Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком April 27. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Журналист Назира Бегим Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына “эки аял алууну мыйзамдаштыруу керек” деп жазган посту интернет колдонуучулар арасында кеңири талкууга түштү.

Төмөндө бул талкууну жараткан Назира Бегимдин пикирин сунуш кылабыз:

ЭКИ АЯЛ

“Азыр коомчулукта эки аял алуу тууралуу сөз дайым талкууга алынат. Бул, убагында, жоокерчилик заманда адаттагыдай эле көрүнүш, салт катары кабылданып келген. Совет учурунда бул салт токтогон. Азыр, диний көз карашты тутунган, ислам баалуулугун карманган кыздар эки аял алуу маселесин туура эле кабыл алат. Алар, шарият мыйзамын сыйлашат.

Дагы бир топ , эки аял алуу жөнүндө сөз болгондо сынга алып, өтө туура эмес дешет.

Бирок, муну эки жактуу кароо зарыл. Эки аял тең макулдугу менен үй бүлөө курган маалда, бирөөсү мыйзамдуу аял катары каттала албайт. Мамлекет буга жол бербейт. Бирок, демократиялуу мамлекет болгонубуз менен адам укуктарын ушул жерден чектеп коюп жатабыз.

Мисалы, биринчи аял макулдугун берсе, баары ынтымактуу бир көз карашты карманса эки аялга тең мыйзамдуу никеге туруу мүмкүнчүлүгү берилиш керек. Ушундай мыйзам долбоору кайра каралышы шарт. Азыр, жумушка жарамдуу кыргыз улутундагы калк мигрант болуп сыртка кетип жатат. Акыркы убактагы далилдерди карагыла, өзбек жана дунган улуту бат өсүп жатат. Ошондуктан титулдук улуттун кызыкчылыгы үчүн эки никеге мыйзамдуу туруу жолун караштыруу керек. Мен кызмын, бирок улуттук деңгээлде жеке аялдык кызыкчылыкты экинчи орунга калтырыш керек”, – деп жазган ал.

Запись Журналист Назира Бегимдин көп никелүүлүк тууралуу посту талкууга түштү впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

 

*✨БИСМИЛЛАХИР РОХМААНИР РОХИЙМ.*

🏻Кимде-ким Рамазан айынын келээрине сүйүнсө, чыдамсыздык менен күтүп кубанса,
орозо бүтөөрүндө кайгырса ал адамдын
бүт күнөөлөрү кечирилет .
Сүйүнүп эле койгон адамдын күнөөсү кечирилет !

Шейхтер айтат:
Сүйлөп жаткан адамдын өңүнө, келбетине,
жашына эмес сөзүнө маани бергин
ошондон пайда табасың !
Эмне үчүн кебете, өң-түсүнө карабайбыз?
Анткени ибилийс алайхи лаъна
Адам алайхис саламдын келбетине карап:
– Бул топурактан жаралса.. -деп
текеберденди эле зыянга учурады.

Баарыбыз баян укканды жакшы көрөбүз.
Баарыбыз аалымдарды, каарыларды сыйлайбыз. Анткени Аллахтын жардамы аалымдар менен, Аллахтын рахматы каары, уламалар менен бирге .
Сиз менен биз уктап жатканда алар
түндү түн дебестен илим окушат .
Аалымды жамандаган,
аалымды гыйбаттап, урматтабаган адамдын урпактарынан каары-улама жети урпагына чейин илимден махруум болот !
Бул урук-тукумунан аалым чыкпайт дегени.
Бүгүнкү күндө туугандарым,
маселе-баян угуу жөн гана маанай көтөрүүчү
же бир ыйлап алуучу көрүнүш сымал болуп бараткансыйт . Адамдардын баарында интернет бар . Телефон менен каалаган шейхтин баянын уга алабыз. Чубак устаздын баяндарын укканда жалаң позитивдүү,
маанайды көтөрө турган маселелерин
тандап-тандап угабыз .
Мейли, уга бериңиз ..

Ресторанга кирип, официантты чакырсаңыз
келип менюну берсе
тамактардан
1 Манты
2 Лагман
3 Пельмен
ж.б

Экинчиге:
1 Куурдак
2 Плов
ж.б

Үчүнчүгө суюк тамактар:
Шорпо
Мастава 0,7 – 120 сом.

Андан сырткары Суппер Хошан.
Оштун тандыр самсасы .
Жаңыбайдын Жаңы самсасы да бар деп менюда жазылып турса, сиз сатып алып жебестен эле
караап олтуруп кетип калсаңыз
курсак өзүнче эле тоюп калабы )?

