Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком Акча. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Осмон падышачылыгынын учурунда Үчбаш Насреддин Хамза аттуу атактуу аалым болгон экен. Ал киши акчасын коромжу кылгысы келбей, атка минбей жөө басып, эски чапан, эски көлөчүн жаңылабаптыр. Ошентип өмүр кечирип көп байлык жыйынаптыр. Аны берегидей эски-уску кийимчен жүргөнүн көргөн айылдаштары «Акчалуу молдо» деп койчу экен.
Акчалуу мырза күн келип чогулткан акчасына Фатих Карагумрук деген жерге «Үчбаш» атындагы медресе, «Үчбаш» атындагы мечит салдырат. Аалымдар жана үйү жок кембагалдар жашай турган далистүү бөлмөлөрдү курдуруп ишке киргизет. Элдин баамында акчаны жандан артык сүйгөн молдонун бул жигердүү камкордугу көпчүлүктү таң калдырат. Айрымдар тартынбай сурайт:
-Таксыр, сиз акчаны жандан артык көргөнүңүзгө карабай, ушунчалык зор ишке кантип батындыңыз? Мыйыгынан жылмайган молдо берегидей маңыздуу жоопту узатат:

-Кадырман замандаштар! Силер туура айтып жатасыңар. Мен акчаны абдан жакшы көрөм. Ошондуктан анын бу дүйнөдө калып кетишине көңүлүм түтпөдү. Өзүмдөн мурда акчамды Акыретке жөнөттүм.

Запись Өзүмдөн мурда акчамды Акыретке жөнөттүм. впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Жумушсуз калган Мухаметзяновдордун үй-бүлөсү “Бинго-шоу” лотереясынан миллион доллар утуп алган.

2001-жылы Уфа шаарында жумушсуз калган Мухаметзяновдордун үй-бүлөсү “Бинго-шоу” лотереясынан миллион доллар утуп алган. Бул утуштан кийин үй-бүлө көзү ачылбай арак иче берип, эми каражаттан эч нерсе калган эмес.

“Миллион доллар эски курс менен алганда 28 миллион россия рубли болчу”,-деп жазат бул тууралуу “Комсомольская правда”.

Акчалуу болгондон кийин жубайлар шаардын борборунан турак үй, анан эки уулуна деп эки квартира, Россиялык өндүрүштөн чыккан эки унаа алышкан.

Акчаны оңго солго чачышып, алгачкы кездерде акча сурап келгендердин эч кимисинен аябай карызга беришкен, көп сандаган туугандарына жана досторуна гараж, унаа жана башка арзан эмес буюмдарды алып беришкен.

Үйдүн кожойкеси Надежда Мухаметзянова бир нече жыл мурда көз жумган. Учурда жесир калган Рустем Мухаметзянов эки чоң уулу менен бир чакан үйдө, арзыбаган пенсия алып жашап жатат.

Бул байлыктан болгону эки уулуна сатып берген эки квартира калган экен, аларды азыр ижарга берген үй-бүлөдөгү үч эркек эч жерге иштебей арак ичип жатышканын кошуналары тастыкташкан.

URL: http://ift.tt/2386q0D


January 17, 2016 at 07:44PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

ИМдин "Алтын динары"

ИМдин “Алтын динары”

“Ислам мамлекети” террордук тобунун 2015-жылга мерчемделген бюджети 2 млрд доллар деп айтылып, жадагалса 250 млн доллар профицит менен бекитилген болчу. Бул тууралуу Орусиянын Илимдер академиясынын Чыгыш таануу жана Жакынкы, Орто чыгышты таануу институтунун илимий кызматкери Владимир Сажин билдирди.

Анын айтымында, “Ислам мамлекети” өзүн мамлекет катары түптөп, мамлекеттик структурасы кадимкидей түзүлгөн. Учурда алар Ирактын үчтөн бир бөлүгүн, жана Сириянын жарымын ээлеп алышкан.

“ИМ” террордук тобунун бюджети Кыргызстан жана Тажикстан сыяктуу өлкөлөрдүн бюджети менен барабар. Мисалы Тажикстан бюджети жылына орточо 2.3-2.5 млрд долларды түзөт. Кыргызстан бюджети 2-2.2 млрд долларга тең, 2014-жылы 34 млн доллар дефицит менен чыккан.
Террористтер учурда 90 миң кв км аймакка ээ. Алар эң көп нефть өндүрүүчү заводдорду ээлеп алышкан. Ошондой эле 8 млн калктан салык топтошот.

