн арылып
таза жашоонун барактарын барактоо үчүн берилген сен үчүн өтө чоң мүмкүнчүлүк .
Тууганым, ага-иним,?!
Жылда бир ирет гана келүүчү мүмкүнчүлүктү
бош өткөрүп жибербе !

Рамазан – жүрөктөр кубанып күткөн ай.
Көңүлдөр ырахат менен рахматка бөлөнүп,
кечирим менен тозоктон азат болуучу ай.
Бул түн – сага берилген чоң белек.
Аллах үчүн тургун, уктаба !
Жай колуңду Аллага !
Сура, тилек тиле. Ал Аллах ,
албетте, сөзүз дубааларды кабыл кылуучу Зат!
“Эй Аллах ?!
Сен кечиримдүүсүң, кечиргенди жакшы көрүүчү Затсың. Менин да күнөөлөрүмдү кечирчи !”

Ыйык кадыр түнүндөжасаган ибаадаттарыбызды
Кудай Таалам кабыл кылган болсун.

Урматыбыз менен
“FORMULA.KG” – маалыматтык Маданий
Рухий-Агартуучу парталы .

Запись КОШ КЕЛДИҢ КУТТУУ КАДЫР ТҮН впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

 

🏻 Ким каалабасын бир сому он сом,он сому жүз сом,жүз сому миң сом болуусун,баары каалайт,кеп каалаганда эмес аны ишке ашырууда. Садака да ушул сыяктуу арзыбаса да колуңда канча болбосун чын ыкластан Аллах ыраазылыгы үчүн,берген болсоң Аллахым күтүлбөгөндө көбөйтүп берет. Эми садаканын абзели рамазанда берилгени дейт,эмне үчүн дейсизби анткени бул ай берекелер төгүлгөн ай,ким кандай амал кылбасын сообу эселеп берилет. Эми ойлонуп көрүң ошондо бир, он,жүз сомуңуз балким миллиоон,же чеги жок соопко илешип калуусу мүмкүн, анткеи Аллах Таалам бул айдагы сооптордун канча берүүсүн өзү берерин айтып өткөн. Анда жакшылык кылууга чамданыңыз!

Жакшылык иштердин баарысы садака болуп эсептелет. Жакшылык аты айтып тургандай кандай жакшы иш, жакшылык кылсаң, жакшылык көрөгөн инсан эле эмес, жакшылык кылуучунун да жан дүйнөсү тазарып,жүрөктөрдө кубаныч уялайт.
Аллах Таала айтат:
«Жакшылыктардан эмне жасаган боосоңор,Аллах аны билет »(Бакара; 197)

«Демек, кимде -ким кыпындай жакшы иш кылган болсо аны көрөт»(Зилзала; 7).

Мына ыйык, берекелүү рамазан айыбыз да билинбей өтүп жатат,бул айдын өзгөчөлүгү башка айларда кылган жакшылыгыңыз,бул айда эселеп соопторду алып келет.
Садака деп көпчүлүк адамдар бир гана акча,материалдык жардам берүү деп түшүнүп алышат. “Колумда болбосо,өзүмө жетишпесе,өзүм араң жашап жатсам ” -деп садаканын маанилүүлүгүнө көңүл бурбагандар канча. Эгер билсеңиз садак сиз ойлогончолук кыйын иш эмес анда сизге оңой болгон жолдорун Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын садамы жана ырайымы болсун) хадистеринен айтып өтсөк.

✨Абу Мусанын (андан Аллах ыраазы болсун) айтуусу боюнча Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун):
«Ар бир мусулман садака берүүгө тийиш “-деди. Бирөө сурады: “Айтыңызчы, эгер анда (ага ылайык эч нерсе табылбасачы? “Ал айтты: ” Анда колу менен мээнет кылып,өзүнө -өзү пайда алып алып келсин да,садака берсин “. Тигил адам кайра сурады: “О,Аллахтын Элчиси,ал эгерде андайда кыла албасачы? ” .Ал айтты: “Анда оор абалда калган мусулман адамга жардам берсин “. Тигил адам сурады: “Эгер андай да кыла албасачы? “Ал айтты: “Анда жакшылыкка чакырсын”. Анда ошол эле киши кайра сурады: “Эгер ал муну кылууга жарабасачы? “. Ал айтты: “Анда ал (мусулмандарга) жамандык кылуудан тыйылсын,ошол сага садака болуп калат ». (Бухарий; Муслим)

