Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком сооптор. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

 

ОРОЗО БИЗ ҮЧҮН….

ОРОЗО–КҮН УЗУН УБАККА ЭМЕС,ДАРАЖАСЫ БИЙИК УБАКТЫСЫНА КЕЛДИ!

ОРОЗО–КҮН ЫСЫК УБАККА ЭМЕС,СООБУ КӨП УБАКТЫСЫНА КЕЛДИ!

КҮН ЫСЫКТА ОРОЗО КАРМАСАҢ–ТОЗОК АПТАБЫНАН АЛЫС БОЛОСУҢ!

УЗУН КҮНДӨ ОРОЗО КАРМАСАҢ–КЫЯМАТТЫН УЗУН КҮНҮНДӨ КӨЛӨКӨДӨ БОЛОСУҢ!

БУЛ ДҮЙНӨДӨ КУРСАГЫ АЧКАБОЛГОНДОР–АКЫРЕТТЕ КӨҢҮЛҮ ТОК БОЛОТ!

“БИСМИЛЛААХИР РОХМААНИР РОХИЙМ”

Көптөн күткөн берекелүү рамазан айы,
эшик каккылап босогодо турган кези .
Бул бир айга гана созулуп, бир ай конок болуп,
бир ай мугалим болуучу улуу ай .
Келиңиздер ушул мүмкүнчүлүктү бекер кетирбестен бүт ааламдардын Роббиси
Аллах Тааладан дүйнө жана акыретибиз үчүн жакшылыктарды суранып, мекенибиз үчүн,
ата-энебиз үчүн, үй-бүлөө туугандар үчүн
Аллах Тааладан кечирим сурап дуба кылайлы.
Эгерде намаз окуп жүргөн болсок,
башка мусулман бир туугандарыбыз үчүн да дуба кылайлы. Күнөөлөрдөн арылууга зор мүмкүнчүлүк. Ушул жерде айта кетчү сөз,
дубааңыздарда биздей күнөөкөрдү да кошуп коюңуздар, балким дубааңыздардын берекетинен кечиримге жетишээрбиз.

Убакыт ушундай учкан куш ал
кайра кайрылып келбес жака
кетип бараткан кези. Кечээ гана рамазанды узаткан болсок мынтип кайра тосуп турган кезибиз. Көп бир туугандарыбыз бул орозону көргөн жок. Балки, былтыркы орозо алардын өмүрүндөгү акыркы орозо болуп калды.
Бул рамазан айы балким мен үчүн
балким сиз үчүн эң акыркысы болуп калуу ыктымалы бар болушу мүмкүн !
Андыктан достор, мусулман диндештерим,
Аллах Таалага көбүрөөк ибаадат кылып,
ал Затка болгон сүйүүнү көбүрөөк күчөтүп алуучу ушул ай эмеспи ?
Дүйнөдө көп адамдар жылдап-жылдап ачка калып күн кечирип жүрүшсө,
мына ошол бир туугандардын абалын түшүнүп,
Аллах Таалам бизге канчалаган нематтарын берип койгонун сезип, шүгүр кылуучу ай !
Он бир ай курсакты тойдуруп, тамак-аштан
каалагандай жеп, напсинин каалосу менен он бир ай жашадык . Бул, айлардын султаны рамазан айы, өз каалоодон чыгып,
напси каалоосун Аллах үчүн тапшырып,
напсиге эмес Аллага кулчулук кылуу айы.
Бүт шайтандар кишенделип, кээ бир ыйманы бекем инсандар үчүн баардык шайтандар
кишенделет . Күнөөдөн алыс качайлы .

Анда эмесе орозону жемиштүү өткөрү үчүн төмөнкү кеңештерге көңүл буруңуз!

Рамазан айында төмөнкү амалдарды аткарууга аракет кыл!

1.Рамазан айында Таравих жана тахажуд намазын оку! Таравих намазы ыйык Рамазан айында гана б.а. бир жылда бир ай окулуучу намаз. Анын руханий пайдасы, сообу абдан көп. Ал эми Тахажуд намазын орозо мезгилинде окубасаъ качан окуйсуң?!
Ансыз да саарлык ичүү үчүн турасың, ошол мезгилде даарат алып, эки ирекет намаз окуудан эринбе! Балким, чын ыклас менен окулган эки ирекет намаз сени тозок отунан тосуп калуусу мүмкүн. Пайгамбарыбыздын (Ага Алланын салам-салаваты болсун): “Рамазан айында кимде-ким ишенүү жана сооп үмүт кылуу менен намаз окуса, анын өткөн күнөөлөрү кечирилет” деген сөзүн эсиңден чыгарба! Күнөөбүз канча экенин өзүбүз жакшы билебиз, демек орозону пайдаланып калалы!

