Halloween party ideas 2015

Суроо: Шайтан эмне үчүн жаратылган? Аллах таала шайтанды жана жамандыктарды жаратуусунун сыры эмне? Жамандыкты жаратуу жамандык, ал эми жийиркечтүү нерсени жаратуу жийиркеничтүү эмеспи? Жообу: Жо-ок! Жамандыкты жаратуу жамандык эмес, жамандыкты жасоо жамандык. Анткени, жаратуу жалпы натыйжаларга карайт. Жасоо болсо, жекече иш-аракет болгондуктан жекече натыйжаларга карайт. Мисалы: Жамгырдын жаашында миңдеген натыйжалары бар, баары сонун. Кээ бир адамдар өздөрүнүн туура эмес тандоолору менен жамгырдан зыян көрүшсө: «Жамгырдын жаратылуусу ырайым эмес» – деп, айта алышпайт, «Жамгырдын жааганы жамандык» – деп, өкүм чыгара албайт. Тескерисинче, өзүнүн туура эмес тандоосу менен, туура эмес кылуусу менен өзүнө өзү жамандык кылып алды. Дагы бир мисал: Оттун жаратылуусунда көптөгөн пайдалар бар, баары жакшы. Бирок кээ бир адамдар туура эмес колдонуусу менен, туура эмес пайдалануусу менен оттон зыян көрүшсө: «Оттун жаратылуусу жамандык» – деп айта алышпайт. Анткени от жалгыз гана аны күйгүзүү үчүн жаратылган эмес. Тескерисинче, ал адам өзүнүн туура эмес пайдалануусу менен тамагын бышырып жаткан отко колун салып, ал кызматчысын өзүнө душман кылып алды. Корутунду: Көптөгөн жакшылыктардын келиши үчүн азыраак жамандыктар кабыл кылынат. Эгер азыраак жамандыктар болбосун деп, көптөгөн жакшылыктарды натыйжа бере турган жамандыкты кабылдабаган болсо, анда абдан чоң жамандыкка айланат. Мисалы: Согуш үчүн жоокер жөнөтүүдө албетте кээ бир кичинекей, материалдык жана денелик зыяндар менен жамандыктар болот. Бирок, ал согуштун натыйжасында көптөгөн жакшылыктар бар, анткени мусулмандар каапырлардын чабуулунан кутулушат. Эгер ошол кичинекей жамандыктар болбосун деп, согуштан баш тарта турган болсо, анда көптөгөн жакшылыктар кеткенден кийин көптөгөн жамандыктар келет. Мына ошол чыныгы зулумдук. Дагы бир мисал берсек: Гангрена болуп кесилүүсү керек болгон манжанын кесилүүсү жакшылык. А бирок сырттан караганда зулумдук. Эгер манжа кесилбесе кол кесилет, чоң жамандык болот. Ошондуктан, ааламдагы жаман, зыяндуу нерселердин, балээлердин, шайтандардын жана зыяндуу нерселердин жаратылуусу жамандык жана жийиркеничтүү эмес. Анткени алар көптөгөн маанилүү натыйжалар үчүн жаратылган. Мисалы: Периштелерге шайтандар тийише албагандыгы үчүн периштелердин даражаларынын өсүүлөрү жок, даражалары туруктуу, өзгөрбөйт. Ошондой эле, шайтандар алек болбогондугу үчүн жаныбарлардын да мертебелери туруктуу, төмөн бойдон. Ал эми адамзат ааламында болсо, өсүү жана төмөндөө даражалары чексиз болгондуктан, Намруд, Фараондордон баштап тээ чынчыл-олуя, пайгамбарларга чейин өтө узун өсүү аралыгы бар. Ошондуктан, көмүр сыяктуу төмөнкү рухтарды алмаз сыяктуу улуу рухтардан ылгап бөлүү үчүн, шайтандарды жаратуу, сыноо майданын куруу жана пайгамбарларды жөнөтүү аркылуу сыноо жана күрөш майданы ачылган. Эгерде күрөшүү жана жарышуу болбогондо, адамзат кениндеги алмаз жана көмүр сыяктуу жөндөмдөр бирге калышмак. Улуу даражадагы Абу Бакр Сыддыктын руху эң төмөнкү баскычтагы Абу Жахилдин руху менен бирдей деңгээлде кала бермек. Демек, шайтандар менен жамандыктардын жаратылуусу улуу жана жалпы натыйжаларга карагандыгы үчүн, алардын жаратылуусу жамандык жана жийиркеничтүү эмес. Тескерисинче, туура эмес пайдалануудан жана жасоо деп аталган өздүк жекече иш-аракеттен пайда болгон жамандыктар болсо, адамдын өзүнүн жасоосуна таандык. Булар Аллахтын жаратуусуна таандык эмес. (12-мектуб, 2-суроо)

Отправить комментарий

Технологии Blogger.