Качаан чөнтөктөн акчаны алып
тамакты сатып алып жегенде
курсак тойгондой
сиз качаан баян укканыңызда аны түшүнүп,
аят-хадиске амал кылганыңызда гана жашооңузга бактылуулук келет !

Дагы эмнени айтат экен,
эмне сөз бар, жаңы окуяларды айтат бекен
деп укпастан, Аллах үчүн угуп ,
Аллах үчүн башкаларга жеткирейли .
Баян айтсаң кээ бирлери телефонунун диктафонун жандырып коёт .
Сиз менен биз жүрөктүн диктафонун жандырайлы! Кандай дейсиздер?
Атаңыз сизге бир иш айтса жүгүрүп барып сүйлөгөнүн диктафонго жаздырып алып,
атам эмне деди экен деп кийин угуп иш кылбайсызго . Угуп эле айтканын кыласыз.
Ошол сыяктуу угуп эле амал кыла берейли )..
Кандай дейсиздер ?

Сиз бизге обратно кайра кетүү үчүн билет алынган . Кээ бир адамдар Россияга, Туркия ж.б мамлекеттерге бара жатып 1 же 1 жарым айдан кийин кайра кайтам деп обратно билет сатып алышат туурабы ?
Дал ошол сыяктуу акыретке кайтуучу сапар бар, биз менен сиз конок болуп жүргөн чагыбыз. Бир күн келип сөзсүз кетээрибиз анык. Сапардан кайтып баратып жакындарыңызга, туугандарыңызга белек менен Российский жакшы оригинал шокаладдан тандап алып барсаңыз Ата-Энеңиз каанча кубанат. Туугандарыңыз каанча сүйүнүшөт туурабы туура эмеспи ?
Айтайын деген максатым туугандар,
акырет узак, ага канчалык даярдандык?
Биз өзүбүз менен кошо ала барган амалдарды
көрүп Жараткан Зат ыраазы болобу ?
Акырет сапары узаак..
Акырет сааты болсо жакын .
Дүйнө убактысы асты тешик
кум идиштей азайгандан азайып баратат .
Акырет жакындап келе жатат .
Дүйнө алыстап бара жатат .
Инсан балдары гана,
түбөлүктүү жака карай баспастан ,
артын карабастан кетип бара жаткан дүйнөнүн артынан түшүп, кыска убакытка карай бет алууда. Астыда узаак жашоо турса,
кыска бир жашоонун проблемаларын
проблема кылып жүрөбүз .
Эхх, кандай гана өкүнүчтүү .
Дин дүйнөнү таштап кой дебейт .
Дин – дүйнө жашооңду дин менен жашап өткөргүн дейт !

Өмүр өтүп жашыбыз бир топко барып калса да
арстандан кутулуунун үмүтү бар кийиктин баласы сымал ажалдан качууга умтулабыз .
Арстандай артыбыздан кубалап келе жаткан өлүм периштеси астыңдан тосуп чыгаары,
ал эмес кайсыл убакта келээри белгисиз.
Адамдардын баары качан төрөлгөнүн, кайсы күнү төрөлгөнүн саатынан бери билишет.
Бирок бир дагы адам качан өлөөрүн билбейт .
“Куллу нафсин заааикотул мааувт!
Ар бир жандын ээси өөлүм даамын татат.
Кыбыр этип кыбырап жүргөн жандын баары өлүм даамын татат.
Баары эле ошол даярдалган чуңкурга коюлат дегендей)..
Аллах насип кылса 100 жылдан кийин такыр эле башка адамдар биздин ордубузга келишет.
Бүгүнкү күндө басып жүргөн ар бир жан өтөт.
Муну түшүнүү керек!
Ойлонуу керек, амал кылуу керек.
Мейли ал адам чоң болсун, кичине болсун ..
Бай болсун кедей болсун..
Сулуу болсун куник болсун ..
Депутат болсун Министр болсун .
Мейли, ал адам милиция болсун..
Падыша президент болсун .
Мейли Кыргыз болсун башка болсун ..
Баарыбыз, мен да сиз дагы ошол суракты көрөбүз . Кача албайбыз . Убакытты токтотуп тура албайбыз . Колубуздан келе турган нерсе
ошол сурак күнүнө даярдануу .
Ошол өлүмгө, өлүмдөн кийинки өмүргө
даярданайлы деген теманын айланасында
сөз болуп ошого мээнет болуп жатпайбы.
Кепиндин чөнтөгү жок!
Эгерде сиз менен биз дин менен жашап
динге амал кылсак, Куран Хадис менен аракет кылып жашообузга ыйман алып келсек ,
бул дүйнөдө да акыретте да,
өлүм учурунда да амал таразасында да,
сирот көпүрөсүндө да кабырда да
керек болсо эки метр көрдүн ичинде
эки метр кепиндин ичинде жатып бактылуу болобуз, Аллахтын астында даражабыз жогору болот ! Канткенде сиз биздин жашообузга
дин келет ? Канткенде мусулмандар кыйналбай бактылуу болуп жашашат?
Канткенде балдар ыймандуу болуп
ата-энесин какшатпай калат ?
Канткенде кыздар уяттуу болуп,
бактылуу эне болушат ?
Канткенде мусулманды мусулман алдап кетпейт, канткенде бирин-бири урушуп кетпейт, канткенде бири-бирине сылык мамиледе болуп, канткенде улутка бөлүнбөй бир тууган болуп, бир үммөт болуп күн кечиришет !!?

