Halloween party ideas 2015

Бүгүн, 1-апрель күнү Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүндө жайгашкан “Муслима” кыздар медресесинин ачылуу аземи болуп өттү. Аталган иш-чарага Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Төрөбай Зулпукаров, Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясынын Президенти Саид Баюми, Катар мамлекетинен келген конок Файсал бин Мухаммад бин Абдулла ал-Ансарий, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык өкүлү Исакбай Мурзабеков, ошондой эле мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты. 

Ачылыш аземде Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев жалпы катышуучуларды медресенин ачылышы менен куттуктап, Медресе улуу максатта курулуп, келечек муундарга Ислам баалуулуктарын, бийик маданиятты, адамдык асыл сыпаттарды үйрөтүү менен  ата-энени урматтону негиз кылган чоң тарбиялык мектеп болоорун белгиледи. 
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров: “Муслима” медресеси башка медреселерден өзгөчөлөнүп турат. Анткени, окуу жайдан келечектеги аялзаты болгон энелер таалим алып, өз балдарына татыктуу тарбия берүү менен коомду тарбиялайт –деп билдирди. Андан соң, жалпы медреседе түзүлгөн шарттар менен таанышышты.
Эскерте кетсек, “Муслима” медресеси 2 кабаттан туруп, заманбап шартта 100дөн ашуун окуучу кыздар окууга ылайыкташтырылып курулган. 





















Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы


Отправить комментарий

Технологии Blogger.