Halloween party ideas 2015
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) күндөрдүн биринде түн ортосунда Харам мечитинен (Кааба) Акса мечитинде, ал жерден Аллах Тааланын алдына барган миӊ бир сырлуу куттуу түн. Бул улуу сый дүйнөлүк баардык көшөгөлөр алынып, толугу менен Жараткандын чен-өлчөмүнүн негизинде жүзөгө ашкан өзүнчө баа жеткис белек болгон. Биздин ааламдагы «жер» жана «убакыт» деген түшүнүктөр токтоп, миллиарддаган адамдардын жашоосуна сыйбай турганчалык узун сапар өтө кыска убакыт аралыгында жүзөгө ашкан. Ошентип сүйүктүү Пайгамбарыбыз аалам-апайды, курсийди, Аршты жана сидратул-мунтахааны ашып, Жараткан Аллах Таала менен ортомчусуз сүйлөшүп, Жараткандын өзгөчө жакшылыгына туш болгон.

Антыктан мына ушундай тарыхий белгилүү күндөрдү билүүбүз зарыл. Ушул түндө Жараткан Аллах Тааладан Ислам дүйнөсүнүн жана мамлекетибиздин биримдигин, ынтымагын бекемдөөсүн сурап кетмекчибиз.

Быйыл Мираж түнү .Ражаб айынын 27- түнү. 2016-жылдын 3-майынан 4-майына караган түнгө туура келди.

http://muftiyat.kg/
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Автобустун ичинде жаңы үйлөнгөн жаш жубайлар кетип бара жатышты. Бул түгөй шаардагы башка жаштардан кичине айырмаланып турду. Жаздын керемет таңында жигиттин келинчеги башына жакшынакай кылып ак жоолугун салынып алган. Бир маалда эле жашы кырктарды чамалап калган жүргүнчүлөрдүн бири жигитке: - Эй, жигит, мен сенден бир нерсе сурайын дедим эле. Сен капа болбойсуңб? - деп кайрылып калды. - Сураңыз байке, сизди эмне кызыктырат? - деди жаш жигит. - Өзүң жакшынакай эле жигит экенсиң. Келинчегиң да дурус окшойт. Ушундай жакшы заманда, элдер космоско каттап, илим далай нерсеге жетишип калган маалда сен өмүрлүк түгөйүңдү ысыка карабай думбалап кийинтип койгонуң кандай? Мына карачы менин аялымды. Ал каалаганындай кийинип, каалаганындай бойонуп, бул жашоонун ыракатын түгөл сезип жашайт, – деп жанында жарым жылаңач болуп, шумдуктуудай боёнуп алган аялды көрсөттү. Ошондо жаш жигит автобустун терезесинен каршы-терши өтүп жаткан үстү брезент менен жабылган машинелерди көрсөтүп суроо салды. - Сиз бул унааларды көрдүңүзбү? - Ооба, анын эмнесине таң каласың, - деп корсоюп койду берки. - А булардын үстүн эмнеге чүмбөттөп койгонун билесизби? - Эми ал түшүнүктүү эле да. Бул унаалар бирөөнүн жеке менчиги да. Машинеси бузулбасын дейт. Же ичинде эмне алып баратканы көрүнбөсүн дейт. Мында таң кала турган эч нерсе жок го. - Анда эмнеге булардын арасында кетип бара жаткан автобустардын үстүн
эч ким жаап койгон эмес? - Ой, сен чын эле кызыктай немесиң го. Автобусту коомдук унаа деп коёт. Муну ким кааласа пайдаланат. Сен буларды айтып эмнени далилдейин деп жатасың деги? - деп түктүйө түштү алиги адам. Автобустун ичиндеги бардык жүргүнчүлөр бул экөөнүн кебин аста тыңшап, акыры эмне болуп бүтөт деп демдерин ичине катып келе жатышты. Жаш жигит эч тартынбай туруп: - Сиз түшүнсөңүз, менин келинчегим мен үчүн абдан кымбат адам. Мен бул кишини абдан сүйөм жана ага камкордук кылам. Аялымды бирөөлөрдүн шыкаалап карашына менин намысым жол бербейт. Ошондуктан жоолук салынып, уяттуу жерлерин жашырып жүрөт. Ал эми сиздин аялыңыз ар ким каалаган убагында каалаганындай пайдалана берчү коомдук автобуска окшоп турат, - деп жообун узатты. Мунун жообу көңүлүнө тык эте түшкөн жүргүнчүлөр жал-жал бурулуп тигил кишини карашты. Мындай жоопту күтпөгөн неме эмне дээрин билбей кызарып-татарып, оозуна талкан сугунгандай отуруп калды. Кургур, болбосо жаңы эле космостон сүйлөп акылдуу болуп отурду эле, мына эми, өзүн эле эмес, аялын кошо уят кылып таштады. Жубайы чолок этегин ылдый карай тартымыш болуп, жер карап гана отуруп берди...

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

 

Эгерде сиз ар кандай кыйынчылыктарга туш болсоңуз.
✨21. Йа- Кообизу.