2010 жылдары адамдар бир кыйынчылыкты башынан өткөрүштү ..
Ошол убактарда элге айттык эле:
“Кыргыз Бейишке кирбейт!”-дедик .
Адамдар чочуй түштү.
Бир ааз туруп :
“Бейишке Өзбеги да кирбейт!”-десек адамдар жалдырап карап туруп калышты, анан ким кирет дегенсип .
Анан биз айттык:
” Бейишке – Мусулман кирет !”-деп.

Улутка бөлүнбөйлү, жаман көрбөйлү .
Ким улут-улутка бөлүнүп урушса,
ал адам кыямат күнүндө шайтандын сабында тирилет! Пайгамбар алайхис салаам айтат:
“Улутка бөлүнгөндөр менин үммөтүмдөн эмес!”

Адамдык сыпатты менменсинүү, текеберденүү,
көрө-албастык, бирөөнү кыйбаттоо сыяктуу сыпаттар жок кылат .
Ар бирибиз өзүбүздү мактап, өзүбүздү жакшы көрүп алганбыз . Алфавитте “Я” деген тамга эң акыркы турат . Сиз менен биз эң биринчиге коюп алганбыз . Ушул нерселер сиз бизди жек көрсөтүп жатат . Азия, орто Азия элдери айрыкча адеп ахлакка өтө чоң маани берген эл.
Адеп-ахлагыбызды оңдойлу.
Үйгө келгенде жакындарыңыз кубансын,
үйдөн чыгып кеткенде эмес !)))

Пайгамбарыбыз алайхис салам бир да жолу:
– Эмнеге андай кылдың?
Эмнеге андай кылган жоксуң ?-деп айткан эмес. Үйгө келгенде Айша энебизге сылык сүйлөйт эле .
Сиз биз азыркы күндө үйгө кирип эле:
Турбайсыңарбы! Чай койбойсуңарбы!
Сасып жата бересиңерби ?-деп урушабыз.
Туугандар менен мамилени оңдойлу.
Жылмайганды үйрөнөйлү.
Айрыкча эркек кишилердин арасында көп болот, бири-бирине катып желкелерди чыгарып , эки каш биригип Вандам болуп
бири-бири менен айтышып түртүшүп кетет .
Пайгамбар алайхис салам бүгүнкү сиз көрүп жаткан динди алып келген эмес !
Жанагы сөздөгүдөй болуп калбайлы да:
“Мен бул жерден мусулманды көрдүм
бирок исламды көрбөдүм”

Тилди пайдасыз сөздөрдөн сактайлы.
Эки желкедеги периштелер оозуңуздан кайсы сөз, керек болсо бир тамга айтсаңыз да жазып коюшат . Сөгүнсөңүз ошону да жазат .
Энеңдин деп “эне” деген бойдон токтоп калсаңыз
амал дептериңизге “Эне!”- деп жазып коёт.))))

