Halloween party ideas 2015

Ар бир мусулман үчүн өзүнүн намазы дурус аткарылгыдай өлчөмдө Куран аяттарын жаттоо жеке парз(парз айн). «Фатиха» сүрөсү менен кошо дагы бир сүрөнү жаттоо важиб, ушунчалык жаттаса парз да жүзөгө ашкан болот. Курандын башка бөлүктөрүн жаттап чыгуу мусулмандар үчүн жалпы парз (парз кифая).

        Куранды намаздын сыртында Куран барактарынан окуу жатка окугандан абзел. Себеби муну менен окуу жана Куранды кароо ибадаттары биргелешет.

        Куранды намаздын сыртында да кыбыла жакка жүздөнүп жакшынакай, таза кийим жана даарат менен окуу мустахаб. Башында«Ауузу-бисмиллах» окулуусу да мустахаб.

        Куранды демейде айына бир жолу хатым кылып окуп чыккан жакшы. Жыл сайын, 40 күндө бир же жумасына бир хатым окуу абзел дегендер да бар. Кантсе да үч күндөн аз убакыт ичинде хатым окуп чыгуу жакшы эмес. Себеби мынчалык кыска убакыт ичинде Куранды өз эрежесине ылайык жана маанилерине ой калчап окуп чыгуу мүмкүн эмес.

        Курандын окулганын угуу парз кифая болуп саналат. Ошондо да, башка бир иштер менен алектенип жаткандардын жанында Куран аяттарын жарыя окуу туура эмес. Болбосо Куранды эшитпегендер эмес окугандар күнөөлүү болуп калат.

        Куран окуу нафил ибадаттан абзел. Жарыя окуу жашыруун окуудан абзел. Окуу угуудан абзел. Бир гана эл көрсүн деген ойдон таптакыр алыс болуу шарт.

        Басып бара жатып же бир нерсеге көз сала Куран окуу деле дурус. Бирок бул абал Куран окууга кайдыгер мамиле жасоого себеп болбош керек.

        Намаз окуу макрух болгон убакыттарда дуба кылуу, зикир,тасбих айтуу жана пайгамбарыбызга (САВ) салават-салам айтуу Куран окуудан абзел.

        Куранды жагымдуу көркөм үн менен жана тажвид эрежелерине ылайык окуу зарыл. Бир хадисте мындай делген: «Ар бир нерсенин көркү болот,Курандын көркү көркөм үн». Бирок тажвид эрежелерине дал келбеген таризде үндү көтөрүп курулай созолонтуу жана оюна келген обонго салуу туура эмес. Сөз маанисин өзгөрткөн даражада ката окуу жалпысынан харам. Ката окуган адамга туурасын билдирип коюу угуучунун милдети. Бирок ушул себептен ич ара араздашуулар келип чыгаар болсо, эскертүүгө керек эмес.

        Куранды окууну үйрөнүп алган адам өтө кайдыгер карап таштап койгондон улам, кийинчирээк Куран беттеринен окуй албагыдай даражада унутканы күнөөкөрлүк.

        Куранды окуунун өзү ибадат, ошондой эле башкаларга Куран окууну үйрөтүү өтө зор ибадат. Бир хадисте мындай делген: «Силердин эң жакшыңар Куранды үйрөнүп, башкаларга үйрөткөнүңөр». Дагы бир хадисте Куранды көркөм окуган мусулмандар бейиштегилердин эң барктуусу болоору айтылган. Куран физикалык жана руханий, физиологиялык жана моралдык-психикалык ар кандай оору-сыркоолордун дарысы. «Курандын өзү дары» деп айтылат хадисте. Куранды окуу, үйрөнүү, ага толук жуурулуштун өзү, мусулман адамдын айтып бүткүс бакыт-сыймыгы.

        Куран окууда тажвид эрежесине өзгөчө көңүл буруу баса белгиленет. Тажвид эрежелерин оозеки үйрөнүү керек болот. Бул эреженин негизи Куран окуган учурда тыбыштардын өз ордунан туура чыгуусун сактап, ар бир тыбыштын нормасын так берүү жана Куран окуунун мыйзамдарын так аткаруу болуп эсептелет.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.