Halloween party ideas 2015

📌 2. ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫН (АГА АЛЛАХТЫН САЛАМ-САЛА­ВАТЫ БОЛСУН) БУЛ ЖАШООДОН ӨТҮҮСҮ

💐 Пайгамбарыбыздын (Ага Аллах­тын салам-салаваты болсун) бул дүй­нөдөн өтүүсү – Кыяматтын жакын кал­гандыгын билдирет. Ауф бин Малик (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: «Табук согушунда мен пайгамбары­бызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) барсам, ал тери чатырдын ичинде отурган экен. Анан ал мага ка­рап: «Кыяматтан алдын алты нерсени күткүн: менин кайтыш болуумду, Ку­дус мечитинин мусулмандарга өтүү­сүн, малдар шарп оорусу менен кы­рылгандай адамдардын өлүмүнүн кө­бөйүүсүн, бирөөгө жүз динар берсең ачуусу келе тургандай болуп, байлык­тын көбөйүүсүн, ар бир арабдын үйүнө кирген бузукулукту, силер менен Рум­дуктардын ортосундагы тынчтыкты» – деп айтты». (Имам Бухарий).

💐 Пайгамбарыбыздын (Ага Ал­лахтын салам-салаваты болсун) дүй­нөдөн өтүүсү Кыяматтын жакындап калганын айгинелеген негизи белги­лердин бири. Анткени, пайгамбары­быз акыркы пайгамбар. Андан кийин пайгамбар келбейт. Демек, акыркы пайгамбардын келүүсү жана кайтыш болуусу Кыямат жакын калганын бил­дирип турат.

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) дүйшөмбү күнү бул жашоого келген эле, дал ушул күнү бул жашоодон кетти. Пай­гамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам- салаваты болсун) бул дүйнөдөн өтүүсү мусулмандар үчүн абдан чоң жоготуу болду. Асмандан кабардын түшүүсү токтоду. Эң алгачкы бузукулуктар пай­да боло баштады. Кээ бир арабдардын динден кайтып кетүүсү башталды.

✂ 3. АЙДЫН ТЕҢ ОРТОСУНАН ЭКИГЕ БӨЛҮНҮҮСҮ

Аллах Таала Куранда минтип айтат: «Кыямат жакындады жана Ай (экиге) бөлүндү. Алар (Курайш каа­пырлары) моожизаны көрүп турушса да, (чындыктан) жүз үйрүп: «Бул – ар дайым болуучу сыйкыр» – дей баш­ташты». (Камар, 1-2-аяттар).

Алхаафиз бин Касирдин ай­туусунда, бул окуя Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) заманында болгон. Бул туурасында бир канча туура хадистерде айтылган. Баардык аалымдар бул окуянын пай­гамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам- салаваты болсун) заманында болгон­дугун жана ал Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бе­рилген моожиза экендигин айтышкан.

Анас (Аллах андан ыраазы бол­сун) айтат: «Меккелик каапырлар пайгамбарыбыздан (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кандайдыр бир белги көрсөтүүнү талап кылыш­ты. Ошондо ал аларга айды экиге бө­лүп көрсөттү». (Имам Бухарий, Имам Муслим ж.б).

Абдуллах бин Масьуд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: «Биз Ми­нада пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) менен турган учурда, ай экиге бөлүндү, бир бөлүгү тоонун артына, экинчиси алды жагына келип калды. Ошол учурда пайгамба­рыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бизге: «Күбө болгула» – деп айтты». (Имам Бухарий, Имам Муслим ж. б.).

Ибн Аббас (Аллах андан ыраа­зы болсун) айтат: «Мушриктер чогу­луп пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) келишти да: «Эгерде сен чынчыл болсоң, анда айды экиге бөлүп бер, бир бөлүгү Абу Кубайс тарапка, экинчиси Койикоьан тарапка болсун» – дешти. Бул түнү ай он төртүнө карап, толуп турган эле. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын са­лам-салаваты болсун) Аллахка кайры­лып, алардын сураганын дуба кылды. Ошондо ай экиге бөлүндү, бир бөлү­гү Абу Кубайс тоосу тарапка, экинчи­си Койикоьан тоосу тарапка ажырап калды. Ошондо пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жа­нындагыларга карап: «Күбө болгула» – деди». (Абу Наьийм).

