Halloween party ideas 2015
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


Британияда жаңы төрөлгөн уулуна Мухаммед деп ат койгондор көбөйгөнүн Independent гезити жазды. 2015-жылы Англия менен Уэлстеги эң популярдуу эркек балдардын ысымдары Оливер, Жэк, Гарри деп табылган. Алардан кийинки орунду Мухаммед деген ысым ээлейт экен. Ал эми кыздарына Амелия, Оливия жана Эмили деген ысымды бергендер көп. Британиянын статистикалык кызматы Мухаммед атын коюу бул өлкөдө 1924-жылы башталганын маалымдады. Ошол жылдан тарта ал эң көп коюлган 100 ысымдын катарына кирген. Буга Англия менен Уэлсте мусулмандар көбөйүп, калктын беш пайызын түзүүсү жана Мухаммед Али, Мухаммед Фарах сыяктуу дүйнөгө таанымал спортчулардын чыгуусу себеп болгон. Британиядагы Араб борборунун мугалими Ибрахим Османдын айтымында, мусулман пайгамбарынын ысымын баласына ыйгаргысы келгендер дүйнөдө абдан көп.

"Азаттык"
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


🌹Бүгүн Зульхиджанын биринчи күнү. ✍Мээримдүү Ырайымдуу Аллахтын аты менен! Улуу Аллах Таала Өзүнүн сүйүктүү пенделерине ыйык күндөрдү белгилеген. Ыйык күндөрдө, айларда көп жакшы амалдарды кылып, күнөөлөр кечирилип, соопторду алып, Аллахтын ыраазылыгына жетсин деп. Кимде-ким ошол ыйык айларды, күндөрдү пайдасыз кетирбей, ибадаттарды кылып өткөрсө- бактылуу адамдардан болуп эсептелет. Зуль хиджа айынын алгачкы он күнү ыйык күндөргө кирет. Бул тууралуу Пайгамбарыбыз (салляЛлаху алайхи уас саллям) өзү баса белгилей кеткен. 🌟Джабир (радияЛлаху анху) риваят кылган, Пайгамбарыбыз (салляЛлаху алайхи уас саллям) айткан: “ Бул дүйнөнүн эң берекелүү күндөрү- Зуль хиджа айынын алгачкы он күнү.” Андан сурашты: “ Ага окшоштор жокбу (б.а. адамдарга, Аллахка ошол күндөрү ибадат кылышкан)?” Ал жооп берди: “Аллах жолунда аларга окшош адамдар жок, бир гана Аллах жолунда өлгөн адам (б.а. шахид)”. Бир гана шахид Аллахтын алдында улуурак, Аллахтын жолунда алек болгон адамга караганда. Бул ыйык күндөргө Арафа күнү дагы кирет. Арафа күнү- дуалар кабыл боло турган, күнөөлөр кечириле турган, Курман айттын алдындагы күн. Курман айт күнү тууралуу Пайгамбарыбыз (салляЛлаху алайхи уас саллям) айткан: “ Эң улуу күн- Курмандык чалына турган күн”. Бул Ыйык күндөрдө бардык ибадаттар камтылган. Хафис ибн Хажар “Аль- Фатх” китебинде айтат: “ Зуль хиджа айынын алгачкы он күнүнүн улуктаганынын себеби, бул күндөрдө бардык ибадаттар аткарылат: намаз, орозо, курмандык чалуу, ажылык амалын аткаруу,- башка кундөрдө бул амалдар бирикпейт ”. 🌟Ибн Аббас (радияЛлаху анху) риваят кылган, Пайгамбарыбыз (салляЛлаху алайхи уас саллям) айткан: “ Аллах Таала бул күндөрдө ( Зуль хиджа айынын алгачкы он күнүндө) жасалган амалдарды жакшы көрөт”. Бирөө сурады: “Оо, Аллахтын Элчиси, джихадка караганда дагыбы?” Ал жооп берди: “Ооба, джихадка караганда дагы, бир гана Аллах жолуна өз байлыгы менен чыгып, өлгөн адамдан башкасы.” БУЛ ЫЙЫК КҮНДӨРДҮ КАНДАЙ АМАЛДАР МЕНЕН ӨТКӨРҮШҮБҮЗ КЕРЕК? 