Halloween party ideas 2015

-Гусул алганда кандай ниет кылынат? Акыл 
-Гусул алууга ниет кылуу милдеттүү эмес, жөн гана сүннөт эсептелет. “Гусул алганга ниет кылдым” деген сөздү чын дилинен айтуу керек. Бүткөндөн кийин ушинтип тазаланып, шарияттын бир өкүмүн аткардым деген ниетте Кудайга шүгүр кылуу жетиштүү болот. 
 
-Атым Аида. Арабча мааниси барбы? 
-Арабча Аъида деген сөз кайтып келүүчү деген маанини берет. Жакшылыктын жолуна кайтып келели деген жакшы ниет менен коюлган ат. 
 
-Сооп деп көп айтышат. Анын мааниси кандай? Айзада
-Сооп арабча савааб деген сөздөн келген. Бул жакшы ишке бериле турган Алланын белеги. Канчалык жакшы иштерди аткарып, сообун көбөйткөн адамдын бейиштеги даражасы ошончолук жогорулайт. 

-Мен намаз окуйм. Атам окубайт. Ага кантип жардам берсем болот? Айжан

-Дуба кылыңыз. Мүмкүн болушунча намаз тууралуу китептерди алып бериңиз. Намаз тууралуу жакшы маалыматтар менен камсыз кыла берсеңиз иншаллах жакшы болот. 

-Бишкекте аялдар үчүн динден сабак берүүчү жайлар барбы? 077372...

-Муфтияттын артындагы имаратта аялдар үчүн Куран курсу бар. Ислам университетинде да атайын курстар бар. Каалоочулардын баары келип катышса болот. 
 
-Нурдин деген бала менен ал түрмөдө отурганда таанышкам. Чыкканда үйлөнөм деп алып, алдап качып кетти. Бир жылда ал үчүн канча акча кетти, канча сыноолордон өттүм, бирин да сезген жок. Акчамды кантип өндүрүп алам? Андайларга сот жок дешет. Ушинтип алданып сыздап кала беребизби? 055404...
-Катуу тийсе кечиресиз, бирок ушинтип сыздап калбаш үчүн көрүнгөн адам менен таанышып жүрө бербеш керек. Дегеле кыз-жигит болуп сүйлөшүү шариятка туура келбейт. Айрыкча кыздар бирөө менен таанышса, турмушка чыкчу болсо сөзсүз атасы, эркек бир туугандары билиши керек, ушинтип алданып калса кор кылбай жардам бериши үчүн. Алардын күбөлүгү, катышуусу менен турмушка чыгуусу керек. Намаз окуңуз, тообо кылыңыз. Сүйүп калдым, күйүп калдым деп боюнда болгондон кийин тигиниси качып кетсе “эмне кылыш керек?” деп ыйлашат. Ошон үчүн шариятты мурдараак ойлонуш керек. Эмне, шарият башында эмес, аягында эле керек бекен? Кимде ким шарияттын туура жолун аткарбаса ушинтип бактысыздыкка жолуга берет. Албетте, ал жигит да Кудайдан тиешелүү жазасын алат. 
 
-Кызыр (а.с) пайгамбарбы же периштеби? Ал качан жаралган? Азыр барбы? Болсо кантип таанып биле алабыз? 055057...
-Кызыр алейхисалам туурасында түрдүү пикирлер бар. Кудайга жакын олуя адамбы же пайгамбарбы? Көпчүлүк аалымдар аны пайгамбар деп айтышат. Кээ бир аалымдар олуя, такыба пенделердин бири дешет. Анын ким экендиги, азыр бар же жок экендиги туурасында ачык далилдер жок. 
 
-Жолдошум аракты көп ичет. Авария да болдук. Даватка бар десем ана-мына деп кутулат. Эмне кылып калтырса болот? Жардам бере аласызбы? 077905...
-Дуба кылабыз. Даватка чыгарганга аракет кылыңыз. Албетте, өзүңүз кошулуп чыгыңыз. Негизгиси Кудайдан суранып дуба кылуу керек. 
 
-Күйөөм менен 2 жылча ажырашып жүрдүм. Ал артыман калбай жүрүп элдешип алдык. Жашагандан кийин боюма бүттү. Арам болбойбу? Эркек да, эки жылда бейчеки басты. 077885...
-Бейчеки басканын кайдан билесиз? Шариятта бирөөдөн жаман күмөн кылбагыла деп айтылат. Жакшы күмөн кылуу керек. Баскан күндө деле талак бербесе нике бузулбайт. 

