Halloween party ideas 2015

-Бирөөнү сүйүп калдым. Дуба окутуп, өзүмдүк кылып алсам болобу? Кийин азабын тартпаймынбы? 077981...

Бирөөгө дуба окутуп, өзүмдүк кылып алуу боюнча кененирээк жооп алууну туура көрдүк. Анткени бактылуу болом деп дубалатып, тескерисинче бактысыз болуп калаарын билбегендер көп. 


-Мындай суроолор өтө көп келет. Бир нерсени эске тутуш керек, кайсы бир деңгээлде жин-шайтандарды иштетип, кара дуба окуп, адамды каратып алышат. Мунун акыры жакшылыкка алып барбайт. Көзү ачыктарга барып, бир нерсеге байлатып, сыйкырдын күчү менен окутуп алуу убактылуу нерсе болот. Бул дубаланган адамдын да, дубалаткан адамдын да ден соолугуна,  ишенимине зыянын жеткирет. Сөзсүз түрдө ушундай болот деп көзү ачыктарга ишенип алып барган болсо Кудай сактасын, ыймандан чыгып кетүү коркунучу турат. Өтө этият болуу керек. Дуба окутуп алып бактылуулукка жетем деп ойлоп өзүн түбөлүк бактысыз кылып алганын сезбей калышат.  Шарият мындай нерсеге таптакыр каршы.
Дуба кылуунун ак жолу бар. Бул намаз окуп, Кудайдан сурануу. Эгер Кудай туура көргөн болсо кабыл кылат. “Бир жигитти сүйүп калдым, бир кызды сүйүп калдым” деп айтышат, бул сөздөрдүн баары туура эмес, бул шайтандан. Адам эч убакта өзүнө кандай адам туура келе тургандыгын билбейт. Ошондуктан турмушка чыга турган кыз, үйлөнө турган жигит Кудайдан “мага кандай түгөй ылайыктуу болсо ошондоюн насип кыл” деп чын дилден суранса Кудай ылайыктуусун берет. Бирок ою мынча, бою мынча болсун, фигурасы 90х60х90 болсун чектеп албаш керек, балким ага ылайык келбей калышы мүмкүн.
-Көзү ачыктарга барып дубалатып алгандын көбүнчө таасири тиет экен. Бул кандайча болот?
-Анткени жиндердин таасири астында байланат. Ошолорду карап көрсөк акыры-түбү оорукчан болуп калат же болбосо жинди болуп кетүү ыктымалы бар. Дубанын таасири түгөнгөндөн кийин чоң ызы-чуу менен бүтүшү мүмкүн, эркекти үй-бүлөсүнөн, ата-энесинен ажыратат. Жанагы адам мыйзам-ченемдүү адамдан бир нерсеге илинип калган элбе-делбе адамга айланып калат.
-Окутулганын кантип билсе болот?
-Акылынан азып калат. Кагып-силкип жатса деле, туура эмес иш кылып жатканын билсе деле артынан ээрчип калат жиндидей болуп.
-Кара дубадан арылуунун, сактануунун жолу барбы?
-Андай учурда молдого барып дем салдыруу керек. Негизи адам даарат алып, намаз окуп таза жүрсө дуба таасир этпейт. Ошондой эле “Фатиха” сүрөсүн окуп өзүнө дем салып, коргоочу дубаларды окуп жүрүү керек.
-Жубайлардын мамилесин жакшыртуу үчүн дуба кылуу динде барбы?
-Бул башка маселе. Никелүү жубайлар бирин-бири жакшы көрүп калуулары үчүн дуба кылса болобу дегенге кээ бир аалымдар уруксат берилет деп айтышат. Бирок көпчүлүк аалымдар муну колдобойт. Жубайлар бири-бирине жагуу үчүн колдон келген аракетин көрүшү керек, балким баскан-турганы жакпайт, балким прическасы жакпайт же тамак-ашы жакпайт, баарын байкап көрүп көңүлүн алуу керек. Анан Кудайдан суранса иншаллах жакшы болот.
-Забур китебинде жазылган сыйкыр күчтөрдү илгери колдонгондор болгон экен. Ал Куранга чейинки ыйык китеп да.
-Сыйкыр жөнүндө Куранда да айтылат. Сыйкырды билген эки периште болот. Адамдар аны үйрөт дешет. Анан “сыйкырды билген башка маселе, колдонгон башка маселе. Үйрөткөнгө болбойт, бул жаман нерсе. Үй-бүлөнү ажыраштырат. Адамдарды бири-бирине душман кылат” деген. Сыйкыр акыйкат нерсе. Ал бар болгондугу үчүн шарият аны колдонуу арам экендигин айтып, тыюу салган. Эгер ал болбосо тыюу салынбайт эле.