Эң улуу айлар келе жатат .
Орозо айында колдон келишинче ибаадат менен өткөрүүгө аракет кылайлы .
Анан ушул жерден айта кетчү маселе:
Жаштар орозо тутуп саартан кечке укташат экен да, түнү менен тамак жешет экен.
Эрте менен оозду жабат уктайт.
Пешимде туруп намазын окуп кайра уктайт.
Асрда туруп намазын окуп кайра уктайт .
Шамда жакындарын кыйкыртып жүрүп ойгонот да, оозун ачып алып түнү-менен көчөдө достору менен бильярдда жүрүп, эрте менен келип оозун жаап кайра уктайт .
Бул эмне деген орозо болду эми ?
Үйдө кызмат кылайлы туугандар!
Сиз биздин себебибизден динге сөз тийип калбасын ! Кээ бир жакындарыбыз байкуш түшүнүшпөйт . Сиздин оңолоюн деген оюңузду билбейт . Мындай мамиле жасасак ,
орозону да жаман көрсөтөбүз .
Кичинекей күкүрт чоң бир токойду өртөп коюуга жетерлүү.
Ошол сыяктуу сиз биздин ар бир туура эмес аракетибиздин себебинен динге сөз тийип жүрбөсүн!

1 жыл бою бир карыш карынды тойдурамын деп дүйнөнүн артынан канча жүгүрдүк .
Эми бир ай гана курсакты ач коёлу.
Нафсини тарбиялайт.
Бул Аллахтын өкүмү!
Аллах Таалам билет канткенде биз
оңолобуз, канткенде такыба болоорубузду!
Бир миллионер келип сизге:
“Саатына 3000 миңден беремин, бир сутка же 18 саат ачка жүрүп бербейсиңби десе, сиз:
Братан бир жолу 25 саат кылып бербейспи ?-дейт элек да)))
Акчанын кадыры жүрөгүбүзгө кирип кеткен.
Бүгүнкү күндө адам баласы сомго канчалык муктаж болуп жатса,
эртең кыямат күнү ошончолук соопко муктаж болуп калат !
Кыямат күнү махшарда атасы баласын көрүп:
“Балам менин!
Сени кичинеңден тарбиялап багып чоңойттум эле. Мектепке да окутуп,
үй салып, машина алып бердим эле.
Мага бир эле сооп берип турчу ?”-дейт.
Анда баласы:
“Ооба атаке.
Бермекмин, бирок сиз муктаж болгон нерсеге мен да муктаж болуп турамын !”-деп жүзүн бурат . Апасынан качат .
Агасынан, эжесинен, жакындарынан качат .
Күйөөсү аялынан, аялы күйөөсүнөн качат .
Ата-эне балдарынан качып калышат .
(Абаса сүрөөсү 33-37 аяттар).

Ар бир жан өзүм-өзүм деп калат .
Тааныш адамдар мени көрүп калып,
менден сооп сурап келбесе экен деп жашырынышат . Ар кимдин түйшүгү өзүнө жетерлүү болот . Ошол сурак күнүндө:
“Ким кыпынчалык жакшы иш кылса аны да көрөт. Ким кыпынча жаман иш кылса
анын жазасын дагы көрөт !”
(Залзала 7-8 аяттар)

Тозоктун чуңкурлугу 70 жылдык жол.
Тозоктун четинен таш сыйгаланып түшсө,
тозоктун түбүнө 70 жылдан кийин жетет .
Акыреттин бир күнү биздин 100 жылга барабар. Курандагы:
“Эй күнөөкөрлөр!
Момундардан бөлүнгүлө !”-деген аят айтылганда сиз менен биз кайсы тарапта тураарыбызды билбейбиз .
Ошол күнгө даярданайлы .
Кечээ эле биз менен бирге мечитке каттап,
орозо тутуп, намаз окуп жаныбызда жүргөн чоң ата чоң энелерибиз, жакындарыбыз бүгүн жок,
балким өтүп кетишкендир .
Бул рамазан сиз бизге берилген эң чоң мүмкүнчүлүк !
Балким бул өмүрүбүздөгү эң акыркы мүмкүнчүлүк болуп жүрбөсүн ?? …

👤Али Оши~

  1. 👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
    ══════════════════
    ✿ OK.ru/Formulasy
    ✿ Fb.com/Formulasy
    ✿ Vk.com/Formulasy
    ✿ http://ift.tt/2mb2Guk
    ✿ http://ift.tt/2l8etvu
    ✿ +996700334493
    ✿ WWW.FORMULA.KG

Запись Акыретке сапар впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

🏻Эх менин оорукчан бир тууганым сенин даражаң Аллах алдында канчалык жогору экенин билгениңде эле ,балким кайгырбай шүгүр кылып жашоодо өзүңдү керексиз бэчара төмөн инсанмын дебей жакшылыктан үмүт кылып алдыга гана умтулуп жашамаксың…