1⃣ Чын жүрөктөн тооба кылуу Бул ыйык күндөрдү тооба кылуу (Аллахтан кечирим суроо) менен өткөрүшүбүз керек. Аллах Таала Кечирүүчу, Ырайымдуу Зат. Пенделеринин чын жүрөктөн кылган тообасын кечирет. “Эй, өздөрүнө зыян кылып жаткан пенделерим! Аллахтын жакшылыгынан үмүт үзбөгүлө. Аллах бардык күнөөлөрдү кечирет. Анткени, Ал- Кечиримдүү, Боорукер!” – деп айткын. (Аз-Зумар: 53) 2⃣ Бул ыйык күндөрдү пайдасыз кетирбөөгө бекем ниет кылуу Чыныгы момун мусулман адам бул күндөрдү жакшы амалдар менен өткөрүүнү аракет кылат. Кимде-ким жакшы иштерди кылууга ниеттенсе, Аллах анын жолун жеңил кылып коёт. “Биз үчүн умтулуп аракеттенгендерди, Биз туура жолдо алып барабыз. Акыйкатта, Аллах жакшылык кылуучулар менен бирге”. (Анкабут: 69) 3⃣Күнөөлөрдөн алыс болуу Аллахка кулчулук кылуу менен пенде Аллахка жакындайт, күнөөлөрдү кылуу менен Андан анын рахматынан алыстайт. Кимде-ким күнөөлөрүнүн кечиришин, Тозок отунан кутулууну кааласа, анда бул күндөрдө жана башка күндөрдө күнөөдөн оолак болууга аракет кылыш керек. Бекем ниет кылып, аракет кылган адам сөзсүз максатына жетет. 4⃣Орозо кармоо Орозо- бул айда кылынгн эң жакшы амаладардан болуп эсептелет. Аллах Таала айткан: " Адам баласынын баардык амалдары өзү үчүн, бир гана орозосу Мен үчүн. Ал орозону Мен үчүн кармайт жана сыйлыгын да Өзүм берем". (Бухари, Муслим) Айрыкча орозону Арафа күнү кармоо абзел. Арафа күнү- Зуль хиджа айынын тогузунчу күнү. Бул күнү орозо кармоо- сүннөт болуп эсептелет. Муслим риваят кылган, далилденген хадисте айтылган, Пайгамбарыбызды (салляЛлаху алайхи уас саллям) Арафа кунүндө орозо кармоо тууралуу сурашканда, ал айткан: “ Бул күнү орозо кармаган адамдын өткөн жана келээрки жылкы күнөөлөрү кечирилет.” Аиша (радияЛлаху анха) Масрук (радияЛлаху анху) га айткан: “О Масрук, Пайгамбарыбыз (салляЛлаху алайхи уас саллям) бул кунү кармалган орозону миң ай кармалган орозого теңегенин укпадың беле?” (Байхаки, Табарани) 5⃣ Намаз Намаз- эң улуу амал. Бул айда жамаат менен көбүрөөк намаз окуганга аракет кылуу керек. Аллах ар бир жакшы амалдардын сообун көбөйтүп берет. Аллах Таала Ыйык Курани Каримде айткан: “Чындыгында, Мен- Аллахмын. Менден башка Кудай жок! Ошондуктан Мага сыйын. Ошентип Мени эстөө үчүн намады толук аткар!” (Тоха: 14)
6⃣Тахлиль ,Тахмид зикрлерин көп айтуу Ибн Умар риваят кылган, Пайгамбарыбыз (салля Ллаху алайхи уас саллям) айткан: " Зуль хиджа айынын алгачкы он күнүндө кылынган амадардан Аллахка сүйүктүрөөк болгон амал жок. Бул күндөрү тахлиль, тахмидти көп айткыла. (Ахмад) Аллаху Акбар, Аллаху Акбар, Ляя иляха иллЛлох, Аллаху Акбар, Аллаху Акбар, Уа лиЛлахиль хамд! 7⃣Садака берүү Бул айда колдон келишинчке көбүрөөк садака берүү да абзел. Садака эч адамдын байлыгын азайтпайт. Садака берип, адам кедей болуп кетпейт. Аллахка жолунда берген нерсени Аллах Өзү көбөйтүп берет. Аллах Таала садака берүү тууралуу Ыйык Куранда айткан: “Эй, ыйман келтиргендер! Силерге берген ырыскыбызыдан соодалашуу, достук, жан тартуу болбой турган күн келгенге чейин Аллах жолунда сарптагыла. Каапырлар- алар заалымдар.” (Бакара: 254) Жалпысынан Аллахты ыраазы кыла турган баардык амалдарды бул күндөрдө аткара бериш керек: Куран окуу, Каранды башкаларга үйрөтүү, салават айтуу, истигфар кылуу, ата-энеге жардам берүү, туугандар менен мамилени бекемдөө, жаман сөздөрдөн алыс болуп, жакшы сөздөрдү сүйлөп, адамдарга жылмайып, жылуу сөз менен болсо да кубантуу.

▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒ ⚡ facebook.com/Formulasy ⚡ ok.ru/formulasy ⚡ vk.com/formulasy ⚡ instagram.com/formulasy ⚡ youtube.com/FormulaKG ⚡ plus.google.com/ FormulaKG ⚡ formulasy.blogspot.com ⚡ WhatsApp: +996700334493 © БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

📢📢Жарыя!📢📢

📚Бейиштин, Ыйык Курани Каримдин, Пайгамбарыбыздын  тили болгон- араб тилин башынан баштап үйрөнүүнү каалаган эже-сиңдилер үчүн сабактар башталат.