Учурда “Ислам мамлекетинин” ээлик кылган активдеринин көлөмү 2 трлн долларды чапчыйт. Ал эми андагы акча айлантуу жылына 3 млрд доллардын тегерегинде дейт эксперт.

http://maralfm.kg/

The post Жихадчылардын акчасы Кыргызстан, Тажикстан сыяктуу өлкөлөрдүн бюджети менен барабар appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 25, 2015 at 04:55PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бисмиллаахир рохмаанир рохиим
Урматтуу мекендештер, кадырлуу мусулман бир туугандар! Куранда Алла Таала айтат: “Эстеткин, насаат айткын, анткени эстетүү ыймандууларга пайда берет”. Ошондуктан шайлоодо талапкерлер жана добуш берүүнүн шарияттагы орду боюнча Куран жана хадистен айта кетүүнү туура көрдүм. Алла Таала кааласа 4-октябрда парламенттик шайлоо өткөнү жатат. Бул өтө маанилүү жана олутуу иш-чара, себеби Кыргызстандын тагдырын, келечегин оңдоого кишилер келет. Ошондуктан, адилеттүү, жөндөмдүү, билимдүү, тажрыйбалуу, өзүнүн кызыкчылыгынан мамлекеттин кызыкчылыгын жогору койгон талапкерлерди шайлообуз ар бирибиздин милдетибиз. Адилеттүү шайлоо бул ибаадат, буга сооп берилет, ал эми адилетсиздик кылуу бул кыянаттык. Депутаттыкка талапкер болгон киши элдин алдында эки нерсеге доо кылат: биринчиси, мен буга ылайыктуумун; экинчиси, динчилдик жана аманатчылдык менен кызмат кыламын, деп. Депутаттык бул акылуулук эмес, жоопкерчилик.
Шайлоодо добуш берүүнүн шарияттагы орду күбөлүк берүү. Кубөлүк берүүнү жашыруу, жалган сүйлөө жана күбөгө өткөндүгү үчүн акы алуу арам. Саясий жеңилүү, же жеңүү жана аны дүнүйөнүн бир оюну деп түшүнүү өтө чоң ката. Сиз кайсы талапкерге добуш берип жатсаңыз шарият боюнча сиз ага кубөлүккө өтүп жатасыз, бул киши өзүнүн көз карашында билими жана тажрыйбасы динчил жана аманатчылдыгында бул ишке ылайыктуу, башкаларга караганда жакшыраак, деп. Ушул акыйкатты алдыга койсоңуз, анда төмөндөгү натыйжалар болот:
1.Сиздин добушуңуз жана күбөлүгүңүз аркылуу кайсы талапкер парламентке барса жана ал канчалык жакшы же жаман иштерди кылса, анын жоопкерчилиги сиздин мойнуңузга да түшөт. Сиз дагы анын сообуна же күнөөсүнө шериктеш болосуз.
2.Бул мамиледе эске ала турган өтө маанилүү иш бар. Жеке мамилелерде бирөө ката кетирсе анын таасири жеке өзүнө гана тийет жана чектелген болот. Сообу жана күнөөсү да чектелүү болот. Коомдук жана мамлекеттик мамилелерде бүтүндөй коомго таасири тийет. Анын эң кичинекей зыяны да кээ бир учурда коомду кыйратуунун себепкери болот. Ошондуктан, мунун сообу жана азабы өтө чоң.
3.Чын күбөлүк берүүнү жашыруу Курани Каримдин айтуусунда арам. Ошондуктан, өзүңүздүн аймактагы шайлоодо жөндөмдүү, ылайыктуу талапкерге добуш берүүдө кемчилик кетирүү чоң күнөө.
4.Динге каршы көз караштагы талапкерге добуш берүү жалган күбөлүккө өтүү болуп эсептелет жана чоң күнөө болот.
5.Добушту акчага сатуу коррупциянын эң ыплас түрү, арзыбаган бир аз дүнүйө үчүн мамлекетке жана динге душмандык кылуу. Башкалардын дүнүйөсүн кооздоо үчүн өзүнүн динин курмандыкка чалуу канчалык мал, дөөлөткө болсун эч кандай акылмандык, даанышмандык эмес. Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) айткан: “Кимде-ким дүнүйө үчүн динин сатса, ал эң бактысыз адам”.
Жыйынтыктап жатып, урматтуу кыргыз эли Алла Таалага көбүрөөк дуба кылалы шайлоо тынч, адилет, таза ынтымакта өтсүн, эч кандай провокацияга жол бербейли. Диний баалуулуктарды, улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен бирге, элибиздин бүтүндүгүнө, мекенибиздин тынчтыгына, мамлекетибиздин туруктуулугуна, өнүгүп-өсүүсүнө баардыгыбыз биргеликте салымыбызды кошолу. Өлкөбүздүн тынчтыгы үчүн ынтымакта, улут-урууга бөлүнүп жарылбай, провокациялык иш-чараларга азгырылбай сабырдуулук, такыбалык, күнөөдөн сактануу менен шайлоону өткөрөлү.