-Ишиме байланыштуу бешим, аср намаздарын кечинде окусам болобу? Болсо кайсы убакта кантип ниет кылып окуу керек? 077939...

-(Күлүп) Бизде намазды калтырса болот деген сөз жок, ишке байланыштуу болобу, башкага байланыштуу болобу, садагаң кетейин. Ишим бар деп намазды калтырып коюу жөн гана шылтоо. Президенттер, кароолчулар, министрлер да намаз окушат. Эгер кокустан унутуп калса же уктап калса казасын окуш керек.   

-Акыркы убактарда бардык эле жерде мечиттерден азан жакшы угулбай бараткандай. Себеби эмнеде? 077939...

-Казакстанга барсам, ал жерде азан айтуу боюнча конкурс өткөрүп, эң көркөм айткандарды азанчы кылып дайындап жатышыптыр. Мына ушундай долбоорду ишке ашырууга аракет кылабыз. Намаздын убактыларын так билген, илимдүү, көркөм айткан адамдарды тандашыбыз керек. Себеби азан исламды жайылтууга өбөлгө түзөт. Азанчы десе адамдар мечиттин кароолчусу катары кабыл алышы мүмкүн. Андай эмес. Пайгамбарыбыз: “кыяматта азанчылар бийик болуп өзгөчөлөнүп турат” деп аларга артыкчылык берет. Азыркы учурда азан катуу айтылып жатат, уйкубуз бузулуп жатат деген сөздөрдү көп айтышат да. Бул жакшы эмес. Анткени азан айтылып жатканда азан угулган жерге чейин периштелер келип, шайтандар качат. Шайтан качканы жакшы эмеспи. 

-Жолдошум экөөбүз урушуп кетсек дайыма “кет, жогол, үйдөн чыгып кет” деп айтат. Талак түшүп калбайбы? 077887...

-Эгерде ниетинде ажырашуу жок болсо талак түшпөйт. Чындап ажырашуу ниетинде айтса түшөт. Анан бардык аялдарга айтаарым: “чыгып кет” десе швабра колуңузда, үбөлүк колуңузда “сен чыгып кет” деп эркектин өзүн кубалаш керек. “Эч каякка кетпейм, чыга турган адам эмесмин” деп айтыш керек. “Чыгып кет” десе эле баланы жетелеген бойдон чыгып кетпегиле. Баланы жетелеп алып кайда бармак элеңер? Балдарды, аялды үй, тамак-аш менен камсыз кылуу эркектин милдети. 
 
-Биздин никени молдо эмес, айылдын аксакалы кыйган. Шариятка туура келеби? 077943...
-Эгерде никенин шарттары толук сакталган болсо туура келет. Сөзсүз молдо нике кыюусу шарт эмес. Бирок канчалык илимдүү адам болсо ошончолук жакшы. Себеби, ал аял менен эркектин никеге турууга укуктары бар же жок экендигин тактоо керек. Аял мурда турмушунан талак ала элек болушу мүмкүн, эмчектеш бир тууган болуп калуу ыктымалы бар. Мындай себептерди тактоо керек. 
 
-Аял күйөөсүн “сиз” деп тергегени шариятта барбы? Кайын журттун алдында күйөөсүнө кантип кайрылуу керек? 077719...
-Шариятта сөзсүз “сиз” деп сыйланбайт, эң негизгиси чын жүрөктөн сыйлоо керек. Пайгамбарыбыздын аялы күйөөсүнө “сиз” деп кайрылганы жөнүндө маалымат жок. Бизде түштүк тарапта көбүнчө “сиз” деп кайрылышат. Бул үрп-адатка байланыштуу. Эгер үрп-адат шариятка каршы келбесе туура кабыл ала беребиз. Кайын журту кайсы жерден болсо ошол жердин салтын карманган жакшы. “Кимдин жерин жердесең, ошол жердин ырын ырда”, “Адамдын жеринде турсаң, ошолорду ыраазы кыл” деген сөз шариятта бар. 
 
-Кош бойлуу кезде намаздын сообу көп болот деген чынбы? Айзирек
-Кыйналганына карабастан окугандыгы үчүн сообу көп болоору чын.