Аллах Тааламдын оорукчан пендесин эң жакшы көрөөрүн ал үчүн берген ооруу сыноосу азапталышы үчүн эмес,күнөөлөрү төгүлүп ырайымына бөлөнүп,бейишне ыраа көргөнүн төмөнкү хадистерден байкасак болот…
Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) мындай дейт:
«Пенде ооруп калганда Аллах Таала ага эки периште жөнөтүп: «Барып, кулум жардамчыларына эмне дебатканын көрүп келгиле!» – деп буйрук кылат. Эгер ал пенде периштелер келгенде, Кудайга шүгүр келтирип жаткан болсо, алар бул шүгүрдү бардык нерсени эң жакшы билүүчү Аллах Таалага жеткиришет. (Периштелерин бир гана пендесинин кылган жарамдуу (салих) амалдарына күбө болушсун деп жиберген)
Аллах Таала: «Эгерде бул кулумдун жанын ала турган болсом, анда аны бейишке киргизишим – кулумдун мендеги акысы. А эгерде ага шыпаа бере турган болсом, анда анын этин жакшыраак эт менен, канын жакшыраак кан менен алмаштырып, күнөөлөрүн кечиришим – анын мендеги акысы.» – деп жооп берет.»
Бул хадисте сыртынан караганда бизге кырсыктуу болуп көрүнгөн көптөгөн окуялар бир гана Кудайдын сыноосу катары кабыл кылынышы керек экени жана ал кырсыктардын аркасында абдан чоң сыйлыктардын катылуу экени билдирилет.
Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) айтат: “Ким оорукчан бирөөдөн кабар алса же мусулман бир тууганына жолукса, бир периште:
“Сага береке болсун! Баскан кадамын, берекеге толсун! Сен бейиштеги жайынды курдун,! – деп жарыя салат. Бул сөздү уккан Анас бин Малик (разияллоху): “Чындыгында, оорукчанды кабар алганы барган киши, Алланын ырайымына бөлөнүп, ал соо кишиге береке берилет экен. Ал эми оорукчангачы? – деп сураганда Алланын элчиси: “Анын күнөөсү кечирилет” – деди. (Ахмад)
Али (разияллоху анху) риваят кылат: “Ким эртен менен мусулман бир тууганын кабар алганы барса, ага жетимиш мин периште кечке чейин кечирим дубасын сурашат. Эгерде кечинде кабар алса, тан атканча жетимиш мин периште кечирим дубасын сурашат жана бейиштен бир бак берилет”. (Тирмизи)
Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) айтат: “Эгер сен оорукчандан кабар алсан, андан сага дуба кылып коюусун өтүн. Себеби, анын дубасы периштелердин дубасындай (кабыл болот)”. (Ибну Мажа)
Байкап көрдүңүзбү тууганым сиздин канчалык Аллах алдында жогору инсан экениңизди,сизди кабар алган инсандарга канча сооп жазылып жатат, а сиздин ооруган ар бир демиңизге канчалаган кечирим сооптор жазылып жатат болду экен э.. балким сиз окуп жаткан болсоңуз бул убадалар сиздин жүзүңүзгө жылмаюу,жан дүйнөңүзгө тынчтык тартуулап жаткандыр….

