Halloween party ideas 2015
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

«Өлбөйүн» мен «өлбөйүн» -деп өкүрүп!
Өлбөс жаным «ЖАБРЕИЛДЕН» өтүнүп.
Карап турат, «Азреил» да «Азреил»,
Кармашпайлы кан,жаштарды төгүшүп…
Жер огунан жылдыздарга чөмүлүп,
Жетимишке жаным турат бөлүнүп.
Адам болуу кыйын экен баарынан,
Калдыкпы дейм!..Күнөөлөргө көмүлүп…
(П.Алмазова)

Расул Алла (ﷺ) айтты:

Адам жан берерде денесинин бөлүктөрү бир- бирине коштошушуп, араздашып айтышат. Жакшы калгыла, бул күнү бири- бирибизден ажырап, кара топуракка кошула турган күн келди.

Расул Алла (ﷺ) айтты: Эй үмөттөрүм билгиле, жан берүүнүн машакаты өтө кыйын, кылыч менен 300 ирет чапкандан да оор. Кимде- ким өлүмдү көп- көп ойлосо күнөө жасабайт, ошол пендеге 3 нерсе пайда болот:
1- өзүн тоободон алыс кармабайт;
2- ар нерсеге каниет кылат;
3- таат ибадаты жакшы болот.

Расул Алла (ﷺ) дагы айтты: Өлүмдү ойлобой унуткан адам үч ишке дуушар болот:
1- тобо кылбайт;
2- аз ырыскыга ыраазы болбойт;
3- таат ибадаты жок, жалкоо болор.

Мындай рабаят бар: бир күнү капырлар азирети Иса пайгамбарга келип айтышты: “Эй Иса, сен өлүктү тирилтесиң, Нухтун баласы Самды тирилтчи” . Анын өлгөнүнө өтө көп убакыт болон. Ошондо Иса пайгамбар: “Алла- Таала кааласа тирилтет” , – деди. Мындан кийин Иса менен ал топ Самдын мүрзөсүнө келди. Иса 2 рекет намаз окуду. Артынан дуба кылып, эй Нухтун уулу Сам, тургун дегенде Алла- Тааланын амири менен көр жарылып, Сам көрдөн чыкты. Сакалы, чачы агарып кеткен. Иса: “Эй Сам, сиздин сакал- чачыңыз эмне үчүн агарды?”- дегенде, Сам айтты:”Мен жаткан жеримден: “Эй Сам, тур”- деген добуштан кийин кыямат күн болгон экен деп, ошол кыяматтын коркунучтуу күнүнөн коркуп сакал-чачым агарып кетти”. Ошондо Иса : “Эй Сам, сиз бул пани (жалган) дүйнөдөн өткөнүңүзгө канча жыл болду?”- дегенде, Сам : “Оо Иса, мен бул пани дүйнөдөн өткөнүмө 400 жыл болду”,- деп жооп берди.

Шайык Балк айтты: эл төрт нерсени тили менен айтаар, иштээр, бирок ага көңүл койбой өзүнүн оюндагысын кылар.
1- биз кудайдын пендесибиз дейт, пендечилик кылбайт;
2- Алланын берген ырыскысын жейбиз дейт, бирок берген ырыскыга каниет кылбайт;
3- акыретти бул дүйнөдөн жакшы көрөбүз дейт, бирок дүнүйө жыйнайт;
4- өлүм ак, бир өлүм бар дейт, бирок ал дүнүйөнүн камын жасабайт.

Вахаб ибн Мунаббах айтты. Бани Исраилде бир киши бар эле: өзү даана, такыба дааратчан киши эле. Ар качан баласын токтобой өлөр эле. Бир күнү дагы бир балалуу болду. Баласын атайлап бир адамга дайындап, ошого бактырды. Арадан көп убакыт өттү, бала өсүп чоңойду. Бир күнү баламды алып кел деп баласын алдырды. Көрдү, бала жакшы болуп өсүптүр.
Ал киши баласын ээрчитип базарга барды. Булар базарга барганда бир жамаат эл жыйылып бир майитти көтөрүп бараткан эле. Муну көргөн бала атасынан бул эмне?- деп сурады. Атасы бул майит деди. Майит деген эмне?- деп бала жана сурады.
Майит деген, ажал жетип, күнү бүткөнү, сени менен мени да ушундай жаныбызды алып өлгөндөн кийин тактайдын үстүнө коюп жууп, апарып жерге көмүп таштайт, деди. Бала, көмгөндөн кийин эмне болот, деп сурады. Көмгөндөн кийин абалы көрдө сурайт, андан кийин курт жееп, топуракка айланат. Жакшы адам- жаннатка барат, жаман адам болсо- тозокко барат, деген атасынын сөзүн уккан бала: Жаннат деген эмне? Тозок деген эмне?- деп сурады.
Жаннат деген өтө керемет, жанга ыракат жакшы жай, тозок деген өтө коркунучтуу, адамды өтө оор азапка сала турган жай дегенде, бала коркуп талып жыгылат. Бир топтон кийин эсине келгенде бала ордунан туруп, тоого барып, Алла- Таалага таат ибадат жасап, жакшы адамдар катарына кошулду.