2.Рамазан айында Куран окууну унутпа!
Бул ай – Куран түшүрүлгөн ай. Бул айда пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) Жибрийил периштеге Куран окуп берип турган. Курандын бир тамгасын окуган адамга он сооп иш жазылат.Ал эми Рамазан айында ар бир сооптуу иш жетимиш барабар көбөйөрүн унутпа! Эми элестетип кой бир аят,бир сүрөө окуган болсоң канча сооптун астында каларыңды …

3.Рамазан айында көбүрөөк дуба кыл! Орозо туткан адамдын ооз ачар алдындагы дубасы кабыл болорун унутпа! Өзүңө, ата-энеңе, жубайыңа, балдарыңа, тууган-уруктарыңа жана жалпы мусулман элине жакшылык тилеп дуба кыл!Чын ыклас менен кылган сенин дубаңдын себеби менен, бир туугандарың динге кирип, ырыскың көбөйүп, жашооң жеңилдеп калуусу толук мүмкүн.

4.Рамазан айында садака берүүгө шашыл! Садака кылууга эч нерсем жок деп ойлобо.Бир чөйчөк суу табуу сага кыйынбы? Же бир курма берүүгө да күчүң жетпейби? Рамазан айында бир адамга суу, же курма берип ооз ачырса, анын курсагын тойгузгандай соопко ээ болот. Бул адам Акыретте пайгамбарыбыздын (Ага Алланын салам-салаваты болсун) булагынан суу ичүүгө татыктуу болот.

5.Рамазан айында буга чейин жасаган күнөөлөрүңө тооба кыл! Биз алсыз пенделердин билип -билбей кылган күнөөлөрүбүз ат көтөргүс көп экенин өзүбүз жакшы билебиз. Рамазанда күнөөдөн тазаланып, жеңил чыгууга аракет кыл. Бул айдын алгачкы он күнү – ырайымдуулук, ортоңку он күнү – кечиримдүүлүк, ал эми акыркы он күнү – тозоктон куткаруу экендигин эсиңден чыгарба.

Рамазан айында төмөнкү иштерди аткаруудан сактан!

1. Рамазан айында көзүңдү арамдан сакта! Бул айда башка учурда адал болгон тамактануу сыяктуу иштерден тыйыласың. Анан эмне үчүн башка учурда арам болгон иштен тыйыла албайсың? Орозодо адал иштен тыйылып, арам иштен тыйылбоо, бул – акмакчылык.
Орозонун негизги максаты – арамдан тыйылууну үйрөнүү. Мына ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланып кал! Бул ай биз үчүн өзүбүздү жакшы жака тарбиялоону үйрөнүү.

2. Рамазан айында тилиңди арамдан сакта! Адамдардын көптөгөн күнөөлөрү тилдин айынан болот. Ыйык орозодо бир гана ашказанга орозо кармабастан, тилге да орозо кармоо керек. Кыйбат, ушак, жалган, сөгүнүү сыяктуу жаман адаттардан орозо кармап, тилибизди зикир, Куран ж.б. жакшы сөздөр менен алек кылалы! Тилдин айынан орозодо табылчу сооптордон куру кол калбайлы.

3. Рамазан айында урушуп-талашуудан сактан! Орозо – адамды жамандыктан тосуп туруучу көшөгө.
Акыретте тозок отунан тосуучу көшөгө болот. Ошондуктан, аны бузуп албай сактоого аракет кыл! Бул айда башкаларга үнүңүдү көтөрүп сүйлөбө, кечиримдүү бол! Эгер сага кимдир бирөө жаман сөз айтып, сени менен урушуп талашууну кааласа, “Мен орозо кармаган адаммын” деп, бир ооз сөз менен жооп кайтарып кой!