Бул убадалар адамзаттын куру убадаларынан эмес Улуу Жараткандын убадасы ал сөзсүз ишке ашат ин ша Аллах!
Бул дүйнөдө сиз жетпеген бакыттар, дүйнө ырахаты акырет алдында кыпынчалык да кадырга ээ эмес. Бул күндөр сиз оорусаңызда оорубасыңызда көз ачып жумганча сапары түгөйт. Акырет сапары ал түбөлүк бакыт же түбөлүк азап. Ошон үчүн эч качан капаланып кайгыга чөмүлбөң, Жараткандын жакшылыгынан үмүт кылып оорунун себебин,алдын алууга аракет кылып жашай бериңиз….
Мен сизге дем -күч боло турган,сабырдуулук кандай болоорун Улуу Пайгамбарлардын бири оору сыноосунда өмүрүн өткөзгөн Аюп (алейхи салам) тууралуу айтып берейин.
✏Аллах таала Аюп пайгамбардын денесин коркунучтуу жара менен жабыркатты. Бүт денесине жара чыгып, кычышып тырмана баштады. Тырмай берип тырмактары түшөт. Акыры таш, жыгач сыяктуу катуу нерселер менен тырмана баштайт. Эттери шылынып какыраган сөөктөрү эле калат. Териси курттап чыдатпай ооручу болду. Мунусу аз келгенсип: «Аюп бир күнөө кылса керек. Аллах Таалаң аны жазалап жатат» – дешип, туугандары, коңшулары жана башка жакын достору да жанына келбес болот. Жалгыз гана аялы Рахима аны таштабайт. Ага берилгендик менен кызмат кылуусун уланта берет. Аюп пайгамбар ушундай оор абалда калса да, сабыр кылып, эч качан кудайга акаарат келтирбейт. Кайра Раббисине шүгүр келтирип мактоолорду айтат. Ошондо шайтан Аюп пайгамбар жашаган шаардын жашоочуларына күмөн салып: «Анын дарты силерге жугат, аны шаарыңардан чыгарып салгыла», – дейт. Ошондо шаар калкы Аюп пайгамбар менен Рахиманы шаардан чыгарып салышат. Рахима айым шаардын тышындагы бир жерде Аюп пайгамбарга кызмат кылуусун улантат. Астына кум төшөп, башына ташты жаздык кылып жөлөйт. Аюп пайгамбар жети жыл бою оору менен алпурушат. Ал абалына эч качан нараазы болбойт. Кээ бир китептерде Аюп пайгамбар он сегиз жыл ооруган деп айтылат. Ушундай аянычтуу күндөрдүн биринде Рахима айым: «Оо, Аюп! Сен Алланын пайгамбарысың. Алладан ден соолук тилеп дуба кылчы, бул дарттан кутулат элек» – деди.
Анда Аюп пайгамбар: «Канча жыл бейпил турмушта жашадык» – деп сурайт.
Рахима: «Сексен жыл» – деп жооп берди.
Аюп пайгамбар: «Ээ Рахима! Ооруган жылдарым бейпил турмушубуздун мөөнөтүнө жетмейин Алладан айыгууну сурануудан уяламын. Алла бизге жакшылыктарды ыроологон кезде шүгүр
кылып, ал эми бир балээ берген кезде сабыр кылбай коё аламбы? Мен Раббимен ыраазымын» – деп жооп берет…
Күн өткөн сайын Аюп пайгамбардын дарты оорлошо баштайт. Рахима айым да аябай кыйналып, ичип-жегенге бир аз тамак-аш сатып алуу үчүн аргасыздан эң мыкты көйнөгүн сатып жиберет. Аюп пайгамбар Рахимага аябай боор ачыйт. Жаралары бүт денесине тарап, жараларынан пайда болгон курттар жайылып, денесин кемирип отуруп жүрөгү менен тилине жетет. Ибаадаты оорлошо баштайт. Ошондо Жабрейил периште Аюп пайгамбарга Алла тааладан суранып: «Анни массания дзурру ва анта Архамур Рахимиин» (Оо, Жараткан Алла! Акыйкатта мага зыян тийди, Сен мээримдүүлөрдүн эң Мээримдүүсүсүң) – деп дуба кылуусун айтат. Аюп пайгамбар да дуба кылат…
Адаттагыдай эле Рахима тамак-аш таап келүү үчүн сыртка чыгат. Ошол кезде Алла тааладан кубанычтуу кабар келет. Жабрейил периште келип, Алла тааладан: «Эй, Аюп! Балекет бердим сабыр кылдың. Эми мен сага ырыскы берем» – деген кабарды алып келет. «Бутуң менен астыңдагы жерди тепкин!» деп буйрук берди. Аюп пайгамбар ордунан араң козголуп бир нече кадам шилтеди. Ал оң буту менен жерди тепкен кезде ысык булак, сол буту менен тепкен жерден муздак булак атылып чыкты.
Анан ага: «Мына ушул ыссык суу кирине турган, ал эми бул муздак суу иче турган сууң» – деп айтты. Ошентип ал ысык суу менен чайынганда денесиндеги бардык жаралардан айыгат. Муздак суудан ичкенде ичиндеги дарттардан кутулат. Күч-кубатка толуп жап-жаш жигитке айланып калат. Жабрейил периште Бейиштен кийимдерди алып келип Аюп пайгамбарга кийгизет. Канча жылдан бери тартып келаткан азабы эми мынтип түш көргөндөй эле жок болуп кетти..