Бизге да ошону насип кыл, Алла.

The post Жан берүүнүн баяны. appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 11, 2015 at 09:07AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

LaFerrari-crashed-into-parked-cars-in-Budapest-9 ferrari2 e12cbec0f6ee28f195d9f9aa3120692b9c5e6e8cФабрика Форматов00-4 d__mi20151031004-e1446655393454-1024x538 (1) 2E21349300000578-3304929-A_large_crowd_gathering_immediately_after_the_accident_to_check_-a-19_1446715953265

Венгриянын борбору Будапешттин тургуну LaFerrari маркасындагы унаасын сатып алгандан бир канча мүнөттөн соң, аварияга учурады. Ал унаасын 1 миллион еврого сатып алганын Daily Mail басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, сатып алган адам унаа айдаганды толук билбей, жолдо кырсыкка учураган. Күбөлөрдүн айтымында, ал бул ишине эч өкүнгөн эмес.

Ferrari компанияси LaFerrari үлгүсүндөгү унаалардан болгону 499 даана иштеп чыккан. Бул спорттук унаалардын өзгөчөлүгү 3 секундда 100 км саатты басып өтө алат.

http://maralfm.kg/

The post 1 млн. еврого LaFerrari сатып алган адам бир канча мүнөттөн соң аварияга учурады appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 10, 2015 at 05:47PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

🎤🎼Обондуу, обонсуз ырлардын, чыгармалардын  99% ы сүйүү жөнүндө. Жашообузда сүйүү дегендин орду чоң. Сүйбөсөң бул дүйнөдө жашадым дебей эле кой- деп,  сүйүүнүн жашообузда өтө маанилүү жана  керектүү экенине басым жасап келишет. Албетте айткандарыңыздар туура. Адам бул өмүрдө бир нерселерди жакшы көрөт, бирөөлөрдү сүйөт.  Эгер кимде бул нерсе жок болсо,  андагы бир кемчилик десек болот экен. Анткени, биз адамдардын жүрөгүндө түбөлүк сүйө билүү касиети бар. Бул касиет бизге жаратканыбыз тарабынан, түбөлүктүү болгон жаратканыбызды сүйүүбүз үчүн берилген.

💞 Түбөлүк сүйүү үчүн сүйө турган затыбыз да түбөлүктүү болуш керек. А биз болсо ал касиетибизди, түбөлүктүү болбогон, бир күн келип бизди таштап кетүүчү нерселерге же бирөөлөргө бөлүп-бөлүп колдонуудабыз. Бизге берилген бул касиетти туура эмес сарптоодобуз. Сүйүүбүздүн 99% ын Аллахка 1% ын дүйнөгө сарптообуз керек эле, бирок тескерисинче 99% ын дүйнөгө сарптап, калган 1% ын да Аллахка  сарптабагандарыбыз бар. Биз ушул дүйнө үчүн эле жаратылган сыяктуу, бардык убактыбызды, сүйүүбүздү ушул дүйнөгө арноодобуз.

Анда чыныгы сүйүү кандай болот?

💞 Чыныгы сүйүү,  бул Аллах үчүн сүйүү.  А Аллах үчүн кантип сүйөбүз? Аллах үчүн сүйүү, жакшы көрүү бул, ал нерсени ( машина, үй, телефон ж.б.) же адамды (ата-эне, дос, курбу, жубай, бала-чака ж.б.)  бизге берилген Аллахтын бир белеги катары сүйүү. Аларды бизге Аллах берди, каалаган учурда кайра алып коюшу да мүмкүн. Биздин аларды “меники” дегенге акыбыз жок. Биз акылыбызга ушул нерсени орноштурсак, алардан айрылганда да, ( мисалы: машинаңыз бузулду, жакыныңыздан айрылдыңыз) психологиялык соккуга, депрессияга кабылбайсыз.