-Аттахиятта сөөмөйдү эмнеге көтөрөт? Азан айтканда оң колун кулакка коюп, сол колун койбойт. Аятал курсини окубай туруп теспе тартышат. Ушулар туурабы? Илгери ата-бабаларыбыз андай кылбай эле окуйт эле. Азыр башка масхаббы же илгеркилердин илими төмөн беле? 077255...

-Сиздин үч сурооңузга кенен жооп берүү үчүн үч китеп жазуу керек. Аттахиятта сөөмөйдү көтөрүү илгери да, азыр да бар. Ооганистандын, Орто Азиянын ханафий аалымдары колун көтөрбөстөн окушкан. Ошол эле убакта башка ханафий аалымдары колун көтөрүп окуса болот, бул мустахаб деп өкүм беришкен. Муну менен намаз ары же бери болуп калбайт, бирок сүннөт. Ханафий масхабында “ашхаду алла” дегенде колду көтөрүп, “илаха илла” дегенде кайра түшүрүү мустахаб амал эсептелет. Ал эми “азан айтканда бир колду эмес, эки колдун эле бармактарын кулагыңарга салсаңар үнүңөр бийигирээк чыгат” деп хадистерде айтылат. Азыр эми микрофон болгону үчүн зарылчылыгы деле жок, бирок сүннөттү аткаруу үчүн колду көтөрүшөт. Кээ бир аалымдар бир эле колун көтөрүшөт. Бирок эки колун кулагына салса үнү бийигирээк чыккандыктан, бул сүннөт. Мен намаздан кийин аятал курсини окуп, анан теспе тартам. Кээ бир аалымдар теспе тарткандан кийин аятал курсини окушат. Кээ бирлери кайсынысын биринчи аткарса деле жарай берет деген түшүнүктү карманышат. 
 
-Мүрзөлөрдүн жанынан өткөндө эмне деп бата кылуу керек? Же жөн гана оомин деп коюу керекпи? Байтемир
-“Оо мүрзөнүн ээлери, силер болгон жерге биз да келебиз, бул баарыбыздын түбөлүктүү жайыбыз. Кудай силердин күнөөңөрдү кечирсин” деп дуба кылып өтүү керек. Бирок токтоп туруу шарт эмес. Мүмкүнчүлүгү болсо Куран окуп койсо андан да жакшы.

-Шариятта эркектин чачы кандай болушу керек? Узун болсо кандай шартта болушу керек? 077886...

-Эркектин чачы узун болсо биттебеш керек, жүдөбөш  керек, жакшы кам көрүүсү керек. Анан чачы мүрүсүнөн ылдый түшпөшү зарыл. Аялдардын чачы мүрүсүнөн ылдый түшүп турат. Чачтын кээ бир жерин өстүрүп, кээ бир жерин алып салуу шариятка туура келбейт. Узартса баарын тегиз узартуу керек. Негизи эркектер мүмкүн болушунча чачын кыскартканы жакшы. Чач – аялдардын сулуулугу. 
 
-Апамдын мүрзөсүнө сүрөт чектирилген. Бул күнөө экен. Эмне кылалы? Килем менен жаап койсок болобу? Аксана
- Алып салсаңыз элдин баары жаман көрөт. Башкача кылып өзгөрткөнү жатабыз деген шылтоо менен эстеликтин ордуна жөн эле тосмо кылып, ташка же тактайга аты-жөнүн жазып эле койгула. Болбойт экен десеңер “булар ата-энесин урматтабайт, мусулманчылыкка кирсе эле ушундай кылышат” деген сөз көбөйүшү мүмкүн. Ошондуктан кылдат мамиле кылгыла. 
 
-Ажырашканыма 3 жыл болду. Мыйзамдуу түрдө ЗАГС кесилген. Кетээринде жообумду бербей кеткен, кийин аласың деп. Бирок ажырашкандан 1 жыл мурун 3 талак берген. “Мен мас элем” деп анысын мойнуна албай бир жыл жашады. Азыр никебиз кандай? Күйөөгө чыга берсем болобу? Назгүл
- 3 талакты чындап берген болсо мас болсо деле түшө берет. ЗАГСка өз ыктыяры менен барып кол койгон болсо, бул бир талак катары түшөт. Ошого карабастан тагыраак жооп алуу үчүн бизге телефон чалып көрүңүз. 

Отправить комментарий

Технологии Blogger.