Halloween party ideas 2015

Жашоонун эң кичине жыргалы - бул байлык, мал - дүйнө, эң чоң жыргалы - бул даанышмандык.

(Готхольд Лессинг)

Сулуу болгонго үйрөнүү мүмкүн болбогон сыяктуу, даанышмандыкка деле үйрөнүү мүмкүн эмес.

(Генри Уилер Шоу)

Жалгыз Кудай гана чексиз даанышман, ал эми адам баласы болсо даанышман болууга умтула гана алат.

(Пифагор)

Ой жоруй келгенде философтордун баары даанышман, жашоо-турмушта болсо баары келесоо.

(Бенджамин Франклин)

Биз бир келесоо көптөгөн келесоолорду, ал эми бир даанышман аз эле даанышманды жараткан дүйнөдө жашап жатабыз.

(Георг Кристоф Лихтенберг)

Эгер шок балдарды уруп-сабап, тыя берсеңер, эч качан даанышмандар жаралбайт.

(Жан Жак Руссо)

Бир адам бүтүндөй бир улуттан акылдуу болгонго милдеттүү эмес.

(Оноре де Бальзак)

Даанышман киши боорукер да болот.

(Сократ)

Даанышмандык-бул абийирге таянган акыл.

(Фазиль Искандер)

Келесоолор башкалар менен, даанышман болсо өзү менен талаш жүргүзөт.

(Оскар Уайльд)

Даанышман дайыма оозун жабык кармайт, себеби, ал тил шамды да күйгүзүп ийээрин  билет.

(Чжуан-цзы)

Баатыр - кан майданда, даанышман ачуусу келгенде, дос – жокчулук башка түшкөндө сыналат.

(Араб макалы)

Даанышман адам баардык нерсени өзүнөн, ал эми акмак киши башкалардан талап кылат.

(Кытай макалы)

Көптү эмес, керектүү нерсени билген киши даанышман.

(Эсхил)

Бир кадам алга кадам таштаарда артка чегине алаар-албасыңды ойлон. Ошондо мүйүзү дубалга кыпчылып калган сүзөнөөк кочкорго окшобойсуң. Кайсыл бир ишти баштаарда аны бүтүрө алар-албасыңды ойлон. Ошондо жолборсту минип алып, ат чапкандай чапкысы келген кишиге окшобойсуң.

(Хун Цзычэн)

Даанышмандай  ойлонуп, келесоочо иш кылган адам баласына мүнөздүү сапат.

(Анатоль Франс)

Өзүңдүн сырыңды сактай билген даанышмандык, бирок, менин сырымды бирөөлөр сактап берет деген - келесоолук.

(Сэмюэль Джонсон)

Башына кыйынчылык түшкөндө даанышман өзүн, келесоо болсо досун күнөөлөйт.

(Чыгыш макалы)
Дарыялар менен деңиздер жүздөгөн тоо сууларын өздөрүнө кошуп алганынын себеби, алар төмөн жакта жайгашкан. Төмөндүгүнүн шарапаты менен алар баардык тоо сууларына бийлик жүргүзүшөт. Анын сыңарындай, башкалардан өйдө болгусу келген даанышан да өзүн алардан төмөн коюшу керек. Элдин алдында болгусу келсе, алардын артына турат. Ошондуктан, ал элдин үстүндө болсо да эл анын оордугун, салмагын сезбейт. Даанышман өзүнүн орду элдин алдында болсо да артта туруп калганына арданбайт.

(Лао Цзы)

Даанышмандык аябай эле мол. Анткени, аны аз эле киши пайдаланат эмеспи.

(Станислав Ежи Лец)

Даанышман - бул байкатпай акыл топтогон киши.

(Г.Е. Малкин)

Тозокко түшүп калсаң да алдыга умтулганыңды токтотпо.

(Уинстон Черчилль)

Даярдаган Мамат Сабыров

Отправить комментарий

Технологии Blogger.