Шаардан анча-мынча азык менен дары-дармек таап келген Рахима Аюпту жаткан жеринен таппай калат. Карышкыр жеп кеттиби деп санаага батып турган кезде жанына сулуу жаш жигит келип эмне издеп жатасыз деп сурайт. Ал: «Ушул жерде оорулуу чалым бар эле. Жер жуткандай жок. Жанатан бери издеп таба албай жатам» – дейт. Анда Аюп: «Анын кандай белгилери бар эле?» – деп сурайт. Рахима: «Жаш кезинде кудум сага окшош болчу» – деп жооп берет. Ошондо Аюп пайгамбар болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып берет.
Анда Рахима: «Эми сен жаш жигит болсоң, а мен болсо карыган кемпир болсом….» – деп көз жашын төгүп ыйлай баштайт.
Аюп пайгамбар аны колунан жетелеп жылуу суу менен чайындырып, муздак суудан ичиргенде Рахима да жашарып, ай чырайы жүзүнө чыга келди. Анын колунан алынган бардык мал-мүлкү кайра берилет. Көп бала-чака тартуулайт. Андан жүз бурган бардык достору андан кечирим сурап кайра келишет Аюп пайгамбар оорусунан айыгып, эрте менен турган кезинде өзүнчө күңгүрөнүп ыйлай баштайт.
Себебин сурашканда: «Ар күнү таңга маал: «Эй, дартка чалдыккан пендем, кандайсың?» деген үн чыгат эле, эми ал үндү угалбай калдым. Ошол үчүн ыйлап жатам – деп жооп берет. Өмүрүнүн аягында өтө жакшы тарбияланган тун уулу Хавмелди камкорчу кылып дайындайт. Жүз кырк жашка чыгып көз жумат. (Ага Алла тааланын саламы болсун)..
Эми сезгендирсиз биздин оорулар Аюп пайгамбардын оорусунун алдында алдаканча жеңил экенин. Биздин денебизди ушундай жара бассынчы шүкүр кылмак турсун өлуп калсам деп жол издейбиз,өлүп эле тынч жатчуудай. Аюп пайгамбар айыкканына сүйүнбөй кайта эмне үчүн ыйлады деп ойлойсуз? Анткени Жараткандын ырайымынан кур калдым деп кайгырды. Бирок ал Пайгамбар эле сыноолордун эң оору пайгамбарларга берилет. Андан кийин момундарга Аллахтын эң сүйүктүү пенделерине. Демек биз Жараткандын эң жакын, дайым биз менен экенин сезип шүкүр келтирип жашообуз керек …Жараткандын убадасында оорукчанга бул сыноо бейишке ачыктан ачык жолдомо, бул мүмкүнчүлүктү бакыт деп билсек туура болмок бирок биз пенделердин ыйманы алсыз болуп кейип жиберебиз… Аллахым ооруган жандарга шыфасын, бекем ыйман,сабырдуулук берсин деп дуба кылып калабыз…
Бул дүйнөдө адам баласынын үч дүйнөлүк байлыгы бар. Алар – мал-мүлк, урпак, ден соолук. Бул үчөө менен пенделер сыналышат. Аюп пайгамбардын окуясы ушундай сыноого учурагандарга сабырдуулуктун өрнөктүү үлгүсү болуп саналат. Бул окуяда Аюп пайгамбардын жара каптаган оорусу сырткы денесине жайылган эле. Ал эми бизде болсо, ички жан-дүйнөбүздү каптаган руханий ооруларыбыз бар. Ичибизди сыртка, сыртыбызды ичине карай оодара турган болсок, Аюп пайгамбардын жараларынан алда канча жаралуу жана оорулуу болуп көрүнмөкпүз. Анткени, биз жасап жаткан ар бир күнөө, башыбызга келген ар бир шек-күмөндөр жүрөгүбүзгө жана рухубузга жараттарды пайда кылып жатат. Аюп пайгамбардын жаралары анын кыска болгон бу дүйнөлүк өмүрүнө коркунуч туудурган эле. Ал эми биздин руханий жараларыбыз болсо өтө узун болгон түбөлүктүү өмүрүбүзгө коркунуч туудурууда. Андай болсо биз Аюп пайгамбардын кылган дубасына ага караганда миң эсе көбүрөөк муктажбыз. Ал эмне деп дуба кылды эле?
Ал: «Анни массания дзурру ва анта Архамур Рохимиин» – деп дуба кылган болчу.
Сабырдуулук – даанышмандыктын белгиси.
Сабырдуулук – акылдын чырагы. Сабырдуулук – ыймандын күзгүсү. Караңгы туюкка кабылбайын десең төмөндөгү үч түрдүү сабырды унутпа:
Биринчиси: Кулчулукта сабыр кылуу.
Экинчиси: Күнөөлөргө каршы сабыр кылуу.
Үчүнчүсү : Балээкыйынчылыктарга каршы сабыр кылуу.
Акылың болсо ушул акыйкатты жүрөгүңө түйүп ал.
Кайраттуулук менен: «Йа Сабур!» деп Аллага таян. Алланын сага берген сабыр кубатын эгер жаңылыш жолдорго таратпасаң, анда ар бир түйшүккө жана ар бир кайгылуу балээлерге каршы жетиштүү болот. …
👤Насиба Абдуллаева.
« БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