4. Рамазан айында убакытты текке кетирүүдңн сактан! Орозо бул уйкунун, же телевизор көрүүнүн айы эмес. Убактыңды уйку, же башка керексиз иштер менен өткөрбө!
Бул ай бир жылда бир келүүчү, мусулмандын мүмкүнчүлүгү, аны туура пайдалансаъ, ийгиликке жетесиң. Туура эмес пайдалансаң ийгиликтен куру кол каласың!

5. Рамазан айында жаман адаттардан арыл! Арак, тамеки, насыбай сыяктуу жаман адаттардан арылуу орозодо абдан жеңил. Эртеден бери тартпай жүргөн тамекини ооз ачкандан кийин тартууга шашылба! Эртеден бери эмне үчүн тартпай жүрдүң, жакшылап ойлонуп көр. Жаратуучу Алланын буйругун аткарып, эртеден бери тартпадың, ал эми ооз ачкандан кийин эмнеге тартып жатасың?! Же Алланын буйругун кщндщз аткарып, кечинде аткарбай койсо боло береби? Жок. Ойлон. Аракет кыл. Дуба кылып, сурангын. Мындай жаман адаттардан кутулуу сен үчүн кыйын эмес!

Дегиеле орозонун улуулугун, ыйыктыгын,чексиз берекесин сөз менен айтып калем менен түгөтө алмак эмесбиз. Анткени бул айда Аллах Таалам сообун Өзүм берем дегенин ! Аллах Тааланын Мээриминин унутпайлы,Кечириминин,Ырайымынын чеги жок! Демек биз үчүн бул табылгыс мүмкүнчүлүк! Анда эмесе келиң бир тууганым орозо кармоого биргеликте бекем ниет менен камданалы!

Орозоңуздар кабыл болсун! Биз менен бирге болуңуздар бакыттын түгөнбөгөн узун жолдорунда бирге бололу! Бактылуулук Формуласы! Бактыңыздын багыты!

 

Али Оши~

Запись КОШ КЕЛДИҢ ЫЙЫК РАМАЗАН! впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

  ✍   Ким каалабасын бир сому он сом,он сому жүз сом,жүз сому миң сом болуусун,баары каалайт,кеп каалаганда эмес аны ишке ашырууда. Садака да ушул сыяктуу арзыбаса да колуңда канча болбосун чын ыкластан Аллах ыраазылыгы үчүн,берген болсоң Аллахым күтүлбөгөндө көбөйтүп берет.  Эми садаканын абзели рамазанда берилгени дейт,эмне үчүн дейсизби анткени бул ай берекелер төгүлгөн ай,ким кандай амал кылбасын сообу эселеп берилет. Эми ойлонуп көрүң ошондо бир, он,жүз сомуңуз балким миллиоон,же чеги жок соопко илешип калуусу мүмкүн, анткеи Аллах Таалам бул айдагы сооптордун канча берүүсүн өзү берерин айтып өткөн. Анда жакшылык кылууга чамданыңыз!

Жакшылык иштердин баарысы садака болуп эсептелет. Жакшылык аты айтып тургандай кандай жакшы иш, жакшылык кылсаң, жакшылык көрөгөн инсан эле эмес, жакшылык кылуучунун да жан дүйнөсү тазарып,жүрөктөрдө кубаныч уялайт.
Аллах Таала айтат:
«Жакшылыктардан эмне жасаган боосоңор,Аллах аны билет »(Бакара; 197)

«Демек, кимде -ким кыпындай жакшы иш кылган болсо аны көрөт»(Зилзала; 7).

Мына ыйык, берекелүү рамазан айыбыз да билинбей өтүп жатат,бул айдын өзгөчөлүгү башка айларда кылган жакшылыгыңыз,бул айда эселеп соопторду алып келет.
Садака деп көпчүлүк адамдар бир гана акча,материалдык жардам берүү деп түшүнүп алышат. "Колумда болбосо,өзүмө жетишпесе,өзүм араң жашап жатсам " -деп садаканын маанилүүлүгүнө көңүл бурбагандар канча. Эгер билсеңиз садак сиз ойлогончолук кыйын иш эмес анда сизге оңой болгон жолдорун Пайгамбарыбыздын  (ага Аллахтын садамы жана ырайымы болсун) хадистеринен  айтып өтсөк.

