Halloween party ideas 2015


Мечиттин бузулуп калган кондиционерин оңдогон уста, жумуш акысын алуудан баш тартат. Андан анын себебин сурашканда: "Энем, мечитке кылган кызмат акыңды алба!" - деп осуят айткан дейт. 
Кишинин апасына таң калып жатасыңарбы?. А мен болсо апасынын осуятын аткарган кишинин жакшылыгына таң калып жатам.
Кичинекей кыз балмуздак салынган арабаны көрүп сажда кылат. Адамдар андан: "Эмне үчүн сажда кылдың?" - деп сурашат. Кыз: "Апам кубанган кезде дайыма сажда кылаар эле" - дейт. 
Балага берилген эң жакшы тарбия - жакшы амалдарды аткарып, аларга үлгү болуу. Балдарга туура, жакшы тарбия берүү, ар-бир ата-эненин милдети.
Саалих пенделердин биринен: "Эмне үчүн сиз мечитке азан айтылаардан мурда барасыз?" - деп сурашат. Ал: "Азан капилетте калгандарга эскертүү үчүн айтылат, мен алардын катарынан болуп калбайын деп азандан мурда барам" – деп, жооп берген экен.
Бир кишиден: "Эмне үчүн сиз дайыма мечитке коюлган суудан ичесиз, үйүңүздөн деле ичсеңиз болотко?" - деп сурашат. Ал: "Мечитке сууну койгон адам соопко ээ болсун деп, дайыма мечиттен ичем" – деп, жооп кайтарат.
Эгерде бирөөнүн айып-кемчилигин көрүп калсаң, аны сыр кылып сакта. Сактаганың үчүн соопко ээ болосуң. Ким Алла үчүн бирөөнүн кемчилигин жашырса, кыямат күнүндө Алла аны шерменде болуудан сактайт.
Абдишүкүр ажы Нарматов.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.