🏰 4. КУДУС МЕЧИТИНИН МУ­СУЛМАНДАРДЫН КОЛУНА ӨТҮҮСҮ

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бул дүйнө­дөн өткөн мезгилде «Кудус мечити» Рум христиандарынын кол алдында болчу. Ал мезгилде Рум империясы эң күчтүү державалардын бири болгон. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам- салаваты болсун) «Кудус мечитинин» мусулмандардын колуна өтүүсүн сү­йүнчүлөп, аны Кыяматтын жакында­ганынын белгиси катары айткан. Ауф бин Малик (Аллах андан ыраазы бол­сун) айткан хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) ага: «Кыяматтан алдын алты нерсени күткүн: менин кайтыш болуумду, Ку­дус мечитинин мусулмандарга өтүү­сүн, малдар шарп оорусу менен кы­рылгандай адамдардын өлүмүнүн кө­бөйүүсүн, бирөөгө жүз динар берсең ачуусу келе тургандай болуп, байлык­тын көбөйүүсүн, ар бир арабдын үйүнө кирген бузукулукту, силер менен Рум­дуктардын ортосундагы тынчтыкты» – деп айткан. (Имам Бухарий).

Тарыхта Кудус мечити эки жолу мусулмандардын колуна өткөн. Би­ринчи, Умардын (Аллах андан ыраазы болсун) халифалыгында (16-хижра, 637-ж) мусулмандардын колуна өтүп, ал жерди каапырлардан тазалап, ме­чит салышкан.

Экинчи жолу Салахиддин Айюби тарабынан (583-хижра, 1187-ж) мусул­мандардын колуна өткөн.

Кыяматка чейин Кудус мечити мусулмандардын колуна дагы өтөт. Бул мечиттин айланасында болгон уруштар туурасында кийин кенени­рээк айтылат.

🔄 Уландысы бар…
👪 «БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

🔎 http://ift.tt/1LZsQoH

The post 🔥 Кыямат алааматтары – 1 appeared first on FORMULA.KG.


October 19, 2015 at 04:58PM

Отправить комментарий

  1. Эгер сиз өмүр бою үй-бүлө жана мурас куруу үчүн эмгектенсеңиз, аны бир нече айдын ичинде үчүнчү тараптын көлөкөсү жок кылышына жол бере албайсыз. Мен күйөөмдүн мүнөзүнүн күтүүсүз өзгөрүшү жөн гана орто жаштагы кризис эмес, руханий кийлигишүү экенин түшүндүм.

    Мен жеке кийлигишүү үчүн Мистик Какаага кайрылдым. Анын иши хирургиялык болчу. Ал көлөкөнү аныктап, аны эч кандай коомдук драмасыз биротоло жок кылды. 5 күндүн ичинде күйөөмдүн көңүлү биздин үйгө жана келечегибизге кайтып келди. Эгер сиз баалуу жашоону коргоп жатсаңыз жана акылдуулукту түшүнгөн кожоюнга муктаж болсоңуз, аны менен төмөнкү дарекке кайрылыңыз: dawnacuna314@gmail.com

    WhatsApp: +2349046229159

    Ал алтын стандарт.
    Мамиле/нике жарашуу сыйкыры үчүн.

    Мурунку сүйгөнүңүздү/өнөктөшүңүздү кечирим суроо үчүн сыйкыр.

    Сүйгөнүңүздү кайтарып алуу/жаңы сүйгөнүңүздү тартуу үчүн сыйкыр.

    Уурдалган мүлктү/акчаны кайтарып алуу үчүн сыйкыр.

    Форманы өзгөртүү/жок болуу сыйкыры.

    Лотереяда/сот ишин утуп алуу үчүн сыйкыр. Жана башкалар

    ОтветитьУдалить

Технологии Blogger.