The post Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин шайлоо алдындагы кыргыз элине болгон билдирүүсү appeared first on FORMULA.KG.


October 02, 2015 at 06:02PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Байлык - бул кандай гана бакыт кимдер үчүн.
Байлык -  кандай гана улуулук кимдер үчүн.
Байлык -  кандай гана керемет жашоо кимдер үчүн.

Бирок жаңыласыз тууганым! Байлык да бул Аллахтын сыноосу. Аллах өзү каалаган адамгабайлык берет, бирок андан берешендикти күтөт. Бай инсандар – булар дин менен жашап көрсүн, аны Аллахтан экенин билсин, кедей, бей-бечараларга жардамын берсин, эли – журтунун кыйынчылыгын көтөрсүн…  Ушуларды аткарганда гана ал  чыныгы байлыкка татыктуу боло алат. Азыркы кезде көпчүлүк байлар өзүм жетиштим, өзүм бай болдум же арам акча менен байыгандар болуп жатат. Булар Аллахтын сыноосун билсе жакшы, болбосо алардын жазасы өтө оор…

Акыретте Аллахым бай, кедей жана оорукчан адамдан сурак алат экен. Аллах Таала бай адамдан сурайт:

– Сен эмне үчүн намаз окуган жоксун?-дейт.

– Мен абдан бай элэм ошон үчүн дейт. Аллах Таала ага:

-Эң бай болгон Сулайман алейхи саламды көрсөтөт. Сулайман эң бай болсо да Мага ибадат кылып, намаз окуган дейт. Аллах бай адамдан кайра сурады:

-Сен ушундай бай белең?- деп сурады. Ал: -Жок,- деди. Аллах аны тозокко ыргытат.

Мына тууганым бай бол, бирок Аллахты унутпа!Анын мыйзамдарын, парз, сүннөттөрүнө амал кылып жаша. Ошондо сен Аллах сүйгөн  чыныгы бай инсан болосуң…

А бирок байлык адамзатты көзүн көр кылып өзүнө кул кылып алат. Бай адам байлыкты кандай жол менен таппасын арамбы же адалбы анын максаты күндөн күнгө байлык топтоо болуп калат.“Бай ханга жетем дептир,  Хан кудайга жетем дептир”-деген сөз бекеринен айтылган эмес.  Бай адам “болгон сайын боло берсин”- деп алдыга карай умтулуп, бар жокту таштап ою байлык топтоо гана болуп калат.

Бифр Брок деген инсан айткан экен: “Чынында мен да көп байлык чогулттум, бирок чыныгы жашоо турмушта бул нересе оюн экендигин байкадым, мал дүйнө топтоо оюну коркунучтуу жана анын аягы жок. Өмүрдүн жана бакыттын баарын жутуп алат, ошондуктан жумушумду жана максатымды башка нукка өзгөрттүм, ал да көп мал дүйнө талап кылбай турган жумуш,  бирок Ошону менен мен бактылуу болуп,  элге да кызмат кылам.  Ошондуктан жетээрлик байлык чогулткан иш адамдарынын баарына,  байлык чогултуу оюнун токтотуп,  турмуштагы жетишкендиктериңер менен бактылуулукту сезгиле.  Элге да кызмат кыла турган башка жаңы иштерди баштап,  убакытты текке кетирбегиле деп кеңеш айтаар элем”. . . .