🔧 Мен кичине кезимде апама, “ тигинин жаңы эле телевизору бузулуп калыптыр, машинасы жүрбөй калыптыр”- десем “техника го бузулат да, адам өлүп жатпайбы”- дечү эле. Көрсө апам бул дүйнөдө эч бир нерсе түбөлүк туруктуу эмес, баары жок болот деген ойду айтчу экен. Албетте  жаңы машинабызды, үйүбүздү, акыркы моделдеги телефонубузду жакшы көрөбүз. Бул боло турган нерсе. Бирок ага байланып, ансыз жашоону элестете албай кала турган деңгээлге жетпеш керек. Тагыраак айтканда, алар бизди таштап кетүүдөөн мурда, биз аларды, түбөлүктүү жок болбоочу жалгыз Аллах, калган нерселердин баары убактылуу деш менен таштап кетишибиз керек. Ошондо айрылганда да дартыңыз жеңил болот.

👫 Ушул эле теманын учурда чоң көйгөйлөрдү жараткан жана өтө көп кездешкен кыз-жигиттердеги абалын карай турган болсок, тилекке каршы динден, исламдан маалыматы бар, намазын да окуган досторубуздун эле арасында  сүйлөшкөн кызы же баласы барлар толтура жана муну кадимки эле көрүнүш деп эсептегендер андан көп. Алар “ биз жаман нерсе жасабайбыз, дин жөнүндө сүйлөшөбүз, бири-бирибизге хадис айтып беребиз,  бири-бирибизди багымдатка, теххежудка тургузабыз, анын үстүнө биз үйлөнөбүз”- деген сөздөрдү айтышат. Бирок унутпаңыз,  Аллах, зынаа кылбагыла дебейт, зынаага жакындабагыла дейт! Анткени башында социалдык тармактарда таанышып сүйлөшө баштайт, кийин бир жолу жолугушат, бара-бара жолугуулар көбөйөт, кол кармашып жетелешип жүрмөй жана башка болуп уланып кетиши мүмкүн. Анан да, мен аны Аллах үчүн жакшы көрөм-дешет. Жакшы көргөн адам, жакшы көргөн адамын, билип туруп тозок отуна түртпөйт! Ушул нерсени “биз барыбир үйлөнөбүз да”- деп жүргөн достор түшүнүп коюшса жакшы болмок!

🌅 Бул дүйнөдө кооздук деп атала турган эмне болсо, алардын баары Аллахтын жамалынын көптөгөн пардалардан өткөн ичкээ көлөкөсү. Гүлдүн кооздугу эмес, Аллахтын жамалынын гүлдөгү чагылышы. Күндүн жердеги нурларын эмес, күндү жакшы көргөнүбүз сыяктуу, Аллахтын жараткан нерселерин да, Аллах бергенин сезип, билип, биринчи кезекте Аллахты, андан соң Аллахтын бизге берген чооң белеги катары ата-энебизди, досторубузду,  өмүрлүк жарыбызды жакшы көрөбүз.

💬Башында айткан, Биздин жүрөгүбүздөгү сүйүүнүн кулпусу Аллах, ачкычы биздин сүйүүбүз. Биздин сүйүүбүз Аллахка арналганда гана ал ачкыч ошол кулпуга туура келет. Сиздин оюнузча, эмнеге бул дүйнөдө бир нерсени (бирөөнү) аябай жакшы көрөбүз бирок ага жеткен соң, муруңку сүйүүбүз басаңдап, жоголуп, мурда укмуш болуп көрүнгөн нерсе, жеткен соң жөнөкөй эле болуп калат? Анткени биздин жүрөгүбүздүн сүйүү ачкычы аларга түшпөйт!!!

👤Перизат Мусабек кызы,

👪«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

The post ❤ Чыныгы сүйүү кандай болот? 💞 appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 10, 2015 at 03:47PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Ар бир инсан өмүрүндө жакшылык кылып турса – аны Аллах Таалам эстеп жакшылыгын эселеп кайтарып берет. Башкаларга жакшылык кылуу, бакыт жолдорунун бири жана бакытка бакыт кошот. Пайгамбарыбыз ( саллаллоху алейхи ва саллам) бир хадисинде айтат:

Аллах Таала кыямат күнү эсеп – кытап кылып жатып сурайт: Оо, адам баласы! Менин курсагым ачканда тойгузбадың. Анда пендеси сурайт: Кантип тойгузам? Сен бүткүл ааламдардын Роббиси болсоң! Анда Аллах Таала: Баланчанын баласы баланча пендем ач калганын билдиң эле го,ошого тамак бергениңде ошонун( сообун)азыр тапмаксың…

Аллах Таалам Оо адам баласы! Чаңкап суусаганда суу бербедиң. Кантип суу берем! Сен бүткүл ааламдардын Роббиси болсоң! Баланчанын баласы баланча пендем суусуз калганын билдиң эле го,ошого суу бергениңде ошонун (сообун) азыр тапмаксың …

Оо адам баласы! Мен ооруганда мени көрүүгө келбедиң. Кантип көрөм сени! Сен бүткүл ааламдардын Роббиси болсоң! Баланчанын баласы баланча пендем ооруп калганын билдиң эле го,ошону көргөнү барганыңда мени ошол жерден тапмаксың ..

