Halloween party ideas 2015

Сузак районунун М.Юсупова атындагы №15-орто мектебинде ушул мектептин, М. Айбек атындагы №94-орто мектебинин жана Бабур атындагы №5-мектеп-гимназиясынын 8-11-класстардын окуучулары, педагогикалык жамааттары, ата-энелер жана жергиликтүү тургундар болуп, жалпысы 500дөй адамдар менен белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун катышуусунда чоң жолугушуу жыйыны болуп өттү.
Дин аалымы Чубак ажы Жалилов Жалал-Абаддагы мектеп окуучулары менен жолугушуу өткөрдү - ФОТО
Жыйын Жалал-Абад ОИИБнын башчысы милициянын полковниги Ж.Жоробеков, Жалал-Абад облустук УКМКнын башчысы К.Бокаевдар тарабынан демилге көтөрүлүп, конок катары дин аалымы Чубак ажы Жалилов чакырылып, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы милициянын подполковниги Н.Жаныбеков, Кыргыздын улуттук «Алыш» күрөшү боюнча дүйнөнүн жана Азия оюндарынын бир нече жолку чемпиону Аканов Нурбек, «Жакшылык үйү» коомунун жетекчиси Шакир ажы Тайчабаров, казыяттын дин өкүлдөрү жана милиция кызматкерлери катышышты.
Жыйында алгачкы сөз Чубак ажыга берилип, өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында өткөн Кыргыз Республикасынын коргоо кеңешинин кезектеги жыйынында мамлекет башчыбыздын дин маселеси боюнча койгон талаптарын аткаруу боюнча кенен талкуу болду. 
Дин аалымы Чубак ажы Жалилов Жалал-Абаддагы мектеп окуучулары менен жолугушуу өткөрдү - ФОТО
Анда мектеп окуучуларына жана жыйындын катышуучуларына көптөгөн мисалдар келтирилип, угуучулардын жүрөгүнөн түнөк тапкыдай кылып кыргыздын накыл-насаатттарын, үрп-адаттарын, маданиятын, салт-санаасын өзгөчө белгилеп айтуу менен жалпы эле жаштарды ыймандуулукка чакырды. Мектеп окуучуларынын кийген формалары боюнча, айрыкча кыздардын кийимдери мыйзамды сактоо менен кыргыздын үрп-адатына, каада-салтына жараша кийинишсе жакшы болоорун баса белгиледи.
Ага улай эле, Жалал-Абад ОИИБнын башчысы, милициянын полковниги Ж.Жоробеков сөз сүйлөп, жолугушуунун катышуучуларына, жаштарга кеп-кеңештерин айтып, мекенчил, билимдүү жана ыймандуу болууга чакыруу жолу менен кылмыштуулуктан алыстатуу, жаштар бири-бирине, кошуналар-кошуналарга ыймандуу, жакшы мамиледе болуусу жөнүндө айтып, "Жаштарды кылмыш жолунан алып калууга баарыбыз милдеттүүбүз!"-деп белгиледи. 
Дин аалымы Чубак ажы Жалилов Жалал-Абаддагы мектеп окуучулары менен жолугушуу өткөрдү - ФОТО
Жалал-Абад облустук УКМКнын башчысы К.Бокаев өз сөзүндө экстремизмге, терроризмге каршы күрөшүү баарыбыздын милдетибиз жана Сирия мамлекетине кетип жаткан жаштарды өз убагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп токтотуп калуу жөнүндө баса белгиледи.
Кыргыздын улуттук «Алыш» күрөшү боюнча дүйнөнүн жана Азия оюндарынын бир нече жолку чемпиону Аканов Нурбек, «Жакшылык үйү» коомунун жетекчиси Шакир ажы Тайчабаров, жыйынга катышкан милициянын бөлүмдөрүнүн жетекчилери да өз акыл-насааттарын айтышып, окуулар ыймандуу болуп, жакшы окуп билим алып, спортту сүйүүгө үндөп, окууларына ийгиликтерди каалап кетишти.
Дин аалымы Чубак ажы Жалилов Жалал-Абаддагы мектеп окуучулары менен жолугушуу өткөрдү - ФОТО
Дин аалымы Чубак ажы Жалилов Жалал-Абаддагы мектеп окуучулары менен жолугушуу өткөрдү - ФОТО
Дин аалымы Чубак ажы Жалилов Жалал-Абаддагы мектеп окуучулары менен жолугушуу өткөрдү - ФОТО
Андан кийин жолугушуу суроо-жооп иретинде улантылып, өздөрүнүн дин боюнча кызыктырган суроолоруна Дин аалымы Чубак ажыдан канааттандырган жоопторду алышты.
Жалал-Абад ОИИБнын башчысы Ж.Жоробеков тарабынан окуучуларга спорт менен машыгуу үчүн спорттук эмеректерди белекке тапшырды. 
Соңунда мектеп директору М.Усманов келген конокторго жыйындын катышуучуларынын атынан терең ыраазычылыгын билдирди. 
Жыйындын аягында дин аалымы Чубак ажы Жалилов жалпы эле укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин сыймыктуу жана түйшүктүү кызматтарына ийгиликтерди каалап, жалпы окуучуларга келечекте өлкөбүздүн татыктуу жарандарынан болушуна тилектештигин айтып, жалпы жыйындын катышуучуларына ак батасын берди.
Жолугушуунун тарбиялык жагы терең болуп, жыйын өз максатына жетти.
Жусуп Камбаралиев, Жалал-Абад ОИИБнын басма-сөз катчысы
http://www.aymak.kg/ 

Отправить комментарий

Технологии Blogger.