✨Абу Мусанын (андан Аллах ыраазы болсун) айтуусу боюнча Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун):
«Ар бир мусулман садака берүүгө тийиш  "-деди. Бирөө сурады: "Айтыңызчы, эгер анда (ага ылайык эч нерсе табылбасачы? "Ал айтты: " Анда колу менен мээнет кылып,өзүнө -өзү пайда алып алып келсин да,садака берсин ". Тигил адам кайра сурады: "О,Аллахтын Элчиси,ал эгерде андайда кыла албасачы? " .Ал айтты: "Анда оор абалда калган мусулман адамга жардам берсин ". Тигил адам сурады: "Эгер андай да кыла албасачы? "Ал айтты: "Анда жакшылыкка чакырсын". Анда ошол эле киши кайра сурады: "Эгер ал муну кылууга жарабасачы? ". Ал айтты: "Анда ал (мусулмандарга) жамандык кылуудан тыйылсын,ошол сага садака болуп калат ». (Бухарий; Муслим)

Абу Заар (андан Аллах ыраазы боосун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун мындай дегенин кабардайт:
«Ар күнү таң атаары менен силердин ар бириңер (денеңерде) канча муунуңар болсо ошончолук (сандагы садака берүүгө тийишсиңер:
"Аллахка Даңазалар болсун "[Субхан -Аллахи] деп айтылган ар бир сөз -садака,
"Аллахка макталоор болсун "
[Алхамду ли -Ллах ]деп айтылган ар бир сөз садака,
"Аллахтан башка кудай жок "[Лаа илааха иллоллох] деп айтылган ар бир сөз- садака ,
"Аллах Улуу " [Аллааху Акбар] деп айтылган ар бир сөз -садака,
Жамандыктан кайтаруу -садака,
Жакшылыкка чакыруу -садака,
Бирок булардын баарынын ордун (шашкеде окуулуучу) эки рекет ("аз -Зуха) намазы баса алат »(Муслим) .

Сиз садака берүүгө  мүмкүнчүлүк -чамам жок  десеңиз. Ушундайча жол менен да садака бере аласыз, адам таңга аман -эсен чыккандыгы үчүн Аллахка шүкүр келтирүүгө тийиш.Анын үстүнө ар кандай балээлерден коргонунун да каражаты болуп эсептелет...

Биз пенделер бергенди эмес алганды жакшы көрөбүз,кемигенди эмес көбөйгөндү жакшы көрөбүз, эгер билсеңиз берүүчүнүн сообу алуучуудан көп  болот.Азыркы биздин жашап жаткан заманды кыйынчылык,кедейлик,жакырчылыкта же жетишпестик деп айтууга болбойт. Аллахка шүкүрлөр болсун андай жашагандар аз санда гана,демек садака берүугө чамабыз жетишээрлик,канча болбосун колуңуздаг келгенче берсеңиз Аллах Таалам ордун толтуруп берет.  "Берер колум, алаар колум "дегендей берешендин ырыскысы кенен болот.
Пайгамбарыбыз салляЛлаху алайхи уа саллям айтып кеткендей:

«Жарым курманы садакага берип болсо да өзүңөрдү Тозоктун отунан сактагыла». (Бухари)

Аллах Таала Курани Каримде айткан:

"Эмнени садака кылсаңар, Аллах анын ордун толтуруп берет. Ал эң жакшы ырыскы берүүчү" (34:39)

Жана дагы Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айтып кеткен:

«Чындыгында Аллахка эң сүйүктүү иш – момун адамдын жүрөгүнө кубаныч киргизгениң жана кайгы-капасын кетиргениң же анын карызынан кутултканың же (тамак берип) аны ачкалыктан куткарганың». (Байхаки)

Мына туугандар эгер билсек биздин дин аябай жеңил,Аллах Таалам мүмкүнчүлүгүн берип койгон,ким аны туура пайдаланса,туура колдонсо жолдорун көптөгөн ийгилик,соопторго,бактылуулуктарга жетип аласыз!
Береке асмандан төгүлгөндө аны кармап калуу өз колуңузда, бул мүмкүнчүлүк бүгүн бар эртең жок, быйыл күбөсүз эмки жолу жетесизби жокбу Жараткан билет!

Акыретиңизге түшүм жыйноочу айды текке кетирбей Бейишке кампаңызды сооптор менен толтуруп алыңыз!

Орозоңуздар кабыл болсун!

Насиба Абдуллаева.

‍‍‍"Бактылуулук Формуласы ,
Бактыңыздын багыты бизге катталыңыздар! ".

Технологии Blogger.