«Тар кылуучу.
Ал Зат Озунун адилеттуулугу менен кимге кааласа,ошого жакшылыкты тар кылат(азайтат). Ким Аллахтын бул кереметтуу ысымын 4 сындырым (кусок) нанга 4 кун катары менен ( шафрон же бармак менен ) жазып жесе,ал ачкалыктан, суусоо-чанкоолордон, оорулардан ж.б.у.с аман болот.»

Эгерде сиз жалгыздыктан кутулууну кааласаңыз.

✨22. Йа-Бааситу

Кенен кылуучу. Кенейтуучу.
Кимде ким кун сайын зухаа намазынан кийин колдорун дуа кылгандай которуп Аллахтын бул кереметтуу ысымын 10 жолу кайталаса,анан дуадан кийин колун бетине суртсо,аны Аллах Таала жалгыздыктан сактайт жана оз алдынчалык менен сыйлайт.»

Эгерде сиз напсиңизге күчүңүз жетпей,өз эркиңизге өзүңүз ээ боло албай жатсаңыз.

✨23. Йа-Хоофиду

«Ыймансыздардын даражасын томон кылуучу,Аллахтын окумдоруно каршы чыккандарга каршы чыгуусу.
Ким Аллахтын бул кереметтуу ысымын 500 жолу кайталаса,Аллах Таала анын дуасын ишке ашырат жана андан кыйынчылыкты алып салат. Ал эми ким 3 кун орозо тутса,тортунчу куну Аллахтын бул ысымыын Аттахиятта олтуруп 70 жолу окуса,ал душмандарын женет.( унутбаныз,озунуздун напсиниз эн чон душманыныз)»

Эгерде сиз даражаңыз көтөрүлүүсүн кааласаңыз.

✨24. Йа-Роофи'у

«Ыймандуулардын даражасын которуучу.
Ким Аллахтын бул кереметтуу ысымын ар бир ай календары боюнча айдын 14 куну тун ортосунда 100 жолу окуса,Аллах ошол адамга оз алдынчалыкты жана коз карандысыздыкты тартуу кылат.»

Эгерде сиз сый -урматка ээ болууну кааласаңыз.

✨25.Йа-Му'иззу
«Жениш жана куч беруучу.
Аллахтын бул кереметтуу ысымын жекшемби жана бейшемби кундору шам намазынан кийин 40 жолудан окуп жургон кишини Аллах Тааласый-урмат менен сыйлайт.»

Эгерде сиз көрө албас,зулум кылуучулардан алыс болууну кааласаңыз.

✨ 26.Йа-Музиллу
«Кимди (кор кылууну) кааласа,ошону кор кылуучу,жениш жана кучту алып коючу. Кимде ким Аллахтын бул кереметтуу ысымын 75 жолу окуп,андан кийин дуа кылса,Аллах Таала аны душмандарынан, зулум-заалымдардын, коралбастардын жамандыгынан сактайт.»

Эгерде сиз дубаңыздын сөзсүз кабыл болуусун кааласаңыз

.✨27. Йа-Самии'у.

«Угуучу.Ал жашыруун создорду да угуучу Зат.
Ким Аллахтын бул кереметтуу ысымын 500 жолу(же бейшемби куну 50 жолу) зухаа намазынан кийин окуп журсо, Аллах Таала анын сураган нерселерин созсуз берет( Аллахтын бул ысымын кайталап жаткан кезде эч кандай суйлошуулор болбошу кажет). Аллах бейшемби куну багымдат намазынын сунноту менен парзынын ортосунда 100 жолу окуган адамга Өзунун ырайымын атайын тушурот. Бейшемби куну бешим намазынан кийин Аллахтын бул ысымын ыклас менен окуган адамдын суранычын Аллах сөзсүз берет.»

Эгерде сиз көзүңүз жакшы көрүп нурлуу болусун кааласаңыз.

✨28. Йа-Басииру.

«Көрүүчү Ашкере-ачык нерселерди да,жашыруун- кайып сырларды да көрүп туруучу.
Аллахтын бул кереметтуу ысымын жума намазынан кийин 100 жолудан окуп жүргөн адамдын көзунун көрүүсу жакшырат жана ага нур берилет. Жуманын парз намазына чейин,сүннөт намазынан кийин Аллахтын бул ысымын кимде ким ар дайым окуп жүргөн болсо,ага коом ичинде сый-урмат берилет .

Эгерде сиз жүрөгүңүзгө ыйман нурун толуусун кааласаңыз.

✨29. Йа-Хакаму.

«Өкум чыгаруучу,даанышмандыктын чыныгы Ээси.
Анын чечими шексиз адилеттуу жана түбөлүктүү куч -кубатка ар дайым ээ. Түндүн бир бөлүгүндө даарат алып жатканда Аллахтын бул кереметтуу ысымын 99 жолу окуган адамдын жүрөү нурга толтурулат жана ага кайыптарды туюу ан-сезими берилет. Өзгөчө бейшембиден жумага караган туну бул ысымды көп жолу,талыкпастан окуу керек.».

Уландысы бар..

‍‍‍"Бактылуулук Формуласы ".

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


Технологии Blogger.