Чындыгында даяр байлык көбүнчө каргышытуу болот, жакшылык болбойт. Анткени бай үй-бүлөдө балдары даяр акча кийим баары бар,  алар эч нерсе жөнүндө ойлобойт. Баарын акча менен өлчөп жашоосунда, бактысыздык болуп, бактылуулук болбойт, байлыкта инсан жыргалчылык менен жашап напсисин аябай акылы бош болуп калат,  гүлдөп турган жаштык убагың өлөр-өлгөнчө ысырапчылык менен өткөзөт.

Байлыктын эң жаманы ал инсандын жүрөгүндөгү мээримдүүлүктү жок кылат.  Бай үй-бүлөргө кирсең баары бар бирок ыйман жок, сый урмат, мээрим, тынчтык жок экенин сезесиң. Эр-Риядагы белгилүү догдурдун бирөөсүнө бир соодегер бай бир оору менен даарыланганы кайрылып калыптыр.

Доктор соодагерге: “Сен жумушуңду токтотуп бир аз эс алууң керек!”-деп айтканда соодагер: “Мен башка жака сапар кылып турам,  чогулуштар болуп турат жумушум аябай көп,  ошондуктан бош убагктым жок”-деп жооп берет.

Анда догдур: “канча байлыгың бар?”-деп сураган да соодагер:

“Менин бир канча имаратым бар, жана үч миллиарддай риялым бар (риял-Сауд Аравясынын акчасы)”-деп айтат. Ошондо догдур:

“Ошол мллирадтарды өзүңдүн өмүрөңө жетерлик кылып бөлсөң дана балдарың кыздарыңдын өмүрүнө жетээрлик кылып бөлсөң,  өмүрүңдүн акырына чейин жакшы,  бактылуу,  тынчтыкта саламаттыкта жашамаксыңар. Өзүң да, үйүң да, көңүлүң да тынч олтурмаксың”-дейт.

Анда соодагер: “Эч үйдө олтура албаймын,  мен байлык топтоо оорусу менен ооруп калганмын. Бир сооданы бүтүрсөм экинчисин баштаймын,  бир имаратты бүтүрсөм экинчисин баштаймын. Сарапдан-сапарга,  чогулуштан-чогулушка барам” ошондо догдур айткан экен:

“Аллахка ант болсун! Бул деген бактысыздыктын дал өзү болот! Эгер бир инсандын жашоо турмушунда жетээрилик даражада байлык болсо ошого ыраазы болуп каниет кыляп кабыл кылса сенден миң эсе бактылуу болмок”. . .

Байлыка кул болгон байкуштар,  байлык топто үчүн түнү куну чуркашат, бир жакшылык кылуу максаттары жок,  садака бербейт, кембагал жетим жесирлерге жардам берип батасын алышпайт, тууган урук менен карым катнашы начар ушундай байкуштар байлыгынын себебинен тозокто азапталышат. Канчалык байлыгы болбосун алар бактысыз инсандар.  Аллах Таала Куранда мындай дейт:

«Адамдарды кылыгы жана тили менен шылдыңдаган бардык шылдыңчына азап тозок болсун! Ал байлыкты адал арамына карабай чогултту жана эсептеди.  Байлыгы аны түбөлүк жашатат деп ойлойт. Жок! Алар кыяматта сөзсүз “Хутмага” ташталат. Сен “Хутма” эмне экенин билесиңби? Ал Аллахтын алоолонгон тозогу» (104: 1’6)

Мына туугандар байлыктын кесепети,  адамзатты эмнелер гана кылбайт.  Бай болуң бул Аллахтын сыноосу сизгер берген нээматы, ошон үчүн Аллах зекетин, садака хажды парыз кылды пенделерим адашып кетпесин күнөөлөрдөн тазалынып турсун деп.

Ахнаф ибну Кайстын сөзүндө: “Кудайга шүгүр! Менде бут байлык бар: жатар төшөгүм, жашай турган бөлмөм,  бир наным жана бир чанач суум бар” деген экен.

Ошол сыңардай эгер билсеңиз биздин баалуу байлыгыбыз алтындай болгон Ата-энебиз, сүйгөн жарыбыз,  эч нерсеге алмаштыргыч балдарыбыз,  жашганга үйбүз , кийгенге киймимибиз, жегенге тамагыбыз,  ишибиз болсо мына ушулар байлык билгенге!