Аллах Таалам көрүүчү, билүүчү, угуучу биздин эмне кылып жатканыбызды билип көрүп турат. Ушундай жакшылыктарды кылган болсок, Аллахым дайым биз менен бирге болот.

Аллах Таала Израил коомунан бир бузуку аялды, чаңкап өлгөнү калган итке суу бергендиги үчун Бейишке киргизген. Андай болсо ачты тойгузган, чаңкагаганга суу берген, муктажга жардам берген инсан кандай гана сыйлыктар менен сыйланат! Бул жагын ойлоп көрүң. . .

Пайгамбарыбыз (саллааллоху алейхи ва саллам) хадисинде айтат:

Кимде ашыкча тамак -аш болсо аны тамак ашы жокторго берсин. Кимде ашыкча унаа болсо аны унаасы жокторго берсин. .

Биз ушундай иштерди жасап жатабызбы жок албетте тамагыбыз ашыкча болсо дароо сата койуп, унаабыз экөө болсо жөндөн жөн мэ сен мине кой деп берип салбайбыз го, мерс болсо жип болсун деп, жип болсо камаз болсун деп күнүмдүк жашообуздун ырахаты үчүн ач көздүк менен алдыга умтула беребиз.  Эх ошол унаалар кабат кабат үйлөр акыретте сага үй болуп, унааң бейишке алып өтсө экен эч качан андай болбойт алар сен өлгөндө эле артыңда жарамсыз күл бойдон кала берет. Акыретибизге үй боло турган, унаа боло туган бул -биз жакшылык иштерибиз болот. Бир курмаң болсо да бөлүшүп же  садака бер деген.  Өтө турган дүйнөдө байлыктын эмес жакышлык сооптордун артынан чуркайлы сен кааласаң да каалабасаң да өтө турган күн келе, убагы келгенде тириле турган күн келет, аягында сурала турган күн келет! Азыркы кампайган капчыгыңды эмес ошол күндөгү амал таразаңды эсте!

Абдулла ибну Мубарактын жөөт кошунасы болгон. Абдулла балдарынан алдын ошол кошунасына тамак -аш, кийим кече берээр эле. Адамдар келип ал жөөткө үйүңдү сат деп калат, анда ал Үйүмдү эки миң динарга сатам, миң динар үйдүн акысы, миң динары болсо кошуналык акы Абдуланыкы деп айткан экен. Ал сөздү Абдулла угуп калып Аллахым бул инсанды Ислам жолуна киргиз деп дуба кылат. Жүрөктөрдү туура жолго баштоочу Аллах Таала ошентип Абдулланын дубасын кабыл кылып, жөөт кошунасы Ислам динин кабыл алган экен. . . .

Абдулла ибну Мубарак кербенин алып ажыга жөнөп калат, жолдо баратып бир айылдын жанынан өтүп баратып бир айылдын жанынан өтүп бара жатканда бир аял таштандыда жаткан өлүп калган карганы үйүнө алып кирип кетет. Абдулла кызматчысын ал аялдын артынан жөнөтүп, эмне себептен андай кылгандыгын суратат. Анда ал аял Үч күндөн бери балдарыма берээр тамак жок ушунтип күн көрүп жатабыз  деп жооп берет. Аны укканда Абдулла эки көзүнө жаш алып, кербендеги болгон нерсесин ошол айылдын кедей кембагалдарына таратып берип, ошол жылы ажыга барбай калат. Күндөрдүн биринде Абдулла уктап жатып түш көрөт. Түшүндө Ажылгың кабыл болсун, күнөөлөрүң кечирилсин деген үндү угат. .

Аллах Таала куранда айтат

«Өздөрүндө жетишсиздик, болуп турса да, өздөрүнө карганда өзгөлөрдү жогору койушат» (599)

Жакшылык -Кандай жакшы касиет! Кандай сонун мүнөз! Кандай гана адеп ахлак! Жакшылык жашооңду өзгөртөт! Жакшылык жан дүйнөңдү тынчтантып, жүрөгүңдү кенен кылат!

Жашооңдо жакшылык кылганың үчүн эч качан кайгырбагын. А бирок күнөө иш, ката нерсе кылгандыгың, башкага жардам бербегендигиң үчүн кайгыргын!. . .

Насиба Абдуллаева,

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

 

The post Инсандарга жакшылык кыл … appeared first on FORMULA.KG.


October 22, 2015 at 09:55AM
Технологии Blogger.