Halloween party ideas 2015

Муну ушул күнгө чейин эч бир статист санап чыкпаган болсо керек. Ошентсе да, мен кээ бир өзүмө маалым айырмаларды эсептөөгө арекет кылдым. Мен булар адамдын эркеги менен айбандын эркегинин арасындагы бардык айырмалар деп айта албаймын. Ошондуктан санаганда номерди эмес, маркерди колдондум:


Адамдын эркеги аялына нике менен кошулат, айбандын эркеги никесиз кошулат.
Адамдын эркеги үй-бүлөнү багат, коргойт. Айбандын эркегине караганда ургаачысы көбүрөөк уяга ырыскы таашыйт.
Адамдын эркеги ургаачысын (аялдарын) кызганат. Айбандын эркеги кызганбайт. Баса, айбандардын арасында деле ургаачысын кызгангандары бар, маселен короз, кочкор.., ал эми, ит, чочко сыяктуу ыпылас айбандардын эркеги ургаачысын кызганбайт. Толпага салып берип, өзү дагы кезек күтө берет.
Адамдын эркеги өзү туудурган баласын тарбиялайт, тааныйт, коргойт, багат. Айбандын эркеги туудургандан башканы билбейт.
Адамдын эркеги никесиндеги ургаачы менен гана интим мамиле жасайт, айбандын эркеги көрүнгөн ургаачынын заарасын искей берет.
Адамдын эркеги ургаачысына сый жана сүйүү менен мамиле кылат. Айбандын эркеги кишинеп, тиштеп зордуктайт. 
Адамдын эркегинде ариет, намыс, кайрат, кызганыч деген касиеттер болот, айбандын эркеги булардан куржалак.
* Адамдын эркегинде сакал болот, айбандын эркегинде көбүрөөк жал болот.


    Нерселерге ар тараптан кароо деген калыстык бар эмеспи, урматтуу окурман. Мына ушул калыстыкка таянып эми, адамдын ургаачысы менен айбандын ургаачысынын арасындагы урунтуу моменттерди айта кетсек:


    Адамдын ургаачысы нике менен кошулат, айбандын ургаачысы никесиз кошулат.

    Адамдын ургаачысынын бир гана эри болот, айбандын ургаачысынын "эри" санаксыз. Жылуу "комплимент" кылган эркектин баарын "кабыл ала" берет.

    Адамдын ургаачысы уят, намыс дегенди билет. Уяттуу мүчөлөрүн жаап жүрөт. Айбандын ургаачысы жылаңач жүрөт.

    Адамдын ургаачысы үй-бүлөнүн куту болуп үйдө бала тарбиялайт, айбандын ургаачысы эри менен кошулуп жортуулга чыгат.

    Адамдын ургаачысы эрине сылык, назик мамиле кылат, айбандын ургаачысы эркегине үстөм, өктөм болууга умтулат.

    Адамдын ургаачысынын чачы узун болот, айбандын ургаачысы такыр (чачы-жалы жок) болот.

      Аллах таалам жараткан аалам (асман-жер телолору) Аллах кандай жараткан болсо дал ошол бойдон арекетте болгону себептүү жылдыздар үстүбүзгө кулап түшпөй, жер өз огунан чыгып кетпей тынч жашоосун улантууда. Ал эми, адамдардын жашоосу качан эле "өз огунан" чыгып кеткен. Адамдар (эркектер менен ургаачылар) өздөрүнө Аллах таалам ыроологон табияттарынан чыгып кетүүдө. Ошондуктан алардын жашоосу тынч эмес.



      Булак: http://www.presskg.com/islam/08/1201_8.htm

      Отправить комментарий

      Технологии Blogger.