Чынында мусулман пендеси үчүн байлык бул Ислам.  Анткени материалдык байлык сиз менен кошо кетпейт ал сизге эч качан жардам бербейт өлгөндөн кийин күл бойдон калат.  А Ислам байлыгы бул биздин жакшы соопту амалдарыбыз алар өзүбүз менен кошо кетет,  жана бизди коргойт жана бактылуу кылат бу дүйнө аркы дүйнө.

Ошон үчүн тууганым байлыктын артынан эмес,  Илимдин, ыймандын артынан чуркаган инсандардан болуп жашайлы!!!

Насиба Абдуллаева,

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

The post Байлык – бул колдун кири… appeared first on FORMULA.KG.


September 17, 2015 at 11:51PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бир күнү пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-дубасы болсун) мечитке кирсе, Абу Умама аттуу сахаба олтурган экен. Пайгамбарыбыз анын жанына келип:

– Намаз убактысы кире элек, мечитте эмне кылып отурасың? – деп сурады.

– Карызымды төлөй албай, сарсанаа болуп отурам, деди Абу Умама. Пайгамбарыбыз анын жанына отуруп:

– Сен эрте менен жана кечинде Аллага кайрылып: “Аллахумма, ауузу бика минал хамми вал хузни, ва ауузу бика минал аьжзи вал касал, ва ауузу бика минал жубни вал бухли, ва ауузу бика мин голабатид-дайни ва кахрир рижаал” деп айтып жүргүн – деп үйрөттү.

(Бул дубанын мааниси: Оо, Жараткан, санаа жана кайгыдан, алсыздык жана жалкоолуктан, чыдамсыздык менен сараңдыктан, карызга батуу жана адамдардын басмырлоосунан сактоону Сенден суранамын).

Кийин Абу Умама: Ушул дубаны окуй баштагандан кийин Алла ишиме ийгилик берип, карызымдан кутулуп кеттим – деп айткан.

Пайгамбарыбыз үйрөткөн жогорудагы дубаны жакшылап карай турган болсок, байлык, акча, дүнүйө деген сөздөрдү кезиктире албайбыз. Бирок, дубанын негизги максаты дал ушулар тууралуу болуп жатат. Анткени аны пайгамбарыбыз карызынан кутула албай жаткан адамга үйрөткөн. Азыркы заман талабына ылайык байуунун жолун үйрөтүүчү бизнес-тренерлердин айтканына кулак төшөсөң, байлык акчага тиешелүү эмес экендигин жана акча издебей, акча табуу жолун издөө керектигин кан-какшап айтышат. Жогорудагы дуба пайгамбарыбыздын адам затка жашоо мыйзамын үйрөтүүчү улук инсан экендигин дагы бир жолу айгинелеп турат. Дубада адамга ийгилик алып келүүчү жолдордун баары айтылган. Анда эмесе дубаны кайрадан чечмелеп көрөлү.

Санаа.

Учурдагы өтө көйгөйлүү маселелердин бири – санаага алдыруу. Санаа адамдын убактысын коротуп, физикалык жөндөмүн азайтуучу фактор. Иши жүрүшпөй, бир аз кыйынчылыкка дуушар болгон адам өзүн санаага алдырып коёт да, иштөө мүмкүнчүлүгүнөн толук айрылып калат. Ал биринчи кезекте дал ушул “сары-санаадан” өзүн алып чыгуу жолун тапмайынча, ишин алдыга жылдыра албайт. Убакыт өткөн сайын иши артка кетип, санаасы көбөйө берет да, акыры толук бойдон өзүн башкара албай калат.

Кайгы.

Адамдын ой жүгүртүүсүнө жана сергектигине тоскоол болуучу дагы бир нерсе – кайгы. Болор-болбос нерсеге бир аз кайгыруу адамдын ошол күнү текке кетти деген сөз. Жоопкерчиликтүү адам кайгырып отуруп калса, кайгы аны санаага батырат. Натыйжада санаага баткан адам жогоруда айтылгандай өзүн-өзү жоготуп алуусу толук мүмкүн.

Алсыздык.

 Адам тамак-аштын начарлыгынан же уйкунун аздыгынан алсырап чарчашы мүмкүн. Кээде жогоруда айтылган санаа менен кайгы да адамды алсыратып коёт. Ошондуктан “Ашасаң ашка, иштесең ишке” тойбогон убакта ар дайым чыйрак болуп, өзун сергек алып жүрүү зарыл. Антпесе алдуулар алга жылып, алсыздар тебеленип кала берери бышык.