Эмне үчүн дубалаткан адам өзү жабыркайт? 


Ысытма, суутма, каратып алуу дегендейлер сөз кылууга ылайыктуу олуттуу тема деп жазат “МирСоветов” маалымат булагы. Башында “кандайдыр бир ырым-жырымдарды жасап койсоң болду, жакшы көргөн адамың өзү эле кантип келгенин билбей калат, мунун эч кыйынчылыгы жок” деп буга жеңил мамиле кылышат. Бирок иш жүзүнө келгенде такыр башкача. “Терс натыйжасы жок дуба жасап берем” деген бакшыларга ишенүүнүн кереги жок. Анткени кара дуба – энергомаалымат программасы, бул адамдын энергия талаасына кирип, түгөй тандоодогу каалоосун күчкө салып программалап, кимдир бирөөгө болгон мамилесин өзгөртөт. Адамдын психикасын бузат. Өзүнө керектүүнү акылы менен туюп турса да, жүрөгү башкага тартып тура берет. Дубаланган адам депрессияга чалдыгып, ичимдик иче баштайт. Иши жүрүшпөй, көйгөйлөрү көбөйөт. Жада калса айрым учурларга жакын адамдарынын же өзүнүн өлүмү менен аяктайт.
Күчкө салынып жиберилген дуба бардык адамдарга эле бирдей таасир эте бербейт. Адамдын ички дүйнөсү таза болсо, оң энергиясы көп болсо же намаз окуп, ыйман жолунда жүргөн болсо терс энергия ага чоң таасирин тийгизе албайт. Себеби ак энергия бар жерде кара энергия үстөмдүк кыла албайт. Ушундайча ички дүйнөсү таза адам сырттан келген энергияны өткөрбөй эки эсе күч менен кайра артка түртөт да, ал өз ээсине кайтып барат.  Ошондуктан дубалаган адам өзү кокустан ооруп, уктай албай кыйналып, көзүнө бир нерселер көрүнүп, жан дүйнөсү жабыр тартса же иши жүрүшпөй калса таң калыштуу эмес. Балдары бар болсо алар көбүрөөк жабыркашат, себеби жаш балдардын энергетикалык жактан коргонуусу алсыз.

Эмнеге кара дуба таасир этүүсү үчүн көбүнчө суу, туз, топурак, чач, ийне же момду колдонушат? Анткени бул нерселер терс маалыматты жана дубалап жаткан адамдын сезимин жакшы сиңирип алып, көздөлгөн адамга оңой жеткирет.
Кара дуба жасаган адамдар жан бергенде башкаларга караганда көп кыйналышканы аныкталган. Алардын руху тынч чыгып кете албайт.
Мындайлардын көпчүлүгү рак оорусуна чалдыгышат.


Сүйгөнүн дубалаган Мариянын баяны: “Менин катамды кайталабагыла!” 


-Мен 16 жашымда бир жигитти катуу сүйүп калгам. Жолугушуп жүрдүк. Кийин ал башка районго кетти. Байланышпай калды. Анан башка кыз менен сүйлөшүп жүргөнүн уктум. Башында кызганычка чыдабай өзүмдү өлтүрүп салгым келди. Бирок башка жолун таптым. Тагыраак айтканда кара дуба жасадым. Анан шумдуктун баары башталды. Коркунучтуу түштөр кирип, уктай албай кыйналып жүрдүм. Ал жигит телефон чалып менсиз жашай албасын айтты. Бирок сөздөрүндө жылуу сезим, сүйүү эмес, каардуулук байкалды. Анын досторунун айтымында ал өзүн өзү башкара албай кыжырданып, эмнени каалаганын билбей, муундары ооруп калыптыр.
Кийин ал мени жек көрүп баштады. Мен аябай кыйналып жүрдүм. Оору, көйгөйлөр, жолсуздук... 2 жыл эч нерседен жолум болгон жок. Бул бирөөнүн тагдырын күч менен өзгөрткүм келгени үчүн жаза деп түшүндүм.
Ал жигит менден такыр байланышты үздү. Аны ушунчалык катуу сүйчүмүн, анчалык эч кимди сүйө албайм го дейм. Мейли, канчалык сүйсөм да сүйүүм менин кылган күнөөмдү актай албайт. Анткени аны да, өзүмдү да азапка салдым. Чындыгында мындай нерсени баштан өткөрүү бул жерде айтканымдан алда канча кыйын. Менин катамды кайталабагыла! Кара дуба – бүтүндөй жамандыктын башаты.


Даярдаган Назира Тилекова

Отправить комментарий

Технологии Blogger.