📝Биринчи тамгаларды үйрөнүп, жакшы окуп, жазып калганыңыздардан кийин арабча сөздөрдү жаттап, сүйлөм түзгөндү, арабча маектешкенди үйрөнөсүздөр.

🕑Сабактар жумасына эки жолу, эки сааттан өтүлөт.
Бир саат теория, бир саат практика.
Кошумча Куран боюнча сабактар өтүлөт.

Араб тилинде жакшы сүйлөп калууңуздар үчүн араб тилинде маектешүүгө басым жасалат, кээде араб устазаларды чакырып турабыз.

Сөздөрдү жаттоого, темаларды түшүнүүгө оңой болуш үчүн атайын түстүү таблица, сүрөттөрдү 📊📇 чыгарып берип турабыз.

Сабактар сентябрда башталат ин шаа Аллах.

💵Айына 500сом

Дареги: Бишкек шаары, Ыйман мечити ( Лениградская/ Молодая Гвардия)

Сабактарга жазылыш үчүн
📞0700 833 711 номерине

1⃣ "Ыйман. Араб тил", деп жибересиздер;
2⃣ Атыңызды;
3⃣ Жашыңызды;
4⃣ Мурда арабча үйрөнгөнсүзбү же үйрөнгөн эмессизби, ошол боюнча толук маалымат жибересиздер.

☝Сабака алдын ала жазылгандар гана катыша алат.

* Кимде ким Бишкек шаарында жашабаса же сабака келүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда акысыз What's app аркылуу үйрөнсөңүздөр болот.

Жогорудагы номерге "Фадиля" деп жазып жибересиздер.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

   ✍  Ким каалабасын, күнөөсү жок адам жоктур,инсан болгондон кийин ката кетирүү болуп турат. Биз үчүн, биздин жан дүйнөбүздү,жүрөгүбүздү күнөөлөрдөн,  караңгылыктардан тазалап туруучу ,мусулмандардын куралы ,бир күндө беш жолу кылынуучу даараты,окулуучу намазы бар.  Аллахка шүгүрлөр болсун,даарат, намазыбыз менен Аллах алдында жүзүбүз жарык болот. Динибиздин эшиги даарат менен ачылат,андан кийинки кадамдар менен парздарды аткара баштайбыз. Дааратсыз эч бир парздарды аткарууга болбойт,даарат менен Бейиш жолуна кадамдар ташталат.  Бир күндө беш жолу даарат алып намаз окусаң кандай өзүңдү жеңил сезип каласың,анын ырахаты керемет,даарат адамдын сырткы дүйөнөсүн тазаласа,намаз ички дүйнөсүн тазалайт ...

✨Абу Нажих Амр бин ас Суламинин (андан Аллах ыраазы болсун) мындай дегени кабардалат:

«О,Аллахтын элчиси, мага даарат жөнүндө айтып бериңиз ». Ал айтты:
«Эгерде силердин ар бириңер даарат алууга суу даярдап,анан оозун,мурдун чайкаса, анда анын жүзүнүн,оозунан жана мурдунан кылынган күнөөлөрү (суу менен кошо) сөзсүз агып түшөт; эгерде анан ал жүзүн Аллах бүйургандай жууса, анын чачтарынын жана сакалдарынын учтарынан анын жүзүнүн кылган күнөөлөрү (суу менен кошо сөзсүз агып түшөт; эгерде анан колдорун чыканактарына чейин жууса, анын колдорунун манжаларынын учтарынан анын колдорунун кылган күнөөлөрү суу менен кошо сөзсүз  агып түшөт;
Эгерде анан ал башына масх тартса, анын чачтарынын учтарынан анын башы кылган күнөөлөрү суу менен кошо сөзсүз агып түшөт;
Эгерде анан ал буттарын кызыл ашыгына чейин жууса, анын буттарынын учтарынан анын буттарынын күнөөлөрү суу менен кошо сөзсүз агып түшөт;
Эгерде ал анан намаз окуп,Аллахка,Ал Өзү татыктуу болгондой мактоолорду айтып,Аны даңазалап,Аны улуктаса жана жүрөгүн Аллах Тааладан башка бардык нерседерден тазаласа, анда ал энеден туулаган кездегидей болуп, өз күнөөлөрүнөн арылат »(Муслим) .

Эми байкап көрүң бир даарат,бир намаз менен ушундай сыйлыкка жетсек,беш убак даарат алып окусак,биздин дене -мүчөбүз таптаза болуп калат экен. Бирок ар кимдин ниетине,ыкласына,ишенимине,үмүтүнө жараша болот.
Динибиз кандай жеңил жана таза,аны жашап татып көргөн инсан гана сезе алат. Аллах Таалам пендесине оорчулук нерселерди жүктөбөйт,бардык бизге жөнөтүлгөн буйуруктарынын артында, чоң сыйлыктары бар, эч бир инсан кыпынчалык жакшы  же жаман амал кылса да, сыйлыксыз,жоопкерчиликсиз калбайт....

‍‍‍"Бактылуулук Формуласы ".

Технологии Blogger.