Жалкоолук.

Алсыздыктын артында көбүнчө жалкоолук жолдош болуп турат. Жалкоолукту адам өзү пайда кылып алат. Алдындагы ишти аткаруу колунан келип турса да, аны эртеңкиге калтырып, анын ордуна нафсисине жаккан, бирок пайдасыз нерсе менен алек болуу адамга жалкоолуктун эшигин ачып берет. Адамдын напсиси эч качан кыйналууну каалабайт, оор жумушту калтырып коюу напсиге бир жагып калгандан кийин, көнүмүшкө айланат да, адам кантип жалкоолордун короосуна кирип калганын өзү да билбей калат.

Чыдамсыздык.

Адамдардын баары эле иш баштай алат, бирок алардын кээ бирөөлөрү гана ишин ийгиликтүү алып кете алат. Мунун негизги себеби – чыдамдуулук. Соода болобу, курулуш болобу, кайсы эле жумуш болбосун баштагандан эле ийгилик менен коштолбойт. Сөзсүз түрдө кыйынчылык, тоскоолдуктар болот. Мына ошол тоскоолдуктарга чыдап, сабыр кылган адам гана ийгиликке жете алат. “Кыбыраган араба менен кыр ашат” деген ушул.

Сараңдык.

Адамдагы бул сыпат да иштин илгери болуусуна кедергисин тийгизбей койбойт. Өзү тапкан акчага жарытылуу кийинбей, бала-чакасына чеке жылытарлык кубаныч тартуулабай сараңдык менен дүнүйө топтогон адамда кайдан береке болсун? Акчаны акча табат. Канча көп жумшасаң кирешеси да ошончо болот эмеспи. Бирок, жумшоо керек экен деп чектен чыгып кетүү ысырапкорлукка алып баруусу да мүмкүн. Ошондуктан тапкан малды туура, так иштете билүү зарыл.

Карызга батуу.

Карыз – адамды бул дүйнөдө гана бактысыз кылбастан акыретине да зыян тийгизет. Карызы бар адамдын карызы төлөнмөйүнчө сурак-соболу оор болору маалым. Ошондуктан көр башында өлгөн адамдын жакыны “Кимдин маркумдан аласа-бересеси болсо, мага кайрылсын” деп кайрылат. Карызга батуу адамдын жашоосуна, ден-соолугуна, өмүрүнө коркунуч алып келет. Карызын төлөй албай, анын айынан жанын кыйып алгандар канча. Арызга батып, үйжайынан, бала-чакасынан ажырап селсаяк болуп талаада калгандар канча. Карыз алган күндөн аны кайтарып бергенге чейин эмне деген кайгылуу күндөр болбойт? “Төлөй албай калсам кантет” деген санаа менен уйкусуз түндөр өтөт. Ошондуктан кредит сыяктуу арам иштерден алыс болуу зарыл. Ал эмес адал болгон карызды алуудан да этият кылуу керек. “Карыз – адамдын аброюн жана динин алсыздатат” деген сөз өтө туура айтылган. Колуңдан келсе карыз алба, алсаң батыраак кутулууга аракет кыл. Болбосо, карыз үстүнө карыз кошулуп, кайсы бир күнү үйүңдү таппай калууң турган кеп.

Адамдардын басмырлоосу.

Бул да кайсы бир деңгээлде карызга тиешелүү. Карыз алган адам карыз берген адамдын алдында өзүн алсыз, бечара сезери белгилүү. Ошол эле учурда карыз берген адам өзүн өйдөрөөк сезип, сени басынтуусу мүмкүн. А эгер карызын убактысында бере албасаң, оозуна келгенди оттоп каалагандай сөгүп-багып салуусу да мүмкүн. А сен ага эч нерсе дей албайсың. Мына ушундай басмырлоо – адамдын ички дүйнөсүн алсыздатып, башкалардан өзүн төмөн сезүүгө алып келет да, убакыт өткөн сайын ичинен жеп олтуруп адамды оорукчан, же эч нерсеге жөндөмсүз бир бечара кылып коёт. Демек, урматтуу окурман, пайгамбарыбыздын Абу Умамага үйрөткөн эки ооз дубасы адам баласынын тээ кыяматка чейинки бактылуу жашоосун көрсөткөн ачык-айкын жол экенин күбө болдук. Адам затка ибадаттын түрлөрүн гана эмес, жашоо мыйзамдарын толук үйрөткөн пайгамбарыбыздын ар бир сөзүндө биздин ар бир мүнөтүбуз үчүн зарыл болгон асыл эрежелер сакталып жатканы жалган эмес. Болгону, биз аны туура түшүнүп, жашообузда туура колдоно алсак болду. Мындан ары эртең менен жана кечинде жогорудагы дубаны окуп, чын ыклас менен Аллага кайрылып, Ага сөйөнүп, ага тобокел кылып, Анын гана көрсөткөн жолу менен жашасак, эч качан жогоруда айтылган кыйынчылыктарга дуушар болбойбуз.

