Halloween party ideas 2015

Акыр заман. Жандуу-жансыз макулуктарга Жаратуучу тарабынан берилген узун сапардын акыркы чеги. Сапар канчалык узун болсо до, жолоочу бир күнү көздөгөн жерине жетет. Заман канчалык узун болсо да, анын  бүтүүчү чеги болот. Көз канчалык алысты көргөн менен, көз нуру баары бир талыйт. Жаштык канчалык жалындабасын, бир күнү түтөгөн чогу гана калат. Жүрөк канчалык түрсүлдөп сокпосун, бир күнү кыймылын токтотот. Сапардын бүтүүсү, көздүн талуусу, жаштыктын өтүүсү, жүрөктүн токтоосу, замандын акыркы чеги, бул - акыр заман.

Акыр заман. Адамдардын пейили тарып, көралбастык күчөгөн заман. Алдуулар оңолуп, алсыздар кор болгон заман. Жакшынын баркы кетип, жамандын наркы көтөрүлгөн заман. Кеменгерлик кетилип, маңкурттук жетилген заман.

Акыр заман. Арамдар жайылып, адалдар жоголгон заман. Зулумдук тамыр жайып, адилеттүлүк кыркылган заман. Зомбулук каткырып күлүп, чындык чыркырап ыйлаган заман. Ач көздүк аңыраңдап, каниеттүлүк кымсынган заман.

Акыр заман. Уятсыздык калыңдап, ийменүү сүзүлгөн заман. Сенектик семирип, сылыктык сыйрылган заман. Душмандык уланып, туугандык үзүлгөн заман. Кемсинтүү кеңейип, сый-урмат тарыган заман.

Акыр заман. Карыядан кадыр-барк, жаштардан күч-кубат кеткен заман. Эркектен ар-намыс, аялдан уят-сыйыт учкан заман. Атанын наркы, эненин баркы төгүлгөн заман. Баланын адеби, кыздын абийри жоголгон заман. Күйөөнүн оозу ачылып, келиндин саны көрүнгөн заман.

Акыр заман. Илимсиздер кыйкырып сүйлөп, илимдүүлөр унчукпаган заман. Акмактар алдыга чыгып, акылдуулар кетенчиктеген заман.  Падыша элин кордоп, эл падышасын сөккөн заман.

Акыр заман. Күнөөлөр бутактап, сооптор соолуган заман. Уурулар көбөйүп, чөнтөкчүлөр жайнаган заман. Жалганчылар жамырап, алдамчылар жыргаган заман. Сүткордукка шыкалып, паракорлукка толгон заман. Зинакордукка үйрөнүп, сойкулукка көнгөн заман. Аракка берилип, тамекиге ууланган заман. Кумарпоздукка алданып, өмүрүн уттурган заман. Өлчөөнү кыскартып, таразадан кемиткен заман.

Акыр заман. Жараткан эстен чыгып, жаратылганга сыйынган заман. Ыйман ыдырап, каапырлык күчөгөн заман. Намаз каза болуп, орозо тутулбаган заман. Зекет берилбей, үшүр эстен чыккан заман. Ажылык наамга айланып, атандашуу күчөгөн заман.

Акыр заман. Үйдө отуруп бузукулукту көргөн заман. Эркектер азайып, аялдар көбөйгөн заман. Ата-эне кулга айланып, кыз-бала кожоюн болгон заман. Базарлар жакындап, соодагер көбөйгөн заман. Алыстык  жакындап, адамдар учкан заман.

Акыр заман. Эртеңки кыяматка даярдык көрүүчү заман. Асман жарылып, тоолор жүндөй тытылып, деңиздер өрттөнүп, жер өз ичиндегилерди кусуп чыгара турган күнгө даярдануучу заман. Жаныбарлар топтолуп, бооздор боюндагысын сыгып чыгарып, жер камырдай чоюлуп, аалам астын-үстүн боло турган күнгө даярдык көрүүчү заман. Күн аркан бою жакындап, тер суудай агып, ата баладан, эне кыздан, бир тууган бир туугандан качып калуучу күнгө даярдануучу заман. Тозок кызытылып, бейиш жакындатылып, күнөөлөр ачыкка чыгып, сооптор өлчөнүп, китептер берилүүчү күнгө даярдык көрүүчү заман. Кылдан ичке, кылычтан курч көпүрөдөн кылтылдап өтүүчү, ыймасыздар тозокко кулап, ыймандуулар ийгиликке жетишүүчү  күнгө даярдык көрүүчү заман.  

Акыр заман. Жараткан тарабынан макулуктарга берилген жашоо мөөнөтүнүн акыркы чеги. Жалган дүйнөдөн чыныгы жашоого өтүүчү көпүрөнүн башталышы. Жараткандын алдында эсеп-кысап берчү күндүн жакындоосу. Бул дүйнөдө кылганыңа өкүнүп ыйлоочу же кубанып жыргоочу күнгө бет алуу. Аалам кыймылы токтотулуп, жашоонун бүтүүсү, бул- АКЫР ЗАМАН.


Отправить комментарий

Технологии Blogger.