Абу Заар (андан Аллах ыраазы боосун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун мындай дегенин кабардайт:
«Ар күнү таң атаары менен силердин ар бириңер (денеңерде) канча муунуңар болсо ошончолук (сандагы садака берүүгө тийишсиңер:
“Аллахка Даңазалар болсун “[Субхан -Аллахи] деп айтылган ар бир сөз -садака,
“Аллахка макталоор болсун ”
[Алхамду ли -Ллах ]деп айтылган ар бир сөз садака,
“Аллахтан башка кудай жок “[Лаа илааха иллоллох] деп айтылган ар бир сөз- садака ,
“Аллах Улуу ” [Аллааху Акбар] деп айтылган ар бир сөз -садака,
Жамандыктан кайтаруу -садака,
Жакшылыкка чакыруу -садака,
Бирок булардын баарынын ордун (шашкеде окуулуучу) эки рекет (“аз -Зуха) намазы баса алат »(Муслим) .

Сиз садака берүүгө мүмкүнчүлүк -чамам жок десеңиз. Ушундайча жол менен да садака бере аласыз, адам таңга аман -эсен чыккандыгы үчүн Аллахка шүкүр келтирүүгө тийиш.Анын үстүнө ар кандай балээлерден коргонунун да каражаты болуп эсептелет…

Биз пенделер бергенди эмес алганды жакшы көрөбүз,кемигенди эмес көбөйгөндү жакшы көрөбүз, эгер билсеңиз берүүчүнүн сообу алуучуудан көп болот.Азыркы биздин жашап жаткан заманды кыйынчылык,кедейлик,жакырчылыкта же жетишпестик деп айтууга болбойт. Аллахка шүкүрлөр болсун андай жашагандар аз санда гана,демек садака берүугө чамабыз жетишээрлик,канча болбосун колуңуздаг келгенче берсеңиз Аллах Таалам ордун толтуруп берет. “Берер колум, алаар колум “дегендей берешендин ырыскысы кенен болот.
Пайгамбарыбыз салляЛлаху алайхи уа саллям айтып кеткендей:

«Жарым курманы садакага берип болсо да өзүңөрдү Тозоктун отунан сактагыла». (Бухари)

Аллах Таала Курани Каримде айткан:

“Эмнени садака кылсаңар, Аллах анын ордун толтуруп берет. Ал эң жакшы ырыскы берүүчү” (34:39)

Жана дагы Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айтып кеткен:

«Чындыгында Аллахка эң сүйүктүү иш – момун адамдын жүрөгүнө кубаныч киргизгениң жана кайгы-капасын кетиргениң же анын карызынан кутултканың же (тамак берип) аны ачкалыктан куткарганың». (Байхаки)

Мына туугандар эгер билсек биздин дин аябай жеңил,Аллах Таалам мүмкүнчүлүгүн берип койгон,ким аны туура пайдаланса,туура колдонсо жолдорун көптөгөн ийгилик,соопторго,бактылуулуктарга жетип аласыз!
Береке асмандан төгүлгөндө аны кармап калуу өз колуңузда, бул мүмкүнчүлүк бүгүн бар эртең жок, быйыл күбөсүз эмки жолу жетесизби жокбу Жараткан билет!

Акыретиңизге түшүм жыйноочу айды текке кетирбей Бейишке кампаңызды сооптор менен толтуруп алыңыз!

Орозоңуздар кабыл болсун!

👤Насиба Абдуллаева.

👨👩👧👦”Бактылуулук Формуласы ,
Бактыңыздын багыты бизге катталыңыздар! “.

Запись САДАКАНЫН АБЗЕЛИ- РАМАЗАНДА БЕРИЛГЕНИ впервые появилась Formula.KG.

Технологии Blogger.