The post Карыз – күлүп келип, ыйлап кетет… appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


September 10, 2015 at 04:15PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бактыт -бул жан дүйнөңдүн тынчтыгы!
Бактыт -бул жүрөктөгү сүйүнүч!

Бакыт -бул көздөрдөгү кубаныч дегендей бактылуу инсан өзүнчө башкача болот буту бутуна тийбей асманда учкан кушка окшоп, өзүнчө балкыган бакыттан ырахаттанып андан өткөн кубанычтуу, бактылуу инсан жоктой сезилет. Чынында ошондой болот.
Биздин жашообузда бакыт алдың,артың келип турат. Биз каалаганда эмес биз күтпөгөндө келип жашообузду түп тамырынан өзгөртүп жыргалдыка бөлөйт.
Кана эмди түбөлүк бактылуу болуп жашасак андай бул жашоодо болбойт. Түбөлүк бакыт кайда экенин билесизби?
Түбөлүк бакыт Бейиште болот сиз эч канчан ал бакыттан айрылбайсыз.

 Бул дүйнө бакытын да, аркы дүйнө бакытын да кайдан издесек болот?

Албетте динден табабыз. Дин менен жашган үй бүлөөдө чыныгы бакыт болот. Бакытты издөөнүн кереги жок Бакыт өзү келет эгер сен жакшы инсан болсоң.
Эгерде сен Аллах жолунда барына жогуна Шүгүр кылып күнүңдү ибадат менен өткөргөн болсоң Аллах өзү берет.
Биз адамзат бакытты акчаң,кабат кабат үйүң,кымбат машинең болсо болду ошонон өткөн бакыт жок деп эсептейбиз. Жаңыласыз тууганым ыйманы жок бир да үйдө бакыт болбойт.
Эгер билсеңиз эң негизги бакыт бул Аллахтын ыраазылыгын табуу болот. Аллах ыраазыбы сен эң бактылуу инсансың. Аллах ыраазыбы албетте сен күтпөгөндө ийгилик сен сураган сен каалаган нерсеңди өзү берет. Бирок убак сааты менен анткени Аллах сени кыйынчылык,проблемалар,оору дарт сыноолору менен сынап жатат. Сенин ыйманыңды, сенин ибадатыңды. Сен ушуларга көз жумуп Шүкүр,сабыр ибадат менен күн өткөзгөн болсоң.

Аллахым эч качан кур калтырбайт. Эгер билсең агарган таңдан кийин жаркырап чыккан күндүн чыгышы бар,жан дуйнөңдү муздаткан сыяктуу суук кычыраган кыштан кийин, жан дуйнөңдү жылыткан жаздын келиши бар.
Эч качан бактысызмын дебе? Анткени биздин мусулман болуп жаралганыбыз өзү чоң бакыт, Сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммед صلي الله عليه وسلم дын үммөтү болуп калганыбыз чоң бакыт. Сиз жарыктыкта жашап жатканыңыз бакыт!

Ден соолугуңуз чыңдыгы бакыт!
Ата Энеңиздин бардыгы бакыт!
Жубайыңыз,жарыңыз балдарыңыздын амандыгын бакыт!
Үй жайыңыз барбы бул да бакыт!

Ушундай жашооңүзда туура жолдо жүргөн болсоңуз бакыт өзү келет ..
Ошон үчүн тууганым бакытты динден издеп дин менен жашайлы!!!

Насиба Абдуллаева,

“БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ”

The post БАКТЫТ ЖАН ДҮЙНӨНҮН ЫРАХАТЫ appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


September 07, 2015 at 12:01AM
Технологии Blogger.