Запись ЭЧ КАЧАН АЛЛАХТЫН ЫРАЙЫМЫНАН ҮМҮТ ҮЗБӨ… впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Баарыбызга маалым жаш балдар шоколад жегенди абдан жакшы кө-рүшөт. Шоколаддын жардамы менен ыйлап жаткан баланы сооротуп, тил албаган балдарды тил алууга аргасыз кылууга болот. Окумуштуулардын айтымында жаш балдардагы ширин-диктерге болгон кызыгуу организм-деги биохимиялык түзүлүштүн неги-зинде болот. Жаш өткөн сайын адам-дын таттууга болгон кызыгуусу азая баштайт. Бала төрөлгөн кезде эле эне сүтүнөн лактозанын даамын сезет. Лактоза – эне сүтүндөгү эң даамдуу азык. Баланын организми таттууну ар дайым талап кылып турат. Ошондук-тан балдарды таттуу жегенден тапта-кыр тыйып салууга болбойт. Ошон-дой эле таттууну көп кабыл кылуу алардын ден-соолугуна да зыян бе-рүүсү мүмкүн. 3 жашка чейинки бал-дардын шоколадды көп жеши – алар-дын кариесинин бузулуусуна алып келип оорууну пайда кылат. Анан да алардын кийинки тиштери туура эмес чыгып калуусу мүмкүн. Диетологдор-дун айтымында таттууларды балдар-га эртең мененки тамактануудан ки-йин, түшкү тамакка чейин берүү туура болот. Шоколад менен конфеттердин ордуна кургатылган мөмөлөрдү бе-рүү зарыл. Шоколадга байланышкан окуя-лар:• Шоколад Европада 1520-жылы пайда болгон. Алгач адамдар шоко-ладды суюк абалында колдонуп, аны эркектер гана ичишкен. 17-кылымдан баштап тамак ичүүчү жайларда суюк шоколад сатыла баштаган. Бирок, анын баасы кымбат болгондуктан байлар гана иче алышкан. • Британиялык Thorntons шоко-лад чыгаруу иш канасы 6 тоннага жа-кын салмактагы (5 792,5 кг), шоколад жасап, Гиннестин китебине кирген. Ал шоколаддын узун туурасы 4 метр болуп, ага адаттагыдай Thorntons шо-коладынын 75 миңи сарпталган. Буга чейин 4,41 тонналык шоколад жаса-ган арменялык Grand Candy конди-тердик фабрикасы рекорд көргөзгөн болчу. Анын узуну 5,6 м, туурасы 2,75 м, бийиктиги 25см болгон.• 13-сентябрда “Бүткүл дүйнөлүк шоколад” күнү белгиленет.• Кёльн, Покров, Брюгг ж.б. шаар-ларда шоколад музейлери бар.• Владимир облусундагы Пок-ров шаарындагы дүйнөдөгү жалгыз “Шоколад эстелиги” бар. Жомоктогу Феянын элеси колуна шоколад кар-мап турган бул эстелик, 2009-жылы 1-июлда ачылган. • 1964-жылы “Чарли жана шоко-лад фабрикасы” аттуу китеп басылып чыккан. Китепте Чарли Беккет аттуу кедей баланын белгилүү Вилли Вон-кинин шоколад фабрикасына экс-курсияга баруу билетин жеңип алган окуясы сүрөттөлгөн. Китеп эки жолу б.а. 1971 жана 2005-жылдары экран-даштырылган. Экинчи жолку тарты-луусунда 470 миллион АКШ долла-рын топтоп, жылдагы эң баалуу кино болгон.• 1999-жылы бүтүндөй шаарча-нын жашоосун башка нукка бурган жаш эне тууралуу “Шоколад” аттуу роман жарыкка чыккан. 2000-жылы ал экрандаштырылып, 150 миллион АКШ долларын топтой алган.

Запись БАЛДАР ЭМНЕ ҮЧҮН ШОКОЛАДДЫ ЖАКШЫ КӨРҮШӨТ? впервые появилась Formula.KG.

Технологии Blogger.